Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-декабры № 848
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
Долбоор
1-берене.
"Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1998-ж., № 9, 316-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
6-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, колдонууга, соода кылууга (экспортту жана импортту кошкондо), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензия берүү.".
2-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
9-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37) баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, колдонууга, соода кылууга (экспортту жана импортту кошкондо), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|