Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 368
Милициянын полковниги Султанов Адилбек Карабаевичтин атын Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө ыйгаруу жөнүндө
Милициянын полковниги Султанов Адилбек Карабаевичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милициянын полковниги Султанов Адилбек Карабаевичтин аты Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө берилсин жана мындан ары: «Милициянын полковниги Султанов Адилбек Карабаевичтин атындагы Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү» деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |