КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 398
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан «калктуу конуштардын жерлери категориясына» которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 97 «СК Идеал Хаус» жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамсыз курган курулмаларды мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө» Декретине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Төбө айыл аймагында жайгашкан аянты 12,40 га көп жылдык өсүмдүктөр (бак) өскөн жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |