Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №13
"Интербизнес" жоопкерчилиги чектелген коомуна жерлерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң Алай районунун Кашка-Суу айыл округунун жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Чоң Алай районунун Кашка-Суу айылдык округунун аймагында жайгашкан 32,75 га жайытты "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жана аларды "Интербизнес" жоопкерчилиги чектелген коомуна "Караказык" кенинен алтын иштетүү үчүн байытуучу фабрика жана калдык чарбасын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги берген алтын кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жарактуулук мөөнөтүнө (2010-жылдын 7-апрелинде берилген № 1633 АЕ) берүү жөнүндөгү сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
"Интербизнес" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын жана алынбай калган пайданын суммаларын төлөөсүн;
регионду өнүктүрүү фондун түзүү менен Ош облусунун Чоң-Алай районун өнүктүрүү үчүн дүң кирешеден 1 процентти ай сайын которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы менен "Интербизнес" жоопкерчилиги чектелген коомунун макулдашуу түзүүсүн;
"Караказык" кенинде алтын казып алуу боюнча иштер аяктагандан кийин жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү.
4. "Интербизнес" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- берилген жер участкасында экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана пайдалануу бөлүгүндө эксперттик корутундулар менен белгиленген тартипте тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана колдонулуудагы нормалар жана эрежелерге ылайык макулдашуу жана экспертиза жүргүзүү;
- Чоң-Алай районун өнүктүрүү фондуна дүң кирешеден 1 процентти ай сайын которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу түзүү.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |