Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 403
2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-августундагы № 459 «Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондун мамлекеттик администрация башчысына-акимге квалификациялык талаптар жана аны дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин бошогон кызмат орду пайда болгон күндөн тартып 30 жумуш күндөн кеч эмес тиешелүү райондук кеңешке талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат.»;
3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук кеңеш акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумуш күндүн ичинде райондук кеңешке жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылат.
Эгерде 15 жумуш күндүн ичинде райондук кеңеш акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кайрадан сунуш кылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча райондук кеңешти таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындайт.
Эгерде ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри райондук кеңешке талапкерлерди (3төн кем эмес) сунуш кылбаса, анда райондук кеңеш 15 жумуш күнүнүн ичинде өз алдынча жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди тандап алат жана аны акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылат.
Райондук кеңеш тарабынан акимдин бош кызмат ордуна сунуш кылынган талапкер 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан милдеттүү түрдө дайындалууга жатат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |