Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-июну № 425
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 "Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо жана жөнгө салуу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын:
төртүнчү абзацы "каражаттарынын суммасы" деген сөздөрдөн кийин ", бирок жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында бир миң АКШ долларынан аз эмес." деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- төмөнкүлөрдү кошпогондо бардык объектилер үчүн - аукциондорду өткөрүү жолу менен:";
төмөнкү мазмундагы төртүнчү-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"жер алдындагы тузсуз жана термоминералдык суулар;
курулуш кумдары;
шагыл жана гравий;
табигый кумдак-таштак-шагылдуу аралашмалар;
чопо жана курулуш топурактары;
чөкмө (тунма), магмалык жана метаморфикалык тоо тектеринен сындырылган таштар (бутташтырылган жана шагыл);
аки өндүрүлүүчү акиташ;
гипс;
казылган туз;
өзү калыптанган күкүрт;
тальк жана пирофиллит;
графит;
1000 миң тоннага чейин запасы бар көмүрдү иштетүүгө.";
төртүнчү абзацы "кен байлыктардын участоктору үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле сынактарды же аукциондорду өткөрүү каралбаган объекттер боюнча" деген сөздөргө толукталсын;
- 10-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Зарыл учурда Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселелери боюнча комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө укуктуу.";
- 17-пункт "сынак боюнча" деген сөздөрдөн мурда "ушул Жобонун 8-пунктунун талаптарын сактоо менен," деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пункттагы ", www.tooke№.kg" домендик аталышы алып салынсын;
- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 23-пунктта "10" саны "30" санына алмаштырылсын;
- 35-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 37-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 38-пункттун алтынчы-тогузунчу, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 43-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 47-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"48. Аукциондун катышуучусу катары таанылган арыз ээлерине жана аукционго катышууга киргизилбеген арыз ээлерине аукцион өткөрүлө турган күнү, аукциондун катышуучуларын каттоо башталганга чейин кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат аукциондук комиссиянын катчысы тарабынан берилет.
Аталган жактар арыздарды кароонун протоколуна кол койдуруу менен тааныштырылат. Арыз берүүчү кол коюудан баш тарткан, же жок болгон учурларда протоколго тиешелүү жазуу киргизилет.";
- 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"58. Аукционист ар бир кийинки баанын маанисин аукциондун кадамына карата учурдагы маанисин көбөйтүү жолу менен белгилейт. Аукциондун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан аукциондун кадамынан көз карандысыз өтө жогору баа сунуштоого жол берилет. Мында баанын бир сунушу төмөндөгү градацияларга ылайык максималдуу кадамдан жогору болбошу керек:
- объектинин баштапкы баасы беш миң АКШ долларына чейин же барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын он эсе көбөйтүлгөн өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы беш миң АКШ долларынан жогору жана он миң АКШ долларына чейин же барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын беш эсе көбөйтүлгөн өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы он миң АКШ долларынан жогору жана жыйырма миң АКШ долларына чейин же барабар болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын эки эсе көбөйтүлгөн өлчөмү;
- объектинин баштапкы баасы жыйырма беш миң АКШ долларынан жогору болсо, аукциондун максималдуу кадамы - баштапкы баанын бир эсе көбөйтүлгөн өлчөмү.";
- 61-69-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 78-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"78. Протоколго жыйынга катышып жаткан комиссия мүчөлөрү жана аукциондун катышуучулары тарабынан кол коюлат. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан аукциондун катышуучуларына төлөнгөн кепилдик төлөм кайтарылбайт. Кол коюудан баш тарткандыгы жөнүндө акт түзүлөт.";
- 79-пункттагы "кепилдик төлөмү кайра берилбейт жана банктык кепилдиктин суммасынын 20 пайыз өлчөмүндө бышмана аукционду уюштуруучунун пайдасына кармалат" деген сөздөр алып салынсын;
- 80-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"80. Ушул Жобонун 79-пунктунда көрсөтүлгөн учур болуп калса, аукциондук комиссия үч банк күнүнүн ичинде жер казынасы объектисин пайдалануу укугун кезек тартиби боюнча, жогорку баа сунуштаган кийинки катышуучуга сунуштайт. Сунушту жиберүү үчүн көрсөтүлгөн мөөнөт жер казынасы объектисин пайдалануу укугунан катышуучу баш тарткан ар бир учурда колдонулат. Бул учурда жер казынасы объектисин пайдалануу укугун алууга макулдугун берген катышуучу аукциондун жеңүүчүсү деп табылат. Бардык катышуучулар жер казынасы объектисин пайдалануу укугунан баш тарткан учурда, аукциондун уюштуруучусу аукциондун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана кайталап аукцион өткөрүү жөнүндө чечим чыгарат. Мында баш тарткан катышуучуларга кепилдик төлөм кайтарылбайт.";
- 81 жана 86-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 96-пункттун экинчи сүйлөмү "иш күндөн ашпаган мөөнөттө" деген сөздөрдөн кийин "көрсөтүлгөн почта даректеринин бирине, анын ичинде электрондук дарекке" деген сөздөр менен толукталсын;
- 100-пункттагы "техникалык" деген сөз "өндүрүштүк (техникалык)" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 113-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- салыктарды жана башка төлөмдөр менен жыйымдарды төлөө;
- ушул Жобонун 124-пунктуна ылайык жылдык жана жарым жылдык отчетторду берүү мөөнөтү;
- бузулган курчап турган жаратылыш чөйрөсүн рекультивациялоону жүргүзүү боюнча кепилдиктерди милдеттүү берүү.";
- 114-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:

- тоо-кен-металлургия өндүрүшүнүн объектилерин долбоорлоо, куруу жана ишке берүүнүн мөөнөтү;

- 115-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

- бузулган курчап турган жаратылыш чөйрөсүн рекультивациялоону жүргүзүү боюнча милдеттүү кепилдиктерди берүү.";
- 131-пункттун экинчи жана үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 132-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин:
"132. Жер казынасында геологиялык изилдөө жүргүзүп жаткан, анын ичинде ушул Жобо күчүнө киргенге чейин алынган лицензиянын негизинде изилдөө жүргүзүп жаткан лицензия алуучу пайдалуу кендердин корун таап жана аларды Пайдалуу кендердин мамлекеттик балансына киргизген учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган пайдалуу кендерди түз сүйлөшүүлөр жолу аркылуу иштетүү максатында ага жер казынасын пайдалануу укугун берет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасында жер байлыктарын пайдаланууну жана жапырт жайылган пайдалуу майда кендерди пайдаланууну лицензиялоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токотмуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ