Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 5-августундагы № 448 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 380
Кыргыз Республикасынын «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-берененин сегизинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2-берене. Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, тиешелүү тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.».
3. 3-берененин он экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
4. 5-берененин 3-бөлүгүндөгү «республикалык мамлекеттик коргоо органынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагынан атайын ыйгарым укугу бар дагы башка органдардын» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-беренеде:
1) 3-бөлүктөгү «ушул документтерди чыгаруучу башка таламдаш мамлекеттик органдар менен макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Республикалык мамлекеттик органы» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи - он биринчи абзацтар менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитет;
жаныбарлар дүйнөсү объекттеринин мамлекеттик эсебин алуунун тартибин бекитет;
мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнүн тартибин бекитет;
алгыр куштарды кармоо, алгыр куштардын, аңчылык иттердин көргөзмөлөрүн, кароолорун, мелдештерин жана сынактарын уюштуруу тартибин бекитет;»
7. Төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
«8-1-берене. Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагындагы аткаруу бийлиги органдарынын системасы
Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.».
8. 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
аңчылыктын мөөнөттөрүн жана түрлөрүн жөнгө салуу, жаныбарлар дүйнөсү объекттерине аңчылык кылуу ченемдерин белгилөө, балык запастарын жана суудагы омурткасыздарды коргоо жана кайталап өндүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле балыкчылык объекттерин кармоо мөөнөттөрүн жана ченемдерин жөнгө салуу;
илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча өзгөчө коргоо керек болгон сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү;
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин пайдаланууга лимиттерди жана ченемдерди коюу, уруксаттарды берүү жана уруксатты токтотуу;
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин атайын пайдалангандык үчүн акы алуу; жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагындагы атайын ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоодо, кайталап өндүрүүдө жана пайдаланууда чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү;
пайдалануучуларга аңчылык жана балык уулоо үчүн жерлерди тиешелүү тартипте бекитип берүү жана берүү;
алгыр куштардын, аңчылык иттердин көргөзмөлөрүн, кароолорун, мелдештерин жана талаада сыноолорун уюштуруу;
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында эл аралык кызматташууга катышуу.
Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоого, пайдаланууга жана кайталап өндүрүүгө, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнүн абалына жана сапатына мамлекеттик контролду ишке ашыруу;
республиканын аймагында жашаган жаныбарлар дүйнөсү объекттерине жана адамдардын ден соолугуна залалын тийгизиши мүмкүн болгон жаныбарларды ташып кирүүгө, чыгарып кетүүгө, таркатып көчүрүүгө жана климатташтырууга илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча тыюу салуу;
республикада аңчылык чарбасын жүргүзүүгө, аңчылык спортуна, аңчылык кылууга, жүн-мех чийки заттарын жана башка аңчылык продукцияларын даярдоого, жапайы жаныбарларды илимий, маданий жана чарбалык максаттарда атууга жана кармоого, аңчылык куралдарын жана ок-дарыларын сатууга, аңчылык жана балык уулоо эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашыруу;
жаныбарлар дүйнөсү объекттерин жаратылыш чөйрөсүнөн алууну контролдоо.».
9. 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жаныбарлар дүйнөсү объекттерине мамлекеттик мониторинг жүргүзүү тартиби.».
10. 12-беренеде:
1) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жаныбарлар дүйнөсү объекттеринин мамлекеттик эсебин жана абалын болжолдоону жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.»;
2) 3-бөлүгүндөгү «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
3) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жаныбарлар дүйнөсү объекттеринин жана аларды пайдалануунун көлөмүнүн мамлекеттик эсебин алуу тартиби Өкмөт тарабынан бекитилет.».
11. 18-берененин 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 20-беренедеги «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларындагы» деген сөздөр «өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүңдө мыйзамдардагы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 21-беренеде:
1) 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин
14. 23-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Саны жөнгө салынууга жаткан жаныбар дүйнөсү объекттери, ошондой эле тиешелүү иш-чараларды өткөрүү тартиби жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.».
15. 24-берененин 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 26-берененин 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
17.28-беренеде:
1) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жаныбарлар дүйнөсү объекттеринин пайдалануучулары жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча пайдалануу укугу берилген юридикалык жактар жана жеке адамдар болушат.»;
2) 2-бөлүгүндөгү « Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органын деген сөздөр «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырылсын.
18. 29-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы «жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү-чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 30-берененин 5-бөлүгүндөгү «жагындагы мамлекеттик органдардын лицензиясы боюнча» деген сөздөр «чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен» деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. 33-беренеде:
1) 1-бөлүгүндөгү «атайын укугу бар мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Аңчылык чарба жүргүзүү үчүн аңчылыкка ылайыктуу жерлерди берүү тартибин Өкмөт бекитет.»
21. 36-берененин 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан» деген сөздөр - «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясат иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен» деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 37-беренедеги «айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы тарабынан илимий мекемелер менен макулдашып кабыл алынган» деген сөздөр «Өкмөт белгилечү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. 40-берененин 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырылсын.
24. VII бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктук статусу».
25. 43-беренеде:
1) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо,
«Жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары үчүн форма кийим кийүү белгиленген. Кийимдин формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми аны кийүү эрежелерин жана убактарын жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Форма кийим акысыз берилет.».
26. 44-беренеде:
1) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укук берилген мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын»;
2) 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын атайын укугу бар мамлекеттик органдар» деген сөздөр «жаныбарлар дүйнөсү объекттерин коргоо, пайдалануу жана кайталап өндүрүү чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;
27. 52-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2001-ж., № 10, 370-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 2-бөлүгүндөгү «эл аралык келишимдер» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-беренеде:
1) төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
2) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«калдыктар менен иштөө тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктар менен иштөө тармагындагы мамилелерди жөнгө салууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
калдыктар менен иштөө тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктарга менен иштөө тармагында коопсуздуктун камсыздалышын көзөмөлдөө-контролдоо үчүн Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;».
3. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5-берене. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын компетенциясы Калдыктар менен иштөө тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
калдыктарга менен иштөөгө байланышкан документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жасоо;
калдыктар менен экологиялык коопсуз иштөөнүн тартибин жөнгө салуучу жана калдыктардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугуна талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; калдыктардын мамлекеттик кадастрынын жүргүзүлүшүн уюштуруу; мыйзамда аныкталган тартипте калдыктар менен иштөө тармагында эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, жалпылоо жана жайылтуу;
калдыктар менен иштөө боюнча маалыматтын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Калдыктарга менен иштөө тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: калдыктарды алардын ээлеринин эсебинен жок кылууну уюштуруу; калдыктардын ээлерине калдыктар аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптарды коюу;
калдыктарга менен иштөө тармагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иштерин контролдоо жана көзөмөлдөө.».
4. 7-берененин 1-бөлүгүндөгү ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «компетенттүү орган» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «калдыктар менен иштөө тармагында саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-берененин 3-бөлүгүндөгү «айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашырган органдар» деген сөздөр «калдыктар менен иштөө тармагында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 10-беренеде:
1) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Калдыктардын коркунучтуулугунун классын аларды өндүрүүчүлөр Өкмөт бекиткен эрежелерге ылайык аныкташат.»;
2) 5-бөлүгүндөгү «мамлекеттик статистика органы жана компетенттүү орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 13-беренедеги «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «Лицензиялоо жөнүндө мыйзамга» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 18-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Коркунучтуу калдыктар менен иштөө тармагында алгачкы эсебин алуу тартиби жана Расмий статистикалык эсебин алуу тартиби Өкмөт тарабынан бекитилет.».
9. 19-берененин 3-бөлүгүндөгү «компетенттүү орган» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырылсын.
10. 23-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|