Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-январы №11
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы №29 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык шайлоолорду уюштуруучулук менен өткөрүүнү камсыз кылуу, жер-жерлерде материалдык-техникалык камсыз кылуу жана аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү маселелерин оперативдүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды чыгымдардын сметасына ылайык бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону, шайлоолорду өткөрүү убагында шайлоо участокторун кайтарууну, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрациялары жана айылдык аймактарынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери:
- шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо жана түзүү, шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорт жана материалдык-техникалык байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин;
- жарандардын жана шайлоо комиссияларынын сунуштарын, арыздарын, өтүнүчтөрүн өз убагында кароону уюштурушсун.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо комиссияларына бөлүнүп берилген бардык жайлардын өрт коопсуздугуна ылайыктуулугун текшерүүнү жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясына, "Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркин Тоо" газеталарынын редакцияларына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталат.
7. Шайлоолорду өткөрүү күнү:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна - телерадио уктуруунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
- "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна - шайлоо участокторун электр менен камсыздоону жүзөгө ашыруучу электр тармактарын электр энергиясын берүүнүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуучу абалга келтирүү, электр тармактарын пландуу өчүрүүлөрдү тартипке салуу сунушталат.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |