Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-декабры № 855
Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларациянын бланкы 2-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна талдоо жүргүзүү тартиби тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
Тиркелген файлды караңыз.
Мамлекеттик кызматчынын жана
анын жакын туугандарынын
кирешелери, мүлкү жана
милдеттенмелери жөнүндө
декларациянын бланкына
1-тиркеме
1. Декларация мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук формада толтурулат.
Жазуу жүзүндөгү декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы өз колу менен толтурат, жазуулар так жана түшүнүктүү кол тамгалар менен жазылат. Электрондук формадагы декларация кагазга чыгарылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны эки нускада толтурушат, декларациянын бир нускасы чапталган конвертте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол менен жеткирилет же анын дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Декларациянын экинчи нускасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыда калат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчылар декларацияны эки нускада толтурушат, бир нускасы мамлекеттик органдагы (мамлекеттик органдын аймактык же ведомстволук бөлүмдөрүндөгү) декларацияларды чогултууга жооптуу адиске берилет, декларациянын экинчи нускасы мамлекеттик кызматчыда калат.
4. Администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчы декларациянын бланкын толтургандан кийин, мамлекеттик органдагы (мамлекеттик органдын аймактык же ведомстволук бөлүмдөрүнүн) декларацияларды чогултууга жооптуу адис толтурулган маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын, анын ичинде жеке идентификациялык номердин (ЖИН) бардыгын жана декларациянын ар бир барагында мамлекеттик кызматчынын колу коюлгандыгын текшерет.
Текшерүүдөн кийин декларациянын ар бир барагына мөөр басылат (персоналды башкаруу боюнча кызматтын бөлүмү же мамлекеттик органдын документтик камсыздоо кызматы).
5. Мамлекеттик органдын борбордук аппаратындагы декларацияларды чогултууга жооптуу адис мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген кызматчыларынын декларацияларын борборлоштурулган чогултууну ишке ашырат.
Мамлекеттик орган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол менен жеткирет же анын дарегине почта аркылуу жөнөтөт.
┌─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┐
│Номер│ │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 100 │Декларациянын катар номери (ыйгарым укуктуу мамлекеттик │
│ │органдын кызматчысы тарабынан коюлат) │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ I БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЧЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ЭЭЛЕГЕН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 101 │Декларанттын ээлеген кызматы Мамлекеттик кызматтардын реестрине│
│ │ылайык "V" белгиси менен белгиленет │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ДЕКЛАРАЦИЯ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 102 │Декларация берүү мезгили "V" белгиси менен белгиленет: │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 103 │Фамилиясы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 104 │Аты │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 105 │Атасынын аты │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 106 │Жеке идентификациялык номери (ЖИН) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 107 │Өз алдынча мамлекеттик орган │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 108 │Ведомстволук мамлекеттик орган (ведомстволук органдар, аймактык│
│ │өкүлчүлүк) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 109 │Түзүмдүк бөлүмү (башкармалык/бөлүм/сектор) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 110 │Ээлеген кызматы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 111 │Кызматтык дареги │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 112 │Кызматтык телефону │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 113 │Кызматка дайындалган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 114 │Кызматтан бошотулган күн │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ/БАГУУСУНДАГЫ │
│ АДАМДАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 115 │Жакын туугандары жана багуусундагы адамдар (жакын туугандарынын│
│ │аты-жөнү, ЖИНи көрсөтүлөт) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 116 │Декларанттын жакын туугандарынын/багуусундагы адамдардын │
│ │туугандык даражасы (Туугандыктын коду жана даражасы Жакын │
│ │туугандарынын/багуусундагы адамдардын туугандык даражасынын │
│ │классификаторуна ылайык аныкталат) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 117 │Жакын туугандарынын эмгек иши (эгерде жакын тууганы иштесе - │
│ │"V" деген белги менен белгиленет жана иштеген жери көрсөтүлөт) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 118 │Жакын тууганынын ээлеген кызматы │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ II БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТ ДЕКЛАРАЦИЯ БЕРҮҮ МЕЗГИЛИНДЕ АКЧА │
│ КАРАЖАТТАРЫ (МҮЛК) ТҮРҮНДӨ АЛГАН КИРЕШЕЛЕРИ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 201 │Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер │
│ │жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин башы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 202 │Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер │
│ │жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин аягы │

│ 203 │Кирешенин/мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Акча каражаттар түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 204 │Кирешенин/мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 205 │Кирешенин суммасы/мүлктүн наркы сом менен көрсөтүлөт. Декларант│
│ │тарабынан чет элдик валютада алынган кирешенин суммасы/мүлктүн │
│ │наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын киреше же мүлк │
│ │алынган күнгө карата курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 206 │Кирешенин/мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү │
│ │сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 207 │Кирешени алуунун/мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү │

│ 208 │Киреше алынган өлкөнү көрсөтүү менен, кирешени төлөп берген │
│ │адамдын аты жөнү/уюмдун же башка булактын аталышы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 209 │Эгерде келишим бар болсо, анын номери көрсөтүлөт │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ III-А БӨЛҮМҮ. ___/_______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТКА МЕНЧИК │
│ УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 301 │Мүлктүн коду Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 302 │Мүлктүн аталышы Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык │

│ 303 │Сатып алуу учурундагы кыймылсыз мүлктүн наркы көрсөтүлөт, │
│ │ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата │
│ │рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт │

│ 304 │Мүлктүн үлүшү пайыздар (%) менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 305 │Кыймылсыз мүлктүн аянты квадрат метр менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 306 │Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып │
│ │алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │

│ 307 │Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун │
│ │классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │

│ 308 │Кыймылсыз мүлк сатып алынган күн │

│ 309 │Кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду │

│ 310 │Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин жайгашкан жери (дареги) (шаар, │
│ │айыл, көчө, үй, кв). │
│ │Кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары бар │
│ │болгон учурда - кыймылсыз мүлк жайгашкан өлкө көрсөтүлөт │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ III-Б БӨЛҮМҮ. ___/______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТКА МЕНЧИК УКУГУНДА │
│ ТААНДЫК КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 401 │Мүлктүн коду Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 402 │Мүлктүн аталышы Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык │

│ 403 │Сатып алуу учурундагы кыймылдуу мүлктүн наркы көрсөтүлөт, │
│ │ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата │
│ │рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 404 │Мүлктүн үлүшү пайыздар (%) менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 405 │Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып │
│ │алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 406 │Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун │
│ │классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 407 │Мүлк сатып алынган күн │

│ 408 │Каттоо маалыматтары: │
│ │- транспорт каражаттарын көрсөтүүдө маркасы, модели, чыккан │
│ │жылы, кузовунун көлөмү жана каттоо номери көрсөтүлөт; │
│ │- талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык│
│ │капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын аталышы │
│ │көрсөтүлөт; │
│ │- банк мекемелердеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же │
│ │зергер буюмдарды (сактоо) көрсөтүүдө банктын реквизиттери │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 409 │Катталган жери: │
│ │- транспорт каражатын каттоодо транспорт каражаты катталган жер│
│ │көрсөтүлөт; │
│ │- талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык│
│ │капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын аталышы │
│ │көрсөтүлөт; │
│ │- банк мекемелердеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же │
│ │зергер буюмдарды (сактоо) көрсөтүүдө банктын дареги көрсөтүлөт │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ IV БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ТАЛАП КЫЛУУ УКУГУ ЖАЙЫЛТЫЛГАН, │
│ ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУГА БЕРИЛГЕН ЧАРБАКЕР │
│ СУБЪЕКТТЕРДИН УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ДЕКЛАРАНТТЫН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН │
│ УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 501 │Мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 502 │Мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │

│ 503 │Мүлктүн сатып алуу учурундагы наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон │
│ │учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук наркы │
│ │(баалоо) сом менен көрсөтүлөт. │
│ │Мүлктүн чет элдик валютадагы наркы Кыргыз Республикасынын │
│ │Улуттук банкынын сатып алуу учур карата курсу боюнча сом менен │
│ │көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө │
│ │карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча │
│ │рыноктук наркы (баалоо) сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 504 │Мүлктүн үлүшү пайыздар менен (%) көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 505 │Салык төлөөчүнүн - чарбакер субъекттин идентификациялык номери │

│ 506 │Чарбакер субъекттин толук дареги - жайгашкан жери │

│ 507 │Чарбакер субъекттин аталышы │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУЧУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 508 │Салык төлөөчүнүн - ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык │
│ │номери │

│ 509 │Ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы │

│ 510 │Келишимди колдонуу башталган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 511 │Келишимдин колдонулушу аяктаган күн │

│ 512 │Эгерде келишим бар болсо, анын N │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ V БӨЛҮМ. __/__/_____ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН МИЛДЕТТЕНМЕСИ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 601 │Милдеттенменин коду Милдеттенмелердин классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 602 │Милдеттенменин аталышы Милдеттенмелердин классификаторуна │
│ │ылайык көрсөтүлөт │

│ 603 │Кредитордун/зайым алуучунун аталышы │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Милдеттенменин пайда болуусунун негиздери │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 604 │Келишим түзүлгөн күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 605 │Келишимдин N (эгер бар болсо) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 606 │Милдеттенменин күнү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 607 │Милдеттенменин күчүнүн мөөнөтү аяктаган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 608 │Милдеттенменин суммасы, сом менен │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Негизги карызды тындыруу суммасы │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 609 │Сом менен │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 610 │Пайыздар менен │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Тындырылбаган негизги карыздын калдыгы │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 611 │Сом менен │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 612 │Пайыздар менен │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ МЕН ТОЛТУРГАН МААЛЫМАТТАРДЫН ТУУРАЛЫГЫН ЖАНА ТОЛУКТУГУН ЫРАСТАЙМ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ПАСПОРТТУК МААЛЫМАТТАР │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 613 │Декларанттын паспортунун сериясы жана номери │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 614 │Декларантка паспорт берген орган │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ЖАШАГАН ЖЕРИ (декларанттын үй дареги) │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 615 │Почта индекси │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 616 │Облус, шаар, район, айыл │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 617 │Көчө/к-район, үй, квартира N │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 618 │Телефон номери (үй) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 619 │Телефон номери (уюлдук) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 620 │Декларация толтурулган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 621 │Декларанттын колу │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│622- │Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым│
│624 │укуктуу мамлекеттик органдын кирешелерди декларациялоо бөлүмү │
│ │тарабынан толтурат │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│(*) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган │
│адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, │
│милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана │
│жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 жана │
│5-статьяларынын күчү жайылтылган адамдар гана толтурат │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ VI БӨЛҮМ. ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН │
│ ДЕКЛАРАЦИЯЛОО МЕЗГИЛИНДЕ АКЧА КАРАЖАТТАРЫ (МҮЛК) │
│ ТҮРҮНДӨ АЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 201 │Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер │
│ │жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин башы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 202 │Мамлекеттик кызматчы кирешелер, мүлк жана милдеттенмелер │
│ │жөнүндө маалыматтарды берген мезгилдин аягы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ │ Жакын тууганынын/багуусундагы адамдын аты-жөнү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 203 │Мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 204 │Мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Акча каражаттары түрүндөгү кирешелердин классификаторуна; │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 205 │Кирешенин суммасы/мүлктүн наркы сом менен көрсөтүлөт. │
│ │Декларанттын жакын туугандары/багуусундагы адамдары тарабынан │
│ │чет өлкөлүк валютада алынган кирешенин суммасы/мүлктүн наркы │
│ │Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын киреше же мүлк алынган │
│ │күнгө карата курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 206 │Киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешени │
│ │алуунун/мүлктү сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт│
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 207 │Кирешени алуунун/мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү │
│ │сатып алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 208 │Киреше алынган өлкөнү көрсөтүү менен, киреше төлөгөн адамдын │
│ │аты-жөнү/уюмдун же башка булактын аталышы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 209 │Эгерде келишим бар болсо, анын номери көрсөтүлөт │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ VII-A БӨЛҮМҮ. __/__/_______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН │
│ ТУУГАНЫНА МЕНЧИК УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 301 │Мүлктүн коду Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 302 │Мүлктүн аталышы Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 303 │Сатып алуу учурундагы кыймылсыз мүлктүн наркы көрсөтүлөт, │
│ │ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата │
│ │рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 304 │Мүлктүн үлүшү, пайыз (%) менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 305 │Кыймылсыз мүлктүн аянты, квадрат метр менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 306 │Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып │
│ │алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 307 │Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун │
│ │классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 308 │Кыймылсыз мүлк сатып алынган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 309 │Кыймылсыз мүлктүн идентификациялык коду │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 310 │Кыймылсыз мүлктүн бирдигинин жайгашкан жери (дареги) (шаар, │
│ │район, айыл, көчө, квартира). │
│ │Кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары │
│ │жакта бар болгон учурда - кыймылсыз мүлк жайгашкан өлкө │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ VII-Б БӨЛҮМҮ. __/__/______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН │
│ ТУУГАНЫНА МЕНЧИК УКУГУНДА ТААНДЫК КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 401 │Мүлктүн коду Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 402 │Мүлктүн аталышы Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 403 │Сатып алуу учурундагы кыймылдуу мүлктүн наркы көрсөтүлөт, │
│ │ал жок болгон учурда декларация толтурулган күнгө карата │
│ │рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 404 │Мүлктүн үлүшү, пайыз (%) менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 405 │Мүлктү сатып алуунун негизинин коду Кирешенин/мүлктү сатып │
│ │алуунун классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 406 │Мүлктү сатып алуунун негизи Кирешенин/мүлктү сатып алуунун │
│ │классификаторуна ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 407 │Мүлк сатып алынган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 408 │Каттоо маалыматтары: │
│ │- транспорт каражаттарын көрсөтүүдө маркасы, модели, чыгарылган│
│ │жылы, кузовунун көлөмү жана каттоо номери көрсөтүлөт; │
│ │- талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык│
│ │капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын аталышы │
│ │көрсөтүлөт; │
│ │- банк мекемелериндеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же│
│ │зергер буюмдарын көрсөтүүдө (сактоодо) банктын реквизиттери │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 409 │Катталган жери: │
│ │- транспорт каражатын каттоодо транспорт каражаты катталган жер│
│ │көрсөтүлөт; │
│ │- талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык│
│ │капиталындагы мүлктү көрсөтүүдө юридикалык жактын дареги │
│ │көрсөтүлөт; │
│ │- банк мекемелериндеги акча каражаттарын, баалуу металлдарды же│
│ │зергер буюмдарын көрсөтүүдө (сактоодо) банктын дареги │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ VIII БӨЛҮМ. ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН ТАЛАП КЫЛУУ УКУГУ ЖАЙЫЛТЫЛГАН, │
│ ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУГА БЕРИЛГЕН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН │
│ УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ │
├─────────────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН ЧАРБАКЕР СУБЪЕКТТЕРДИН │
│ УСТАВДЫК КАПИТАЛЫНДАГЫ МҮЛКҮ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 501 │Мүлктүн коду төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 502 │Мүлктүн аталышы төмөнкүлөргө ылайык көрсөтүлөт: │
│ │- Кыймылдуу мүлктүн классификаторуна; │
│ │- Кыймылсыз мүлктүн классификаторуна │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 503 │Сатып алуу учурундагы мүлктүн наркы көрсөтүлөт, ал жок болгон │
│ │учурда декларацияны толтуруу күнүнө карата рыноктук (баалоо) │
│ │наркы сом менен көрсөтүлөт │
│ │Мүлктүн чет өлкөлүк валютадагы наркы сатып алуу учуруна карата │
│ │Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен │
│ │көрсөтүлөт, ал жок болгон учурда декларацияны толтуруу күнүнө │
│ │карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча │
│ │рыноктук (баалоо) наркы сом менен көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 504 │Мүлктүн үлүшү, пайыз (%) менен көрсөтүлөт: │
│ │- мүлккө жеке ээлик кылган учурда 100% деп көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 505 │Салык төлөөчүнүн - чарбакер субъекттин идентификациялык номери │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 506 │Чарбакер субъекттин толук дареги - жайгашкан жери │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 507 │Чарбакер субъекттин аталышы │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУЧУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 508 │Салык төлөөчүнүн - ишенимдүү башкаруучунун идентификациялык │
│ │номери │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 509 │Ишенимдүү башкаруучунун аты-жөнү/аталышы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 510 │Келишим колдонула башталган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 511 │Келишимдин колдонулушу аяктаган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 512 │Келишимдин N │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ IX БӨЛҮМ. __/__/______ КАРАТА ДЕКЛАРАНТТЫН ЖАКЫН ТУУГАНЫНЫН/ │
│ БАГУУСУНДАГЫ АДАМДЫН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИ(*) │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 601 │Милдеттенменин коду Милдеттенмелердин классификаторуна ылайык │
│ │көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 602 │Милдеттенменин аталышы Милдеттенмелердин классификаторуна │
│ │ылайык көрсөтүлөт │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 603 │Кредитордун/зайым алуучунун аталышы │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Милдеттенменин пайда болушунун негизи │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 604 │ Келишим түзүлгөн күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 605 │ Келишимдин N ___ (эгерде бар болсо) │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 606 │ Милдеттенменин күнү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 607 │ Милдеттенменин күчүнүн мөөнөтү аяктаган күн │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 608 │ Милдеттенменин суммасы, сом менен │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Негизги карызды тындыруу суммасы │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 609 │Сом менен │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 610 │Пайыз менен │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ Тындырылбаган негизги карыздын калдыгы │
├─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 611 │Сом менен │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 612 │Пайыз менен │
├─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│(*) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган │
│адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, │
│милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана │
│жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1- жана │
│5-статьяларынын күчү жайылтылган адамдар гана толтурат │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
3. Конвертти толтурууга карата талап
Конверттин жогорку сол бурчунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дареги көрсөтүлөт.
Конверттин төмөнкү оң бурчунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдар үчүн - мамлекеттик органдын (ведомстволук бөлүмдүн) аталышы, ээлеген кызматы, аты-жөнү, ал эми кызматтан бошотулган адамдар үчүн - "экс-" приставкасы менен мурда ээлеген кызматы көрсөтүлөт;
2) администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдар үчүн мамлекеттик органдын (ведомстволук же аймактык бөлүмдүн) аталышы, конвертте болгон декларациялардын саны.
Жогорку жагынын оң бурчунда "ДЕКЛАРАЦИЯ" деп көрсөтүлөт.
Конверттин чапталган жери мамлекеттик органдын (гербдүү же кадрлар бөлүмүнүн) мөөрү менен бекитилет.
Мамлекеттик кызматчынын,
ошондой эле анын жакын
туугандарынын кирешелери, мүлкү
жана милдеттенмелери жөнүндө
декларациянын бланкына
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 873 токтомунун редакциясына ылайык)
Код | Аталышы |
101 | Жубайы |
102 | Жашы жете элек балдар |
103 | Декларанттар финансылык чыгымдарды тарткан жашы жеткен балдар (жашоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого чыгымдарды жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө) |
104 | Декларант финансылык чыгымдарды тарткан декларанттын ата-энеси (жашоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого чыгымдарды жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө) |
105 | Декларант финансылык чыгымдарын тарткан бир туугандары (жашоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого чыгымдарды жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө) |
106 | Багууда же толук камкордугунда болгон, декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык) |
Код | Аталышы |
201 | Негизги иштеген жери боюнча кирешелер |
202 | Педагогикалык иштен алынган кирешелер |
203 | Илимий иштен алынган кирешелер |
204 | Башка чыгармачылык иштен алынган кирешелер |
205 | Кызматтарды айкалыштыруудан алынган кирешелер |
206 | Интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануунун натыйжасында алынган кирешелер |
207 | Салымдар үчүн эсептелген пайыздар же башка компенсациялар |
208 | Зайымдарды берүү үчүн эсептелген пайыздар же башка компенсациялар |
209 | Ишкердик иштен алынган кирешелер |
210 | Биржа бүтүмдөрүнөн алынган кирешелер |
211 | Жарандык-укуктук келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн алынган кирешелер |
212* | Мелдештерде, конкурстарда алынган байгелер, ошондой эле лотереялардагы, казинодогу жана башка кумар оюндарындагы утуштар |
213* | Сыйлык катары алынган акча каражаттар жана/же башка мүлк |
214* | Кайрымдуулук же материалдык жардам катары алынган акча каражаттар жана/же башка мүлк |
215* | Мурас катары алынган акча каражаттар жана/же башка мүлк |
216 | Камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган кирешелер |
217 | Жөлөкпулдардын, стипендиялардын, пенсиялардын жана бир жолку төлөмдөрдүн бардык түрлөрү |
218 | Соттук актылардын негизинде алынган кирешелер |
219 | Баалуу кагаздардан жана коммерциялык уюмдарга үлүштүк катышуудан алынган кирешелер |
220 | Банктагы салымдар жана мамлекеттик казыналык милдеттенмелер боюнча пайыз жана утуш түрүндө алынган кирешелер |
221 | Мамлекеттик жана муниципалдык заемдордун облигациялары боюнча утуш түрүндө алынган кирешелер |
222 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн ар кандай башка булактардан алынган кирешелер |
(*) Эгерде алардын өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 100 эсе ашса декларацияланууга тийиш | |
Код | Аталышы |
Транспорт каражаттары | |
301 | Жеңил автомобилдер |
302 | Жүк ташуучу автомобилдер |
303 | Автоприцептер |
304 | Мототранспорт каражаттары |
305 | Айыл чарба техникасы |
306 | Суу транспорту |
307 | Аба транспорту |
308 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка транспорт каражаты |
Эмерек | |
310 | Эмерек |
Фото, аудио жана видеотехника | |
320 | Фото, аудио жана видеотехника |
Компьютерлер жана оргтехника | |
330 | Компьютерлер жана оргтехника |
Турмуш-тиричилик техникасы | |
340 | Турмуш-тиричилик техникасы |
Жандыктар | |
351 | Ири мүйүздүү мал |
352 | Кой-эчки |
353 | Жылкы |
354 | Үй канаттуулары |
355 | Чочко |
356 | Аары |
357 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка жандыктар |
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк | |
361 | Дан жана дан-буурчак өсүмдүктөрү |
362 | Тоют чөптөрү |
363 | Картөшкө |
364 | Жашылчалар |
365 | Өсүмдүк өстүрүүнүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү |
Баалуу кагаздар | |
371 | Облигация |
372 | Вексель |
373 | Чек |
374 | Депозиттик жана сактык сертификаттары |
375 | Банктык сактык китепче |
376 | Коносаменттер |
377 | Акциялар |
378 | Талап кылуу укугу жайылтылган чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы баалуу кагаздар жана башка мүлктүк укуктар |
379 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка баалуу кагаздар |
Баалуу металлдар жана буюмдар | |
381 | Баалуу металлдар |
382 | Баалуу металлдардан жана жарым-жартылай баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан жасалган зергер буюмдар |
383 | Маданий баалуулугу бар менчик |
384 | Белгиленген тартипте байыркы деп таанылган буюмдар |
385 | Кыймылдуу мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү |
Код | Аталышы |
Турак-жай | |
401 | Үй/үйдүн бир бөлүгү |
402 | Квартира/квартиранын бир бөлүгү |
403 | Бөлмө |
404 | Дача үйү |
405 | Пансионат, эс алуу үйү, санаторий |
406 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка турак-жай |
Имараттар жана курулмалар | |
411 | Өндүрүштүк имарат/курулма |
412 | Администрациялык имарат/курулма |
413 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка капиталдык курулуштар же курулмалар |
Жеңил конструкциялар | |
421 | Киоск |
422 | Контейнер |
423 | Гараж |
424 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн башка конструкциялар |
Жер | |
431 | Жер участогу |
432 | Өзүнчө турган суу объекттери |
433 | Токой |
434 | Көп жылдык көчөттөр |
Кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү | |
441 | Курулуп бүтө элек курулуш объекттери |
442 | Кыймылсыз мүлктүн жогоруда көрсөтүлбөгөн башка түрлөрү |
Код | Аталышы |
501 | Эмгек келишими |
502 | Сатып алуу-сатуу келишими |
503 | Алмашуу келишими |
504 | Ижара келишими |
505 | Зайым алуу келишими |
506 | Кредиттик келишим |
507 | Банктык салым келишими |
508 | Акысыз пайдалануу келишими (ссуда) |
509 | Акы төлөмө кызмат көрсөтүү келишими |
510 | Сактоо келишими |
511 | Тартуулоо келишими |
512 | Кийин сатып алуу менен ижара келишими |
513 | Интеллектуалдык иштин натыйжаларын жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жекелештирүү каражаттарын түзүүгө жана пайдаланууга автордук же башка келишим |
514 | Камсыздандыруу келишими |
515 | Мелдештерге, конкурстарга катышуунун натыйжасында, ошондой эле лотереялардан, казинодон жана башка кумар оюндардан алынган байгелерди жана утуштарды төлөө жөнүндө актылар |
516 | Жөлөкпулдарды, стипендияларды, пенсияларды жана бир жолку төлөмдөрдү төлөө жөнүндө актылар |
517 | Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк |
518 | Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын актылары |
519 | Сот актылары |
520 | Киреше алуунун/мүлктү сатып алуунун башка негиздери |
Код | Аталышы |
601 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензия берген финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттер |
602 | Пайыздык зайымдар (адистешкен уюмдар, юридикалык жана жеке жактар) |
603 | Ссудалар (пайызы жок зайымдар) |
604 | Финансылык мүнөздөгү контракттык (келишимдик) милдеттенмелер (ижара, мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу, келечектеги кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө ж.б.) |
605 | Милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон финансылык милдеттенмелер (соттун чечими боюнча төлөмдөр, алименттер ж.б.) |
606 | Башка финансылык милдеттенмелер |