Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 443
2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы (мындан ары - Улуттук стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
-(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы (мындан ары - Иш-аракеттердин улуттук планы) 5-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Улуттук стратегиянын иш-чараларын жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүшсүн;
- жарандык коомдун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан учурда Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине ушул министрлик тарабынан бекитилген форма боюнча Улуттук стратегиянын жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги:
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун жүрүшү женүндө жалпыланган отчет берип турсун;
- Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууга жыл сайын мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча зарыл учурда Улуттук стратегияга жана Иш-аракеттердин улуттук планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчет белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кароо үчүн берилип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
4-тиркеме
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук пландын чараларын/иш-аракеттерин ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жыйынтыктарынын отчеттуулук ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин УЛУТТУК ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Милдет № | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Баштапкы маалыматтар | Көрсөткүч | Көрсөткүчтү өлчөө бирдиги | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтыктар (продуктулар) | Жооптуу аткаруучулар | Өнөктөр (макулдашуу боюнча) |
1. АЯЛДАРДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ | |||||||||
1.1. максат. Эмгек жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерин айкалыштыруу үчүн эмгек шарттарын жакшыртуу | |||||||||
1.1.1 | "Мамлекет - үлгүлүү жумуш берүүчү" программасынын алкагында эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруунун мыкты моделдерин мамлекеттик органдардын ишине киргизүү | 1.1.1.1. Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруу боюнча 2 пилоттук моделди ишке ашыруунун тажрыйбасын окуп үйрөнүү (КРУБ, КРӨнүн Нарын облусундагы ЫӨ аппараты) | 2 пилоттук моделди ишке ашыруу боюнча отчеттор, КРУБ жана КРӨнүн Нарын облусундагы ЫӨ аппаратына | Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруунун моделин ишке киргизүү боюнча колдонмо | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | КРУБдун жана КРӨнүн Нарын облусундагы ЫӨ аппаратынын тажрыйбасын үйрөнүүнүн негизинде эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруунун моделин ишке киргизүүнүн кадамдык алгоритми | ЭСӨМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КРӨнүн Нарын облусундагы ЫӨ аппараты | БУУӨП, БУУ Аялдар |
1.1.1.2. Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруудагы пилоттук моделдерди талдоонун жыйынтыктары эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруунун моделдерин ишке киргизүү боюнча колдонмону иштеп чыгуу аркылуу "Мамлекет - үлгүлүү жумуш берүүчү" моделин жайылтуу маселелери тууралуу коомдук талкууларды даярдоо жана өткөрүү |
| Коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча моделдерди жайылтууга резолюция | Иш-чара | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | Коомдук талкуулар өткөрүлдү | ЭСӨМ | БУУӨП | ||
1.1.1.3. Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди айкалыштыруу үчүн шарттарды түзүүдө "Мамлекет - үлгүлүү жумуш берүүчү" ыкмасын ишке киргизүү жөнүндө ЧУА долбоорун иштеп чыгуу |
| ЧУА | Документ | 2016-ж. II-III кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Үй-бүлөлүк жана эмгектик милдеттенмелерди айкалыштыруу үчүн шарттарды түзүп берүүдө "Мамлекет - үлгүлүү жумуш берүүчү" ыкмаларын киргизүү механизмин аныкталган | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
| ||
1.2. максат. Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо булактарын кеңейтүү аркылуу аялдарды жумуш менен камсыз кылуу | |||||||||
1.2.1 | Республиканын финансылык кредиттик мекемелеринин ишине гендердик мамилелерди колдонууга киргизүү | 1.2.1.1. Кийинки орто мөөнөттүү мезгилге микрофинансылоо стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу процессине гендердик экспертти киргизүү жана ушул долбоордун гендердик экспертизасын жүргүзүү |
| Гендердик аспектти камтыган стратегиянын чараларынын саны. | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | Гендердик мыйзамдар менен микрофинансылоо боюнча жаңы стратегияны шайкеш келтирүү. | ЭСӨМ, МФУА (макулдашуу боюнча) | ӨАБ |
Гендерлик экспертизанын корутундусу | Бирд. | Микрофинансылоо стратегиясынын долбооруна гендердик экспертизанын корутундусу КР Өкмөтүнүн кароосуна берилди | |||||||
1.2.1.2 ФКМ кредиттөө шарттарын инвентаризациялоосун жүргүзүү жана аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү үчүн ылайыктуу финансылык кызматтарды колдонуу боюнча сунуштар пакетин иштел чыгуу | Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү боюнча долбоор (ЭМ жана АӨБ) үч пилоттук ФКМ боюнча экспертизасы бар | Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү үчүн ылайыктуу мүмкүн болгон финансылык кызматтар боюнча сунуштары менен отчет | Документ | 2016-ж. I-IV кварталы | КР Өкмөтүнүн кароосуна аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү үчүн ылайыктуу мүмкүн болгон финансылык кызматтар боюнча сунуштар киргизилген | ЭМ, ЭГӨМ | АӨБ | ||
1.2.2 | ЧОБ өнүктүрүү үчүн, анын ичинде аялдардын ишкерлигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пилоттук инструменттерди ишке киргизүүнү демилгелөө | 1.2.2.1. Аялдар, жаштар, азчылыктын өкүлдөрү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, стартаперлерду окутуу жана алар үчүн жекече консультациялар боюнча атайын Улуттук консультациялык борбордун долбоорун иштеп чыгуу жана ачылышын даярдоо, кошумча нарктын пилоттук чынжырчасын түзүү жана өнүктүрүү лизингдик негизде жабдууну берүү менен пилоттук технологиялык пактарды түзүү | Бизнес жүргүзүү көндүмдөрү төмөн деңгээлде, финансылык сабаттуулукка окутуунун бирдиктүү натыйжалуу методикасы жок айылдык региондордо жана чакан шаарларда бизнести өнүктүрүү үчүн рыноктук ишенимдүү маалымат жок | Долбоордук сунуш/пилоттук консультациялык борбор | Документ/Бирд. | 2017-ж. I кварталы | Соңку пилоттоштуруу аркылуу аялдардын ишкерлигин колдоонун механизми иштелип чыккан | ЭМ, ЭСӨМ | АӨБ, ЮСАИД, ДБ, SDC |
1.2.2.2. Улуттук консультациялык борбордун окутуу жана жеке консультациялар боюнча иш тажрыйбасын изилдөө жана бүт өлкө боюнча жайылтуу методологиясын иштеп чыгуу |
| Иштин натыйжалуулугуна баа берүү боюнча отчет жана АИӨ үчүн консультациялык борборлорду өнүктүрүү боюнча колдонмо | Документ | 2017-ж. IV кварталы | Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоо механизминин ишине баа берүү өткөрүлдү | ЭСӨМ | ЮСАИД, ДБ, SDC | ||
1.3. максат. Коомдук өнүгүүгө аялдардын экономикалык салымы эсепке алынышын камсыз кылуу | |||||||||
1.3.1 | Коомдук өнүгүүгө аялдардын формалдуу эмес эмгегинин салымына баа берүү | 13.1.1. Гендердик аспектилерди эсепке алуу предметине акыркы үч жыл үчүн (2011-2014-ж.) экономика жака финансы чөйрөсүндө бардык расмий изилдөөлөрдүн инвентаризациялоосун жана баа берүүсүн жүргүзүү |
| Баа берүү боюнча отчет | Документ | 2017-ж. IV кварталы | Баа берүү жүргүзүлдү. Расмий изилдөөлөрдөгү гендердик мамилелерди институционалдаштыруу боюнча сунуштар иштелип чыкты | ЭСӨМ, СИУИ, УСК (макулдашуу боюнча) |
|
1.3.1.2. Статистикалык иштердин планына КРда аялдардын формалдуу эмес иш менен камсыз болуу көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча УСК колдонуудагы методологиясын киргизүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талапты камтуу | ИДПга формалдуу эмес экономиканын үлүшүн аныктоо боюнча методология бар | Суроо-талап жиберилген | Документ (%) | 2017-ж. I кварталы | Статистикалык иштердин планына КРда аялдардын формалдуу эмес иш менен камсыз болуу көрсөткүчтөрү киргизилген | УСК (макулдашуу боюнча), ЭМ |
| ||
1.3.2 | ЭСӨМ программалык бюджетине гендердик элементтин механизмдерин киргизүү | 1.3.2.1. ЭСӨМ программалык бюджетине гендердик өлчөөнү киргизүү | ЕС, БУУ аялдар, ИР долбоорунун бюджеттик процессте гендердик аспекттерди эсепке алуу максатында программалык бюджеттин методологиясын өзгөртүү жөнүндө сунушу | ЭСӨМ бюджетинде гендердик саясат боюнча программанын болушу | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. IV кварталы | ЭСӨМ программалык бюджети гендердик саясат боюнча программага камтылды | ЭСӨМ, ФМ | ЕС долбоору, БУУ Аялдар |
1.3.2.2. Бир министрликтин мисалында (ЭСӨМ) гендердик багытталган программалык бюджетти иштел чыгууну пилоттоо |
| Министрликтин гендердик-багытталган программалык бюджети | Документ | 2017-ж. I-IV кварталы | Гендердик маселелерге башталган. министрликтин программалык бюджети (бюджет жөнүндө КР мыйзамынын бөлүгү катары) | ЭСӨМ, ФМ | ЕС долбоору, БУУ Аялдар | ||
II. ФУНКЦИОНАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ | |||||||||
2.1. максат. Пилоттук аймактарда сабаттуу ата-эне чөйрөсүндөгү функционалдык билим берүү системасын өнүктүрүү | |||||||||
2.1.1 | Ата-энелер үчүн функционалдык билим берүү боюнча моделдик долбоорлорго талдоо жүргүзүү, тажрыйбаны жалпылоо жана региондордо жайылтуу үчүн материалдарды даярдоо | 2.1.1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы балдар борборлорунун жана Ош облусунун Араван районундагы коомдук балдар бакчасындагы иштердин алкагында түзүлгөн тажрыйбаны жалпылоо жана ата-энелер үчүн материалдарды даярдоо: Баткен, Талас, Чүй облустарындагы "Аталар мектеби" долбоорунун иш тажрыйбасын; балдарды эрте өрчүтүү боюнча ата-энелер менен иштөө боюнча Баткен облусундагы "Сыйкырдуу сандык" долбоору боюнча (ЮНИСЕФ долбоорунун алкагында) иш тажрыйбасын жалпылоо | Пилоттук долбоорлордун иш тажрыйбасы | Тажрыйбанын сереби, пилоттук райондордун жергиликтүү коомчулуктарында жайылтуу үчүн сунуштар жана маалыматтык материалдардын топтому | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | Тажрыйба жалпыланган, аларды пилоттук аймактарда ишке киргизүү жана жайылтуу боюнча сунуштар берилди | ЭСӨМ, БИМ, СМ, ЖМА, КТБА, ДЧРБ, ЖӨБО (макулдашуу) боюнча) | ЮНИСЕФ, ЮНФПА, РДА, АДК |
2.1.2 | Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош облустарынын жана Бишкек шаарындагы пилоттук райондордо долбоорлордун тажрыйбасын жайылтуу | 2.1.2.1. Балыкчы жана Каракол шаарларындагы, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорундагы, ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусундагы Кара-Кулжа районундагы; Баткен облусундагы Лейлек жана Баткен райондорундагы, Талас облусунун бардык райондорундагы, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук райондорундагы ата-энелер үчүн тажрыйбаны жана материалдарды жайылтуу боюнча 19 семинар өткөрүү | Жалпыланган тажрыйба, долбоорлор боюнча маалыматтык жана тренингдик материалдар | Тажрыйба киргизилип жаткан мектепке чейинки балдардын мекемелеринин саны | Уюштуруу бирд. | 2016-ж. I-IV кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Долбоорлордун тажрыйбасы республиканын аймактарында жайылтылган | ЭСӨМ, БИМ, СМ, ЖМА, КТБА, ДЧРБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЮНИСЕФ, ЮНФПА, ДЧРБ, АДК, КЛ, мектептер, МБУ, жергиликтүү БӨУ |
Иш-чараларга тартылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны | Адам | ||||||||
Пилоттук райондордогу "Аталар мектебинин" саны | Уюштуруу бирд. ("мектеп") | ||||||||
Долбоордун материалдары боюнча АДКда окуудан өткөн ата-энелердин жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн саны | Адам |
|
|
|
| ||||
2.1.3 | 2.1.1. жана 2.1.2-пункттарда көрсөтүлгөн, милдеттердин алкагында тажрыйбаны жайылтуу боюнча акыркы баа берүү | 2.1.3.1. Аткарылган иштердин жыйынтыктарына мониторинг жана баа берүү | УИПка ылайык иши | Мониторинг боюнча отчет | Документ | 2017-ж. III-IV кварталы | 2.1.1. жана 2.1.2-пункттарда көрсөтүлгөн милдеттердин алкагында УИП аткаруу боюнча жалпыланган натыйжалар | ЭСӨМ | ЖМА, ЖӨБО, БӨУ |
2.2. максат. Пилоттук аймактарда репродуктивдүү ден соолук жаатында функционалдык билим берүү системасын түзүү | |||||||||
2.2.1 | Өспүрүмдөр арасында РД жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу | 2.2.1.1. Бишкек шаарында. Чүй, Талас жана Баткен облустарында, ошондой эле Каракол жана Кызыл-Кыя шаарларында ҮМБ базасында ЖДК ачуу | Бардык региондордо 8 ачык ЖДК жана РДА клиникаларынын базасында 2 ЖДК | Жаңы ЖДК саны | Уюштуруу бирд. (кабинет) | 2016-ж. I-IV кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Өспүрүмдөр КДМ кызматтарын колдонот, жаштардын репродуктивдүү ден соолугу жакшырат | СМ, ҮМБ. ЭСӨМ | ЮНФПА, РДА. ЖӨБО, жергиликтүү БӨУ |
ЖДК кызматын көргөн өспүрүмдөрдүн саны | Адам | ||||||||
2.2.1.2. КЛ базасында РД боюнча курстарды өткөрүү | "Сергек жашоо мүнөзү" курсу боюнча окуудан өткөн КЛ педагогдору | Бир күндүк 12 семинар өткөрүү (4 пилоттук КЛ базасында 1 жыл сайынкы семинар) | Адам | 2016-ж. I-IV кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Жаштардын репродуктивдүү ден соолугу жакшырууда, жаштар арасында өспүрүмдүк кош бойлуулук жана ЖЖЖО төмөндөп жатат | КТБА, СМ, ЭСӨМ | ЮНФПА, КЛ, ЖӨБО, жергиликтүү БӨУ | ||
2.2.2 | КР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү кызмат өтөп жаткандардын арасында РД жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу | 2.2.2.1. МКИК менен консультацияларды жана 12 пилоттук аскер бөлүгүн тандоо боюнча аскер дарыгерлери жана фельдшерлери үчүн бир күндүк маалыматтык семинар өткөрүү | МКИК жетекчилиги менен иштөө | Пилот үчүн аскер бөлүктөрү аныкталды | Уюштуруу бирд. (аскер бөлүктөрү) | 2016-ж. I кварталы | УИП ишке ашырылышына катышууга даяр бөлүктөр бар | МКИК, ЭСӨМ | жергиликтүү гарнизондор |
2.2.2.2. Аскер медиктеринин офицердик жана кенже командалык курамынын арасында тренерлерди даярдоо үчүн үч күндүк 2 тренинг өткөрүү | Өспүрүмдөр үчүн РД боюнча тренингдик модулдардын болушу | Офицерлер - РД боюнча тренерлер | Адам | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | РД боюнча тренингдерди өткөрүүгө даяр офицерлер жана кенже командалык курам | МКИК, СМ, ДЧРК, ЭСӨМ | ЮНФПА, РДА | ||
2.2.2.3. КР Куралдуу Күчтөрүнүн пилоттук бөлүктөрүндө офицер-тренерлерди күчү менен эки күндүк 24 тренинг (жылына 1 тренингден) өткөрүү | Офицерлер арасында даярдалган тренерлер | Өткөрүлгөн тренингдер | Тренинг | 2016-ж. I-IV кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Аскер кызматчылары тренингдерден өттү. Жаш адамдардын арасында РД деңгээли жакшырууда | МКИК, СМ, ДЧРК, ЭСӨМ | ЮНФПА, РДА | ||
Окуудан өткөн жоопкерлердин саны | Адам | ||||||||
2.2.3 | Айыл жериндеги эркектердин арасында РД жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу системасын түзүү | 2.2.3 1. Эки пилоттук регионду тандоо боюнча СМ менен консультацияларды жүргүзүү | Айыл жериндеги эркектердин РД жакшыртуу зарылдыгы | Пилоттук региондор аныкталды | СМ бөлүмү | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I кварталы | Пилоттук региондор тандалды | СМ, Улуттук урология борбору, ЭСӨМ | ЮНФПА, ДЧРБ, ДЧРК, АДК |
2.2.3.2. Медиктер жана калк үчүн маалыматтык жана тренингдик материалдар топтомун даярдоо | Калкты маалымдоо жана тренингдер үчүн иштелип чыккан материалдардын болушу | Маалыматтык жана тренингдик материалдардын топтому | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I кварталы | Маалыматтык жана тренингдик материалдар топтому даярдалды | СМ, Улуттук урология борбору. ЭСӨМ | ЮНФПА ДЧРБ | ||
2.2.3.3. Ар бир пилоттук региондордун арасында маалыматтык жана консультациялык иштин принциптерин түшүндүрүү үчүн бир күндүк 2 семинарды өткөрүү | Маалыматтык жана тренингдик материалдардын топтомунун болушу | Өткөрүлгөн семинарлар | Семинар | 2016-ж. I-IV кварталы | Медицина кызматкерлери жана АДК мүчөлөрү окутулган | СМ, Улуттук урология борбору, ЭСӨМ | ЮНФПА, РДА, ДЧРБ, ДЧРК, ҮМБ | ||
Окуудан өткөн медиктердин саны | Адам | ||||||||
2.2.4 | 2.2.1-2.2.3-пункттарда көрсөтүлгөн милдеттердин алкагында акыркы баа берүү | 2.2.4.1. Отчетторду топтоо жана аткарылган иштердин жыйынтыктарын жалпылоо | УИПка ылайык иши | Мониторинг боюнча отчет | Документ | 2017-ж. III-IV кварталы | 2.2.1. - 2.2.3-пункттарда көрсөтүлгөн милдеттердин алкагында УИП аткаруу боюнча жалпыланган жыйынтыктар | ЭСӨМ | ЖГА, ЖӨБО, ҮМБ, АДК, БӨУ |
2.3. максат. Пилоттук аймактарда көп түрдүү коомчулуктардагы турмуштун көндүмдөрүн жакшыртуу жаатында функционалдык билим берүү системасын түзүү | |||||||||
2.3.1 | Көп түрдүүлүктү, чыр-чатактарды башкаруу жана БУУнун 1325 резолюциясын колдонууга киргизүү темасында тренингдерди аялдардын БӨУ активисттеринин арасында (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен) өткөрүү боюнча пилоттук жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде ишти уюштуруу | 2.3.1.1. Этностор агенттиги менен консультацияларды өткөрүү, Бишкек жана Ош шаарларында, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында пилоттук коомчулуктарды тандоо | Региондордо тренерлердин жана тренингдик модулдардын болушу | Региондордун тизмеси | Документ | 2015-ж. IV квартапы - 2016-ж. I кварталы | Пилоттук коомчулуктар аныкталды | ЭСӨМ, этностор агенттиги | БУУӨП, ЕККУ, БӨУ |
2.3.1.2. Пилоттук региондордо гендердик активисттер, ЖӨБО кызматкерлери жана жергиликтүү активисттер менен үч күндүк 7 тренингди өткөрүү | Региондордун ишке даярдыгы | Окуудан өткөн адамдардын саны | Адам | 2016-ж. I-IV кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Гендердик БӨУ жана ЖӨБО өкүлдөрү окуудан өттү Этностор аралык чыр-чатактардын тобокелдиги төмөндөйт | ЭСӨМ, этностор агенттиги | БУУӨП, ЕККУ, БӨУ | ||
2.3.1.3. 120 пилоттук мектептерде "теңге-тең" принциби боюнча чыр-чатактарды башкаруу жана гендердик теңчилик боюнча кыздарды жана балдарды окутуу |
| Долбоордук ишке окутулган жана тартылган адамдардын саны | Адам | 2015-2017-ж.ж. | 15000 жаш кыздар жана балдар, жаш аялдар жана эркектердин укуктары жөнүндө, гендердик теңчилик жөнүндө жана кандай мүнөздө чыр-чатактар кырдаалына талдоо жүргүзүү жана чыр-чатактардын алдын алуу керектиги тууралуу кабарлар болушту. 5000 адам чыр-чатактарды башкаруу жана гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу көндүмдөрүн алышкан. Жаштар арасынан тренерлер -насаатчылар даярдалган | БИМ, пилоттук мектептер | БУУ Аялдар, БӨУ | ||
2.3.2 | 2.3.1-пунктта көрсөтүлгөн милдеттердин алкагында акыркы баа берүүнү жүргүзүү | 2.3.2.1. отчетторду топтоо жана аткарылган иштердин жыйынтыктарын жалпылоо | УИПка ылайык иши | Мониторинг боюнча отчет | Документ | 2017-ж. III-IV кварталы | 2.3.1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттердин алкагында УИП аткаруу боюнча жалпыланган натыйжалар | ЭСӨМ | ЖМА, ЖӨБО, БӨУ |
2.4. максат. Пилоттук аймактарда гендердик теңчилик жаатында функционалдык билим берүү системасын түзүү | |||||||||
2.4.1 | Пилоттук жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде гендердик теңчилик, аялдар лидерлиги, гендердик бюджеттөө темасына тренингдерди өткөрүү боюнча ишти уюштуруу (Бишкек ш., Ысык-Көл, Чүй, Баткен облустары) | 2.4.1.1. Бишкек шаарында, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарында пилоттук коомчулуктарды тандал алуу | Айрым региондордо иштөө тажрыйбасынын болушу жана маалыматтар базасынан алынган билдирүүлөр | Региондор тизмеси | Документ | 2015-ж. IV-кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | Пилоттук коомчулуктар аныкталды | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча). ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БУУӨП, жергиликтүү БӨУ |
2.4.1.2. Пилоттук региондордо ЖӨБО кызматкерлери жана жергиликтүү активисттер менен эки күндүк 8 тренинг өткөрүү | Региондордун ишке даярдыгы | Окуудан өткөн адамдардын саны | Семинар-тренинг | 2016-ж. I-IV кварталы - 2017-ж. I-II кварталы | Пилоттук региондордо гендер чөйрөсүндөгү маалымдуулук жогорулайт. Аял-лидерлердин саны көбөйөт | ЭСӨМ, пилоттук аймактардын ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БУУӨП, жергиликтүү БӨУ | ||
Адам | |||||||||
2.4.1.3. 30 пилоттук муниципалитеттерде жергиликтүү аял активисттерине жана ЖӨБО өкүлдөрүнө окутуу өткөрүү |
| Окуудан өткөн адамдардын саны | Семинар-тренинг | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-IV кварталы | Пилоттук коомчулуктарда гендердик-сезимтал жергиликтүү пландоону жана аялдардын саясий катышуусун алдыга жылдырууну колдоонун туруктуу топтору түзүлгөн | пилоттук аймактардын ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БУУ, Аялдар, БӨУ | ||
Адам | |||||||||
2.4.2 | Гендердик теңчилик жана кыз ала качуу, КР Куралдуу Күчтөрүнүн катарындагы мөөнөттүү кызматчылардын арасында эрте никелешүү жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу | 2.4.2.1. МКИК менен консультацияларды жана 12 пилоттук аскер бөлүгүн тандоо боюнча командалык курам үчүн бир күндүк маалыматтык семинар өткөрүү | МКИК жетекчилиги менен иштөө | Пилот үчүн аскер бөлүктөрү аныкталды | Уюштуруу бирд. (аскер бөлүктөрү) | 2016-ж. I кварталы | УИПтин ишке ашырылышына катышууга даяр бөлүктөр бар | МКИК, ЭСӨМ | жергиликтүү гарнизондор |
2.4.2.2. Офицердик жана кенже командалык курам арасында тренерлерди даярдоо үчүн үч күндүк 2 тренинг өткөрүү | Өспүрүмдөр үчүн гендердик теңчилик боюнча тренингдик модулдардын болушу | Гендердик теңчилик боюнча офицер- тренерлер | Адам | 2016-ж. I-II кварталы | Гендердик теңчилик боюнча тренингди өткөрүүгө даяр офицерлер жана кенже командалык курам | МКИК, ЭСӨМ | БУУӨП, жергиликтүү БӨУ | ||
2.4.2.3. КР Куралдуу Күчтөрүнүн пилоттук бөлүктөрүндө (ар бир пилоттук бөлүктө жылына 1 тренинг) тренер-офицерлердин күчү менен эки күндүк 24 тренинг өткөрүү | Офицерлердин арасындагы даярдалган тренерлер | Өткөрүлгөн тренингдер | Тренинг | 2016-ж. II-IV кварталы - 2017-ж.-I-II кварталы | Аскер кызматчылары тренингден өтүштү. Кыз ала качуунун саны азаюуда. Үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли азаюуда | МКИК, ЭСӨМ | БУУӨП, жергиликтүү БӨУ | ||
Окуудан өткөн жоокерлердин саны | Адам | ||||||||
2.4.3 | 2.4.1 жана 2.4.2-пункттарда аталган милдеттердин алкагында акыркы баа берүү | 2.4.3.1. Отчетторду топтоо жана аткарылган иштердин жыйынтыктарын жалпылоо | УИПке ылайык иши | Мониторинг боюнча отчет | Документ | 2017-ж. III-IV кварталы | 2.4.1 жана 2.4.2-пункттарда аталган милдеттердин алкагында УИП аткаруу боюнча жалпыланган натыйжалар | ЭСӨМ | ЖМА, ЖӨБО. БӨУ |
III. ДИСКРИМИНАЦИЯНЫ ЖОЮУ ЖАНА СОТ АДИЛЕТТИГНН АЛУУНУ КЕҢЕЙТҮҮ | |||||||||
3.1. максат. Гендердик дискриминация жана гендердик зомбулук учурларында сот адилеттигин алуунун укуктук жана институттук механизмдерин чыңдоо | |||||||||
3.1.1 | Гендердик дискриминация жана гендердик зомбулуктун алдын алуу жана сот адилеттигин алууну кеңейтүү бөлүгүндө колдонулуп жаткан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү | 3.1.1.1. Эмгек чөйрөсүндө аялдардын укуктарынын бузулушу, анын ичинде эмгекте, кызматтык мамилелерде сексуалдык асылуу жөнүндө изилдөө жүргүзүү | Эмгек чөйрөсүндө аялдардын укуктарынын бузулушу тууралуу КР Акыйкатчысынын атайын баяндамасы | Документ | Бирд. | 2016-ж. I-III кварталы | Эмгек чөйрөсүндө, анын ичинде сексуалдык асылуу жолу менен аялдардын укуктарын бузуу практикасы аныкталган; колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үчүн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча сунуштар иштелип чыккан | КР Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча). ЭСӨМ, ЭТКМИ, КРП МБА (макулдашуу боюнча) | БӨУ |
3.1.1.2. Төмөнкү маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү: гендерге коомчулуктун мамилеси, мажбурлап никеге туруу максатында аялдарды ала качуу, үй-бүлөлүк зомбулук, аялдарды жана кыздарды сатуу жана сексуалдык эксплуатациялоо, сексуалдык зомбулук, анын ичинде аялуу жана маргиналдык топтордогу, ошондой эле эркинен ажыраткан жайларда отургандардын, гендердик зомбулукка кабылгандардын сот акыйкатына жетүү маселесин изилдөөнү кошо алганда |
| Документ | Бирд. | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. II кварталы | Изилденип жаткан багыттар боюнча көйгөйлөр аныкталды. Колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үчүн сунуштар иштелип чыккан | ЭСӨМ, СМ, ИИМ, БИМ, ЖАМК, МЧК, КР БП (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРП МБА (макулдашуу боюнча), УСК (макулдашуу боюнча) | БӨУ, ЮНФПА, МЭУ, БУУ Аялдар | ||
3.1.1.3. ЧУАга гендердик дискриминацияны, зомбулукту караштырган нормаларды алып салуу жана сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | ЧУА иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү тажрыйбасы | Ведомство аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө ЭСӨМ буйругу | Документ | 2016-ж. III кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу тол түзүлдү | ЭСӨМ, ЭТКМИ, ИИМ, СМ, БИМ, этностор агенттиги, МКК (макулдашуу боюнча), КР БП (макулдашуу боюнча), КРП МБА (макулдашуу боюнча), КР Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча) | КПФ, БӨУ | ||
3.1.1.4. Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан ЧУАга, анын ичинде гендердик дискриминация, зомбулук жана сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү маселелери боюнча "Үй-бүлөдөгү, зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу, анын ичинде төмөнкү проблемалар боюнча: аялдардын эмгек укуктары, эмгек мамилелеринде сексуалдык асылуу; "нике" диний ырым-жырымын өткөрүүнү жөнгө салуу; мажбурлап никеге туруу максатында аялдарды ала качуу, үй-бүлөлүк зомбулук проблемалары, аялдарды жана кыздарды, анын ичинде аялуу жана маргиналдык топтордогу аялдарды сатуу жана сексуалдык эксплуатациялоо | Сексуалдык асылуу жана сексуалдык зомбулук, эрте никеге туруу жөнүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, Мамлекеттик каттоосуз "нике" ырым-жырымын өткөрүү үчүн КМДБ өкүлдөрүнүн администрациялык жоопкерчилигин киргизүү тууралуу мыйзам долбоору | Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон ЧУА тизмеси | Бирд. | 2016-ж. III-IV кварталы - 2017-ж. IV кварталы | ЧУАга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар иштелип чыкты | ЭСӨМ, ДИМК (макулдашуу боюнча) | КПФ, БӨУ, КМДБ | ||
3.1.1.5. Коомдук талкуулоо жүргүзүү жана ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарын КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында кароо жана ЧУА долбоорлорун КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү |
| Иш-чаралардын саны | Бирд. | 2017-жылдын II-III кварталы | ЧУА долбоорлорунда түшкөн эскертүүлөр жана сунуштар эске алынды. ЧУА долбоорлору КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди | ЭСӨМ | БӨУ | ||
3.1.2 | Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча укуктар ченемин соттор тарабынан туура жана бирдей мүнөздө колдонуусуна көмөктөшүү | 3.1.2.1. 2011-2014-жылдар аралыгында аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча сот практикасын жалпылоо (КР КЖК - 129, 130, 132, 133, 144, 153, 154, 155-беренелери) жана укуктар ченемин соттор тарабынан туура жана бирден мүнөздө колдонуусу үчүн сунуштарды даярдоо | Сот практикасын жалпылоо | Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча укуктар ченемин бирдей мүнөздө колдонуусу үчүн сунуштар | Документ | 2016-ж. I кварталы | Сот практикасын жалпылоо жана ЖС расмий сайтында жарыяланган | ЖС (макулдашуу боюнча), СД (макулдашуу боюнча) |
|
3.1.2.2. Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча укуктар ченемин соттор тарабынан туура жана бирдей мүнөздө колдонуусу үчүн иштелип чыккан сунуштар боюнча бардык райондук, райондор аралык жана облустук соттордун судьяларын окутуу боюнча документти иштеп чыгуу | Окуу борборунун тажрыйбасы бар | Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштарды кароо маселесин Окуу борборунун программасына киргизүү | Документ | 2016-ж. I-IV кварталы | Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштарды кароодо судьялар корпусу укуктук ченемдерди туура жана бирдей мүнөздө колдонот | ЖС (макулдашуу боюнча), СД (макулдашуу боюнча), Окуу борбору (макулдашуу боюнча) |
| ||
3.1.3 | Ош шаарында жана Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун 12 комитетин түзүү | 3.1.3.1. ҮЗАК боюнча жергиликтүү коомчулук үчүн тренингдерди өткөрүү |
| Тренингдердин саны | Бирд. | 2015-2017-ж.ж. | Жергиликтүү коомчулук үчүн тренингдер өткөрүлдү | ЭСӨМ | БҮУ Трасттык фонду, "Ачык линия" КФ |
Окуган адамдардын саны | Адам |
|
| ||||||
ҮЗАКтын расмий сайтын түзүү |
| Сайт | Бирд. |
| ҮЗАК боюнча расмий сайт иштелип чыкты | ||||
3.1.3.2. Аялдарды жана эркектерди формалдуу эмес окутуу жана мобилизациялоо үчүн платформа түзүү |
| Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Бирд. | 2015-2017-ж.ж. | Иштин алкагында: 1 иш-чара 2015-жылы, 2 иш-чара 2016-жылы жана 1 иш-чара 2017-жылы аткарылган | ЭСӨМ | БУУ Трасттык фонду, "Ачык линия" КФ | ||
3.1.3.3. ҮЗАК көргөзмөсүн жана жыйынтыктоочу конференцияны өткөрүү |
|
|
| 2017-ж. | Конференция өткөрүлдү | ЭСӨМ | БҮУ Трасттык фонду | ||
3.1.4 | Гендерлик зомбулук, катаал мамиле кылуу, кыйноо жана зомбулуктун башка учурларында, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу, аныктоо, жооп кайтаруу, медициналык, социалдык, юридикалык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо жаатында мамлекеттик органдардын, ЖӨБО координациялоонун жана аракеттенүүнүн туруктуу системасын ишке киргизүү | 3.1.4.1. Гендердик зомбулук, катаал мамиле кылуу, кыйноо жана зомбулуктун башка учурларында, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу, аныктоо, жооп кайтаруу, медициналык, социалдык, юридикалык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүү стандарттарын жана ведомстволор аралык координацияланган жооптордун механизмин иштеп чыгуу | Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларынын тажрыйбасы, ҮЗАК тажрыйбасы. Сексуалдык асылуу учурунда жардам көрсөтүү боюнча СМ клиникалык протоколу. Үй-бүлөлүк, сексуалдык зомбулуктун, никеге туруу үчүн аялдарды уурдоо көйгөйлөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары | Ведомстволор аралык координацияланган жооптордун системасы, кызмат көрсөтүүнүн жардамдын стандарттары | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2017-ж. I кварталы | Ведомстволор аралык координацияланган жооптун механизми иштелип чыкты Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО көрсөтө турган минимумдук кызмат көрсөтүүнүн тизмеси жана стандарттары иштелип чыкты | ЭСӨМ, ИИМ, СМ, этностор агенттиги, БИМ, ӨКМ, КИ Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БӨУ |
3.1.4.2. Гендердик зомбулук, катаал мамиле кылуу, кыйноо жана зомбулуктун башка учурларында, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу, аныктоо, жооп кайтаруу, медициналык, социалдык, юридикалык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүү стандарттарын жана ведомстволор аралык координацияланган жооптордун механизми менен таанышуу боюнча ЖӨБО жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутууну бардык региондордо жүргүзүү | Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларынын пилоттук долбоорлорунун тажрыйбасы | Тренингдердин саны | Бирд. | 2016-ж. IV кварталы - 2017-ж. IV кварталы | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун координациялык жооп кайтаруу системасы жана үй-бүлөлүк, сексуалдык зомбулукка кабылгандарга жардам көрсөтүү стандарттары боюнча потенциалы жогорулатылды | ИИМ, ЭСӨМ, СМ, этностор агенттиги, БИМ, ӨКМ, КР Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча | БӨУ ЮНФПА | ||
Окуудан өткөн адамдардын саны | Адам | ||||||||
3.1.4.3. Укук коргоо жана сот органдарынын, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо органдарынын жана ЖӨБО кадрларын даярдоонун окуу программаларына гендердик зомбулук, катаал мамиле кылуу, кыйноо жана зомбулуктун башка учурларында, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда алдын алуу, аныктоо, жооп кайтаруу, медициналык, социалдык, юридикалык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүү стандарттарын жана ведомстволор аралык координацияланган жооптордун маселелерин камтуу боюнча беш пилоттук долбоорлорду жүзөгө ашыруу | Айрым окуу жайлардын программалары студенттерди гендердик окутуу маселелерин камтыган (мисалы КРСУнун юридикалык факультети, ИИМ Академиясындагы курс) | Окуу программаларына гендердик компонентти киргизген окуу жайлардын саны | Бирд. | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. III кварталы | Квалификацияны жогорулатуу боюнча окуу программалары, ЖОЖдордогу окуу программалар | ЭСӨМ, КР БП (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ, СМ, БИМ, этностор агенттиги | БӨУ "Сорос-Кыргызстан'' Фонду | ||
3.1.5 | Гендердик кылмыштарды натыйжалуу иликтөө жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чөйрөсүндө укук коргоо органдарынын кызматчыларынын потенциялын жогорулатуу | 3.1.5.1. Укук коргоо органдарынын кызматчыларынын аттестациялык тапшырмаларына гендердик теңчилик, гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча суроолорду киргизүү |
| Аттестациялык материалдардын өзгөрүүсү | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. II кварталы | Укук коргоо органдарынын кызматчыларын аттестациялоодо гендердик компетенттүүлүк эске алынат | КР БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, КР Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ | БӨУ |
3.1.5.2. Өмүргө жана ден соолукка каршы, эркиндикке, намыска жана инсандын аброюна, жыныстык кол тийбестикке жана инсандын жыныстык эркиндигине, үй-бүлөгө каршы, аялдарга карата жасалган кылмыштарды натыйжалуу иликтөө боюнча колдонмону укук коргоо органдарынын кызматчылары үчүн иштеп чыгуу жана аны практикалык ишке киргизүү, ар бир региондо укук коргоо органдарынын кызматчылары үчүн аны изилдөө боюнча бирден семинарларды өткөрүү |
| Гендерлик кылмыштарды иликтөө боюнча колдонмо | Документ | 2016-ж. I-IV кварталы | Гендердик кылмыштарды натыйжалуу иликтөө боюнча колдонмо иштелип чыкты, укук коргоо органдарынын практикасына киргизилди, укук коргоо органдарынын кызматчылары окутулду | КР БП, (макулдашуу боюнча), ИИМ | БӨУ | ||
Семинарлардын саны | Бирд. | ||||||||
3.1.6 | Гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча статистикалык маалыматтарды топтоо, талдоо жана анын сапатынын системасын өркүндөтүү | 3.1.6.1. Гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча улуттук статистикалык отчеттукка талдоо жүргүзүү жана аны өркүндөтүү боюнча КР Өкмөтүнө карашуу гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында андан ары кароо менен сунуштарды иштеп чыгуу | Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча соттордун, ИИМ, СМ отчеттугуна баа берүү тажрыйбасы бар. КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин ЧУА өркүндөтүү боюнча чечимдерин КР Өкмөтүнүн кароосуна жиберүү тажрыйбасы бар | Документ | Бирд. | 2016-ж. II-IV кварталы | Талдоо жүргүзүлдү, улуттук статистикага киргизүү үчүн статистикалык көрсөткүчтөрдүн тизмеси даярдалган | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), СД (макулдашуу боюнча), СМ, БИМ, этностор агенттиги | БӨУ |
Сунуштар каралды. КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин чечими кабыл алынды | |||||||||
3.1.6.2. Гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча улуттук жана ведомстволук статистикага өзгөртүү киргизүү | Соттордун ИИМ, СМ статистикалык отчетторунун формаларын өркүндөтүү тажрыйбасы бар | Статистикалык формаларга киргизилген жаңы/макулдашылган көрсөткүчтөрдүн саны | Бирд. | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. IV кварталы | Статистикалык отчеттордун формаларын өркүндөтүү | УСК (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), СД (макулдашуу боюнча), СМ, ЭСӨМ, БИМ, этностор агенттиги, КБА (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.1.6.3. Гендердик дискриминация жана зомбулук тууралуу маалыматтарды топтоо боюнча ИИМ, ЖС, СД, СМ, УСК статистикалык кызматынын кызматчылары үчүн бардык региондордо бирден семинар өткөрүү | Соттордо, ИИМ, СМ үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматтарды топтоонун усулдук окуу куралы | Статистикалык кызматтын окуудан өткөн кызматчыларынын саны | Адам | 2017-ж. I-IV кварталы | Статистикалык кызматтын кызматчылары окутулган | УСК (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), СД (макулдашуу боюнча), СМ | БӨУ | ||
3.1.6.4. Аялдарга карата укук бузуулар жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматтарды ведомстволук сайттарда жарыялоо | Гендердик барак УСК сайтында | Гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча маалыматтарды сайттарда жайгаштырган ведомстволордун саны | Бирд. | Жыл сайын, 2016-ж. 1 кварталынан баштап | Гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча ведомстволук отчеттор ИИМ, СМ, БИМ, ЭСӨМ, УСК сайттарында жарыяланууда | УСК (макулдашуу боюнча), ИИМ, СМ, БИМ, ЭСӨМ | БӨУ | ||
3.1.7 | Аялдарга карата дискриминацияны жана зомбулукту жоюу боюнча эл аралык мыйзамдарды аткаруунун мониторингин жыл сайын жүргүзүү | 3.1.7.1. АДЖК жана аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча БУУнун комитетинин жыйынтыктоочу эскертүүлөрүн аткаруунун мониторинги боюнча инструкцияны иштеп чыгуу жана апробациялоо | АДЖК аткарылышы тууралуу улуттук отчеттор | Документ | Бирд. | 2016-ж. - I кварталы | Ар жылдык мониторинг үчүн методология иштелип чыккан | ЭСӨМ, АУКК (макулдашуу боюнча) | БӨУ |
3.1.7.2. АДЖК аткарылышына жана аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча БУУнун комитетинин жыйынтыктоочу эскертүүлөрүнө жыл сайын мониторинг жүргүзүү | АДЖК аткарылышы тууралуу улуттук отчеттор | Мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет | Бирд. | 2015-2017-ж.ж. | АДЖК жана БУУнун комитетинин сунуштарын аткарууга мониторинг жыл сайын өткөрүлөт | ЭСӨМ, АУКК (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.1.7.3. Аялдарга карата дискриминацияны жоюу жөнүндө БУУ Комитетинин эскертүүлөрүн ишке ашыруу боюнча баяндамаларды даярдоо | АДЖК мезгилдүү баяндамалары боюнча эскертүүлөрдү аткаруу жөнүндө улуттук баяндамалар | Документ | Бирд. | Жыл сайын, 2016-ж. IV кварталы, 2017-ж. IV кварталы | АДЖК боюнча БУУ Комитетинин эскертүүлөрүн ишке ашыруу жөнүндө баяндаманы даярдоо жыл сайын өткөрүлөт | ЭСӨМ, АУКК (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.2. максат. Гендердик дискриминациядан жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү | |||||||||
3.2.1 | Гендердик дискриминация жана зомбулук маселеси боюнча жергиликтүү деңгээлде адвокаттардын, көз карандысыз укук коргоочулардын жана социалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуу | 3.2.1.1. Гендердик дискриминация жана зомбулук маселеси анын ичинде аялуу жана маргиналдык топтогу аялдарды коргоо боюнча адвокаттарды. көз карандысыз укук коргоочуларды эки күндүк семинарда окутуу | Окутуу модулдары бар | Семинарлардын саны | Бирд. | 2016-ж. I кварталы - 2017-ж. II кварталы | Минимум 20 адвокат жана 10 укук коргоочу окутулган | ЭСӨМ, ЮМ | Адвокаттар бирлиги, БӨУ |
Окуган адамдардын саны | Адам | ||||||||
3.2.1.2. Адвокаттык ишмердүүлүккө лицензия алууда тесттик жана экзамендик суроолорго гендердик дискриминациядан жана зомбулуктан коргоо жана сактоо чаралары боюнча суроолорду киргизүү |
| Адвокаттык ишмердүүлүккө лицензия алууда тесттик/экзамендик суроолордун тизмесине киргизилген суроолордун тизмеги | Документ | 2016-ж. I кварталы | Суроолорду иштеп чыгуу жана аларды адвокаттык ишмердүүлүккө лицензия алууда тесттик/экзамендик суроолор тизмесине киргизүү | ЭСӨМ, ЮМ | БӨУ | ||
3.2.1.3. Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча социалдык кызматчыларды окутуу |
| Семинарлардын саны | Бирд. | 2016-ж. I кварталы - 2017-ж. II кварталы | Минимум 100 социалдык кызматчы окутулган | ЭСӨМ, этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
Окуган адамдардын саны | Адам | ||||||||
3.2.2 | Бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн кризистик борборлордун (КБ) ишине жыл сайын колдоо көрсөтүп туруу | 3.2.2.1. Ар бир региондо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн КБ каржылоо муктаждыгына баа берүү |
| Документ | Бирд. | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. II кварталы | Ар бир региондо бир КБ иши үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын көлөмү аныкталган | ЭСӨМ, КР ЫУӨ аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | БӨУ |
3.2.2.2. Түрткү берүүчү гранттардын колдонуудагы механизминин алкагында КБ каржылоо жөнүндө сунушту иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнө киргизүү |
| Документ | Бирд. | 2016-ж. I кварталы | КБ каржылоо түрткү берүүчү гранттардын колдонуудагы механизминин алкагында жүргүзүлүүдө | ЭСӨМ, КР ЫУӨ аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖОБО (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.2.3 | КБ жана башпаанектер тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга жардам көрсөтүү | З.2.З.1. КБ көрсөтүп жаткан кызматтардын минимумдук жаңы стандарттарын иштеп чыгуу жана тестирлөө |
| Документ | Бирд. | 2016-ж. | Минимумдук стандарттар иштелип чыккан | ЭСӨМ | БУУ Трасттык фонду, БӨУ, КБА |
3.2.3.2. КБ жана башпаанектердин минимумдук жаңы стандарттарын пилоттоо |
| Пилоттук КБ жана башпаанектердин саны | Бирд. | 2016-ж. | Минимумдук стандарттар КБА тарабынан апробацияланган | ЭСӨМ | БУУ Трасттык фонду, БӨУ, КБА | ||
З.2.3.3. КБжана башпаанектердин потенциалын өстүрүү |
| Окугандардын саны | Адам | 2016-ж. | КБ жана башпаанектердин кызматчылары окутулган | ЭСӨМ | БУУ Трасттык фонду, БӨУ, КБА, "Сезим" КБ | ||
З.2.4 | Үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрү менен иштөө боюнча программаны, анын ичинде мамлекеттик заказдын негизинде колдонууга киргизүү | 3.2.4.1. Эл аралык жана улуттук тажрыйбалардын негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрү менен иштөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Бишкек шаарынын тажрыйбасы; эл аралык тажрыйбасы | Программаны иштеп чыгууга жана пилоттоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү | Сом | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. IV кварталы | Программа бекитилген жана практикада колдонулууда | ЭСӨМ, ИИМ, этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БӨУ |
З.2.4.2. Үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрү менен иштөө боюнча программаны колдонууга киргизүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү ЧУАга киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрү менен иштөө боюнча программаны пилоттоо тажрыйбасы | Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон ЧУА тизмеси | Бирд. | 2017-ж. I-IV кварталы | Үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрү менен иштөө боюнча программаны колдонууга киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыкты жана КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди | ЭСӨМ | БӨУ | ||
3.2.5 | Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын ӨКМ "Система 112" линиясын колдонуу аркылуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматтарына жетүүсүн кеңейтүү | 3.2.5.1. Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардан акысыз чалууларын кабыл алуу жана ыкчам түрдө кайра жиберүү үчүн "Система 112" ишин регламенттеген документтерди даярдоо жана бекитүү | КБ ишеним телефонунун тажрыйбасы, ыкчам линиянын, өзгөчө кырдаалда "112" кызматынын иш тажрыйбасы бар | Документ | Бирд. | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I-II кварталы | Ыкчам линияны ишке киргизүү үчүн шарттар түзүлгөн | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, СМ, МТБМКнын МБА | БӨУ |
З.2.5.2. Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардан чалууларды кабыл алуу боюнча "Система 112" операторлору, диспетчерлери жана смена башчылары үчүн беш күндүк эки тренинг өткөрүү | Кризистик борборлордун күнү-түнү иштеген "ишеним телефонунун" тажрыйбасы | Кызматчылардын саны | Адам | 2016-ж. III-IV кварталы | "Система 112" кызматчылары гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын телефон чалууларын кабыл алууга даяр | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, СМ, МТБМКнын МБА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.2.5.3. Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардан чалууларды кабыл алуу боюнча "Система 112" иши тууралуу маалыматты жайылтууга ТВ жана ЖМК басылмалары аркылуу бардык региондорго квартал сайын маалыматтык компанияларды жүргүзүү |
| Кайрылуулардын саны | Бирд. | 2017-ж. I-IV кварталы | Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардан "Система 112" чалуулар келип түшүүдө. "Система 112" бардык региондордун калкы үчүн жеткиликтүү | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, СМ, БИМ, этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.2.6 | Эл аралык стандартка туура келген, зомбулукту, кыйноолорду жана абройду кемсинткен башка катаал же ырайымсыздыктын башка түрлөрүн натыйжалуу документтөө боюнча практикалык колдонмону колдонууга киргизүү | 3.2.6.1. Зомбулуктун бардык формаларын натыйжалуу документтөө боюнча практикалык колдонмону колдонууга киргизүү боюнча СМ иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү | СМ пландарын кабыл алуу тажрыйбасы бар | Колдонууга киргизүү боюнча план | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I кварталы | СМ планы буйрук менен бекитилди | СМ, ЭСӨМ | БӨУ |
СМ буйругу | |||||||||
З.2.6.2. Практикалык колдонмону колдонуу боюнча саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдериндеги жетекчилер жана кызматчылар үчүн ар бир региондо окутуучу модулду иштеп чыгуу жана үчтөн тренинг өткөрүү (педиатрлар, терапевттер, хирургдар, акушер-гинекологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер, психиатрлар, медициналык тез жардам дарыгерлери, травматологдор, сот эксперттери) | СМ системасында тренинг өткөрүү тажрыйбасы бар | Окутуучу модуль | Документ | 2015-ж. IV кварталы - 2016-ж. I кварталы | Саламаттык сактоо кызматкерлери окутулган жана зомбулуктун бардык формаларын натыйжалуу' документтештирүүнү аткарууда | СМ, КММКДжКЖИ, КММА | БӨУ, "Сорос-Кыргызстан" Фонду | ||
Тренингдер саны, адам | Бирд. | ||||||||
3.2.6.3. Практикалык колдонмону колдонууга киргизүүнүн методологиясын иштеп чыгуу жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү | "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө" КР Мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы | Мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет | Документ | 2016-ж. IV кварталы | СМде практикалык колдонмону киргизүү процесси жүргүзүлдү | СМ, КММКДжКЖИ, КММА, ЭСӨМ | БӨУ | ||
3.3. максат. Дискриминацияга жана гендердик зомбулукка жол бербөө маданиятын өнүктүрүү | |||||||||
3.3.1 | Коомчулуктун бардык деңгээлдеринде бардык социалдык катмарларда жана курактык топтордо аялдардын жана эркектердин арасында гендердик дискриминацияга жана зомбулукка жол бербөө маданиятын өнүктүрүү | 3.3.1.1. Маалыматты жайылтуунун салттуу жана инновациялык ыкмаларын колдонуп, ар кандай социалдык, этностук жана диний топторго багытталган активдүү чаралар менен маалыматтык иш-чараларды төмөнкүлөр үчүн квартал сайын өткөрүү: - үй-бүлөдө жана коомдо аялдардын жана эркектердин ролуна тиешелүү патриархалдык көз караштарды жоюу; - гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу; - гендердик зомбулуктан коргоо үчүн арыз берүүдө аялдарды колдоо | Жыл сайын эл аралык агенттиктердин колдоосунда "Гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү" маалыматтык кампания жүргүзүлөт | Маалыматтык иш-чаралардын саны | Бирд. | Квартал санын, 2016-ж. кварталынан - 2017-ж. IV кварталына чейин | Кварталына 1ден кем эмес маалыматтык иш-чаралар ар бир жооптуу субъект тарабынан жүргүзүлүүдө | ЭСӨМ, ИИМ, СМ, ММТМ, ӨКМ, БИМ, МКИК, УСК (макулдашуу боюнча), этностор агенттиги: ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КТРК, (макулдашуу боюнча), КР Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча) | БӨУ |
3.3.1.2. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту болтурбоо, ошондой эле жашы жете электердин катышуусу менен нике кыюу, кыз ала качуу сыяктуу салттардын криминалдык мүнөзү жана аялдарга жагымсыз таасири боюнча билим берүү мекемелеринин кошумча программаларына атайын лекцияларды, курстарды жана интерактивдүү иш-чараларды киргизүү |
| Гендердик дискриминация жана зомбулук боюнча кошумча билим берүү программаларын киргизген билим берүү мекемелеринин саны | Бирд. | 2015-2017-ж.ж. IV кварталы | Мектеп, кесиптик лицейлердин/кесиптик окуу жайлардын окуучуларынын арасында маалыматтык-агартуу иш-чаралары системалык негизде жүргүзүлөт | БИМ, КТБА | БӨУ | ||
3.3.1.3. Республиканын бардык региондорунда никени расмий каттоосуз "ишке" диний ырым-жырымын жүргүзүүгө жол берилбегендиги жөнүндө калк жана диний лидерлер үчүн маалыматтык кампанияны жүргүзүү (9 "тегерек стол", ТВда 2 телеберүү, 4 радиоберүү, облустук ЖМК басылмаларда бирден публикация | БӨУ тажрыйбасы | Маалыматтык иш-чаралардын саны | Бирд. | 2015-ж. IV кварталы 2016-ж. II кварталы |
| ЭСӨМ, СМ, БИМ, ММТМ, этностор агенттиги; ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ДИМК (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), КР Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча), КМДБ (макулдашуу боюнча) | БӨУ | ||
3.3.1.4. Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси боюнча ЖМК кызматчылары үчүн беш күндүк тренинг өткөрүү жана медиа клубдун 2 жолугушуусун өткөрүү |
| Окутулган журналисттердин саны | Адам | 2016-2017-ж.ж. | Минимум 25 журналист окуудан өттү. Медиа клубдун 2 жолугушуусу өткөрүлдү | ЭСӨМ | БУУ Трасттык фонду | ||
IV. ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУДА ГЕНДЕРДИК ПАРИТЕТТИ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ ЖАНА АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ КАТЫШУУСУН КЕҢЕЙТҮҮ | |||||||||
4.1. максат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадр саясатына гендердик-сезгичтик принциптерин колдонууга киргизүү | |||||||||
4.1.1 | Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуунун атайын чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу (бир жыныстагы аламдар 70% көп эмес болууга тийиш) | 4.1.1.1. Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жана саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарда гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуунун атайын чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу |
| Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү тууралуу буйрук | Документ | 2016-ж. I кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, гендердик коомдук уюмдардын эксперттери камтылды | ЭСӨМ | Гендердик БӨУ |
4.1.1.2. Улуттук коомдук консультацияларды өткөрүү жана ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарын КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында кароо | Иш-чаралардын катышуучуларынын саны | Адам | 2016-ж. I кварталы | Коомдук талкуулоолордун сунуштары ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан эске алынат КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин сунуштары ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан эске алынат | ЭСӨМ | Гендердик БӨУ | |||
4.1.1.3. Атайын чараларды ишке киргизүү боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү |
| Иштелип чыккан ЧУА | Документ | 2016-ж. II-IV кварталы | ЧУА долбоорлору иштелип чыкты | ЭСӨМ | Гендердик БӨУ | ||
4.1.2 | Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуунун атайын чараларын колдонуу (бир жыныстагы адамдын 70% көп эмес) | 4.1.2.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда саясий, атайын кызмат орундарды канча аялдар жана канча эркектер ээлегендигине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү | 2014-ж. аягына карата статистикалык маалыматтар | Аялдардын жана эркектердин үлүшү: - саясий мамлекеттик кызмат орундарда; - саясий муниципалдык кызмат орундарда; - атайын мамлекеттик кызмат орундарда; - атайын муниципалдык кызмат орундарда | % | 2017-ж. | Бир жыныстагы адамдар 70% көп эмес деңгээлде ар кандай кызмат орундарда аялдардын жана эркектердин өкүлчүлүгү камсыз кылынат | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
|
4.2. максат. Аялдардын саясий катышуусун жана лидерлигин маалыматтык илгерилетүү | |||||||||
4.2.1 | Аялдардын саясий лидерлигин жана аялдардын коомдук өнүгүүгө катышуусун илгерилетүү боюнча маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 4.2.1.1. Аялдардын саясий лидерлигин жана аялдардын коомдук өнүгүүгө катышуусун илгерилетүүнүн маалыматтык стратегиясынын концепциясын бекитүү жана стратегияны ишке ашыруунун алкагында медиа продуктуларды өндүрүү планын иштеп чыгуу | ЭСӨМ тарабынан иштелип чыккан маалыматтык стратегиянын долбоору | Бекитилген концепциянын жана медиа продуктуларды өндүрүү планынын болушу | Документ | 2016-ж. I кварталы | Аялдардын саясий катышуусун жана лидерлигин илгерилетүү боюнча маалыматтык стратегиянын концепциясы бекитилген жана медиа продуктуларды өндүрүү планы иштелип чыккан | ЭСӨМ, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) | Эл аралык уюмдар, гендердик БӨУ |
4.2.1.2. Стратегияны ишке ашыруунун алкагында медиа продуктуларды өндүрүү планын ишке ашыруу |
| Медиа-продуктулардын саны | Бирд. | 2016-ж. I кварталы - 2017-ж. IV кварталы | Маалыматтык стратегияны ишке ашыруунун алкагында өндүрүлгөн медиа продуктулар үзгүлтүксүз ЖМКда жайгаштырылат | ЭСӨМ, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) | Эл аралык уюмдар, гендердик БӨУ | ||
4.2.1.3. Стратегияны ишке ашыруунун алкагында медиа продуктуларды өндүрүү планын ишке ашыруунун мониторинги |
| Мониторингдин жыйынтыктары боюнча отчеттордун болушу | Документ | 2016-ж. IV кварталы, 2017-ж. IV кварталы | Мониторинг туруктуу негизде ишке ашырылат, мониторингдин натыйжалары ЭСӨМ, ММТМ расмий сайттарында жарыяланат | ЭСӨМ, ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашчу боюнча) |
| ||
V. ЖӨНГӨ САЛУУЧУ САЯСАТ | |||||||||
5.1. максат. Башкаруунун бардык деңгээлдеринде гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук институционалдык механизмди өркүндөтүү | |||||||||
5.1.1 | Гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарды бекемдөө | 5.1.1.1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишине гендердик маселелер боюнча иш милдеттерди бекитүү жөнүндө ЧУА долбоорун иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизүү | Колдонулуудагы УИМ, колдонуудагы ЧУБ, УИМ функционалдык талдоосу | Башкаруунун жаңыланган түзүмү. | Документ | 2016-ж. I кварталы | Жетекчилердин деңгээлинде гендердик саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын/ЖӨБО ишин координациялоо үчүн жоопкерчилик бекитилген (мисалы, статс-катчылар). Аткаруучулардын деңгээлинде гендердик маселелер боюнча жооптуулардын өз алдынча штаттык бирдиктери аныкталган. Гендердик маселелер стратегиялык пландоо жана адам ресурстарын башкарууга талдоо жүргүзүү, укуктук камсыздоо, маалыматтык камсыздоо боюнча адистердин (мисалы, (басма сөз кызматы) иш милдеттерине киргизилген | ЭСӨМ, МКК (макулдашуу боюнча), этностор агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
|
Гендердик маселелер боюнча иш милдеттерди камтыган мамлекеттик органдардын, ЖӨБО жоболору | |||||||||
5.1.1.2. Белгиленген тартипте КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнуктуруү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган ЧУА долбоорун макулдашуу жанп пмы КР Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү |
| Түзүмдөрдүн отчеттору | Документ | 2016-ж. I кварталы | ЭСӨМ, этностор агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, КР ЫУӨ аппараты, Бишкек ш. жана Ош ш. мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| |||
5.1.2 | Ишке кабыл алууда жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматта алдыга жылдырууда гендердик компетенциянын критерийин аныктоо | 5.1.2.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тиешелүү кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптардын ведомстволук тизмесине гендердик компетенция боюнча критерийди киргизүү |
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациялык талаптар тизмесин өзгөртүү | Документ | 2016-ж. | Гендердик компетенция - мамлекеттик жана муниципалдык кызматка адистерди кабыл алуудагы жана алдыга жылдыруудагы милдеттүү шарт | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
|
5.1.3 | Гендердик өлчөөнү көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга киргизүү | 5.1.3.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын иштеп чыгууда гендердик аспектилерди эсепке алуунун методологиясын жактыруу жана колдонуу | КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын иштеп чыгууда жана экспертизалоодо гендердик өлчөөнү эсепке алуу боюнча 2014-ж. методикалык сунуштары | Гендердик аспектилерди эсепке алуу боюнча методологиялык сунуштар | Документ | 2016-ж. I кварталы | Методология иштелип чыккан жана жактырылган | этностор агенттиги, ЭСӨМ |
|
Гендердик аспектилерди эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын стандарттарынын саны | Бирд. | 2016-ж. - 2017-ж. IV кварталы | Кызмат көрсөтүүнүн стандарттары гендердик аспектилерди камтыйт | ||||||
5.2. максат. Гендердик саясатты ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук базаны жана укуктарды колдонуу практикасын өркүндөтүү | |||||||||
5.2.1 | Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча КР эл аралык милдеттенмелерин имплементациялоо | 5.2.1.1. Улуттук мыйзамдардын гендердик теңчилик жаатында эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине, анын ичинде АДЖК сунуштарына ылайык келүү предметине инвентаризациялоо | ЧУАларды эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүү тажрыйбасы | Инвентаризациялоо тууралуу корутунду | Документ (Бирд.) | 2016-ж. I кварталы | КР эл аралык жана улуттук милдеттенмелеринде гендердик теңчилик жаатындагы ажырымдар аныкталган | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор |
|
5.2.1.2. КР эл аралык милдеттенмелери менен улуттук милдеттенмелерди шайкеш келтирүү жана синхронизациялоо максатында ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу | ЧУА пакети |
| 2016-ж. I-II кварталы | КР Өкмөтү жана КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алууга тийиш болгон ЧУА пакети иштелип чыккан | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор |
| |||
5.3. максат. Улуттук гендердик статистиканы стандартташтыруу жана көрсөткүчтөрдү эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирүү | |||||||||
5.3.1 | Өнүгүүнүн стратегияларын жана мамлекеттик программаларын пландоо, аларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү үчүн гендердик индикаторлорду түзүү жана колдонуу | 5.3.1.1. Өнүгүүнү талдоо, болжолдоо, ага мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасында гендердик индикаторлорду иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү | Иш-аракеттердин Пекин платформасын, миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарын аткаруунун шайкеш келтирилген индикаторлору | Өнүгүүнүн сунуш кылынган гендердик индикаторлорунун тизмеси | Документ | 2016-ж. I кварталы | Гендердик индикаторлордун топтому түзүлгөн жана саясаттын бардык этаптарында колдонууга даяр | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор, УСК (макулдашуу боюнча) |
|
5.3.1.2. "КР аялдары жана эркектери" статистикалык жыйнагын жыл сайын басып чыгаруу |
|
|
| 2015-2017-ж.ж. |
| УСК (макулдашуу боюнча) | ЮНФПА | ||
5.3.2 | Мамлекеттик статистиканын гендердик теңчилик жаатында эл аралык милдеттенмелерге ылайык келишин камсыз кылуу | 5.3.2.1. Эл аралык стандарттардын жана улуттук статистиканын ортосундагы ылайык келүүгө жана ажырымдарга талдоо жүргүзүү | Европалык комиссиянын эл аралык стандарттары | Салыштырмалуу талдоо тууралуу отчет | Документ | 2016-ж. I кварталы | Өнүгүү боюнча улуттук статистикалык маалыматтар жана көрсөткүчтөр башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө дал келет | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
|
5.3.2.2. Статистикалык маалыматтардын эл аралык стандарттарга ылайык келиши жана жаңы көрсөткүчтөрдү/статистикалык маалыматтарды киргизүү жөнүндө ЧУА долбоорун даярдоо жана бул маселени андан ары КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик теңчилик боюнча улуттук кеңештин жыйынына киргизүү | Эл аралык стандарттардын жана улуттук статистиканын ортосундагы ылайык келүүгө жана ажырымдарга талдоо жүргүзүү | КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик теңчилик боюнча улуттук кеңештин чечими | Документ | 2016-ж. I кварталы | Статистиканын көрсөткүчтөрү өнүгүүнүн процесстерин, көрсөткүчтөрдүн динамикасын сыпаттоого жана талдоого мүмкүндүк берет | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча), КР Өкмөтүнө караштуу Гендердик теңчилик боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрү |
| ||
5.3.2.3. Колдонуудагы статистикалык маалыматтардын эл аралык стандарттарга ылайык келиши жана жаңы көрсөткүчтөрдү киргизүү жөнүндө ЧУА долбоорун макулдашуу |
| Статистиканын жаңы көрсөткүчтөрү. | Документ | 2016-ж. I-II кварталы | ЭСӨМ, УСК (макулдашуу боюнча) |
| |||
Статистиканын түзөтүлгөн көрсөткүчтөрү. Статистиканын мурдагы көрсөткүчтөрү. | Бирд. |
| |||||||
Статистикалык иштердин планы | Документ | 2016-ж. II-III кварталы | |||||||
Кыскартуулардын тизмеси:
АӨБ |
| Азия Өнүктүрүү банкы |
КРП МБА |
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
МФУА |
| Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы |
КРӨ ЫУӨ Аппараты |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты |
КТБА |
| Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги |
РДА |
| Репродуктивдүү ден соолук альянсы |
КБА |
| Кризистик борборлордун ассоциациясы |
ЖЖЖО |
| Жыныстык жол менен жугуучу оорулар |
ДБ |
| Дүйнөлүк банк |
ЖС |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
этностор агенттиги |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
МБА |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
ЭТКМИ |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
МКК |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы |
МКИК |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети |
ДИМК |
| Кыргыз Республикасынын Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиясы |
КР БП |
| Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
МЧК |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
ЖАМК |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы |
МБУ |
| Мектепке чейинки билим берүү уюмдары |
КМДБ |
| Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы |
ИЧ |
| "Инновациялык чечим" коомдук уюму |
КММА |
| И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы |
ЖДК |
| Жаштарга достошкон кабинеттер |
АДЖК |
| Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУ Конвенциясы |
ҮЗАК |
| Үй-бүлөдө зомбулуктун алдын алуу комитети |
АУКК |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңеши |
КММКДжКЖИ |
| Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту |
КР |
| Кыргыз Республикасы |
ДМЧА |
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар |
ИИМ |
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЖМА |
| жергиликтүү мамлекеттик администрация |
СМ |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ММТМ |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ |
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МЭУ |
| Миграция боюнча эл аралык уюм |
ЧОБ |
| чакан жана орто бизнес |
ЭСӨМ |
| Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
ӨКМ |
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭМ |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЮМ |
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
КРУБ |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
СИУИ |
| Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөрдүн улуттук институту |
УИМ |
| Гендердик теңчиликтин камсыз кылуу боюнча улуттук институционалдык механизм |
ЧУБ |
| Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасы |
УИП |
| Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы |
ЧУА |
| Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары |
БӨУ |
| Бейөкмөт уюм |
УСК |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети |
ЕККУ |
| Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм |
ЖӨБО |
| Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КТРК |
| Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
КЛ |
| Кесиптик лицейлер |
БУУӨП |
| БУУ Өнүгүү программасы |
АИӨ |
| Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү |
РД |
| Репродуктивдүү ден соолук |
ДЧРК |
| Ден соолукту чыңдоонун райондук кабинеттери |
ДЧРБ |
| Ден соолукту чыңдоонун республикалык борбору |
СД |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти |
АДК |
| Айылдык ден соолук комитеттери |
КР КЖК |
| Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жата кодекси |
Окуу борбору |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу судьялардын окуу борбору |
ФКМ |
| Финансы-кредиттик мекеме |
КПФ |
| Кыргызстандын профсоюздар федерациясы |
ҮМБ |
| Үй-бүлөлүк медицина борбору |
ЮНИСЕФ |
| БУУ Балдар фонду |
ЮНФПА |
| БУУ Калк жайгаштыруу фонду |
SDC |
| Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцариялык башкаруу |
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 443
2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 , 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы (мындан ары - Улуттук стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
-(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 537 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы (мындан ары - Иш-аракеттердин улуттук планы) 6-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Улуттук стратегиянын иш-чараларын жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууну тиешелүү жылга бекитилген бюджеттердин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүшсүн;
- жарандык коомдун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан учурда Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине ушул министрлик тарабынан бекитилген форма боюнча Улуттук стратегиянын жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги:
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун жүрүшү женүндө жалпыланган отчет берип турсун;
- Улуттук стратегияны жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашырууга жыл сайын мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча зарыл учурда Улуттук стратегияга жана Иш-аракеттердин улуттук планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин;
- ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчет белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кароо үчүн берилип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
4-тиркеме
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук пландын чараларын/иш-аракеттерин ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жыйынтыктарынын отчеттуулук ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 786 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин УЛУТТУК ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 537 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6-тиркеме
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин УЛУТТУК ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Баштапкы маалыматтар | Индикатор | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | ||||||||
1.1-максат. Аялдардын татыктуу эмгектенүүсүн камсыздоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү | ||||||||
1 | Эмгек маселелерин жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу | 1.1. Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштырууну оордоткон себептерди аныктоо боюнча (региондор боюнча) изилдөө жүргүзүү, анын ичинен төмөнкүлөргө керектөөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо: - балдар бакчаларында жана башталгыч мектептерде узартылган күн топторун түзүүгө; - балдар бакчаларында кошумча орундарга | Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштырууга шарттарды жакшыртуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы зарыл болгон кошумча орундардын саны жөнүндө маалыматтар жок | Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча отчет | 2019-жылдын ичинде | Балдар бакчаларындагы узартылган күн топторуна жана кошумча орундарга болгон керектөөлөр аныкталды. Маселени чечүү үчүн сунуштар берилди | БИМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
1.2. Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштырууну оордоткон себептерди аныктоо боюнча (региондор боюнча) изилдөө жүргүзүү, анын ичинен төмөнкүлөргө керектөөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо: - балдар бакчаларында жана башталгыч мектептерде узартылган күн топторун түзүүгө; - балдар бакчаларында кошумча орундарга | Эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерди айкалыштырууга шарттарды жакшыртуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы зарыл болгон кошумча орундардын саны жөнүндө маалыматтар жок | Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча отчет | 2019-жылдын ичинде | Балдар бакчаларындагы узартылган күн топторуна жана кошумча орундарга болгон керектөөлөр аныкталды. Маселени чечүү үчүн сунуштар берилди | БИМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
1.3. Балдар бакчаларында жана башталгыч мектептерде узартылган күн топторун/балдар бакчаларында кошумча орундарды түзүү аркылуу эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерди натыйжалуу айкалыштыруу үчүн изилдөөнүн жыйынтыктарына негизделген механизмди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | Колдонулган механизмдер жок | Механизм иштелип чыкты | 2019-жылдын 2-жарым жылдыгы | Иштеген аялдар жумуш менен үй-бүлөлүк милдеттерин натыйжалуу айкалыштыра алышат | ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, Бишкек шарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
2 | Эмгек шарттарынын жана эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик-сезгич маселелери боюнча кызматкерлердин, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу | 2.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн эмгек мамилелерин жөнгө салуучу эмгек мыйзамдары боюнча үзгүлтүксүз окутуу курстарын өткөрүү | Кызматчылар гендердик-сезгич маселелер боюнча жетишсиз маалымдалган | Окулган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны (жынысы боюнча өз-өзүнчө, бир жылда) | 2019-2020-жылдар | Гендердик аспекттерди эске алуучу билим берүү программасы иштелип чыкты жана МКК менен макулдашылды. Окутуу туруктуу негизде өткөрүлүүдө | ЭСӨМ, Экотехинспекция, макулда-шуу боюнча: КРПМБА, КПФ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
2.2. Кызматкерлер менен жумуш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө гендердик өзгөчө маалыматтык роликтерди (анын ичинде өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн базасында болгон) ЖМКларда жайгаштыруу | Калктын көпчүлүк бөлүгү формалдуу эмес сектордо иштейт жана кызматкерлер менен жумуш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдалган эмес
| Жайгаштырылган роликтердин саны (бир жылда); Роликтер жайгаштырылган ЖМКлардын жана интернет сайттардын саны (бир жылда)
| 2018-2020-жылдар | Роликтер ЖМКларда жана интернетте (социалдык тармактар, мамлекеттик органдардын сайттары) жайгаштырылды. Кызматкерлер менен жумуш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтар жарандар үчүн жетимдүү | ММТМ, ЭСӨМ, КПФ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
1.2-максат. Аялдарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү | ||||||||
3 | Аялдардын жана эркектердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү | 3.1. Аялдарга жана эркектерге финансылык сабаттуулук маселелери боюнча; консультациялык колдоо көрсөтүү жана окутуу | Жарым жылдык негизде отчет | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны; Иш-чараларга катышкан адамдардын саны | 2018-2020-жылдар | Аялдардын жана эркектердин финансы ресурстарын башкаруу боюнча билими бар | КРУБ (макулда-шуу боюнча | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
3.2. Калкты финансылык сабаттуулук жөнүндө көз карандысыз жана сапаттуу маалымат менен камсыздоо | 2018-2020-жылдар | Финансылык кызматтардын керектөөчүсү катары эркектердин жана аялдардын укуктарын коргоо жакшырды | КРУБ (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||||
4 | Эмгекке тартуу аркылуу эмгекке жарамдуу курактагы экономикалык активдүү эмес аялдардын санынын азайышына көмөктөшүү | 4.1. Ишкерликтин негиздери боюнча окуу модулдарын (бизнести ачуу, жүргүзүү, бизнести пландоо көндүмдөрү) иштеп чыгуу жана жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарына, кесиптик лицейлерге колледждерге киргизүү | Жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик лицейлерде, колледждерде ишкерликтин негиздери окутулбайт | Модулдар киргизилген окуу жайлардын саны | 2018-2020-жылдар | Окуучулар бизнести ачуу жана жүргүзүү боюнча негизги билимди алышат | БИМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
4.2. Ишкерликтин негиздери боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик лицейлердин жана колледждердин окутуучулары үчүн методикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | Методикалык колдонмолор жок | Методикалык колдонмолор иштелип чыкты | 2019-жылдын 2-жарым жылдыгы | Модулдар киргизилүүчү окуу жайлар методикалык материал алышат | БИМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
4.3. Ишкерликтин негиздери боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик лицейлердин жана колледждердин окутуучулары үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү |
| Окутулган окутуучулардын саны | 2019-жылдын 2-жарым жылдыгы | Окуу жайлардын окутуучулары ишкерликке окутуу боюнча көндүмдөрдү алышат | БИМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
4.4. Жергиликтүү деңгээлде эмгекке жарамдуу курактагы экономикалык жактан активдүү эмес калк үчүн кесиптик багыт берүү жана мотивациялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу (кесиптик багыт берүүчү компанияларга мамлекеттик заказ) | Экономикалык жактан активдүү калктын 68%ы аялдар, анын ичинен 72,2% кесиби/адистиги жок | Кесиптик багыт алуудан өткөн аялдардын саны | 2019-2020-жылдар | Экономикалык жактан активдүү эмес аялдар ишке тартылат | ЭСӨМ, БИМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
4.5. Телекөрсөтүүлөрдө жана интернетте эмгек жана иш менен камсыз болуу маселелеринде аялдар менен эркектердин теңдигин түшүнүүнү көрсөткөн роликтерди көрсөтүү | Коомдо, өзгөчө айыл жергесинде аялдар үй-бүлөнүн коломтосун сактоого тийиш деген гендердик стереотиптер өнүккөн | Көрсөтүлгөн роликтердин саны (анын ичинде облустук каналдарда); роликтер жайгаштырылган ЖМК жана интернет-сайттардын саны | 2018-2020-жылдар | Аялдардын иш менен камсыз болушуна жана кесип тандоого тийиштүү гендердик стереотиптердин таасиринин азайышы | ММТМ, ЭСӨМ, БУУӨП (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
4.6. Облустарда иштеп жаткан кол өнөрчүлүк кооперативдеринин базасында кол өнөрчүлүк борборлорун уюштуруу жана аларды мамлекеттик же муниципалдык колдоого алуу | Кол өнөрчүлөргө мамлекеттин колдоосу жетишсиз | Түзүлгөн кол өнөрчүлүк борборлорунун саны | 2018-2020-жылдар | Кол өнөрчүлүк борборлору аркылуу аялдардын иш менен камсыз болушу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу | ММТМ, ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
4.7. Аялдарды киреше алып келүүчү долбоорлорго тартуу, агротехнологияларга, кошумча нарк жана тамактануу маселелерине окутуу | Киреше алып келүүчү кайсыл иш болбосун аялдардын орношуусу сейрек кездешет | Социалдык өнүктүрүүнүн активдүү чаралары боюнча долбоорлорго катышкан аялдардын саны | 2018-2020-жылдар | 1500дөн кем эмес аял социалдык өнүктүрүүнүн активдүү чаралары боюнча долбоорлорго катышты | ЭСӨМ, БУУ ДАП, ФАО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
5 | Аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүү | 5.1. Айыл тургундары өндүргөн продукцияларды сатууга жардам көрсөтүү үчүн иштеп жаткан социалдык долбоорлорду ишке ашырышкан бизнес коомчулугу менен кызматташууну уюштуруу жана маалыматтарды http://www.discoverkyrgyzstan.org/ порталында жайгаштыруу | Жеке менчик социалдык бизнес-долбоорлору бар. Айылдык аялдар аз камтылган | Сатылган буюмдардын саны. Катышуучулардын саны | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Айыл тургундарында, айрыкча аялдарда иштеп акча табуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот | ЭСӨМ, ЭМ, ММТМ, БУУӨП (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
5.2. Ишкер аялдардын/жаш ишкерлердин потенциалын жогорулатуу жана бизнес-идеяларга конкурс өткөрүү аркылуу аларга максаттуу колдоо көрсөтүү |
| Колдоого алынган бизнес идеялар | 2018-2020-жылдар | Ишкер аялдардын бизнес-идеялары колдоого алынды. Ишкер аялдардын потенциалы жогорулатылды | ЭСӨМ, БУУ ӨП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
5.3. Эки максаттуу аудиторияга (потенциалдуу сатып алуучулар жана катышуучу-сатуучулар) багытталган интернет-дүкөндү жарнамалоо боюнча маалыматтык кампанияны жүргүзүү | Иштеп жаткан социалдык долбоорлор көп белгилүү эмес жана айылдык аялдарга жетишсиз | Жайгаштырылган баннерлердин жана роликтердин саны | 2018-2020-жылдар | Роликтер телекөрсөтүүдө көрсөтүлөт, баннерлер мамлекеттик органдардын сайттарында. Потенциалдуу катышуучу-сатуучулар үчүн буклеттер | ЭСӨМ, ММТМ, ЖӨБО (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
2-глава. Функциялык билим берүү системасын өнүктүрүү | ||||||||
2.1-максат. Пилоттук аймактарда сабаттуу ата-эне чөйрөсүндөгү функциялык билим берүү системасын өнүктүрүү | ||||||||
6 | Ата-энелер-балдар ресурстук борборлору долбоорлорунун тажрыйбаларын андан ары жайылтуу жана алар аркылуу жоопкерчиликтүү ата-эне жана балдарды өнүктүрүү маселелери боюнча жаңы методикалык иштеп чыгууларды жана маалыматтык материалдарды илгерилетүү | 6.1.Республиканын региондорунда жоопкерчиликтүү ата-эне жана балдарды өнүктүрүү маселелери боюнча 6 семинар өткөрүү | Жалпыланган тажрыйба, долбоорлор боюнча маалыматтык жана тренингдик материалдар | Семинарлардын саны; иш-чараларга тартылган борборлордун кызматкерлеринин саны | 2018-2020-жылдар | Долбоорлордун тажрыйбалары региондордо жайылтылды | ССМ, БИМ, макулдашуу боюнча: ЖМА, ДЧРБ, АДК, ЖӨБО ЮНИСЕФ, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
6.2.Тажрыйба алмашуу жана мүмкүн болгон кооперацияны пландоо үчүн ушул чөйрөдө иштеген активисттердин 4 жолугушуусун өткөрүү | Тажрыйбанын жана иштеп жаткан борборлордун болушу | Жолугушуулардын саны; катышуучулардын саны | 2018-2020-жылдар | Борборлордун ишинин сапаты жакшырды | ССМ, БИМ, макулда-шуу боюнча: ЖМА, АДК, ЖӨБО ЮНИСЕФ, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
7 | "Жоопкерчиликтүү аталык" программасынын тажрыйбасын жайылтуу | 7.1. Айыл жеринде эркектер үчүн 12 семинар өткөрүү | Материалдар, тажрыйба жана иштеп жаткан борборлор жок | Катышуучулардын саны | 2018-2020-жылдар | Окутуудан өткөн эркектердин саны көбөйдү | ССМ, БИМ, макулдашуу боюнча: АДК, ЖӨБО ЮНИСЕФ, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
2.2-максат. Пилоттук аймактарда репродуктивдүү ден соолук жаатындагы функциялык билим берүү системасын түзүү | ||||||||
8 | Өспүрүмдөр арасында репродуктивдүү ден соолук чөйрөсүндөгү базалык билимдерди андан ары жайылтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу | 8.1. Иштеп жаткан өспүрүмдөр кабинеттеринин базасында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана фельдшердик-акушердик пункттардын медицина кызматкерлери үчүн 6 семинар өткөрүү | Өспүрүмдөр үчүн иштеп жаткан кабинеттер, окутулган персонал | Семинарлардын саны; катышуучулардын саны | 2018-2020-жылдар | Достук медициналык жардамды алуучу өспүрүмдөрдүн саны көбөйдү | ССМ, макулда-шуу боюнча: АДК ЮНИСЕФ ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
9 | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында мөөнөттүү кызмат өтөп жаткандардын арасында репродуктивдүү ден соолук жөнүндө базалык билимдерди андан ары жайылтуу | 9.1. Аскер медиктери менен андан ары иштөө үчүн фельдшерлердин аскер дарыгерлери жана фельдшерлер үчүн бир күндүк тренинг өткөрүү | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги менен иштөө тажрыйбасы | Тренингдин катышуучуларынын саны | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Аскер дарыгерлери жана фельдшерлер мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын окутуу үчүн зарыл болгон билимге жана көндүмгө ээ болушту | КК ГШ (макулда-шуу боюнча), Коргоо комитети, ССМ, ЮНФПА, РДА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
9.2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн пилоттук бөлүнүштөрүндө тренер-офицерлердин күчү менен тренингдерди (бир жылда 2 тренинг) өткөрүү | Офицерлердин арасында даярдыктан өткөн тренерлер | Тренингдердин саны; окутуудан өткөн жоокерлердин саны | 2019-2020-жылдар | Аскер кызматчылары репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча билимге ээ; жаштардын арасында репродуктивдүү ден соолуктун деңгээли жогорулатылды | КК ГШ (макулда-шуу боюнча), Коргоо комитети | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
9.3. Ведомстволук ЖМКларда (газеталар жана журналдар) жайгаштыруу үчүн репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча медиа материалдарды даярдоо | Материалдардын болушу | Жарыяланган материалдардын саны | 2018-2020-жылдар | Аскер кызматчылары репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча маалыматтарга жете алышат | Коргоо комитети ССМ, макулдашуу боюнча: КК ГШ, РДА, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
10 | Айыл жериндеги эркектердин арасында репродуктивдүү ден соолук жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу системасын түзүү | 10.1. Эки пилоттук регионду тандоо боюнча консультацияларды жүргүзүү | Айыл жериндеги эркектердин репродуктивдүү ден соолугун жакшыртуунун зарылчылыгы | Консультациялык жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча протокол | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Пилоттук региондор аныкталды | ССМ, макулда-шуу боюнча: Коргоо комитети, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
10.2. Медиктер, диний лидерлер жана калк үчүн маалыматтык жана тренингдик материалдарды даярдоо | Тренингдер жана калкты маалымдоо үчүн иштелип чыккан материалдардын болушу | Тренингдик жана маалыматтык материалдардын топтому | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Тренингдик жана маалыматтык материалдардын топтому таркатууга даяр | ССМ, макулдашуу боюнча: ДИМК, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
10.3. Пилоттук региондордун ар биринде маалыматтык жана консультациялык иштердин принциптерин түшүндүрүү үчүн бир күндүк 2 семинар өткөрүү | Маалыматтык жана тренингдик материалдардын топтомунун болушу | Семинарлардын саны; окутуудан өткөндөрдүн саны | 2019-2020-жылдар | Медицина кызматкерлери, диний лидерлер жана АДК мүчөлөрү окутулду | ССМ макулдашуу боюнча: ДИМК ЮНФПА, РДА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
11 | Диний окуу жайлардын окуучуларынын арасында репродуктивдүү ден соолук жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу | 11.1. Медреседе иштеген окутуучулар жана диний лидерлер үчүн маалыматтык жана тренингдик материалдарды даярдоо | Эксперттердин болушу | Даярдалган материалдар | 2018-2019-жылдар | Тренингдик материалдар иштелип чыкты | ССМ, макулдашуу боюнча: ДИМК БУУӨП, БУУ-Аялдар | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
11.2. Пилоттук окуу жайлардын ар биринде маалыматтык жана консультациялык иштердин принциптерин түшүндүрүү үчүн бир күндүк 2 семинар өткөрүү | Материалдардын болушу | Жолугушуулардын; катышуучулардын саны | 2019-2020-жылдар | Окуган эркек балдардын репродуктивдүү ден соолук жөнүндө билими жогорулады | ССМ, макулда-шуу боюнча: ДИМК БУУӨП, БУУ-Аялдар | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
2.3-максат Пилоттук аймактарда гендердик теңчилик жаатындагы функциялык билим берүү системасын түзүү | ||||||||
12. | Пилоттук жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлинде гендердик теңчилик, аялдар лидерлиги, гендердик бюджеттөө темасында тренингдерди өткөрүү боюнча ишти уюштуруу | 12.1. Пилоттук коомдоштуктарды тандоо | Айрым региондордо иштөө тажрыйбасынын жана маалыматтар базасынан маалыматтардын болушу | Пилоттук региондордун тизмеси | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Пилоттук коомдоштуктар аныкталды | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭМУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
12.2. Пилоттук региондордо ЖӨБО кызматкерлери жана жергиликтүү активисттер менен эки күндүк 4 тренинг өткөрүү | Региондордун ишке даярдыгы | Семинарлардын саны; окутуудан өткөн адамдардын саны | 2019-2020-жылдар | Пилоттук региондордо гендердик саясат маселелери боюнча маалымдуулук-тун деңгээли жогорулоодо; жер-жерлерде аял-лидерлердин саны өсүүдө | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, макулдашуу боюнча: пилоттук аймактардагы ЖӨБО, ЭМУ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
13 | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарындагы мөөнөттүү кызматтын кызматчыларынын арасында гендердик теңчилик, гендердик зомбулуктун алдын алуу, кыз ала качуу жана эрте никелешүү жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу | 13.1. Бул тематика боюнча аскер кызматчылары менен иштөө боюнча офицерлер үчүн эки күндүк тренинг өткөрүү | КК ГШ жетекчилиги менен иштөө тажрыйбасы | Офицерлердин арасында даярдыктан өткөн тренерлердин саны | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Даярдыктан өткөн тренер офицерлер | КК ГШ (макулда-шуу боюнча), Коргоо комитети, ЭСӨМ БУУӨП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
13.2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн пилоттук бөлүнүштөрүндө тренер-офицерлердин күчү менен тренингдерди (бир жылда 2 тренинг) өткөрүү | Офицерлердин арасында даярдыктан өткөн тренерлер | Тренингдердин саны; окутуудан өткөн жоокерлердин саны | 2019-2020-жылдар | Бул тематика боюнча аскер кызматчыларынын маалымдуулук деңгээли жогорулады | Макулдашуу боюнча: КК ГШ, Коргоо комитети | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
13.3. Ведомстволук ЖМКларда (газеталар жана журналдар) жайгаштыруу үчүн гендердик теңчилик маселелери боюнча медиа материалдарды даярдоо | Материалдардын болушу | Жарыяланган материалдардын саны | 2019-2020-жылдар | Аскер кызматчылары гендердик теңчилик маселелери боюнча маалыматка жете алышат | Макулдашуу боюнча: КК ГШ, Коргоо комитети | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
14 | Диний окуу жайлардын окуучуларынын арасында гендердик теңчилик жана никеге эрте турууга жол бербөө жөнүндө базалык билимдерди жайылтуу | 14.1. Медреселерде иштеген окутуучулар жана диний лидерлер үчүн маалыматтык жана тренингдик материалдарды даярдоо | Эксперттердин болушу | Даярдалган материалдар | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Зарыл болгон маалыматтык жана методикалык материалдар даярдалды | Макулдашуу боюнча: ДИМК, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
14.2. Пилоттук окуу жайларда маалыматтык жана консультациялык иштердин принциптерин түшүндүрүү үчүн бир күндүк 2 семинар өткөрүү | Материалдардын болушу | Гендердик теңчилик боюнча лидерлер жана активисттер | 2019-2020-жылдар | Окутуучулар жана диний лидерлер гендердик теңчилик жана эрте никелешүүгө жол бербөө жөнүндө базалык билимдерди жайылтууга даярдалды | ДИМК (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
3-глава. Басмырлоону жоюу жана сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү | ||||||||
3.1. максат. Гендердик басмырлоо жана гендердик зомбулук учурларында сот адилеттигине жетүүнүн укуктук жана институттук механизмдерин чыңдоо | ||||||||
15 | Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) гендердик басмырлоонун жана гендердик зомбулуктун алдын алуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 15.1. Пилоттук министрликтерде (ӨКМ, МКК, ССМ) эмгек жана кызматтык мамилелердеги басмырлоочу практикаларды аныктоо максатында гендердик саясаттын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин-деги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги кадр саясатын гендердик талдоонун практикасы | Мониторингдин жыйынтыктары боюнча отчет | 2019-жыл | Колдонуудагы мыйзамдарга жана ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана эмгек жана кызматтык мамилелер чөйрөсүндөгү гендердик басмырлоо жана зомбулук үчүн жазык жоопкерчилиги үчүн сунуштар иштелип чыкты | ЭСӨМ, ӨКМ, ССМ, МКК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
15.2. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) мониторингдин жыйынтыгы боюнча сунуштардын негизинде гендердик басмырлоо, зомбулук үчүн жоопкерчиликти караган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | ЧУА иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү тажрыйбасы | Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук документ | 2020-жылдын 1-жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, ӨКМ, Экотехинспекция, макулдашуу боюнча: МКК, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени), КПФ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
15.3. Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, анын ичинде аялдардын эмгек укуктарын камсыздоо, эмгек жана кызматтык мамилелер чөйрөсүндө сексуалдык асылуулардан коргоо проблемаларын кошкондо, гендердик басмырлоону, зомбулукту жоюу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу |
| ЧУА долбоорлору | 2019-2020-жылдар | Сексуалдык асылуулар үчүн жоопкерчилик жөнүндө ченемди киргизүү; эмгек мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ЧУА долбоорлору иштелип чыкты | ЭСӨМ, Экотехинспекция, ИИМ, ССМ, ӨКМ макулдашуу боюнча: МКК, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени), КПФ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
16 | Ички иштер органдары жана сот органдары тарабынан аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулук боюнча укук ченемдеринин басмырлабоо жана адам укуктарын сактоо принциптерине ылайык туура жана бирдей мүнөздө колдонулушуна көмөктөшүү | 16.1. 2015-2017-жылдар аралыгында аялдарга карата гендердик жактан шартталган кылмыштар боюнча ички иштер органдарынын тергөө практикасына талдоо жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 129, 130, 132, 133, 153, 154, 155, 155-1-беренелери) | Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулук боюнча сот практикасына талдоо жүргүзүүнүн жана жалпылоонун жыйынтыктары | Талдоонун жыйынтыктары боюнча отчет | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Талдоонун негизинде ички иштер органдарын тергөө кызматынын кызматкерлери үчүн сунуштар иштелип чыкты. Сунуштар гендердик жактан шартталган кылмыштардан жабыр тарткандар менен иштөө боюнча бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга негиз болот | ИИМ, макулдашуу боюнча: ЮНФПА, БУУ НКБ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
16.2. Ички иштер органдарынын гендердик жактан шартталган кылмыштардан жабыркагандар менен купуялуулук жана коопсуздук принциптерине ылайык иштерди жүргүзүү шарттарына карата талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү |
| Ичи иштер органдарынын гендердик жактан шартталган кылмыштардан жабыр тарткандар менен иштөөсү үчүн эскертме | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Жабыркагандар менен иштөө үчүн эскертме киргизилди (гендердик жактан шартталган кылмыштардан жабыр тарткандардын талаптарына багытталган кызматтык жайлар) | ИИМ, макулдашуу боюнча: ЮНФПА, БУУ НКБ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
16.3. Ички иштер органдарынын тергөө кызматы үчүн гендерлик жактан шартталган кылмыштарды изилдөөдө аялдар жана балдар менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө практикалык колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү, тергөө кызматынын кызматкерлерин окутуу | Ички иштер органдарынын тергөө кызматынын кызматкерлери үчүн эл аралык практикага негизделген жана басмырлабоо принциптерине шайкеш келген сунуштар | Колдонмо | 2018-2019-жылдар | Тергөө кызматынын 25тен кем эмес кызматкери окутулду жана колдонмо менен камсыздалды | ИИМ, макулдашуу боюнча: ЮНФПА, БУУ НКБ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
16.4. Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча сот практикасына талдоо жүргүзүүнүн жана жалпылоонун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумуна алып чыгуу | Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча сот практикасына талдоо жүргүзүүнүн жана жалпылоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар | Укук ченемдерин бирдей мүнөздө колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун чечими | 2018-2019-жылдар | Судьялар аялдарга жана кыздарга карата кылмыштарды кароодо укук ченемдерин бирдей мүнөздө колдонушат | КР ЖС (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
16.5. Адамдарды сатуу, анын ичинде сексуалдык жактан колдонууга сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча сот практикасын жалпылоо жана бул категориядагы иштерди кароо боюнча сот органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | Аялдарга карата кылмыштар боюнча сот практикасын жалпылоо | Адамдарды сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча укук ченемдерин бирдей мүнөздө колдонуу үчүн сунуштар | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Адамдарды сатуу, анын ичинде сексуалдык жактан колдонууга сатуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча укук ченемдерин бирдей мүнөздө колдонуу үчүн сунуштар иштелип чыкты | Макулда-шуу боюнча: КР ЖС, БУУ НКБ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
17 | Жергиликтүү коомдоштуктардын деңгээлиндеги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча комитеттердин ишин уюштуруу | 17.1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттердин иштөө тартибин иштеп чыгуу | Пилоттук комитеттердин иштөө практикасы бар | Документ | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Жергиликтүү комитеттерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
17.2. Облустук деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү, иштөөсү, аларды координациялоо жана өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында координациялык кеңештердин практикасы бар | Облустук иш-чаралар планы | 2019-жыл | Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жүзөгө ашыруу боюнча облустук пландар комитеттерди өнүктүрүү боюнча чараларды камтыйт | КРӨнүн облустар-дагы ЫУӨ, ЖМА, ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде | ||
17.3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча ЖӨБО алдында жергиликтүү комитеттерди түзүү жана иш пландарын иштеп чыгуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнүн кызматкерлери жана жергиликтүү активисттер менен эки күндүк семинарларды өткөрүү |
| Семинарлардын саны; окутуудан өткөндөрдүн саны | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Ар бир облуста 20дан кем эмес ЖӨБО кызматкери окутулду | ЭСӨМ, КРӨнүн облустар-дагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде | ||
17.4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттердин иштерине мониторинг жүргүзүү |
| Мониторинг жүргүзүү боюнча отчет | 2020-жыл | Жергиликтүү комитеттердин иштерин өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты | КРӨнүн облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде | ||
18 | Гендерлик зомбулук, катаал мамиле кылуу, кыйноо жана зомбулуктун башка учурларынын, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аныктоо, чара көрүү, медициналык, социалдык, юридикалык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жана координациялоонун туруктуу системасын ишке киргизүү | 18.1. Бардык субъекттердин өз ара аракеттенүүсүн жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселелерин камтыган, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жана сактоо тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларынын тажрыйбасы. Зомбулук, кыйноо жана катаал мамиле кылуу учурларын документтеш-тирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин практикалык колдонмосу | ЧУА долбоору | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизми иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, БИМ, ӨКМ, макулдашуу боюнча: КР Акыйкатчысы (Омбудсмени), ЖӨБО ЮСАИД | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
18.2. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата болгон зомбулук коркунучтарын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларынын тажрыйбасы. Сексуалдык зомбулук учурларында жардам көрсөтүү боюнча клиникалык протокол | ЧУА долбоору | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартиби иштелип чыкты жана бекитилди | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, БИМ, макулдашуу боюнча: КР Акыйкатчысы (Омбудсмени), КР ГШ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
18.3. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу, аныктоо, чара көрүү, жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизми менен таанышуу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматкерлерин окутуу |
| Семинарлардын саны; окуудан өткөндөрдүн саны | 2018-2019-жылдар | 100дөн кем эмес кызматкер окутулду | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, ӨКМ, БИМ, ЮМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, макулда-шуу боюнча: ЖМА, ЖӨБО КР Адвокатурасы, ЮСАИД БУУ НКБ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
19 | Гендердик кылмыштарды натыйжалуу иликтөө жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чөйрөсүндө укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | 19.1. Судьянын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоодон кийин аларды аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрүнө окутуу жана окуу программаларын киргизүү | Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин программасы аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу модулун камтыйт | Окуудан өткөн адамдардын саны | 2018-2020-жылдар | Судьянын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу программасына аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу киргизилди. Судьянын кызмат ордуна талапкерлер окутулду | Макулдашуу боюнча: КР ЖС, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
19.2. Аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча укук ченемдеринин соттор тарабынан туура жана бирдей мүнөздө колдонулушу үчүн сот практикасына талдоо жүргүзүүнүн сунуштары боюнча райондук жана облустук соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу | Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин программасы аялдарга жана кыздарга карата кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу модулун камтыйт | Окуудан өткөн адамдардын саны | 2018-2020-жылдар | Судьялар аялдарга жана кыздарга карата кылмыштарды кароодо укук ченемдерин бирдей мүнөздө колдонушууда | Макулда-шуу боюнча: КР ЖС, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
19.3. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аттестациядан өтүүсү үчүн тесттик тапшырмаларга жана аларды конкурстук тандоо үчүн тапшырмаларга гендердик теңчилик, гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча суроолорду жана жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды киргизүү |
| Жаңы суроолордун, тапшырмалардын саны | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Ички иштер органдарынын кызматкерлерин тандоодо алардын гендердик компетенттүүлүгү эске алынат | ИИМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
19.4. Аялдарга карата үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук менен иштөө боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн 25 семинар уюштуруу | Окуу модулдары бар | Семинарлардын саны; окутуудан өткөндөрдүн саны | 2018-жыл | Ички иштер органдарынын 500дөн кем эмес кызматкери окутулду | ИИМ, ЭСӨМ, БУУӨП (макулда-шуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
3.2-максат. Гендердик басмырлоонун жана гендердик зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү | ||||||||
20 | Гендердик басмырлоо жана зомбулук маселелери боюнча жергиликтүү деңгээлде адвокаттардын, көз карандысыз укук коргоочулардын жана социалдык кызматкерлердин потенциалын көтөрүү | 20.1. Юристтерди, адвокаттарды жана көз карандысыз укук коргоочуларды гендердик басмырлоо жана зомбулук маселелери боюнча, анын ичинде аялуу жана маргиналдык топтордогу аялдарды коргоо маселелери боюнча эки күндүк семинарларда окутуу | Окутуу-методикалык комплекс бекитилди | Семинарлардын саны; окутуудан өткөндөрдүн саны | 2018-2019-жылдар | Юристтердин, адвокаттардын жана көз карандысыз укук коргоочулардын потенциалы жогорулатылды | ЮМ макулда-шуу боюнча: КР Адвокатурасы, ЮСАИД | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
20.2. Социалдык кызматкерлер үчүн гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ишти уюштурууга карата практикалык колдонмо иштеп чыгуу жана аны социалдык кызматкерлерди даярдоо системасына киргизүү | Окуу модулдары бар | Колдонмо бекитилди | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларын аныктоо, жардам көрсөтүү жана бул учурлар менен иштөө боюнча практикалык колдонмо иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ЭСӨМ, Социалдык кызматкер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
20.3. Социалдык кызматкерлер үчүн гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ишти уюштурууга карата практикалык колдонмону пайдалануу боюнча окутуу өткөрүү |
| Семинарлардын саны; окутуудан өткөндөрдүн саны | 2019-2020-жылдар | 160тан кем эмес социалдык кызматкер окутулду | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
21 | Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кызматтардын/кризистик борборлордун ишине жыл сайын колдоо көрсөтүү | 21.1. Эсепке алуу жана мамлекеттик социалдык заказ программасына киргизүү үчүн гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын аныктоо методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү |
| Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө документи | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Муктаждыктарын аныктоо методикасы иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
21.2.Мамсоцзаказдан жана жергиликтүү бюджеттерден каржылоо аркылуу социалдык кызматтардын/кризистик борборлордун гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иштерин өнүктүрүү | Мамсоцзаказдын жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында кризистик борборлор тарабынан жабыр тарткандарга кызматтарды көрсөтүү практикасы бар | Колдоо алып жаткан кызматтардын жана кризистик борборлордун саны; Бир жылда кризистик борборлорго көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү | 2018 2020-жылдар | Мамлекеттик социалдык заказдын жана жергиликтүү бюджеттердин алкагында 3төн кем эмес социалдык кызмат/кризистик борбор жабыр тарткандарга кызматтарды көрсөтүшөт | ЭСӨМ, макулдашуу боюнча: Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЖӨБО | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
21.3. Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан мамлекеттик же муниципалдык менчик фондунан гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча социалдык кызматтарды/кризистик борборлорду түзүү же иштеп жаткандарга колдоо көрсөтүү үчүн жайларды акысыз шарттарда берүү | Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан "Сезим" кризистик борборуна колдоо көрсөтүү практикасы бар | Бөлүнүп берилген жайлардын саны; бөлүнүп берилген жайлардын аянты | 2018-2020-жылдар | 3төн кем эмес социалдык кызматка/кризистик борборго акысыз жайлар берилди | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде | ||
22 | Саламаттык сактоо мекемелери, социалдык кызматтар, кризистик борборлор жана башпаанек жайлары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга көмөктөшүү | 22.1. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнүн минималдуу социалдык стандарттарына ылайык 15 кризистик борбордун кызматкерлерин социалдык кызматтарды көрсөтүү көндүмдөрүнө окутуу |
| Окутулгандардын саны | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Кризистик борборлордун 20 кем эмес кызматкери окутулду | ЭСӨМ, "Кыргызстандагы Сорос" - фонду (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
22.2. Медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу программасына "Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга психологиялык жардам көрсөтүү" практикалык колдонмосун киргизүү жана окутуучуларды окутуу |
| Окуу программасы психологиялык жардам берүү маселелерин камтыйт. Окутулгандардын саны | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | КММКДжКЖИ окутуучулары колдонмону окутууда пайдаланышат | ССМ, ЮНФПА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
22.3. "Гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга психологиялык жардам көрсөтүү" практикалык колдонмосун пайдалануу боюнча саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн ар бир региондо бирден семинар өткөрүү |
| Семинарлардын саны; окутулгандардын саны | 2018-2019-жылдар | Медицина кызматкерлери окутулду | ССМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
23 | Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн түзөтүү программасын, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказдын негизинде киргизүү | 23.1. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн типтүү түзөтүү программасы жөнүндө жобону бекитүү | Бишкек шаарынын тажрыйбасы, эл аралык тажрыйба | ЧУА долбоору | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Программа бекитилген жана практикада пайдаланылууда | ЭСӨМ, ЮСАИД (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
23.2. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын түзөтүү программасынан өтүшүн камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын, социалдык өнүктүрүү органдарынын жана саламаттык сактоо системасынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө нускаманы иштеп жана ишке киргизүү | Оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча ЭСӨМдин башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы | Нускаманы бекитүү жөнүндө документ | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Ички иштер органдарынын, социалдык өнүктүрүү органдарынын жана саламаттык сактоо системасынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө нускама киргизилди | ЭСӨМ, ИИМ ЮСАИД (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
23.3 Окуу программасын иштеп чыгуу жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн түзөтүү программасын киргизүү боюнча адистерди даярдоо |
| Окуу программасы Окутулган адистер | 2019-жылдын 2-жарым жылдыгы | 25тен кем эмес адис даярдалды | ЭСӨМ, ССМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
23.4. Эсепке алуу жана мамлекеттик социалдык заказ программасына киргизүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн түзөтүү программасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыктарды баалоо методикасынын долбоорун иштеп чыгуу |
| Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн түзөтүү программасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыктарды баалоо методикасын бекитүү жөнүндө документ | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Муктаждыктарды баалоо методикасы иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
24 | Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандык-тарынын ӨКМнын "112 системасынын" линиясын колдонуу аркылуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүсүн кеңейтүү | 24.1. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын чалууларын кабыл алуу жана ыкчам түрдө кайра жиберүү боюнча "112 системасынын" ишин регламенттеген документтерди даярдоо жана бекитүү | Кризистик борборлордун "ишеним телефонунун" иш тажрыйбасы, ИИМ, ССМ, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларынын мэрияларынын "112 системасынын" алкагында диспетчердик кызматтардын нөөмөтчүлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө биргелешкен буйругу |
| 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды кабыл алуу, эсепке алуу жана ыкчам түрдө кайра жиберүү механизми тартипке салынды | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, ССМ. макулдашуу боюнча: Бишкек, Ош жана Каракол шаарларынын мэриялары, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
24.2. Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыр тарткандардан чалууларды кабыл алуу боюнча операторлордун, диспетчерлердин, смена начальниктеринин жана "112 системасынын" психологиялык жардам кызматынын, 102, 103 нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын катышуусу менен бир күндүк 4 биргелешкен тренинг өткөрүү | Кризистик борборлордун күнү-түнү иштеген "ишеним телефонунун" тажрыйбасы | Кызматкерлердин саны | 2019-жыл | "112 системасынын" жана 102, 103 нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын кызматкерлери гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарынан телефон чалууларды белгиленген тартипте кабыл алышууда, тариздешүүдө жана ыкчам чара көрүшүүдө | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, макулдашуу боюнча: ЖӨБО БУУ НКБ | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
24.3. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардан чалууларды кабыл алуу боюнча "112 системасынын" иши жөнүндө калкка жарым жылда бир жолудан кем эмес маалымдоо | Республикалык жана областтык телеканалдар аркылуу "112 системасы" социалдык ролигин трансляциялоо | Трансляциялардын жана маалымдоонун башка формаларынын (СМС ж.б.) саны; Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардан "112 системасына" келип түшкөн кайрылуулардын саны жынысы, курагы, аймагы боюнча | 2019-2020-жылдар | Калктын гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандык-тарынын "112 системасына" кайрылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдалуугунун деңгээли жогорулады | ӨКМ, ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, БИМ, макулдашуу боюнча: ЖӨБО, КТРК | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
25 | Саламаттык сактоо системасында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун учурларын документтештирүүнүн сапатын жогорулатуу | 25.1. Мониторинг жүргүзүү жана саламаттык сактоо системасында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун учурларын документтештирүү проблемаларын аныктоо жана сунуштарды иштеп чыгуу | "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы | Мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет | 2019-жылдын 2-жарым жылдыгы | Саламаттык сактоо системасында практикалык колдонмону киргизүү процесси жакшыртылды | ССМ, ЮНФПА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
25.2. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо боюнча окуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана үй-бүлөлүк зомбулук учурлары менен иштөө боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу |
| Методикалык сунуштар | 2019-2020-жылдар | Медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо боюнча окуу программалары үй-бүлөлүк зомбулук учурлары менен иштөө боюнча маселелерди камтыйт | CСМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
25.3. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү субъекттеринин облустук жана райондук бөлүнүштөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен окутуу семинарларын өткөрүү |
| Иш-чаралардын саны. Окутулгандардын саны | 2019-2020-жылдар | Бардык субъекттердин өкүлдөрү өз ара аракеттенүү боюнча ишти өркүндөтүшүүдө | CСМ, ИИМ, ЭСӨМ, ЮНФПА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
3.3-максат. Басмырлоого жана гендердик зомбулукка чыдабастык маданиятын өнүктүрүү | ||||||||
26 | Коомдун бардык деңгээлдеринде бардык социалдык катмарлардагы жана курактык топтордогу аялдардын жана эркектердин арасында гендердик басмырлоого жана зомбулукка чыдабастык маданиятын өнүктүрүү | 26.1. Ар кандай социалдык, этностук жана диний топторго багытталган маалыматтык иш-чараларды төмөнкүлөр үчүн үзгүлтүксүз өткөрүү: - үй-бүлөдө жана коомдо аялдардын жана эркектердин ролуна тиешелүү патриархалдык көз караштарды жоюу; - гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу; - гендердик зомбулуктан коргоо жөнүндө арыздарды берүүгө карата аялдарды колдоо | Жыл сайын эл аралык агенттиктердин колдоосу менен "Гендердик зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күнү" маалыматтык кампания жүргүзүлөт | Маалыматтык иш-чаралардын саны | 2018-2020-жылдар | Жарым жылда 2ден кем эмес маалыматтык иш-чара ар бир жооптуу субъект тарабынан жүргүзүлүүдө | ЭСӨМ, ИИМ, ССМ, ММТМ, ӨКМ, БИМ, Коргоо комитети, ЖӨБ жана этностор агенттиги, макулдашуу боюнча: КК БШ, УСК, ЖӨБО КТРК, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени), ДИМК, БУУӨП, БУУ-Аялдары | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
26.2. Аялдарга, кыздарга карата зомбулукту, жашы жете электер менен никелешүү, кыз ала качуу сыяктуу салтка айланган басмырлоо практикаларын алдын алуу боюнча бардык деңгээлдеги сабактарды окуучулар арасында тарбия иштеринин планына киргизүү |
| Гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча кошумча билим берүү программаларын киргизген билим берүү уюмдарынын саны | 2018-2020-жылдар | Мектеп окуучуларынын, кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын окуучуларынын арасында маалыматтык-агартуу иш-чаралары системалык негизде жүргүзүлөт | БИМ, БКБА, БУУӨП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
26.3. Гендердик басмырлоо жана зомбулук маселелерин чагылдыруу боюнча ЖМК кызматкерлери үчүн тренингдерди өткөрүү |
| Семинарлардын саны; окутулгандардын саны | 2018-2020-жылдар | Журналисттер гендердик басмырлоо жана зомбулук маселелерин гендердик-сыпайы чагылдырууга окутулушту (статистикалык маалыматтарды пайдалануу, стигматизацияга жол бербөө ж.б.) | ММТМ, ЭСӨМ, ӨКМ, БУУӨП ЮСАИД (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
26.4. Никеге эрте туруунун алдын алууга багытталган чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен пландагы чараларды аткаруу, эрте никенин терс кесепеттери жөнүндө калкка ар тараптан маалымдоо |
| Иш-чаралардын саны | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Документтер иштелип чыкты. Калктын маалымдуулук деңгээли жогорулады | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, ММТМ, ДИМК, Жаштар жана спорт агенттиги, БУУӨП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
26.5. Никеге эрте туруунун алдын алууга багытталган чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен планды аткарууга, эрте никенин терс кесепеттери жөнүндө калкка ар тараптан маалымдоого мониторинг жүргүзүү |
| Мониторинг жөнүндө отчет | 2020-жыл | Мониторингдин жыйынтыктары никеге эрте туруунун алдын алуу боюнча кийинки стратегия үчүн негиз болот | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, ММТМ, ДИМК, Жаштар жана спорт агенттиги | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
26.6. Этномаданий жана диний салттуу көз караштарды эске алуу менен никеге эрте туруунун мыйзамсыздыгы жана жол берилбестиги тууралуу диний уюмдардын өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү |
| Жолугушуулардын саны; жолугушууларга катышкандардын саны | 2019-2020-жылдар | Калк жана диний уюмдардын өкүлдөрү жашы жете электер менен диний ырым-жырымдарды жасаганы үчүн жазык жоопкерчилиги-не тартылаары жөнүндө кабардар болушту | ЭСӨМ, макулда-шуу боюнча: ДИМК, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
4-глава. Чечимдерди кабыл алууда гендердик теңдештикти илгерилетүү жана аялдардын саясий катышуусун кеңейтүү | ||||||||
4.1- максат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кадр саясатына гендердик-сезгич принциптерди киргизүү | ||||||||
27 | Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарында гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуунун атайын чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу (бир жыныстагы адамдар 70% ашык эмес) | 27.1. Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жана саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарында гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуунун атайын чаралары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу |
| Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө документ | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, гендердик коомдук уюмдардын эксперттери киргизилди | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЮМ, макулдашуу боюнча: Бишкек шарынын мэриясы, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
27.2. Улуттук коомдук консультацияларды өткөрүү жана ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарын кароо |
| Иш-чаралардын катышуучуларынын саны | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Коомдук талкуулоолордун сунуштары ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан эске алынды | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, макулдашуу боюнча: МКК, Бишкек шарынын мэриясы, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
27.3. Атайын чараларды ишке киргизүү боюнча ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү |
| ЧУА долбоорлору иштелип чыкты | 2019-2020-жылдар | ЧУА долбоорлору иштелип чыкты | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЮМ, макулдашуу боюнча: МКК, Бишкек шарынын мэриясы, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
28 | Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарында гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуунун атайын чараларын колдонуу (бир жыныстагы адамдардын 70% ашык эмес) | 28.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда саясий, атайын кызмат орундарын канча аял жана канча эркек ээлегендигине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү | 2017-жылдын статистикалык маалыматтары | Аялдардын жана эркектердин үлүшү: - саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарында; - саясий жана муниципалдык кызмат орундарында | 2019-2020-жылдар | Бир жыныстагы адамдардын 70% ашык эмес деңгээлде ар кандай кызмат орундарында аялдардын жана эркектердин өкүлчүлүгү камсыз кылынат | Макулдашуу боюнча: МКК, УСК, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
29 | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилеринин гендердик компетенттүүлүгүн жогорулатуу | 29.1. Гендердик маселелер боюнча сабакты "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча бардык магистрдик программаларга милдеттүү түрдө киргизүү |
| Магистрдик программалардын окуу планында тийиштүү сабактын болушу; окутулган магистранттардын саны | 2018-2020-жылдар | Багыты боюнча бардык магистранттар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардан ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун гендердик өлчөмү маселелери боюнча зарыл болгон билимге ээ | БИМ, КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
29.2. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын гендердик аспектилери боюнча окутуу |
| Курстардын угуучуларынын саны | 2019-2020-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери мыйзамдардын гендердик аспектилерин укуктук колдонуу үчүн зарыл болгон билимге ээ | Макулда-шуу боюнча: КРПМБА, МКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
4.2-максат. Аялдардын саясий катышуусун жана лидерлигин маалыматтык илгерилетүү | ||||||||
30 | Аялдардын саясий лидерлигин жана аялдардын коомду өнүктүрүүгө катышуусун илгерилетүүнү маалыматтык чагылдыруу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 30.1. Аялдардын саясий лидерлигин жана аялдардын коомду өнүктүрүүгө катышуусун илгерилетүүнү маалыматтык чагылдыруу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралардын планын бекитүү | ЭСӨМ тарабынан иштелип чыккан маалыматтык чагылдыруу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралардын планынын долбоору | Маалыматтык чагылдыруу боюнча бекитилген ведомстволор аралык иш-чаралардын планынын болушу | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Маалыматтык чагылдыруу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралардын планы иштелип чыкты жана бекитилди, Пландын алкагында аткарылган иш-чаралар ЖМКларда жайгаштырылууда | ЭСӨМ, ММТМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
30.2. Аялдардын коомду өнүктүрүүгө катышуусун маалыматтык чагылдыруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу |
| Иш-чаралардын саны | 2019-2020-жылдар | Планды ишке ашыруунун алкагында аткарылган иш-чаралар | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор, БУУӨП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
30.3. Мамлекеттик ЖМКлардын жылдык медиа-пландарына аялдардын саясий лидерлигин кошкондо, гендердик теңчилик тематикасын киргизүү |
| Мамлекеттик ЖМКлардын жылдык медиа-пландары | 2018-2020-жылдар | Мамлекеттик ЖМКлар гендердик теңчилик тематикасын үзгүлтүксүз чагылдырышат | ММТМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
31 | Гендердик жаман ойлорду жана стереотиптерди пропагандалоонун алдын алуу | 31.1. Окуу методикалык комплекстердин долбоорлорун гендердик экспертизалоо механизмин иштеп чыгуу, пилоттоо жана киргизүү | Окуу китептерин пилоттук гендердик экспертизалоо тажрыйбасы | Гендердик экспертиза жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө документ. Окуу китептеринин долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүүнүн апробацияланган методикасы. Пилоттук негизде жүргүзүлгөн гендердик экспертизалардын саны | 2019-жыл | Окуу методикалык комплекстердин долбоорлорун гендердик экспертизалоо механизми апробацияланды жана ишке киргизилди | БИМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
31.2. Окуу китептеринин авторлорун, БИМ, Кыргыз билим берүү академиясынын адистерин, окутуучу-методисттерди гендердик окутуу |
| Окутулгандардын саны | Жыл сайын | Окуу китептеринин авторлорунун, БИМ, Кыргыз билим берүү академиясынын адистеринин, окутуучу-методисттердин гендердик компетенттүүлүгүнүн деңгээли жогорулатылды | БИМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
31.3. Гендердик-сезгич журналистиканын стандарттары боюнча методикалык окуу куралын иштеп чыгуу |
| Иштелип чыккан жана ЖМКларда колдонуу үчүн сунушталган методикалык окуу куралынын болушу | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Окуу куралы иштелип чыкты жана ЖМКларда колдонуу үчүн сунуш кылынды | ММТМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
31.4. ЖМК кызматкерлерин гендердик-сезгич журналистиканын стандарттарына гендердик окутуу |
| Окутулган журналисттердин саны | 2019-2020-жылдар | ЖМК кызматкерлеринин гендердик компетенттүүлүгү жогорулатылды | ММТМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
5-глава. Жөнгө салуу саясаты | ||||||||
5.1. максат. Башкаруунун бардык деңгээлдеринде гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук институттук механизмди өркүндөтүү | ||||||||
32 | Гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарды чыңдоо | 32.1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун саясий же жогорку административдик кызмат адамдарынын функциялык милдеттенмелерине органдын ишинде гендердик саясаттын ишке ашырылышын контролдоо боюнча функцияны бекитүү |
| Ведомстволук документтер | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБОдо гендердик саясат туруктуу негизде ишке ашырылууда | ЭСӨМ, министрликтер, ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
32.2. Гендердик теңчиликке жетүү боюнча институттук механизмдин структуралары катары коомдук башталышта иштеген мамлекеттик органдардын гендердик маселелер боюнча кеңештерин (комиссияларын), ЖӨБО алдындагы үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча кеңештерди түзүүгө карата методикалык сунуштарды жана алар жөнүндө типтүү жоболорду иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында кароо | Айрым мамлекеттик органдарда мындай кеңештер (комиссиялар) түзүлгөн. Айрым ЖӨБО мындай кеңештер иштеп жатат | Методикалык сунуштар жана типтүү жоболор | 2018-2019-жылдар | Методикалык сунуштар жана типтүү жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан жактырылган жана бардык мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО жиберилген | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
32.3. Министрликтерде жана ведомстволордо гендердик теңчиликке жетүү боюнча институттук механизмдин структуралары катары коомдук башталышта иштеген гендердик маселелер боюнча кеңештерди (комиссияларды), ЖӨБО алдында үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча кеңештерди түзүү | Айрым мамлекеттик органдарда мындай кеңештер (комиссиялар) түзүлгөн. Айрым ЖӨБО мындай кеңештер иштеп жатат | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ведомстволук актылары | 2018-2020-жылдар | Бардык мамлекеттик органдарда гендердик маселелер боюнча кеңештер (комиссиялар), ЖӨБО алдында үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча кеңештер түзүлдү жана кайра уюштурулду | Министрликтер, ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
32.4. Министрликтердин ведомстволордун жана ЖӨБОнүн гендердик маселелер боюнча кеңештердин жооптуу катчыларынын потенциалын жогорулатуу |
| Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнүн гендер боюнча кеңештеринин окутуудан өткөн кызматкерлеринин жооптуу катчыларынын саны | 2018-2020-жылдар | Министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнүн гендердик маселелер боюнча кеңештеринин кызматкерлеринин жооптуу катчыларынын потенциалы жогорулатылды | ЭСӨМ, министрликтер жана ведомстволор, макулдашуу боюнча: МКК, ЖӨБО | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде | ||
32.5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларына гендердик модулдарды киргизүү | Долбоорлор боюнча гендердик модулдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программалары үчүн адаптацияланган гендердик модулдар | 2018-2020-жылдар | Гендердик модулдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу программаларында колдонулат | КРПМБА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
33 | Гендердик өлчөөнү көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга киргизүү | 33.1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууда гендердик аспекттерди эске алуу боюнча маалыматтык жана методикалык жардам көрсөтүү | Гендердик аспекттерди эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары иштелип чыкты | Гендердик аспекттерди эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын саны | 2018-2020-жылдар | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары гендердик аспекттерди эске алат | ЭМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
33.2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууда гендердик аспекттерди эске алуу боюнча маалыматтык жана методикалык жардам көрсөтүү | Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгууда жана экспертизалоодо гендердик өлчөмдү эске алуу боюнча сунуштар иштелип чыкты | Гендердик аспекттерди эске алуу менен иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын саны | 2018-2020-жылдар | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары гендердик аспекттерди эске алат | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
33.3. ЭСӨМнүн программалык бюджетинде гендер боюнча программаны ишке ашырууну каржылоого каражат бөлүү |
| Гендер боюнча программаны ишке ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын өлчөмү | 2019-2020-жылдар | 2019-жылдан тартып ЭСӨМнүн программалык бюджети гендер боюнча программаны ишке ашырууну каржылоого каражатты камтыйт | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
5.2-максат. Гендердик саясатты ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук базаны жана укук колдонуу практикаларын өркүндөтүү | ||||||||
34 | Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин имплементациялоо | 34.1. АБЖКнын жана БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин акыркы сын-пикирлеринин аткарылышына жыл сайын мониторинг жүргүзүү боюнча нускаманы иштеп чыгуу жана апробациялоо | АБЖКны аткаруу жөнүндө улуттук докладдар | АБЖКнын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча нускама | 2018-2019-жылдар | Жыл сайын мониторинг жүргүзүү методикасы иштелип чыкты жана апробацияланды | ЭСӨМ, макулдашуу боюнча: АУКК, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары |
34.2. АБЖКнын жана БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетинин акыркы сын-пикирлеринин аткарылышына жыл сайын мониторинг жүргүзүү |
| Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчеттор | 2019-2020-жылдар | АБЖКнын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча нускама бекитилди жана пайдаланылууда | ЭСӨМ, макулда-шуу боюнча: АУКК БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
34.3. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын талдоо | Өлкөнү гендердик баалоо (өткөн жылдарда) | Аналитикалык отчет | 2019-жыл | Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын талдоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралды | ЭСӨМ, АУКК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
34.4. АБЖКны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү докладын даярдоо жана АБЖК комитетине берүү | АБЖКны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы мезгилдүү докладдары | АБЖКны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү доклады | 2018-2019-жылдар | АБЖКны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү доклады АБЖК комитетине белгиленген мөөнөттө берилди | ЭСӨМ, министрликтер, ведомстволор, макулдашуу боюнча: АУКК УСК, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
34.5. Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жана ЭЭУ "Энеликти коргоо жөнүндө" № 183 конвенциясын ратификациялоо боюнча Жол картасын иштеп чыгуу |
| ЭЭУ "Энеликти коргоо жөнүндө" № 183 конвенциясын ратификациялоо боюнча Жол картасы | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы - 2019-жылдын 2-жарым жылдыгы | ЭЭУ "Энеликти коргоо жөнүндө" № 183 конвенциясын ратификациялоо боюнча Жол картасы иштелип чыкты | ЭСӨМ, ССМ, Экотехинспекция, ТИМ, ФМ, ЮМ, макулдашуу боюнча: КПФ, ЭЭУ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
34.6. ЭЭУ "Энеликти коргоо жөнүндө" № 183 конвенциясын ратификациялоо боюнча Жол картасын бекитүү жана ишке ашырууну баштоо |
| Жол картасын бекитүү жөнүндө ЧУА | 2020-жыл | Жол картасы бекитилди жана ишке ашырылууда | ЭСӨМ, ССМ, Экотехинспекция, ТИМ, ФМ, ЮМ, макулдашуу боюнча: КПФ, ЭЭУ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
34.7. Эмгек мыйзамдарын гендердик аудиттин сунуштарынын негизинде эмгек мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын гендердик талдоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын отчету, Азия өнүктүрүү банкынын отчету. ЭЭУ Конвенцияларын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын талдоо боюнча ЭЭУ отчету | ЧУА долбоорлору | 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгы | Эмгек мыйзамдары гендердик теңчиликти сактоо көз карашы менен жакшыртылды | ЭСӨМ, Экотехинспекция, ЮМ, макулдашуу боюнча: КПФ, ЭЭУ, Азия өнүктүрүү банкы | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
5.3-максат. Улуттук гендердик статистиканы стандартташтыруу жана көрсөткүчтөрдү эл аралык милдеттенмелер менен шайкеш келтирүү | ||||||||
35 | Мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү стратегияларын пландоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн гендердик индикаторлорду түзүү жана пайдалануу | 35.1. Улуттук жана сектордук өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик индикаторлорду, анын ичинде Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын гендердик индикаторлорун киргизүүгө мониторинг жүргүзүү | Стратегиялык пландоо методологиясы өтмө катары гендердик маселелерди камтыйт | Отчеттук мезгилде кабыл алынган гендердик индикаторлорду камтыган жаңы стратегиялык документтердин саны | 2018-2020-жылдар | Жаңы кабыл алынуучу улуттук жана сектордук стратегиялык документтер гендердик өлчөмдү камтыйт | ЭМ |
|
35.2. ЖӨБО социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик мамилелердин киргизилишине мониторинг жүргүзүү | Туруктуу өнүктүрүү стратегияларын жана пландарын иштеп чыгуу боюнча ЖӨБО үчүн колдонмо | Отчеттук мезгилде кабыл алынган гендердик индикаторлорду камтыган ЖӨБОнун жаңы стратегиялык документтеринин саны | 2018-2020-жылдар | ЖӨБО жаңы кабыл алынуучу стратегиялык документтери гендердик өлчөмдү камтыйт | ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨнүн облустардагы ЫУӨ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
35.3. "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери" статистикалык жыйнакты жыл сайын жарыялоо | Мурдагы жылдардагы статистикалык жыйнактар | Статистикалык жыйнактарды жарыялоо | 2018-2020 жылдар | "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери" статистикалык жыйнагы жыл сайын жарыяланат | Макулдашуу боюнча: УСК, ЮНФПА | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
35.4. Административдик мамлекеттик кызматчылардын курамы жана алмашмалуулугу боюнча статистиканы муниципалдык кызматчылар боюнча көрсөткүчтөр менен толуктоо | Жынысы, этносу, курагы боюнча мамлекеттик кызмат кадрларынын карьералык өсүшү жөнүндө маалыматтар базасы | Жаңы көрсөткүчтөрдүн саны | 2018-2020-жылдар | Жынысы, этносу, таандыгы жана курагы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматта карьералык өсүштүн статистикасы бар | МКК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде | ||
36 | Гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу системасын өркүндөтүү | 36.1. Билим берүү, социалдык өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдар жана ЖӨБО системасында үй-бүлөлүк зомбулук учурлары жөнүндө отчеттордун ведомстволук статистикалык формаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | Соттордун, ИИМ, ССМ статистикалык отчеттордун формасын өркүндөтүү тажрыйбасы бар | Жаңы киргизилген статистикалык отчеттордун формаларынын саны | 201-2020-жылдар | Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистика толукталды жана жыл сайын жаңыланат | БИМ, ЭСӨМ, ӨКМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
36.2. Гендердик зомбулук боюнча ведомстволук статистикалык отчетторду чогултуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү | Соттордогу, ИИМ, ССМ, ӨКМ үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматтарды чогултуу боюнча методикалык колдонмолор | Методикалык көрсөтмөлөр | 2018-жылдын 2-жарым жылдыгы |
| ИИМ, ССМ, ӨКМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, макулдашуу боюнча: КР ЖС, ЖС СД, УСК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
36.3. ИИМ, ЖС СД, ССМ, ӨКМ, УСК статистика кызматтарынын кызматкерлери үчүн гендердик басмырлоо жана зомбулук жөнүндө маалыматтарды чогултуу маселеси боюнча бардык региондордо семинар уюштуруу |
| Статистика кызматтарынын окутулган кызматкерлеринин саны | 2018-2020-жылдар | Статистика кызматтарынын кызматкерлери окутулду | ИИМ, ССМ, ӨКМ, БИМ, макулдашуу боюнча: ЖС СД, УСК, БУУӨП | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
36.4. Гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча ведомстволук статистиканы жана материалдарды жыл сайын ведомстволук сайттарда жайгаштыруу | УСК сайтындагы гендердик баракча | Гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча ведомстволук статистиканы жана материалдарды өз сайттарында жайгаштырган ведомстволордун саны | 2018-2020-жылдар | Гендердик басмырлоо жана зомбулук боюнча ведомстволук статистика жана материалдар коомчулук үчүн жеткиликтүү | ИИМ, ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ӨКМ, макулдашуу боюнча: ЖС СД, ЖӨБО, ЮНФПА | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
36.5. Мультииндикаторлук кластердик текшерүү жүргүзүү (МИКИ) |
|
| 2018-2019-жылдар | Гендерлик маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана жарыялоо иштери жүргүзүлдү | УСК, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде, эл аралык уюмдардын каражаттары | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
КРП МБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы; |
КТБА | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги; |
РДА | - | Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянс; |
БУУ ДАП | - | Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы; |
КР ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик; |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик; |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети; |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы; |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; |
КК ГШ | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы; |
КММКДжКЖИ | - | Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту; |
АБЖК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясы; |
АУКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭМУ | - | Эл аралык миграция уюму; |
ЭЭУ | - | Эл аралык эмгек уюму; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КРӨнүн облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЖК СД | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти; |
АДК | - | айылдык ден соолук комитеттери; |
БУУ БКБ | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы; |
КПФ | - | Кыргызстан Профсоюздар федерациясы; |
ЮНИСЕФ | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду; |
ЮНФПА | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Калктар боюнча фонду; |
ЮСАИД | - | АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги. |