Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-июну № 415
Кыргыз Республикасында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө
Калдыктарды коопсуз колдонуу жагындагы башкаруу системасын өркүндөтүү жана экономикалык жактан натыйжалуу институттук, уюштуруучулук шарттарды түзүү, аз калдыктуу технологияларды өнүктүрүү, калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө максималдуу түрдө тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчал турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагында бардык санкцияланган жана санкцияланбаган катуу тиричилик калдыктарынын таштандыларына инвентаризация жүргүзсүн;
санитардык-коргоочу зоналарды милдеттүү түзүү менен республиканын бардык калктуу конуштарында (анын ичинде айылдык аймактарда) катуу тиричилик калдыктарынын жана уулуу калдыктар полигондорун уюштурууну жана санкцияланган таштандыларды (анын ичинде муниципалитет аралык) тариздөөнү камсыз кылсын.
- мамлекеттик - жекече өнөктүк механизмдерин колдонуу менен республиканын бардык калктуу конуштарында катуу тиричилик калдыктарын, экинчи ресурстарды чогултуу жана ташып чыгуу системасын оптималдаштырууну камсыз кылсын;
- катуу тиричилик калдыктарын жана экинчи ресурстарды чогултуу жана ташып чыгуу боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн контейнерлердин жана адистештирилген автотранспорттун зарыл болгон санын камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция катуу тиричилик калдыктары жана экинчи ресурстарды колдонуу чөйрөсүндөгү жаратылышты коргоо мыйзамдарынын аткарылышына контролду жана көзөмөлдү күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, облустардын губернаторлору, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө:
- полиэтилен пакеттерин пайдаланууну акырындап алмаштыруу үчүн кагаз калдыктардын негизинде кагаз пакеттерди өндүрүүнү уюштуруу боюнча сунуштарын киргизишсин;
- бизнес-түзүмдөрдү тартуу менен полиэтилен калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү пункттарын уюштуруу боюнча чараларды көрүшсүн (Бишкек жана Ош шаарлары);
- мамлекеттик-жекече өнөктөштүк принциптерин колдонуу менен жарандар эс алган жерлерде, улуттук жаратылыш парктарында жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында катуу тиричилик калдыктарын жана экинчи ресурстарды чогултуу, ташып чыгуу системасын жөнгө салуунун экономикалык механизмдерин киргизүү жөнүндө сунуштарын киргизишсин;
4. Облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясы менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттарында катуу тиричилик калдыктарын пайдалануу жана полиэтилен пакеттерди көп жолу пайдаланылуучу сумкаларга жана кагаз пакеттерге алмаштыруу маселелерин туруктуу негизде маалыматтык чагылдырууну камсыз кылышсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрине тапшырылсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |