Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну № 428
"Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү келишими 1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган.
Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн келишимдин 87-беренесине ылайык бул эл аралык келишим, ратификацияланууга жатат жана ратификацияланган грамотасын алмаштыруудан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Көрсөтүлгөн келишим Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосунда түзүлгөн достук мамилелердин талаптарына жана бүгүнкү чыныгы абалына жооп берет, аны жүзөгө ашыруу жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук мамилелер тармагында тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүк түзөт, бул эки мамлекеттин жарандарынын негизги укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу үчүн өтө маанилүү.
Атап айтканда, ушул келишимдин алкагында макулдашкан бир Тараптын жарандары макулдашкан Экинчи тараптын территориясында өзүнүн жеке жана мүлктүк укуктары жаатында макулдашкан Тараптын ошол жердеги жарандары сыяктуу эле укуктук корголууга ээ. Макулдашкан бир Тараптын жарандары макулдашкан башка Тараптын өз компетенциясына жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери кирген сотуна, прокуратурасына, ички иштер органдарына жана башка мекемелерине эркин жана тоскоолдуксуз кайрылуу укуктарына ээ жана аларда ошол мамлекеттин жарандары сыяктуу эле чыгып сүйлөй, расмий өтүнүч, доо арыз менен кайрылганга жана ошондой эле башка дагы процесстик аракеттерди жасаганга жол берилет.
Ошол эле мезгилде Макулдашкан Тараптардын укуктук жардамынын көлөмү суралып жаткан Макулдашкан Тараптын мыйзамдарында каралган процесстик жана башка аракеттерди аткаруу жолу менен ишке ашырылат, анын ичинде:
- документтерди түзүү жана жөнөтүү, тиешелүү документтердин жана материалдардын, анын ичинде банктык, каржылык, юридикалык жана иш кагаздарынын түп нускаларын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүү;
- тинтүү, буюмдарды жана документтерди сууруп чыгуу жана алып коюу, мүлктү камакка алуу, буюм далилдерин жөнөтүү жана берүү;
- карап текшерүү жана күбө болуп берүү;
- экспертиза жүргүзүү;
- тараптарды, жабыр тарткандарды, айыпталуучуларды, күбөлөрдү, эксперттерди суракка алуу;
- мыйзам бузууларды жасады деп күнөөлөнгөн адамдарды, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөө, мыйзам бузду деп айыпталган адамдарды берүү, ошондой эле өкүмдү аткаруу үчүн берүү;
- кылмыштык куугунтукту козгоо;
- сот документтерин берүү;
- жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча сот чечимдерин, кылмыш иштери боюнча жарандык доо, аткаруу көрсөтмөлөрү жаатында өкүмдөрдү таануу жана аткаруу;
- документтерди тапшыруу.
Ошондой эле, белгиленген мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Мындан башка, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонулуп жаткан ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзамдын долбоорунун ченемдери колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга каршы келбей тургандыгынын аныкталгандыгын белгилейбиз.
Сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Мындан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору коомдук талкуулоону талап кылбайт.
Ошону менен бирге, Таджикистан Республикасы тарабынан 1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишимдин күчүнө кирүүсү үчүн керек болгон Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу процедураларды жүргүзбөгөндүгүн белгилейбиз.
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан "1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү келишимин ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "1998-жылдын 6-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү келишимин ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн долбоорлору сиздердин карооңуздарга киргизилүүдө.
Министр | А.Шыкмаматов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган.
Муну менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин 87-беренесине ылайык бул эл аралык Келишим ратификацияланууга жатат жана ратификациялык грамотаны алмашуудан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим, бул эки Макулдашуучу Тараптын жарандарынын өздүк жана мүлктүк укуктарын бирдей укуктук коргоону камсыз кылуу, ошондой эле жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук кызматташууну өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Айрым алганда ушул Келишимдин алкагында бир Макулдашуучу Тараптын жарандары, экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында өздүк жана мүлктүк укуктарына карата ушул Макулдашуучу Тараптын жарандарындай эле укуктук коргоого ээ болот. Макулдашуучу бир Тараптын жарандары Макулдашуучу экинчи Тараптын компетенциясына жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери кирген сотуна, прокуратурасына, ички иштер органдарына жана башка мекемелерине эркин жана тосколдуксуз кайрылуу укуктарына ээ жана аларда ошол мамлекеттин жарандары сыяктуу эле чыгып сүйлөй, расмий өтүнүч, доо арыз менен кайрыла жана башка процесстик аракеттерди жасай алышат.
Ошентип, Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.
Андан башка, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонулуудагы ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча бул Келишимдин ченемдери колдонулуудагы укуктук актыларга каршы келбей тургандыгы аныкталды.
Бул учурда ушул Келишимди ратификациялоо мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарында 1998-жылдын 6-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди ратификациялоону колдойт.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 775 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ