Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 852
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 1998-ж., № 7, 229-берене.) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 226-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "беш жылдан он жылга чейинки" деген сөздөр "сегиз жылдан он беш жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктө:
2-пункт "ок атуучу куралды" деген сөздөрдөн кийин "ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн" деген сөздөр менен толукталсын";
төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) стратегиялык объектилерде жасалганда, -"
экинчи абзацтагы "сегиз жылдан он беш жылга" деген сөздөр "он беш жылдан жыйырма жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацы "жазаланат" деген сөздөн кийин "же өмүр бою эркиндигинен ажыратылат" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 226-3-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
3. 228-статьянын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4. 229-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацы "беш" деген сөздөн мурда "үч жылдан" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 232-статьяда:
2-бөлүктүн 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн же курал катары пайдаланылган нерселерди колдонуу менен жасалса;";
2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) коомчулукту коркутуу, же жеке жана юридикалык жакты, эл аралык уюмду же мамлекетти кандайдыр-бир аракетти жасоого мажбурлоо же андан баш тартуу максатында жасалганда, -".
6. 239-статьяда:
- 2, 3-бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан жасалса, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
7. 299-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын. "жети" деген сөз "сегиз" деген сөз менен алмаштырылсын.
8. 299-1-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн эки миңден алты миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын;
4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн үч миңден жети миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын.
9. 299-2-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"299-2-статья. Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу";
статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
(1) "Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу, -";
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн беш миңден жети миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын.
10. 350-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "элүү эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айыпка же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же болбосо" деген сөздөр алынып салынсын;
төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
"(5) Ошол эле жосундар мамлекеттик кызматчы же кызмат адамы болуп саналбаган муниципалдык кызматчы тарабынан жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(6) 1-5-бөлүктөрдө каралган жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалганда, -
төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
11. 376-статьянын биринчи абзацы "эл аралык уюмдун кызматчысына" деген сөздөрдөн кийин "же аны менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|