Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 444
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна «Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик жана борбордук органдарынын штаттык санынын чеги» деген 2-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
«Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналдан тышкары)» деген графасында:
- 3-пунктта «175» цифрасы «164» цифрасына алмаштырылсын;
- 6-пунктта «1057», «137», «168,5» жана «751,5» цифралары тиешелүү түрдө «848», «112», «121» жана «615» цифраларына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна 2-тиркеменин 3 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга сунушталсын:
- түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарды кайра уюштуруунун жана ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошоп калган кызматкерлерди жумушка орноштуруу боюнча чараларды көрүү;
- ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |