Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 442
«Манас-2» аэровокзал комплексин натыйжалуу эксплуатациялоо боюнча чаралар жөнүндө
«Манас-2» аэровокзалдык комплексин натыйжалуу эксплуатациялоо максатында, Шанхай кызматташтык уюмунун жана түрк тилдүү мамлекеттердин өлкөлөрүнүн алдыдагы саммитине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Манас» эл аралык аэропортунда жайгашкан «Манас-2» аэровокзал комплекси расмий делегацияларды тейлөө максатында аны пайдалануу үчүн «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна убактылуу акысыз пайдаланууга өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте «Манас-2» аэровокзал комплексин убактылуу акысыз пайдалануу жөнүндө «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому менен келишим түзсүн.
3. «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- расмий делегацияларды тейлөө үчүн «Манас-2» аэровокзал комплексин пайдаланууга киргизүү, Эксплуатацияга киргизүү жана материалдык-техникалык баалуулуктар жана жабдуулар менен камсыз кылуу жөнүндө мамлекеттик актыны алуу боюнча чараларды көрүү;
- белгиленген тартипте ушул ишкананын өндүрүштүк максаттарына ылайык келген «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аймагындагы аянттарды жана жайларды «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасына берүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция «Манас-2» аэровокзал комплексин пайдаланууга берүү жөнүндө мамлекеттик актыны алууга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |