Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-июну № 413
2012-жылы экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Мындан ары экономикалык төмөндөөнү болтурбоого, 2012-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүштүн көлөмүн толтурууга жана өлкөнү туруктуу экономикалык өнүктүрүү үчүн базалык шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин, облустук мамлекеттик администрация башчыларынын, Бишкек шаарынын мэринин экономикадагы иштердин учурдагы абалы жана 2012-жылдын аягына чейин күтүлүүчү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтары көңүлгө алынсын.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2012-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине 2012-жылы экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча сунуштарды жана конкреттүү чараларды беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги:
- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан түшкөн сунуштардын жана конкреттүү чаралардын негизинде 2012-жылы экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча чаралар планынын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- ай сайын, 30унан кечиктирбестен министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунда бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүүнүн жана аткарууну баалоонун маалыматтарынын негизинде 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо боюнча тийиштүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүүнүн тийиштүү багыттары боюнча көмүскө экономиканын өлчөмдөрүнө изилдөө, талдоо жана баалоо жүргүзүү боюнча иштерди тездетсин;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алуу жана координациялоо максатында ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйындарын уюштуруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте:
- 10 күндүк мөөнөттө токтоп турган жана толук кубаттуулукта иштебеген ишканалардын тизмесин жана облустарга карата жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү графигин даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
- 10 күндүк мөөнөттө өндүрүштүн төмөндөөсүн болтурбоо жана 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча конкреттүү чаралардын планын дадярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин;
текстиль жана тигүү өндүрүшүндө - 104,9 % деңгээлинде;
башка металл эмес минералдык продуктулар/курулуш материалдар өндүрүшүндө - 118,0 % деңгээлинде.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- 10 күндүк мөөнөттө алтын өндүрүү боюнча үч алтын казып алуучу кенде (Иштамберди, Бозымчак, Караказык) ишке тоскоолдук кылган проблемаларды чечүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин;
- 2012-жылга бекитилген республикалык бюджетке ылайык бюджетке акча каражаттарынын түшүүсүн аткарууну камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык 1,9 % деңгээлинде 2012-жылга болжолдонгон дүң чыгаруу көлөмүн жана реалдуу өсүштүн темпин аткарууну камсыз кылсын;
- 10 күндүк мөөнөттө 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунда бекитилген суусундуктарды жана тамекини кошкондо 103,6 % деңгээлинде тамак-аш азыктарын өндүрүүгө карата максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик статистика органдары менен бирдикте үстүбүздөгү жылдын түшүмүн жыйноонун жана эсепке алуунун толуктугун камсыз кылсын;
- «Фермерлерге арзан кредит-2» долбоору боюнча берүүчү кредиттердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте берилген кредиттерди максаттуу пайдалануу боюнча мониторингди жана баалоону ишке киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик:
- бир айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик статистика органдары менен бирдикте 2012-жылы аяктоого пландалган курулуп жаткан объекттерге инвентаризациялоо жүргүзсүн;
- 10 күндүк мөөнөттө төмөнкүлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин:
курулуш компаниялары үчүн «тоскоолдуктарды» алып салууга багытталган конкреттүү чараларды;
2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунда бекитилген 119,3% деңгээлинде курулушта максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча сунуштарды.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги 10 күндүк мөөнөттө 2012-жылы туристтик иштерден түшкөн кирешелерди жогорулатууга багытталган чараларды активдештирүү боюнча пландын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
9. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилерине 2012-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бекитилген болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыз кылууга жекече жоопкерчилик жүктөлсүн.
10. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2012-жылдын январь-август айлары үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгына карата 2012-жылга бекитилген болжолго ылайык экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана максаттуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө отчет беришсин.
11. Ушул токтомдун 10-пунктунда көрсөтүлгөн отчеттордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын биринчи жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктыгы жөнүндө маселе каралат.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толук жана өз учурунда каржылоо максатында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына экономиканы арзан кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында акча-кредиттик саясат чараларын иштеп чыксын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин экономикалык чөйрөдө түзүлгөн иш жүзүндөгү жагдайлар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгууларын уюштурсун.
15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо тейлеген тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине жүктөлсүн.
16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |