Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну № 433
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин таандыктыгын жана дайындалышын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын (мындан ары - аскер кызматчылары) аскердик форма кийими жана айырмалоочу белгилери аныкталсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;
- аскер кызматчыларынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
- аскер кызматчылары аскердик форма кийимин кийүүгө жана айырмалоочу белги тагынууга укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмеси 3-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- аскер кызматчылары болуп эсептелбеген адамдардын форма кийими жана айырмалоочу белгилерине окшош, ошондой эле алар менен ажырата алгыс деңгээлге чейин окшош болбошу керек, буга аскердик форма кийимин кийүү жана айырмалоочу белгилерди тагынуу укугу менен запаска же отставкага бошотулган контракттык кызматтын офицерлеринин, прапорщиктеринин жана аскер кызматчыларынын форма кийими жана айырмалоочу белгилери кирбейт;
- аскер кызматчылары запастар толук пайдаланылганга жана жаңыдан аныкталган аскердик форма кийимдерге акырындык менен өткөнгө чейин эски үлгүдөгү аскердик форма кийимин кийүүгө жана айырмалоочу белгилерди тагынууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик форма кийимдерди кийүүсүнүн, айырмалоо белгилерин тагынуунун жана жабдыктарынын бирдиктүү эрежесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун долбоорун киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме

1. Жогорку офицердик курам үчүн
2. Контракттык кызматтын офицерлери, прапорщиктери жана аскер кызматчылары үчүн
3. Аял-аскер кызматчылары үчүн
4. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, жогорку аскердик окуу жайлардын курсанттары (офицердик курамдын адамдарынан тышкары), Советтер союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн
5. Коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук гвардиянын ардактуу кароол ротасынын аскер кызматчылары үчүн
6. Аскердик-көрсөтмөлүү оркестринин аскер кызматчылары үчүн
7. Аскер кызматчыларынын айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын сыпаттамасы
Аскердик форма кийими - бул аскер кызматчыларынын кийүүсү үчүн дайындалган, аскердик кийимдин жана бут кийимдин, ошондой эле аскердик жабдыктын маанилүү тышкы белгилери боюнча бир түргө келтирилген предметтеринин комплекти.
Маанилүү тышкы белгилерге төмөнкүлөр кирет:
- кийимдин жана аскердик жабдыктын түзүлүшү жана түсү;
- белгиленген түстөгү кооздук жана айырмалоочу элементтер: милтелер, лампастар, фуражканын кыры, погондордогу көрүнүшү, бүчүлүктөр;
- белгиленген үлгүлөрдөгү фурнитура;
- погондор.
Погондор - аскердик наам боюнча айырмалоочу белгилерди жана функционалдык дайындалышы боюнча айырмалоочу белгилерди тагуу үчүн дайындалган аскердик форма кийиминин атайын элементи.
Аскердик форма кийимине мамлекеттик сыйлыктар, айырмалоочу белгилер, ведомстволук айырмалоочу белгилер жана башка аскердик-геральдикалык белгилер тагылат.
Айырмалоочу белгилер менен ведомстволук айырмалоочу белгилердин маанилүү белгилери болуп түстөрдүн жана конфигурациянын айкалышы, белгиленген тартипте бекитилген расмий эмблемалардын жана геральдикалык элементтердин болуусу эсептелет.
1. Жогорку офицердик курам үчүн
1. Жүн кездемеден жасалган фуражка
Саргыч-жашыл (параддык - ачык боз) түстөгү жүн кездемеден жасалган фуражка сүйрү тегерек төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, күн калканчысынан турат. Төбөсүнүн тегерегине жана алкагынын жогорку жээгине кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү милте бастырылат. Фуражканын алкагынын маңдайына алтын түстөгү саймалуу кокарда бекитилет, ал эки капталдагы лавр бутагы түрүндө болот. Фуражканын маңдайында - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин алтын түстөгү саймалуу эмблемасы болот, маңдай кырдын үстү кара лакталган булгаары менен тартылган (параддык фуражканын маңдай кырында саймасы бар), ал эми асты - кара түстөгү замша же жүн кездемеси менен тартылган.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат. Диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү топчуда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү болот.
2. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана маңдайдан турат. Кулакчындуу тумактын алкагы маңдай кырдан, боз түстөгү накта каракүлдөн жасалган кулакчалары менен желкеден турат.
Төбөсү төрт кыйыктан турат, маңдай кыры жана кулакчалуу тилкеси көгүш-боз ноотудан жасалат. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат. Маңдай кырынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
3. Кышкы пальто
Саргыч-жашыл түстөгү драптан жасалган кышкы пальтонун көгүш-боз түстөгү чечилүүчү териден жасалган жакасы бар, үч формалык топчуга боосу бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчу. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик каптал чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бел сызыгынан бүктөмөсү жана ылдыйкы тилиги бар, бел сызыгынын деңгээлинде тилке болуп кеткен эки тигиш ичке тарткычка бекитилет. Бел сызыгы боюнча бүктөмө эки сызык менен бириктирилген. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Сол жаканын астында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун ичи этегине чейин. Пальтонун жакасынын жээгинен пальтонун этегине жана жеңдин кайрылган учуна чейин кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү ноотудан жасалган милте бастырылат. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Жакага алтын түстөгү саймалуу илгичтер бекитилет. Погондор саргыч-жашыл түстө бастырылып тигилген.
4. Жазгы-күзгү күрмө
Саргыч-жашыл түстөгү жүндөн жасалган жазгы-күзгү күрмөнүн кайырма жакасы жана лацканы бар, төрт топчуга жана илгичке ортоңку ички боосу бар, жылуулатылган, таралгага бекитилген куру бар. Өңүрүндө кокеткасы, капталында тилинип жасалган чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн ички жагында тилинип жасалган чөнтөгү болот. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунда тигиши бар. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жакага алтындан тигилген саймасы бар петлица бекитилет. Күрмөнүн чечип алма тери жаканы бекитүүчү бекиткич болот. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот.
5. Жазгы-күзгү плащ
Жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден тигилген жана бир жакка кымтыланма плащтын кайырма жакасы, коргоо түсүндөгү формалык төрт топчудан турган топчулануучу жашыруун жери бар куру болот. Өңүрүндө кокеткасы, капталында тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунда бүктөлгөн жерине чейин тигиши бар. Жеңдери үч тигиштүү, ылдый жагында тигиштин ортосуна киргизилген ичке тарткычы бар. Анын учтары топчу менен бекитилет. Чечип алма жылуулаткыч он алты топчу менен топчуланат. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот.
6. Мундир
Мундир ачык боз түстө болуп, эки жакка кымтыланма толук кыналып турбаган кайырыма жакалуу ачык болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги үч формалык топчудан турган топчулануучу жери бар. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана клапандары бар чөнтөгү болот. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдеринде кош тигиш болуп, жеңдеринин кайрылган учтары түз болот. Жакасында алтын түстө тигилген сайма бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү ноотудан жасалган милтеси бар. Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында алтын түстө тигилген сайма болот. Өңүрдүн астарында клапандуу төш чөнтөктөр бар. Погондор алтын түстө тигилген болот.
7. Эки жакка тең кымтылама китель
Китель жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден жасалат жана эки жакка кымтыланма толук кыналып турбаган кайырыма жакалуу ачык болот, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги үч формалык топчудан турган топчулануучу жери бар. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана клапандары бар чөнтөгү болот. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдеринде кош тигиш болуп, жеңдеринин кайрылган учтары түз болот. Жакасында алтын түстө тигилген сайма бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү ноотудан жасалган милте бар. Өңүрдүн астарында клапандуу төш чөнтөктөр бар. Погондор алтын түстө тигилген болот.
8. Багалегин сыртка коё берме шымдар
Шымдар жүндөн жасалган саргыч-жашыл (парад үчүн - ачык боз) түстөгү кездемеден жасалат жана темирден жасалган илгичке илинген жана топчуга (сыдырмаларга) топчуланган кайрып тигилген бели менен болот. Бели ичке болуп, курду тагынуу үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын астыңкы сол тарабында сааттар үчүн чөнтөгү болот. Арткы оң тарабында клапандуу чөнтөгү бар. Капталдагы тигишинде чөнтөгү, милтеси болуп, милтенин эки тарабында лампастар болот. Милтелер жана лампастар кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү ноотудан жасалат. Шымдын астыңкы бөлүгүндө астар болот.
9. Бир жакка кымтылама китель
Китель саргыч-жашыл түстөгү жүн кездемеден жасалып, жарым-жартылай кыналган, ачык жакалуу жана ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги төрт формалык топчу менен топчулануучу жери болот. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алдыңкы кайып тигилген тигилиши менен, топчу менен топчулануучу планкалары жана фигуралык клапандары бар жогорку сыртына капталган чөнтөктөрү менен жана фигуралык клапандары бар тилинип жасалган каптал чөнтөгү менен болот. Далысынын ортосунда тигиши бар. Жеңдери кайып тигилген, кош тигиштүү. Жакасында алтын түстүү саймасы бар. Жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында жана жаканын кырларында кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү ноотудан жасалган милте бар. Өңүрдүн астарында клапандуу төш чөнтөктөр бар. Погондор саргыч-жашыл түстө тигилген болот.
10. Жүндөн жасалган күрмө
Күрмө жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден жасалат, анын кайрыма жакасы, ортосундагы сыдырмасы бар, кайрып тигилген бели жана этегине чейин астары бар болот. Өңүрүндө кокеткасы болуп, планкалуу жана фигуралуу клапандары бар сыртына капталган сырткы чөнтөгү болот. Тигишке кайып тигилген жана топчулар менен топчулануучу кокеткасы бар. Капталында тигилип жасалган жана сыдырмасы бар чөнтөгү болот. Далысында кокеткасы бар. Жеңдеринин чыканак жактагы тигиштеринде бир тигиштүү щлицасы бар жана жеңдин учу кайып тигилет. Күрмөнүн этеги капталдарындагы тигиштеринде үч катар кеткен жылмакай сызма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн клапандары жана жеңдин учу диаметри 14 мм келген коргоо түстөгү формалык топчулар менен топчуланат. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот.
11. Кышкы талаа күрмөсү жана шымдар
Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жана жылуулатылган күрмөнүн этегине чейин астар салынат жана күрмөнүн тери жакасы жана чечип алма капюшону болот. Түз, борбордук жашыруун борттук ачык бир топчу менен топчулануучу бекиткичи бар. Өңүрүнүн ички тарабында белинен кеткен сызык боюнча кулисасы бар жана клапандары бар сыртына капталган ылдыйкы чөнтөктөрү болот. Жакасы кайрыма болуп, накта териден (жасалма) жасалат. Далысы туюк бычылып белинен кеткен сызык боюнча кулисасы бар. Жеңдери бир тигиштүү кайып тигилген. Жеңдердин ылдый жагы туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан. Жаканын жогорку жээгинен 20 см аралыкта төштүн деңгээлинде жана сол колдун ийин тигишинин жээгинен 80 мм аралыкта погон тагуу үчүн 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткыч кайып тигилген. Погондор чечип алма, камуфляж түсүндө. Жылдыздар коргоо түсүндө тигилген.
Шымдар камуфляж түстөгү кездемеден жасалат жана этегине чейин жылуулатылган астары болот. Бели кайрып тигилип өткөргүчтөрү бар жана топчулар менен топчуланат. Шымдын капталдарында клапандары бар сыртына капталган чөнтөктөрү болот. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен жана өткөрүлгөн жылмакай сызма менен иштелип чыккан. Багалектин этегиндеги тигиште учтары эки топчуга топчулануучу штрипкасы болот.
12. Пахтадан жасалган кездемеден тигилген талаа фуражкасы
Талаа фуражкасы камуфляж түстөгү кездемеден жасалып, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан жана кайырма желке жапкычтан турат. Каптал жактарында иштелип чыккан көзөнөкчөлөрү бар. Фуражканын асты жагында алкакта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн коргоо түстөгү эмблема болот.
13. Жайкы талаа күрмөсү жана шым
Күрмө камуфляж түстөгү кездемеден тигилет жана капталында жашыруун бир топчу менен топчулануучу топчулана турган жери бар. Өңүрүнүн ички тарабында белинен кеткен сызык боюнча кулисасы бар жана клапандары бар сыртына капталган ылдыйкы чөнтөктөрү болот. Жакасы кайырыма болуп, жакасына коргоо түстөгү эмблема тагылат. Далысы туюк бычылып белинен кеткен сызык боюнча кулисасы бар. Жеңдери бир тигиштүү кайып тигилген жана манжети бар. Погондор чечип алма, камуфляж түсүндө. Жылдыздар коргоо түсүндө тигилген.
Шым камуфляж түстөгү кездемеден жасалат жана бели кайрып тигилип, өткөргүчтөрү болот жана топчулар менен топчуланат. Шымдын капталдарында клапандары бар сыртына капталган чөнтөктөрү болот. Багалектин этегиндеги тигиште учтары эки топчуга топчулануучу штрипкасы болот.
Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин атайын дайындалыштагы бөлүкчөлөрү үчүн кара түс белгиленет.
14. Формалык көйнөк
Формалык көйнөк ачык саргыч-жашыл (ак) түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат жана жеңдүү болот. Бели туюк бычылып, каптал тигиштерине жылмакай сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин сегиз-тогуз топчу, жакасында бир топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырыма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө тигиши менен болот. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жана сыртына капталган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар жана кокетка кайрып тигилген тигиште жайгашкан эки бүгүшү бар. Узун жеңдүү жана топчулана турган манжеткасы бар. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл (ак) түстө болот.
15. Чолок жеңдүү формалык көйнөк
Формалык көйнөк ачык саргыч-жашыл (ак) түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат жана чолок жеңдүү болот. Бели туюк бычылып, каптал тигиштерине жылмакай сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин беш-алты топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырыма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө тигиши менен болот. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жана сыртына капталган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар жана кокетка кайрып тигилген тигиште жайгашкан эки бүгүшү бар. Чолок жеңдүү жана манжеткасы бар. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл (ак) түстө болот.
16. Жагоо
Жагоо саргыч-жашыл (кара) түстөгү кездемеден тигилет жана тар бурч болуп аяктаган чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн, «Регат» аттуу туруктуу түйүндөн жана көйнөктүн жакасынын алды жагынан өткөрүп тагынуу үчүн илмектен турат.
17. Хромдон жасалган кончу бийик ботинкалар
Кончу бийик ботинка кара түстө болот жана башынан, кончтон, тилчеден, күчөткүчтөн, апкыттан турат. Кончтун алды жагында боо өткөрө турган көзөнөкчөлөрү жана астары жок байкасы (нооту) бар. Боо менен байланат. Таманы жана такасы майда тешиктүү резинадан болот. Таманы жылуулук желим менен бекитилген. Ичинде батек салынган.
18. Кайыштан жасалган кыска ботикалар (туфлилер)
Кайыштан жасалган ботинкалар кара түстө болуп, башынан, кончтон, тилчеден жана тамандан турат. Кончтун алды жагында боо (резинадан болушу мүмкүн) өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Башынын астары пахтадан жасалган кездеме, кончу астарлык кайыш менен ичтелген. Таманы, батеги, кончу тамандык кайыштан жасалат. Тумшугу кайыш же гранитоль болот. Такалары формалаган резина таш тамандуу кайыштан болот. Таман желим менен бекитилип, жасалма жана синтетикалык материалдардан жасалган такасы бар.
19. Белге тагылуучу кур
Күрөң түстөгү кайыштан турган туурасы 50 мм. келген белге тагылуучу кур. Курга беш катарлуу эки тилдүү таралга тагылат. Курдун учунда таралганын тилдери үчүн тешиктер бар. Таралга, жарым шакектер жана кобуралык басмактар латундан жасалып алтын түстө болот.
20. Параддык кур
Жазылыгы 50 мм келген жана алтын түстөгү негизги курдан турат. Курга ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү бар темир сүйрү тоголок таралга бекитилет.
21. Жамынма плащ
Жамынма плащ пахтадан жасалган резина кездемеден тигилип, коргоо түсүндө болот. Ортосунда беш топчудан турган жашыруун топчулануучу жери бар. Жакасы кайырыма болуп, топчулануучу капюшону бар. Өңүрүндө кол үчүн чабалекей түрүндө аткарылган жана эки топчу менен топчулана турган тиликтери болот. Чабалекейлердин ички бетинде кармагычтары бар.
22. Моюн орогуч
Моюн орогуч трикотаждан жасалып, саргыч-жашыл (ак) түстө болот. Кышкы жана жайкы, жазгы-күзгү кийим формасын кийгенде оролот.
23. Аксельбант
Аксельбант алтын түстөгү жана өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана жардамчы боолордон турат. Жардамчы боолорго учу учтуу алтын түстөгү темир уч кийгизилет. Темир учтун узундугу 80 мм болот.
24. Ак түстөгү кол кап
Ак түстөгү кол каптар, кол каптын сырткы жагында кооз (жасалгалуу) тигиш бар. Манжет бөлүгү жылмакай сызма менен тартылат же кнопка менен бекитилет.
25. Жарым-жартылай жүндөн жасалган жемпер
Узун жеңдүү, V - түрүндөгү кесик жакасы менен саргыч-жашыл түстөгү жарым-жартылай жүн жемпери. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма, саргыч-жашыл түстө болот.
26. Берет.
Берет жүндөн жасалып, сүйрү тоголок формасындагы төбөдөн, эки же үч талаадан жана астардан турат. Талаанын төмөн жагы жасалма кайыштан жасалган милте тилке менен иштелип чыккан. Ага боо өткөрүлгөн. Береттин талаасынын алдыңкы бөлүгүнө кокарда тагылат. Каптал бөлүгүнө аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүкчөлөрдүн белгиленген атайын белгилери бекитилиши мүмкүн.
27. Камуфляж түсүндөгү футболка
Футболка кыска жеңдүү, жакасы бүтүн пахта кездемеден хаки, камуфляж же темгил түсүндө болот.
28. Кол каптар
Жүндөн (кайыштан) жасалган кышкы кол каптар кара (хаки) түстө, беш салаалуу болот. Муун бөлүгүндө жылмакай сызма менен тартылат.
29. Талаа баштыгы
Талаа баштыгы корпустан, жапкычтан, көтөрүүчү илгичтен турат. Көтөрүүчү илгичтин аягында илмек-карабиндер тигилген, анын жардамы менен баштык бекитилет. Талаа баштыгынын корпусунун ички бөлүгү тосмо менен бөлүнгөн.
30. Жеңил кездемеден формалык көйнөк
Кыска жеңдүү формалык көйнөк боз түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат Өңүрүндө этегине чейин беш-алты топчусу бар. Жакасы кайырыма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө тигиши менен болот. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар. Жеңи кыска. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот.
31. Жеңил кездемеден багалегин сыртка коё берме шымдар
Шымдар жүндөн жасалган боз түстөгү кездемеден жасалат жана темирден жасалган илгичке илинген жана топчуга топчуланган кайрып тигилген бели менен болот. Бели ичке болуп, курду тагынуу үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын астыңкы сол тарабында сааттар үчүн чөнтөгү болот. Арткы оң тарабында клапандуу чөнтөгү бар. Капталдагы тигишинде чөнтөгү, милтеси болуп, милтенин эки тарабында лампастар болот. Милтелер жана лампастар кызыл түстөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстөгү ноотудан жасалат. Шымдын астыңкы бөлүгүндө астар болот.

32. Параддык фуражка
Фуражка жүндөн жасалып, саргыч-жашыл түстө (офицерлер үчүн деңиз толкунунун түсүндө) болот жана сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт талаадан, милтеден, алкактан, күн калканчысынан, топчулардан турат. Фуражканын (аскер түрү боюнча) эки милтеси бар. Бири төбөнүн талаа менен бириктирилип тигилген тигишине кайрып тигилген болсо, экинчиси, алкактын талаа менен бириктирилип тигилген тигишине кайрып тигилген болот, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстө болот. Чек ара аскерлери үчүн тигилген фуражка эки кызыл милтеси бар жашыл түстөгү курбусу менен жана кара көк түстөгү алкагы менен болот. Фуражкага темир каркас коюлган. Фуражканын алды жагында алкакта эмблемасы менен кокарда бар, маңдай кыры кара түстө болот. Офицерлерде фуражканын кебинде ведомстволук символиканын сүрөтү менен эмблема тагылган.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалуу топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат. Диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү топчуда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү болот.
33. Күнүмдүк фуражка
Фуражка жүндөн жасалып, саргыч-жашыл түстөгү кездемеден жасалат, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, алкактан, күн калканчысынан жана кайруудан турат. Фуражканын алкагынын алдына алтын түстөгү кокарда тагылат.
Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн жана Чек ара аскерлери үчүн күнүмдүк фуражка параддык фуражканын сыпаттамасына ылайык келет.
34. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана маңдайдан турат. Кулакчындуу тумактын алкагы күн калканчысынан, боз түстөгү накта териден жасалган кулакчалары менен желкеден турат.
Төбөсү төрт кыйыктан турат, күн калканчысынан жана кулакчалуу тилкеси көгүш-боз ноотудан жасалат. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат.
Күн калканчысынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет. Мөөнөттөн ашык кызматтын прапорщиктери жана аскер кызматчылары үчүн кулакчындуу тумак жасалма териден жасалат.
35. Жемпер
Узун жеңдүү, V - түрүндөгү кесик жакасы менен саргыч-жашыл түстөгү жарым-жартылай жүн жемпери. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма, саргыч-жашыл түстө болот. Жылдыздар алтын түстө болот.
36. Берет
Берет жүндөн жасалып, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, эки же үч талаадан жана астардан турат. Талаанын төмөн жагы жасалма кайыштан жасалган милте тилке менен иштелип чыккан. Ага боо өткөрүлгөн. Береттин талаасынын алдыңкы бөлүгүнө эмблемасы бар кокарда тагылат. Сол капталына бөлүктөрдүн жана бөлүкчөлөрдүн белгиленген атайын белгилери тагылышы мүмкүн.
37. Кышкы пальто
Саргыч-жашыл түстөгү драптан жасалган кышкы пальтонун көгүш-боз түстөгү чечилүүчү териден жасалган жакасы бар, үч формалык топчуга боосу бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчу. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик каптал чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бел сызыгынан бүктөмөсү жана ылдыйкы тилиги бар, бел сызыгынын деңгээлинде тилке болуп кеткен эки тигиш ичке тарткычка бекитилет. Бел сызыгы боюнча бүктөмө эки сызык менен бириктирилген. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Сол жаканын астында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун ичи этегине чейин. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Погондор саргыч-жашыл түстө бастырылып тигилген. Жакасына алтын түстөгү эмблема тагылат.
38. Жазгы-күзгү күрмө
Саргыч-жашыл түстөгү жүндөн жасалган жазгы-күзгү күрмөнүн кайырма жакасы жана лацканы бар, түз, төрт топчуга жана илгичке ортоңку ички боосу бар, жылуулатылган, таралгага бекитилген куру бар. Өңүрүндө кокеткасы, капталында тилинип жасалган чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн ички жагында тилинип жасалган чөнтөгү болот. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунда тигиши бар. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Жакага алтын түстүү эмблема бекитилет. Күрмөнүн чечип алма тери жаканы бекитүүчү бекиткичи болот.
Погондорду тагуу үчүн 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот. Жылдыздар темирден же коргоо түсүндө тигилген.
39. Жазгы-күзгү плащ
Жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден тигилген жана бир жакка кымтылма плащтын кайырыма жакасы, ошондой эле коргоо түсүндөгү формалык төрт топчудан турган топчулануучу жашыруун жери бар куру болот. Өңүрүндө кокеткасы, капталында тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунда бүктөлгөн жерине чейин тигиши бар. Жеңдери үч тигиштүү, ылдый жагында тигиштин ортосуна киргизилген ичке тарткычы бар. Анын учтары топчу менен бекитилет. Чечип алма жылуулаткыч он алты топчу менен топчуланат. Погондорду тагуу үчүн 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот. Жылдыздар темирден же алтын түстүү тигилген болот.
40. Офицердик курам үчүн мундир
Мундир кайырма жакалуу, деңиз толкунунун түсүндө болот, ачык жана ортосунда алтын түстөгү төрт формалык топчу менен борттук топчулануучу лацканы бар. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алдыңкы кайып тигилген тигилиши менен, топчу менен топчулануучу планкалары жана фигуралык клапандары бар жогорку сыртына капталган чөнтөктөрү менен жана фигуралык клапандары бар тилинип жасалган каптал чөнтөгү менен болот. Далысынын ортосунда щлица менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери кайып тигилген, кош тигиштүү. Ийин жактагы колтугу менен жеңдердин бириккен тигиштеринде погондор кайрылып тигилген. Погондун учу топчуга топчуланат. Өңүрлөрдүн астарында астардын төмөнкү бөлүгүндөгү кайып тигилген тигиштерде жайгашкан листочкасы бар ички чөнтөктөр болот. Топчулардын диаметри 22 мм болуп, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Погондор параддык болот. Жакасына алтын түстөгү эмблема тагылат.
41. Китель
Китель жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден тигилген кайырма жакалуу, ачык жана ортосунда алтын түстөгү төрт формалык топчу менен борттук топчулануучу лацканы бар. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алдыңкы кайып тигилген тигилиши менен, топчу менен топчулануучу планкалары жана фигуралык клапандары бар жогорку сыртына капталган чөнтөктөрү менен жана фигуралык клапандары бар тилинип жасалган каптал чөнтөгү менен болот. Далысынын ортосунда щлица менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери кайып тигилген, кош тигиштүү. Ийин жактагы колтугу менен жеңдердин бириккен тигиштеринде погондор кайрылып тигилген. Погондун учу топчуга топчуланат. Өңүрлөрдүн астарында астардын төмөнкү бөлүгүндөгү кайып тигилген тигиштерде жайгашкан листочкасы бар ички чөнтөктөр болот. Жакасына алтын түстөгү эмблема тагылат. Топчулардын диаметри 22 мм болуп, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Жылдыздар алтын түстүү болот.
42. Жүндөн жасалган күрмө
Күрмө жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден жасалат, анын кайырыма жакасы, ортосундагы сыдырмасы бар, кайрып тигилген бели жана этегине чейин астары болот. Алдыңкы өңүрү кокетканын кайып тигилген тигишине кайып тигилген. Далысында кокеткасы бар. Жеңдеринин чыканак жактагы тигиштеринде бир тигиштүү щлицасы бар жана жеңдин учу кайып тигилет. Күрмөнүн этеги капталдарындагы тигиштеринде үч катар кеткен жылмакай сызма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн клапандары жана жеңдин учу диаметри 14 мм келген коргоо түстөгү формалык топчулар менен топчуланат. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот. Жылдыздар алтын түстүү.
43. Ак кол каптар

44. Багалегин сыртка коё берме шымдар
Шымдар жүндөн жасалган саргыч-жашыл (деңиз толкунунун түсүндөгү) түстөгү кездемеден жасалат жана топчуга топчуланган кайрып тигилген бели менен болот. Белинде өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө тилинип салынган чөнтөктөрү болот. Шымдын арткы оң жагында клапаны бар чөнтөк болот. Каптал тигишинде (аскер түрү боюнча) ноотудан жасалган милтеси бар. Контракттык кызматтын прапорщиктери жана аскер кызматчылары үчүн шымдардын милтеси жок болот.
45. Кышкы талаа күрмөсү жана шымдары
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Жылдыздар темир же коргоо түсүндө тигилген болот.
46. Жайкы талаа күрмөсү жана шымдары

Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлеринин (мындан ары - Ички аскерлер) социалдык маанидеги бөлүмдөрү жана Жазык-аткаруу системасындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгон, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департаменти үчүн - кара түстө.
47. Пахтадан жасалган кездемеден тигилген талаа фуражкасы
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
48. Формалык көйнөк
Формалык көйнөк ачык саргыч-жашыл (ак) түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат жана жеңдүү болот. Бели туюк бычылып, каптал тигиштерине жылмакай сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин сегиз-тогуз топчу, жакасында бир топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө тигиши менен болот. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жана сыртына капталган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар жана кокетка кайрып тигилген тигиште жайгашкан эки бүгүшү бар. Узун жеңдүү жана топчулана турган манжеткасы бар. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл (ак) түстө болот. Жылдыздар алтын түстүү.
49. Чолок жеңдүү формалык көйнөк
Формалык көйнөк ачык саргыч-жашыл (ак) түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат жана чолок жеңдүү болот. Бели туюк бычылып, каптал тигиштерине жылмакай сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин беш-алты топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырыма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө тигиши менен болот. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жана сыртына капталган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар жана кокетка кайрып тигилген тигиште жайгашкан эки бүгүшү бар. Чолок жеңдүү жана манжеткасы бар. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл (ак) түстө болот. Жылдыздар алтын түстүү.
50. Жеңил кездемеден формалык көйнөк

51. Жеңил кездемеден багалегин сыртка коё берме шымдар
Шымдар боз түстөгү жеңил кездемеден жасалат жана топчуга топчуланган (сыдырмалар) кайрып тигилген бели менен болот. Белинде өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө тилинип салынган чөнтөктөрү болот. Шымдын астыңкы сол тарабында сааттар үчүн чөнтөгү болот. Арткы оң тарабында клапандуу чөнтөгү бар. Капталдагы тигишинде аскерлердин түрү боюнча ноотудан жасалган милте бар.
52. Кончу бийик ботинкалар

53. Кайыштан жасалган кыска ботинкалар (туфлилер)
Жогорку офицердик курам сыпаттамага ылайык келет.
54. Белге тагылуучу кур

55. Параддык кур

56. Жамынма плащ

57. Моюн орогуч

58. Аксельбант

59. Кара (хаки) түстөгү кол кап

60. Талаа баштыгы

61. Жагоо

62. Кулакчындуу тумак
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет (офицерлер үчүн накта териден, ал эми калгандары үчүн жасалма териден).
63. Жүндөн жасалган пилотка
Пилотка жүндөн жасалып, узартылган төбөнүн эки деталынан, талаадан жана кырлары боюнча милтелери бар эки желкеден турат. Пилотканын астары маңдайдын үстү менен, желкенин кыры жана төбөнүн талаа менен бириктирилип тигилген тигиши кайып тигилген. Пилоткага кокарда тагылып кийилет.
64. Берет
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
65. Кышкы пальто
Кышкы пальто саргыч-жашыл түстөгү драптан жасалып, силуэти толук эмес кыналып турат жана кайырма жакалуу болот. Ортосунда топчулануучу беш илмеги бар жана алтын түстөгү формалык топчулары болот. Ички иле турган илмеги жана топчусу бар. Өңүрлөрүндө жана далысынан тартып этегине чейин жылуулатылган астары болот. Өңүрлөрүндө колтугунан тартып этегине чейин рельефтик тигиши бар жана төшүндө кайып тигилген рельефтик тигиштери болот. Өңүрлөрдүн капталдарындагы жеңдин оюгу кайып тигилген. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар жана этегинде ичинен илине турган илмекке жана топчуга топчулануучу щлицасы бар. Белдин деңгээлинде каптал тигиштерге кайып тигилген ичке тарткычы бар болот. Жеңдери кош тигиштүү жана кайып тигилген. Пальтонун чечип алма тери жаканы бекитүүчү жери бар. Погондору тигилип тагылат жана саргыч-жашыл түстө болот. Жакасына алтын түстөгү эмблемалар тагылат.
66. Жазгы-күзгү плащ
Жазгы-күзгү плащ жүндөн жасалган саргыч-жашыл түстөгү кездемеден тигилет. Силуэти түз тигилип, жашыруун топчулануучу жери бар куру менен болот. Жакасы кайырыма. Өңүрлөрүндө тилинип салынган листочкасы бар чөнтөктөрү болот. Далысында ортосунан кеткен жана щлица менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери кайып тигилген, үч тигиштүү болот. Ийин жактагы колтугу менен жеңдердин бириккен тигиштеринде ичке тарткычтар кайрылып тигилген. Ичке тарткычтардын учу топчуга топчуланат. Астары белине чейин салынып, чечип алма болот. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондору чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот. Жылдыздар алтын түстүү.
67. Формалык жакет
Формалык жакет жүндөн жасалган кездемеден тигилип, силуэти толук эмес кыналып турат жана туюк бычылган кайырыма жакалуу болот. Ортосунда үч формалык топчуга топчулануучу жери бар. Өңүрлөрү кесилген бөлүктөрү менен болуп, алды жагы кайып тигилген жана листочкалары бар тилинип салынган каптал чөнтөктөрү менен болот. Сол өңүрүндө литочкасы бар тилинип салынган төш чөнтөгү бар. Оң өңүрдүн астарында ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери кайып тигилген жана кош тигиштүү, щлицасы жана эки топчусу бар. Капталдарына, жакасына, этегине жасалгалоочу сайма салынган. Ийин жактагы колтугу менен жеңдердин бириккен тигиштеринде погондор кайрылып тигилген. Погондордун учу топчуга топчуланат. Топчулардын диаметри 22 мм жана алтын түстө болуп, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн. Погондору чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот. Офицер-аялдардын жакетине параддык погондор дагы тагылат. Жакасына алтын түстөгү эмблемалар тагылат.
68. Жүндөн жасалган юбка
Юбка жүндөн жасалып, түз бычылат жана топчу менен топчулануучу кайып тигилген бели бар эки кездеменин энинен турат. Сол жактагы каптал тигиштин жогорку жагында бир топчусу бар сыдырма салынган. Юбканын алдыңкы жана арткы жактарында эки кайып тигилген тигиши бар. Арткы кездеменин энинин ортосу бүгүлгөн. Юбканын бели тигиштин кырынан 20-30 мм аралыкта кайып тигилген.
69. Формалык блузка
Формалык блузка ачык саргыч-жашыл (ак) түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат жана жеңдүү болот. Бели туюк бычылып, каптал тигиштерине жылмакай сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин сегиз-тогуз топчу, жакасында бир топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырыма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жана сыртына капталган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар жана кокетка кайрып тигилген тигиште жайгашкан эки бүгүшү бар. Жеңдүү жана топчулана турган манжеткасы бар. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл (ак) түстө болот. Жылдыздар алтын түстүү темир же тигилген болот.
70. Чолок жеңдүү формалык блузка
Формалык көйнөк ачык саргыч-жашыл түстөгү көйнөк кездемесинен жасалат жана чолок жеңдүү болот. Бели туюк бычылып, каптал тигиштерине жылмакай сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин беш-алты топчу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырыма, кесме тирөөчү бар жана өзүнчө тигиши менен болот. Өңүрүндө фигуралуу планкалары жана клапандары бар топчу менен топчулана турган жана сыртына капталган жогорку чөнтөктөрү болот. Далысында кокеткасы бар жана кокетка кайрып тигилген тигиште жайгашкан эки бүгүшү бар. Чолок жеңдүү жана манжеткасы бар. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл (ак) түстө болот. Жылдыздар алтын түстүү темир же тигилген болот.
71. Жайкы көйнөк
Жайкы көйнөк саргыч-жашыл түстө болуп, борбордук борттук бекиткичтери менен өңүрлөрү, далысы, жакасы, жеңдери жана куру бар.
Бүчүлүктөрү менен өңүрлөрү белге чейин болуп үч формалык топчуга бекитилет, ийин сызыгынан аягына чейин рельефтик тигиши жана формалык топчуга бекитилүүчү листочкалары бар жогорку эки чөнтөктөрү менен болот. Далысында кокеткасы бар. Артында белдин сызыгында кур үчүн эки өткөргүчү бар. Көйнөктүн бел жагындагы каптал тигиштеринде жылмакай сызма тартылган. Көйнөктүн каптал тигиштеринде ички чөнтөктөрү бар. Жакасы кайырма. Жеңдери кайрып тигилген, кыска жана планкалары менен. Погондорду тагуу үчүн жеңдин ийиндеги тигиштеринде 14 мм диаметриндеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар кайып тигилген. Погондор чечип алма, саргыч-жашыл түстө болот. Погондун узундугу 80 см. Жылдыздар наамга ылайык алтын түстүү тигилген. Куру чечип алма, көйнөктүн материалынан, байлама же таралгага бекитилген. Формалык топчулар коргоо түсүндө. Погондор чечип алма, аскердик наамга ылайык.
72. Жүндөн жасалган күрмө

73. Камуфляж түсүндөгү футболка

74. Кышкы талаа күрмөсү жана шым

75. Пахтадан жасалган кездемеден тигилген талаа фуражкасы

76. Жайкы талаа күрмөсү жана шым

77. Жагоо
Жагоо кыска тасмалары жана анча чоң эмес түйүнү менен көпөлөк формасында болот.
78. Хромдон жасалган кончу бийик ботинкалар

79. Туфли
Туфлилер хромдон жасалып, кара түстө болот. Таманы кайыштан болот жана такасы бар. Алар желим менен бекитилет. Таканын бийиктиги 5 см ашык эмес болот.
80. Белге тагылуучу кур

81. Моюн орогуч

82. Кара (хаки) түстөгү кол каптар

83. Талаа баштыгы

84. Жүндөн жасалган фуражка
Фуражка жүндөн жасалып, саргыч-жашыл түстө болот жана сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, төрт талаадан, милтеден, алкактан, күн калканчысынан, топчулардан турат. Фуражканын аскер түрү боюнча эки милтеси бар. Бири төбөнүн талаа менен бириктирилип тигилген тигишине кайрып тигилген болсо, экинчиси, алкактын талаа менен бириктирилип тигилген тигишине кайрып тигилген болот, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөрү үчүн көгүлтүр түстө болот. Чек ара аскерлери үчүн тигилген фуражка эки кызыл милтеси бар жашыл түстөгү курбусу менен жана кара көк түстөгү алкагы менен болот. Фуражкага темир каркас коюлган. Фуражканын алды жагында алкакта эмблемасы менен кокарда бар, маңдай кыры кара түстө болот.
Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалуу топчуга, кара түстөгү жасалма кайыштан жасалган лакталган боо байланат. Диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү топчуда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү болот.
Параддык эсептегилердин фуражкаларынын кебине ведомстволук символиканын сүрөтү бар эмблема тагылат.
85. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак алкактан, төбөсүнөн жана маңдайдан турат. Кулакчындуу тумактын алкагы күн калканчысынан кырдан, боз түстөгү жасалма териден жасалган кулакчалары менен желкеден турат. Төбөсү төрт кыйыктан турат, күн калканчысы жана кулакчалуу тилкеси көгүш-боз ноотудан жасалат. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөн жана тегерек төбөдөн турат. Күн калканчысынын алды жагынын дал ортосуна кокарда бекитилет.
86. Берет
Берет жүндөн жасалып, сүйрү тегерек формасындагы төбөдөн, эки же үч талаадан жана астардан турат. Талаанын төмөн жагы жасалма кайыштан жасалган милте тилке менен иштелип чыккан. Ага боо өткөрүлгөн. Береттин талаасынын алдыңкы бөлүгүнө эмблемасы бар кокарда тагылат.
87. Кышкы пальто
Саргыч-жашыл түстөгү ноотудан жасалган кышкы пальтонун үч формалык топчуга борттук бекиткичи бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон топчу. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана клапандары менен тилик каптал чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бел сызыгынан бүктөмөсү жана ылдыйкы тилиги бар, бел сызыгынын деңгээлинде тилке болуп кеткен эки тигиш ичке тарткычка бекитилет. Бел сызыгы боюнча бүктөмө эки сызык менен бириктирилген. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Сол жаканын астында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун ичи этегине чейин. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Погондор саргыч-жашыл түстө бастырылып тигилген. Жакасына алтын түстөгү эмблема тагылат. Параддагы эсептегилердин пальтосунун жакасына лавр жалбырагы түрүндө алтын түстөгү темир эмблема тагылат.
88. Китель
Китель саргыч-жашыл түстөгү кездемеден жасалып, ачык жана ортосунда төрт формалык топчу менен борттук топчулануучу жери бар болот. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алдыңкы кайып тигилген тигилиши менен, топчу менен топчулануучу планкалары жана фигуралык клапандары бар жогорку сыртына капталган чөнтөктөрү менен жана фигуралык клапандары бар тилинип жасалган каптал чөнтөгү менен болот. Далысынын ортосунда щлица менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери кайып тигилген, кош тигиштүү. Жеңдеринин ийин жагындагы кошулган тигиштерге погондор тигилген. Погондун учу топчуга топчуланат. Өңүрлөрдүн астарында астардын төмөнкү бөлүгүндөгү кайып тигилген тигиштерде жайгашкан листочкасы бар ички чөнтөктөр болот. Топчулардын диаметри 22 мм болуп, анда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жайгаштырылган. Погондор чечип алма жана саргыч-жашыл түстө болот.
Параддык эсеп үчүн кителдин жакасына лавр жалбырагы түрүндө алтын түстөгү темир эмблема тагылат.
89. Багалегин сыртка коё берме шымдар
Шым жүндөн жасалган саргыч-жашыл кездемеден тигилет жана анын топчу менен топчулануучу кайрып тигилген бели болот. Белинде өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө тилинип салынган чөнтөктөрү болот. Шымдын арткы оң жагында клапаны бар чөнтөк болот.
90. Кышкы талаа күрмөсү жана шым

91. Пахтадан жасалган кездемеден тигилген фуражка

92. Жайкы талаа күрмөсү жана шым

93. Формалык көйнөк

94. Жагоо

95. Хромдон жасалган кончу бийик ботинкалар

96. Кайыштан жасалган кыска ботинкалар (ботинкалар)

97. Белге тагылуучу кур
Жазылыгы 50 мм келген жана күрөң түстөгү жасалма кайыштан жасалган курдан турат. Курга ичине түндүк келтирилген күндүн тоголок дискасынын сүрөтү бар төрт бурчтуу темир таралга бекитилет.
98. Шымга тагылуучу кур
Шымга тагылуучу кур коргоо түсүндө болуп, негизги курдан, кыймылдуу жана кыймылсыз өткөргүчтөрдөн турат. Курга төрт талаалуу таралга тагылган.
99. Аксельбант

100. Ак түстөгү кол каптар

101. Кара (хаки) түстөгү кол каптар

102. Хром (юфта же кирза) өтүктөр
Өтүк кара түстө болот жана башынан, кончтон, тамандан турат. Таманы, батеги, апкыты тамандык кайыштан жасалат. Таманы жана такасы кайыштан, калыпка куюлган резинадан болот. Таманы жулук желим менен (желим менен бекитүүгө болот) бекитилген. Ичинде батек салынган.
103. Параддык кур
Параддык кур жазылыгы 50 мм келген жана ак түстөгү жасалма териден турат. Курга ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү бар төрт бурчтуу темир таралга бекитилет.
104. Жүндөн жасалган багалеги шымдалган шымдар
Жүндөн жасалган багалеги шымдалган шымдар алдыңкы жана арткы жарымдан, белден, штрипоктон жана тарткычтардан турат.
Жүндөн жасалган багалегин шымдалган шымдын алдыңкы жарымында каптал чөнтөктөрү бар. Арткы жарымы кесме төмөнкү бөлүгү менен болот. Жүндөн жасалган багалегин шымдалган шымдын арткы оң жарымында топчуга бекитилген кесилген чөнтөгү бар.
Бели темирден жасалган илгичке илинген жана топчуга топчуланган кайрып тигилген, гульфикте сыдыртмасы болот.
Капталындагы тигиштерине милте салынып тигилген. Жүндөн жасалган багалеги шымдалган шымдын астыңкы жарымында астар бар. Астардын түсү шымдын түсүнө өңдөш болот.
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамдуу аскердик кызматы каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскер форма кийиминин предметтериндеги милтелердин жана галундардын түсү төмөнкүлөр үчүн төмөнкүдөй аныкталган:
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана Аскер прокуратурасы - кызыл түстө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Авиациясы - ачык көгүш түстө;
- Коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук гвардия - көгүш түстө;
- мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жашыл түстө;
- Ички аскерлер жана кайтаруу жана конвоирлөө боюнча департаменти - темгил түстө;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - кызгылт сары түстө;
- Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ачык көк түстө.
Аскер кызматчылардын береттеринин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- атайын багыттагы бөлүкчөлөр үчүн - каралжын жашыл түстө;
- абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрү үчүн - көгүш түстө;
- калган бөлүкчөлөр үчүн - кара түстөгү.
2) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары - жогоруда аныкталган түстөр (галундар) боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
105. Жүндөн жасалган фуражка
Фуражка жүндөн жасалып, саргыч-жашыл түстө болот жана сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, төрт талаадан, канттан, алкактан, күн калканчысынан турат. Төбөнүн жээги жана алкактын жогорку жээги боюнча көк түстөгү милте тигилген. Фуражканын алкагынын ортосунда каптал тараптары боюнча лавр жалбырагы сымал тигилген кокардасы бар. Фуражканын төбөсүндө коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын символикасынын сүрөтү бар, маңдайкы кыры кара түстөгү лакталган кайыш менен, ал эми асты булгаары же кара түстөгү кездемеден капталган. Фуражканын маңдайкы кырында жалын сымал сайма бар. Фуражканын маңдайкы кырынын үстүндөгү алкакка, эки формалык топчуга, алтын түстөгү өрүлгөн боо байланат. Диаметри 14 мм болгон алтын түстөгү топчуда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү болот.
106. Кулакчындуу тумак

107. Мундир
Мундир кайырма жакалуу болот жана анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги төрт формалык топчудан турган топчулануучу жери бар. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана клапандары бар чөнтөгү болот. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдеринде кош тигиш болуп, жеңдеринин кайрылган учтары түз болот. Жакасында лавр жалбырагы сымал алтын түстө тигилген сайма бар. Жаканын кырларында жана жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында көгүш түстөгү ноотудан жасалган кант бар. Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында алтын түстө тигилген сайма болот. Өңүрдүн астарында клапандуу төш чөнтөктөр бар. Погондор параддык тигилген болот.
108. Багалеги шымдалган шымдар

Жүндөн жасалган багалеги шымдалган шымдын алдыңкы жарымында каптал чөнтөктөрү бар. Арткы жарымы кесме төмөнкү бөлүгү менен болот. Жүндөн жасалган багалегин шымдалган шымдын арткы оң жарымында топчуга бекитилген кесилген чөнтөгү бар.
Бели темирдан жасалган илгичке илинген жана топчуга топчуланган кайрып тигилген, гульфикте сыдыртмасы болот.
Капталындагы тигиштерине ачык көк түстөгү кант салынып тигилген.
Жүндөн жасалган шымдын астыңкы жарымында астар бар. Астардын түсү шымдын түсүнө өңдөш болот.
109. Формалык көйнөк Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
110. Жагоо Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
111. Кышкы пальто
Ачык-боз түстөгү, жүндөн жасалган драптан кышкы пальтонун чечилүүчү каракүлдөн жасалган жакасы, жылуу ичи бар, алтын түстөгү үч формалык топчуга бекитилүүчү кымтылама бекиткичи бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон алтын түстөгү топчу. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик каптал чөнтөктөрү бар. Далысындагы тигиш дал ортосунан кетип, бел сызыгынан бүктөмөсү жана ылдыйкы тилиги бар, бел сызыгынын деңгээлинде тилке болуп кеткен эки тигиш ичке тарткычка бекитилет. Бел сызыгы боюнча бүктөмө эки сызык менен бириктирилген. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Сол жаканын астында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун ичи этегине чейин. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Погондор параддык бастырылып тигилген. Жакасында лавр жалбырагы сымал саймасы бар.
112. Параддык кур
Параддык кур жазылыгы 50 мм келген алтын түстөгү жасалма кайыш негизги курдан турат. Курга ичине түндүк келтирилген күндүн тоголок дискасынын сүрөтү бар темир сүйрү тегерек таралга бекитилет.
113. Аксельбант

114. Хром өтүктөр
Хром өтүк кара түстө болот жана башынан, кончтон, астынан турат. Таманы, батеги, апкыты тамандык кайыштан жасалат. Таманы жана такасы кайыштан, калыпка куюлган резинадан болот. Таманы жулук желим менен (желим менен бекитүүгө болот) бекитилген. Ичинде кайыш батек салынган.
115. Ак түстөгү коп каптар
Ак түстөгү кол каптар, кол каптын арткы жагында кооз (жасалгалуу) тигиш бар. Манжет бөлүгү жылмакай сызма менен тартылат же кнопка менен бекитилет.
Эскертүү: Зарылчылык болгондо ардактуу кароол ротасынын аскер кызматчылары үчүн форма саргыч-жашыл, кара-көк же деңиз толкунунун түстөгү кездемеден тигилет.

116. Жүндөн жасалган фуражка
Фуражка жүндөн жасалып, саргыч-жашыл түстө болот жана сүйрү формасындагы төбөдөн, төрт талаадан, канттан, алкактан, күн калканчысынан турат. Төбөнүн жээги жана алкактын жогорку жээги боюнча көк түстөгү кант тигилген. Фуражканын алкагынын ортосунда каптал тараптары боюнча лавр жалбырагы сымал тигилген кокардасы бар. Фуражканын төбөсүндө Коргоо министрлигинин символикасынын сүрөтү бар, маңдайкы кыры кара түстөгү лакталган кайыш менен, ал эми асты булгаары же кара түстөгү кездемеден капталган. Фуражканын маңдайкы кырында жалын сымал сайма бар.

117. Накта териден кулакчындуу тумак

118. Мундир
Мундир кайырма жакалуу, деңиз толкунунун түсүндө болот жана анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн 22 мм диаметриндеги төрт формалык топчудан турган топчулануучу жери бар. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана клапандары бар чөнтөгү болот. Далысында ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдеринде кош тигиш болуп, жеңдеринин кайрылган учтары түз болот. Жакасында сайма бар. Жаканын кырларында жана жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында кызыл түстөгү ноотудан жасалган кант бар. Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында сайма болот. Өңүрдүн астарында клапандуу төш чөнтөктөр бар. Погондор алтын түстүү тигилген болот.
119. Жүндөн жасалган шым
Шым жүндөн жасалган деңиз толкунунун түсүндөгү кездемеден тигилет жана анын темир илгич жана топчу менен топчулануучу кайрып тигилген бели болот. Бели ичке болот, кур өткөрүү үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө тилинип салынган чөнтөктөрү болот. Шымдын сол жагында саат үчүн чөнтөгү бар. Шымдын арткы оң жагында клапаны бар чөнтөк болот. Каптал тигишинде чөнтөктөрү жана милтеси бар. Милте кызыл түстөгү ноотудан болот. Шымдын алдыңкы жарымы астары менен.
120. Формалык көйнөк

121. Жагоо

122. Кышкы пальто
Ачык-боз түстөгү, жүндөн жасалган кышкы пальтонун чечилүүчү боз түстөгү тери жакасы, жылуу ичи, алтын түстөгү үч формалык топчуга бекитилүүчү кымтылама бекиткичи бар. Сол өңүрүндө үч кооздолгон алтын түстөгү топчу. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик каптал чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип, бел сызыгынан бүктөмөсү жана ылдыйкы тилиги бар, бел сызыгынын деңгээлинде тилке болуп кеткен эки тигиш ичке тарткычка бекитилет. Бел сызыгы боюнча бүктөмө эки сызык менен бириктирилген. Жеңдери орнотулма, кош тигиштүү. Сол жаканын астында тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун ичи этегине чейин. Пальтонун этеги үстүнкү кездемеден бүгүлгөн. Погондор саргыч-жашыл түстө бастырылып тигилген. Жакасында лавр жалбырагы сымал саймасы бар.
123. Параддык кур

124. Аксельбант

125. Кыска ботинкалар

126. Ак түстөгү кол каптар

127. Кокарда
Темир (пластмасса) кокарда алкагы лавр багынан бутакчаларынан гүлчамбар түрүндө оролуп алтын түстө болот. Офицердик курамдын фуражкасына жана кулакчындуу тумагына тагылат, аны тагуу үчүн темир мурутчалары жана бурамалуу сайы менен буроосу болушу керек.
Темир (пластмасса) кокарда - сүйрү көп кырлуу болот, борборунда жылдыз жайгашкан, кокарданын арткы бетинде баш кийимге бекитүү үчүн бекиткичтери болот. Фуражкага, (контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын) кулакчындуу тумагында, беретке жана пилоткага тагылат.
128. «KG» эмблемасы
«KG» Мамлекеттик эмблемасы темирден, алтын түстүү, англис тамгаларынан болот, Кыргыз Республикасынын кыскартылган аталышынын түшүндүрөт жана латын алфавитинин тамгаларынын биригүүсүнөн турат. «K» жана «G» тамгалары узундугу 10 мм жана туурасы 15 мм алтын түстүү болот.
Кительдердин жана жакеттердин лацкандарына, лацкандардын жээгинен эмблеманын жээгине чейин 20 мм аралыкта тагылат, мында эмблемалар лацкандын жээгине кош катар болушу керек.
129. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колго тагылган белгиси
Төрт бурчтуу жогорку кыры жана догоо сымал төмөнкү кыры менен узуну 9 см жана туурасы 7,5 см өлчөмүндөгү тик бурчтукту элестетет. Колго тагылган белгинин түсү кара фондо (формасы жана жазуусу аскерлердин жана кызматтардын түрү боюнча).
Графикалык композициянын борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Желеги жайгашкан.
Колго тагылган белгинин жогору жагында сары (алтын) түстүү Мамлекеттик тилде «КЫРГЫЗСТАН» жана астында «КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ» деген жазуу жазылган.
130. Талаа кийим формасы үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн колго тагылган белгиси тик бурчтуу жогорку кыры жана догоо сымал төмөнкү кыры менен узуну 9 см жана туурасы 7,5 см өлчөмүндөгү тик бурчтукту элестетет. Колго тагылган белгинин түсү камуфляж фондо (формасы жана жазуусу аскерлердин жана кызматтардын түрү боюнча).
Графикалык композициянын борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги жайгашкан.
Колго тагылган белгинин жогору жагында коргоо түстүү Мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН" жана астында "КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ" деген жазуу жазылган.
Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын колго тагылган белгиси - 8,5 x 7 см тик бурчтуу жогорку жээги жана учтуу догоо сымал төмөнкү жээги менен тик бурчтукту элестетет. Негизги түс ачык көк түстө болот. Жээгинен 3 мм аралыкта туурасы 3 мм алтын түстөгү жип менен жээктелген.
Борбордук бөлүгүндө кылычы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби менен калкан түрүндөгү графикалык композиция, калкандын жээги боюнча Мамлекеттик тилде "МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК КООПСУЗДУК КОМИТЕТИ" деген жазуусу менен лента, композициянын төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү рамкасы бар.
Колго тагылган белгинин жогорку бөлүгүндөгү алтын түстөгү лентада Мамлекеттик тилдеги "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуу бар.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

131. Аскердик окуу жайлардын курсанттарынын жана Советтер Союзунун Баатыры Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларынын окуу курсу боюнча колго тагылган белгиси
Колго тагылган белгилер - кызыл түстөгү ноотудан жасалган алтын түстүү тик бурчтук, сол жеңдин сырткы капталына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн шеврондон 10 мм тагылат.
Галундун туурасы 6 мм.
Окуу курстарына (класстарына) ылайык колго тагылган белгилерге үч бурчтуктар жайгаштырылат:
- бирөө - 1-курстун курсанттары жана Аскер лицейинин 8-класстагы тарбиялануучулары үчүн;
- экөө - 2-курстун курсанттары жана Аскер лицейинин 9-класстагы тарбиялануучулары үчүн;
- үчөө - 3-курстун курсанттары жана Аскер лицейинин 10-класстагы тарбиялануучулары үчүн;
- төртөө, бешөө - 4-5-курстун курсанттары үчүн.
132. Жагоо үчүн бекиткич
Бекиткич алтын түстүү, ийилген темир планстинкадан турат. Бекиткичтин аркасында жагоону бекитүү үчүн илмеги бар.
133. Эмблемалар
Жалпы аскердик эмблемасы - диаметри 2,2 см болгон тегерек. Бириккен айлана лавр жалбырактары түрүндөгү 2 жарым тегеректен турат, асты лента менен бекитилген, ал эми үстүндө 2 жарым тегеректин ортосунда 1 мм көңдөй бар, лавр тегерегинин борборунда томпок кырлары менен беш жылдыз жайгашкан (символика аскерлердин, кызматтардын түрү боюнча, лавр тегереги жок болот), эмблеманын арткы бетинде баш кийимге бекитүү үчүн бекиткичи болот.
Күнүмдүк жана параддык погондорго, погондун узунунан кеткен сызыкка топчудан 5 мм аралыкта тагылат; жайкы талаа күрмөлөрдүн жакаларына коргоо түсүндөгү эмблема биссектриса боюнча жаканын учунан эмблеманын бурчуна чейин 35 мм аралыкта тагылат, мында эмблеманын симметриясынын вертикалдуу огу жаканын учуна кош катар болушу керек.
Ракеталык аскерлердин эмблемасы -баллистикалык ракета жана андан чыккан эки жебе түрүндө эки эмен жалбырагы менен курчалган болот.
Кургактагы аскерлердин эмблемасы - кырлуу беш жылдыз түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Асман чабуулунан коргонуу аскерлеринин эмблемасы - радиолокатордун антеннасынын силуэтинин фонундагы, эки жебеси жана канаты бар зениттик ракета түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Аскердик-аба күчтөрүнүн эмблема - чимириктер жана канаттар түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Атайын дайындалыштагы аскерлердин эмблема - ачылган парашют жана эки учак түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Танк аскерлеринин эмблемасы - танк түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Ракеталык аскерлеринин жана артиллериянын эмблемасы - ракетанын фонундагы кайчылашкан куралдардын найы түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Инженердик аскерлердин эмблемасы -жүрүп бара жаткан жол төшөгүч, якорь, мина, чагылган жана кайчылашкан эки балта түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин эмблемасы - бензол шарынын жана анан негизиндеги биологиялык коркунучтун эл аралык белгисинин фонундагы радиоактивдүү бөлүнүүнүн схемасы түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Байланыш аскерлеринин эмблемасы - канаттардын фонундагы чагылган түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Автомобилдик аскерлердин эмблемасы - канаттары жана рулу менен автомобиль дөңгөлөктөрү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Топографиялык кызматтын эмблемасы - кайчылашкан компастын жебелери жана көрүү түтүгү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Юридикалык кызматтын эмблемасы - ылдый караган эки кайчылашкан кылычтын фонундагы калкан түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Аскердик байланыш жолдор кызматынын эмблемасы - канаты менен якордун фонунда канаттары менен темир жол дөңгөлөгү түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Күйүүчү жана майлоочу материалдар кызматынын эмблемасы - талаа магистралдык түтүк түйүнү жана кайчылашкан ачкыч жана балка түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Медициналык кызматтын эмблемасы - жылан оролгон чыны түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот (эмблема кош).
Аскердик-оркестр кызматынын эмблемасы - лиралар түрүндө, эки эмен бутактары менен курчалган болот.
Ички аскерлердин эмблемасы - үч бурчтуу калкан жана кылыч түрүндө болот, анын борборунда тоголок формадагы калкан турат жана улуттук оюулар менен кооздолгон.
Кайтаруу жана конвоирлөө боюнча департаменттин эмблемасы - жалпы аскердик эмблема.
2-тиркеме

1. Жалпы жоболор
2. Жогорку офицердик курамдын погондору
3. Улук жана кенже офицердик курамдын погондору
4. Контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын погондору
5. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын жана жогорку окуу жайлардын курсанттарынын погондору
1. Жалпы жоболор
Аскер кызматчылардын погондору аскердик наамды, ошондой эле аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүнө, аскерлердин түрлөрүнө (кызматына) таандыктыгын айырмалоо үчүн кызмат кылат.
Параддык, күнүмдүк жана талаа погондору белгиленген.
Погондордун талаасына ыйгарылган аскердик наамына жана аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрлөрүнө, аскерлердин түрлөрүнө (кызматына) таандыктыгына ылайык: символика белгисинин сүрөтү, беш бурчтуу жылдыз жана жылдызчалар, тилкелер, саймалар, эмблемалар, тамгалар жайгаштырылат.
Символика белгисинин сүрөтүнүн, беш бурчтуу жылдыздардын жана жылдызчалардын өлчөмдөрү сыпатталган тегеректин диаметри менен аныкталат.
Погондордун өлчөмү: узундугу - 130-180 мм;
туурасы - 55 мм.
2. Жогорку офицердик курамдын погондору
1. Параддык погондор
Тик бурчтуу жогорку жээги трапеция сыяктуу, алтын түстөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан талаасы, погондун жээги боюнча кызыл милтеси, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн ачык көк түстөгү, ал эми аскердик-аба күчтөр үчүн көгүш түстө жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Армиянын генералынын погонунун жогорку бөлүгүндө алтын карматылган ичке жип менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси сайылган, лавр жалбырагы менен оролгон. 30 мм диаметрдеги символиканын белгиси алтын түстөгү жип менен сайылган. Погондун астыңкы жээгинен символика белгисинин ортосуна чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү бөлүгүндө алтын карматылган канитель менен 35 мм диаметрдеги жылдыз тигилген. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык 40 мм.
Генералдардын погондоруна алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметриндеги жылдыздар сайылган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Генералдардын көйнөгүндөгү погондор тегерек жээги менен болуп канты жок болот. Ак түстөгү погондор, погондун үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
2. Күнүмдүк погондор
Тик бурчтуу жогорку жээги трапеция сыяктуу (жүндөн жасалган күрмөдө жана плащта погондор тегерек жогорку жээги менен болот), саргыч-жашыл түстөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан талаасы, погондун жээги боюнча кызыл түстөгү милтеси, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн ачык көк түстө жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Армиянын генералдарынын погондорунун үстүнкү бөлүгүндө алтын карматылган ичке жип менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси сайылган, лавр жалбырагы менен оролгон. 30 мм диаметрдеги символиканын белгиси алтын түстөгү жип менен сайылган. Погондун астыңкы жээгинен символика белгисинин ортосуна чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү бөлүгүндө алтын карматылган канитель менен 35 мм диаметрдеги жылдыз сайылган. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык 40 мм.
Генералдардын погондорунда алтын карматылган канитель менен 22 мм диаметрдеги жылдызчалар сайылган. Жылдызчалардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдардын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү венок түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Генералдардын көйнөгүндөгү погондор тегерек жээги менен болуп канты жок болуп, көйнөктүн материалынан жасалат.
Көйнөктөр, жүндөн жасалган күрмөлөр жана плащтар үчүн погондун үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
3. Талаа погондору
Тик бурчтуу жогорку жээги трапеция сыяктуу, коргоо түсүндөгү улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан талаасы бар болот.
Жылдыздар, эмблемалар - коргоо түсүндө.

4. Параддык погондор
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен алтын түстүү галундан (ткандан, лентадан) талаасы, погондун жээги боюнча ведомстволук таандыктыгы жана аскерлердин түрү боюнча милтеси менен болот. Погондун үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан. Погондун төмөнкү жээгинде алтын түстөгү венок түрүндө оролгон ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тоголок дискасынын сүрөтү менен символика сайылган.
Символикалардын өлчөмдөрү:
- улук офицердик курам үчүн - 35х25 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 20 мм;
- кенже офицердик курам үчүн - 25х20 мм, күндүк тоголок дискасынын диаметри 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм кенже офицердик курамдын погондорунда 13 мм диаметрдеги алтын түстүү темир же тигилген жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Чек ара аскерлери үчүн параддык погондор тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен, саргыч-жашыл (ак) түстөгү жана милтеси бар галундан (ткандан жана лентадан) талаасы менен болот. Погондун милтеси ички жээги боюнча алтын түстүү жип менен жээктелген.
Погондун узундугу 130 мм баштап 180 мм чейин, туурасы 50 мм болот.
5. Күнүмдүк погондор
Күнүмдүк погондор (д/с күрмөдөгү, д/с плащтагы, жарым-жартылай жүн күрмөдөгү, жарым-жартылай жүн жемпердеги, пуловердеги, формалык көйнөктөгү) тик бурчтуу, тегерек жогорку жээги менен саргыч-жашыл (ак) түстөгү галундан (ткандан жана лентадан) талаасы менен, погондун жээги боюнча аскерлердин түрү боюнча милтеси менен болот.

Тик бурчтуу, конус сымал жогорку жээги менен погондорго жол берилген. Погондун жогорку жээги формалык топчуга бекитилген.
Саргыч-жашыл (ак) түстөгү чечип алма погондор тагылышы мүмкүн. Погондун узундугу 80 мм, погондун туурасы 50 мм болот. Жылдызчалар алтын түстүү темир же тигилген болот.
6. Талаа погондору
Талаа погондору тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү материалдар конус сымал жогорку жээги менен болот. Погондун жогорку жээги топчуга бекитилген. Погондордун узундугу 130 мм баштап 180 мм чейин, туурасы 50 мм болот. Жылдызчалар - коргоо түсүндө. Саргыч-жашыл (ак) түстөгү чечип алма погондор тагылышы мүмкүн. Погондордун узундугу 80 мм, погондордун туурасы 50 мм болот. Жылдызчалар алтын түстүү.

7. Параддык погондор
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен алтын түстүү галундан (ткандан) талаасы, погондун жээги боюнча ведомстволук таандыктыгы жана аскерлердин түрү боюнча милтеси менен болот. Погондун үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан. Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат:
- старшина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30мм, ичкесиники - 8 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат;
- улук сержант - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун;
- сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
- кенже сержант - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
- ефрейтор - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм.
8. Күнүмдүк погондор
Погондор тик бурчтуу, ткандан конус сымал жогорку жээги менен болот. Погондун жогорку жээги топчуга бекитилет. Погондун узундугу 130 мм баштап 180 мм чейин, туурасы 50 мм болот.
Саргыч-жашыл (ак) түстөгү чечип алма погондор тагылышы мүмкүн. Погондун узундугу 80 мм, погондун туурасы 50 мм болот. Жылдызчалар алтын түстүү.
9. Талаа погондору
Талаа погондору тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү материалдан конус сымал жогорку жээги менен болот. Погондун жогорку жээги топчуга бекитилген. Погондордун узундугу 130 мм баштап 180 мм чейин, туурасы 50 мм болот. Жылдызчалар - коргоо түсүндө. Саргыч-жашыл (ак) түстөгү чечип алма погондор тагылышы мүмкүн. Погондордун узундугу 80 мм, погондордун туурасы 50 мм болот. Жылдызчалар коргоо түсүндө. Салынуучу кичине погондор тагылышы мүмкүн.
Мөөнөтүнөн ашык кызматтын старшиналарынын жана сержанттарынын погондорундагы галундар темир же коргоо түсүндөгү вискоза лентасынан болушу мүмкүн. Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм. Кийинки галунда биринчисинен жогору 2 мм аралыкта жайгашат.

10. Параддык погондор
Тик бурчтуу тегерек жогорку жээги менен саргыч-жашыл (улуттук аскер лицейинин тарбиялануучуларыныкы кызыл түстө) түстөгү галундан (ткандан) талаасы менен болот. Погондун үстүнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан. Курсанттардын погондорунда погондордун жээги боюнча алтын түстүү эки туурасынан кеткен 8 мм тилке болот. Погондун төмөнкү жээгинде алтын түстүү тамга жайгашкан:
а) аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - бийиктиги 20 мм «К» (курсант);
б) улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - «УАЛ»;
в) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн:
- коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - «КА» (Коргоо аскерлери);
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - «ЖК» (Жарандык коргонуу);
- коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук гвардия - «УГ» (Улуттук гвардия);
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Чек ара аскерлери - «ЧА» (Чек ара аскерлери);
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган «КК» (Коопсуздук комитети);
- ички аскерлер - «Ш» (Шерлер аскерлери);
- Кайтаруу жана конвоирлөө боюнча департамент - «КД» (Кайтаруу департаменти).
Мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчыларынын погондорундагы тамгалардын бийиктиги 20 мм. Погондордун төмөнкү жээгинен жазууга чейинки аралык 15 мм. Параддык жана күнүмдүк кийим формаларынын погондорунда төмөнкүлөр жайгашат:
- старшина - алтын түстүү эки тик бурчту галун бири жоон жана бири ичке галун - старшина - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоонунуку - 30 мм, ичкесиники - 8 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат;
- улук сержант - алтын түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун;
- сержант - алтын түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
- кенже сержант - алтын түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
- ефрейтор - алтын түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу бир галун.

11. Талаа погондору
Талаа погондору тигилген тик бурчтуу, камуфляж түсүндөгү материалдан конус сымал жогорку жээги менен болот. Погондун жогорку жээги топчуга бекитилген. Погондордун узундугу 130 мм баштап 180 мм чейин, туурасы 50 мм болот, чечип алма погондор тагылышы мүмкүн.
Погондун төмөнкү жээгинде алтын түстүү тамгалар жайгашкан:
а) аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - бийиктиги 20 мм "К" (Курсант);
б) аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "УАЛ";

- старшиналардын жана сержанттык курамдын, курсанттардын жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын погондорундагы галундар вискоза лентасынан же коргоо түсүндөгү темирден болот. Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки галундун аралыгы 45 мм. Кийинки галунда биринчисинен жогору 2 мм аралыкта жайгашат.
- галундун туурасы: старшиналар жана улук сержанттар үчүн - 30 мм, сержанттар, кенже сержанттар жана ефрейторлор үчүн - 8 мм.
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун милтесинин түсү төмөнкүлөр үчүн төмөнкүдөй аныкталган:
- коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы - кызыл түстө;

- коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук гвардия - көгүш түстө;
- мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - жашыл түстө;
- ички аскерлер жана Кайтаруу жана конвоирлөө боюнча департаменти - темгил түстө;

- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ачык көк түстө.
Талаа күрмөсүнүн, свитердин жана пуловердин тигилген погондоруна белгиленген үлгүдөгү салынуучу кичине погондор тагылат. Салынуучу кичине погондун узундугу 80 мм, туурасы 55 мм болот. Айырмалоочу белгилер салынуучу кичине погондордун талаасына жайгашат.
Кышкы жана жайкы талаа күрмөлөрүнө жаканын жогорку жээгинен 20 см аралыкта жана сол жеңдин ийин тигишинин жээгинен 80 мм аралыкта төштүн деңгээлинде тагууга жол берилет, ал үчүн 14 мм диаметрдеги формалык топчулар менен ичке тарткычтар тигилген.
Күнүмдүк кийим формасында погондордогу галундардын түсү:
- контракттык кызматтын аскер кызматчыларыныкы - кызыл түстө;
- мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчыларыныкы - алтын түстө.
Талаа шарттарында бардык аскер кызматчылар үчүн айырмалоочу белгилер - коргоо түсүндө.

3-тиркеме

1. Коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2. Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4. Коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук гвардия.
5. Мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
6. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлери.
7. Жазык-аткаруу системасындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгон, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департамент.
8. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Аскердик прокуратура.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин СЫПАТТАМАСЫ

Аскер кызматчылардын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун СЫПАТТАМАСЫ

Аскер кызматчылары аскердик форма кийимин кийүүгө жана айырмалоочу белги тагынууга укуктуу болгон мамлекеттик органдардын ТИЗМЕСИ