Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июну № 421
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жөнүндө
2012-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри К. Бороновдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна чейинки мөөнөттө селден кооптуу объекттерди жана участкаларды, өзөндөрдүн жана каналдардын ташкындан кооптуу участкаларын инвентаризациялоодон өткөрсүн, алардын ведомстволук жана аймактык таандыктыгын териштирсин, ар бир кооптуу объект (участок) боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыксын жана жооптуу аткаруучуларды (тармактык жана аймактык таандыктуулугу боюнча), артыкчылыгын, курулуш мөөнөтүн, талап кылынган финансылык сарптоолордун эсептөөлөрүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында сел-ташкындан коргоочу курулмаларды куруу боюнча практикалык иш-чаралардын планын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо алардын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен катар эле ар бир окуя боюнча милдеттүү түрдө терс кесепеттердин күчөшүнө алып келүүчү себептерге тыкыр талдоо жүргүзсүн жана зарыл учурларда өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды ведомстволук объекттерде жана аймактарда алдын ала жүргүзүү боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди өз учурунда аткарбагандыгы үчүн аткаруу бийлиги органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, чарба субъекттердин жетекчилерин белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- үстүбүздөгү жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө лизингдик негизде жаңы атайын жана инженердик техникаларды сатып алуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инженердик-механикалаштырылган бөлүмдөрүнүн потенциалын күчөтүү боюнча сунуш берсин;
- кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын пайда болуу мүмкүндүгүнө өз учурунда мониторинг жана болжолдоо жүргүзсүн, зарыл учурда тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына материалдык жана адамдык жоготууларды болтурбоо же максимум азайтуу боюнча өз учурунда алдын алуучу чараларды көрүү боюнча жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2012-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн министрликтерди жана ведомстволорду артыкчылыктуу каржылоону, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептен кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын;
- үчүнчү кварталда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн 2012-жылга республикалык бюджетте каралган финансылык каражаттардын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 90%ин бөлүүнү камсыз кылсын;
- үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө эки деңгээлдүү бюджетке өтүүгө байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш- чараларды каржылоонун иштиктүү механизмин иштеп чыксын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазма буйругуна ылайык жергиликтүү калкты тартуу менен селди буруучу каналдарды жана арык тармактарын тазалоо боюнча иштерди алдын ала жүргүзүүгө карата чараларды көрүшсүн;
- туруктуу негизде суулардын нуктарын, сугат жана селди буруучу каналдарды текшерүү, өтө кооптуу участкаларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүшсүн жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазма буйругуна ылайык өтө кооптуу участкаларда жашаган калкты алардын нормалдуу жашоо-турмушун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүү менен коопсуз райондорго көчүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөрдүн жоопкерчиликтерин карашсын:
- чара көрбөгөндүктүн натыйжасында суу ташкындары жана сел агымдары олуттуу материалдык зыян келтирген аймактардагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияларында;
- жол-эксплуатациялык ишканалардын, райондук суу чарба башкармалыктарынын, архитектура жана шаар куруу кызматтарынын жетекчилеринин, алардын күнөөсү ырасталган учурда алардын ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келиши жөнүндө сунушту тиешелүү министрликтин же администрациялык ведомствонун жетекчисине жиберишсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |