Редакцияот 21.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 21-декабры № 845

Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасы графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 2, 3 жана 4-январындагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө 2012-жылдын 29-декабрындагы, 2013-жылдын 12 жана 19-январындагы дем алыш күндөрүнө которулсун.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 Ж.Сатыбалдиев