Редакцияот 25.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 25-декабры № 853

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 41 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-июнундагы № 420 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 43-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-декабрындагы № 484-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-октябрындагы № 539-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-февралындагы № 82-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 46-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-октябрындагы № 638-б буйругу.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев