Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 376
2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Маданий кызматташуу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Маданий кызматташуу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
Аталган протоколду ишке ашырууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги аныкталсын.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |