Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-июну № 455
Мамлекеттин менчигине өткөн товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнүн негизинде төмөндөгү автомашиналарды мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуунун бажыл режиминде тариздесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- «ТОҮОТА COROLLA» маркасындагы, 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № RКLВV42Е7С4425984;
- «ТОҮОТА СОROLLA» маркасындагы, 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № RКLВV42Е7С4445021;
- «ТОҮОТА СOROLLA» маркасындагы, 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № RKLBV42Е7С4445458;
- «ТОҮОТА COROLLA» маркасындагы, 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JTEJU9FJ6C5021919;
- «FORD RANGER маркасындагы, 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № MNCBSFE73BW951510.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналарды балансына алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |