Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №19
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №19 токтомуна тиркеме |
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлерди алдын ала медициналык күбөлөндүрүү
3-глава. Талапкерлердин акыркы медициналык күбөлөндүрүүсү
4-глава. Талапкерлердин акыркы медициналык күбөлөндүрүүсүндө АДКнын иштөө тартиби
5-глава. Аскер лицейинин тарбиялануучуларын күбөлөндүрүү
6-глава. АДКнын документтери
1-тиркеме. Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниеси
2-тиркеме. Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон
Дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтерине жана оорулардын расписаниесине түшүндүрмө
3-тиркеме. Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасы
Жалпы жоболор
1. Ушул Нускамага ылайык медициналык күбөлөндүрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөрдүн ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугун аныктоо эсептелет:
1) талапкерлердин - аскердик лицейге тапшырууга;
2) Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - Аскер лицейи) тарбиялануучуларын - окууну улантууга.
2. Аскер лицейине тапшыруучу талапкерлер алдын ала жана акыркы медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Алдын ала күбөлөндүрүү аскер комиссарынын буйругу (жиберүүсү) боюнча өткөрүлөт.
Акыркы күбөлөндүрүү, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйругу боюнча түзүлүүчү убактылуу Аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары - АДК) тарабынан өткөрүлөт.
3. Аскер лицейине тапшыруучу талапкерлерди жана анын тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү ушул Нускамага ылайык, ал эми Аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрүн күбөлөндүрүү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрында № 771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо) ылайык өткөрүлөт.
4. Медициналык күбөлөндүрүүдө талапкерлердин жана тарбиялануучулардын жаш курагынын функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл.
5. Алдын ала тандоодо медициналык күбөлөндүрүүдөн талапкерлердин өтүү жоопкерчилигин аскер комиссарлары, талапкердин толук текшерилишине жана жыйынтыктын туура чыгышына дарыгер-адистер, ал эми комиссиянын ишине жана эксперттик токтомдун тууралыгына дарыгердик же аскердик-дарыгердик комиссиясынын төрагасы жооп берет.
6. Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлерди жана тарбиялануучуларды медициналык күбөлөндүрүүдө методикалык жетекчиликти жана контролду Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык коргонуу органынын АДКсы ишке ашырат.
Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлерди алдын ала медициналык күбөлөндүрүү
7. Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлер медициналык күбөлөндүрүүнү төмөнкү дарыгер-адистерден өтүшөт: терапевт, хирург, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, стоматолог, ал эми диагнозду тактоо керек болгондо - багыты боюнча башка адистердин дарыгерлеринен.
8. Бардык талапкерлер, көкүрөк клетка органдарына, мурундун кошумча көңдөйлөрүнө рентгендик текшерүүнү, кандын клиникалык анализин, зааранын жалпы апализин, ошондой эле гельминттердин жумурткасына жана дизентериялык бактерия алып жүрүүчүгө заңды текшерүүнү милдеттүү түрдө көрсөтүшөт.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Аскер лицейине тапшыруучу талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасына тиркелет (3-тиркеме).
9. Күбөлөндүрүүдө, талапкердин ден соолугунун абалына мурда байкаган документтерин, оорулуунун жеке амбулатордук картасы жана диспансердик текшерүүлөрдүн маалыматтары бар жаш өспүрүмдүн кошумча барагын (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү каттоо формалары), ошондой эле класс жетекчисинин жана билим берүү уюмунун жетекчисинин колу менен мүнөздөмөнү, ошондой эле күбөлөндүрүүчүнүн анамнездик маалыматтарын кылдат иликтөө зарыл.
10. Даттануулар, негизги анамнездик маалыматтар (мурдагы оорулары жана жаракаттары, жүрүм-туруму, мүнөзү, өнүгүүсү, жашоо шарттары ж.б. жөнүндө), ошондой эле объективдүү изилдөөнүн жыйынтыктары, дарыгер-адистердин жыйынтыктары Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасынын "Алдын ала тандоо" 3-графасына киргизилет.
11. Талапкердин медициналык күбөлөндүрүүсүн өткөрүп жаткан дарыгер-адистер медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышат:
1) Аскер лицейине өтүүгө "жарактуу";
2) Аскер лицейине өтүүгө "жараксыз". Мында дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниесинин пунктун (пункттарын) көрсөтүү керек, алардын негизинде талапкер тапшырууга жараксыз деп табылат.
Талапкерлердин акыркы медициналык күбөлөндүрүүсү
12. Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлердин акыркы күбөлөндүрүүсүн өткөрүү үчүн убактылуу АДКнын курамы Кыргыз Республикасынын коргонуу органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
Убактылуу АДК комиссиясы төрагадан жана дарыгер-адистерден (терапевт, невропатолог, хирург, офтальмолог, отоларинголог, дерматолог, психиатр, педиатр жана стоматолог) турат.
Зарыл болгон учурларда комиссия фтизиатрдын жана башка адистердин кеңеш берүүсү менен камсыздалышы керек.
13. АДКда иштөө үчүн комиссиянын катчысы - орто медициналык билими бар медицина кызматчысы дайындалат.
14. Талапкерлерди акыркы медициналык күбөлөндүрүү Аскер лицейине тапшырууга жана анда окууга тоскоол болгон дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниесинин (1-тиркеме) I графасы боюнча, ушул Нускаманын 2-тиркемесин эске алуу менен жүргүзүлөт.
15. Дарыгер-адистер тарабынан талапкерди медициналык текшерүү жыйынтыктары жана АДКнын токтому талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасынын "Акыркы тандоо" 4-графасына киргизилет.
16. Диагнозду тактоо үчүн зарыл болгон учурда убактылуу АДКнын жетекчисинин чечими боюнча талапкерлер коргонуу органынын дарылоо мекемелерине же талапкерлердин керектүү медициналык текшерүүлөрүн өткөрүү үчүн адистешкен жарандык дарылоо мекемелерине жиберилет.
Талапкерлердин акыркы медициналык күбөлөндүрүүсүндө АДКнын иштөө тартиби
17. Убактылуу АДКнын төрагасы АДКнын ишинин тартибин күбөлөндүрүү башталганга чейин аныктайт, талапкерлердин медициналык документтеринин бар болушун, алардын таризделишин карап чыгат.
18. Убактылуу АДКнын курамы Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо көрсөтүлгөн жайлар, шаймандар, медициналык жана чарба мүлктөр менен камсыздалышы керек.
19. Жумуш күнүндө күбөлөндүрүүчүлөрдүн саны, дарылануу мекемелеринен текшерүүдөн кийин келгендерди кошуу менен 50 кишиден ашпашы керек.
20. Күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалы даттанууларды, анамнезди жана объективдүү текшерүүнүн жыйынтыктарын билүү жолу менен ар бир дарыгер-адис тарабынан аныкталат. Күбөлөндүрүүдө катышкан дарыгерлер, ушул Нускаманын 2-тиркемесин жетекчиликке алуу менен алдын ала жана акыркы медициналык тандоодо талапкердин ден соолугунун абалын бирдей баалоого жетүү үчүн текшерүүнүн бардык шарттарын так сактоолору керек.
21. АДКнын дарыгер-мүчөлөрү ар бир ачык эмес учурду бирге талкуулап, өз ара кеңеш берүүлөрү керек. Башка адистердин кошумча кеңеши зарыл болгондо комиссиянын төрагасы күбөлөндүрүүчүнү башка дарылоо мекемелерине кеңеш алууга же стационардык текшерүүгө жибериши мүмкүн.
22. Стационардык же амбулатордук текшерүүдөн кийин күбөлөндүрүүчү АДКга кайтып келет, анда текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен токтом чыгарылат. Дарылоо мекемесинин же комиссияда иштебеген дарыгер-адистердин корутундулары көңүлгө алынат, бирок АДК токтом чыгарганда алар милдеттүү болуп эсептелбейт.
23. Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында комиссиянын дарыгер-мүчөлөрүнүн ар бири күбөлөндүрүү картасына оорулары жана травмалары, жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, мүнөзү, өнүгүүсү, жашоо шарттары жөнүндө, диагнозунун негиздеген объективдүү маалыматтарды сүрөттөө менен табылган оорулар жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтери жөнүндө, ошондой эле лицейге тапшырууга талапкерлердин жарактуулугу жана жараксыздыгы жөиүндө жыйынтыкты киргизет.
24. Бардык дарыгер-адистердин жыйынтыктарынан кийин АДКнын токтому чыгарылат. Акыркы тандоодо лицейге тапшырууга талапкердин жараксыздыгы жөнүндө токтом комиссиянын бардык дарыгер-мүчөлөрүнүн жыйынында гана чыгарылат.
Аскер лицейинин тарбиялануучуларын күбөлөндүрүү
25. Тарбиялануучулар окууга жарамдуулугун аныктоо зарыл учурда күбөлөндүрүү үчүн гарнизондук же госпиталдык АДКга жиберилет. Күбөлөндүрүү Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин II графасы боюнча жүргүзүлөт.
26. Тарбиялануучуларды АДКга жиберүү Аскер лицейинин начальнигинин буйругу боюнча ишке ашырылат. Аскердик дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүргөн тарбиялануучуларды күбөлөндүрүү Аскер лицейинин начальнигинин же бул мекемелердин начальниктеринин буйругу боюнча тарабынан жүргүзүлөт, бул жөнүндө оорунун таржымалында жазылат.
27. АДКга төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: лицейдин начальниги кол койгон багыттама, мүнөздөмө, жетишүүсү жөнүндө маалыматтар жана медицина документтери (медициналык китепче, кеңеш берүүчүлөрдүн жыйынтыгы, рентгендик жана башка текшерүүлөрдүн маалыматтары).
28. Тарбиялануучуларды күбөлөндүрүү жыйынтыгында дарыгердик комиссия төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:
1) лицейдеги окууну улантуу үчүн "жарактуу";
2) лицейде окууга "жараксыз".
Мында Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин пункттарын жана графасын көрсөтүү зарыл, анын негизинде токтом чыгарылат.
29. АДК тарабынан лицейде окууга жараксыз деп табылган тарбиялануучуларга Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун 16-тиркемесине ылайык оорусу жөнүндө күбөлүктөр түзүлөт. Окууга жараксыздыгы жөнүндө АДК токтому Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин АДКсынан (мындан ары - КМ АДК) бекитилүүгө тийиш. Мында аскердик кызматты өтөө менен оорунун жана жаракаттын себептүү байланышы жөнүндө пункт толтурулбайт.
30. Аскер лицейинде окууну улантууга жарактуулугу жөнүндө токтом тарбиялануучунун медициналык китепчесине киргизилет, ал эми командачылыктын суроосу боюнча маалымкат берилет (Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого 9-тиркеме).
31. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү окуу жылдын аягында Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин II графасынын талаптарына ылайык аскердик-окуу жайларына тапшырууга жарактуулугун аныктоо үчүн гарнизондук АДКда медициналык күбөлөндүрүүнү өтүшөт.
Аскердик-окуу жайларына тапшырууга жараксыз деп табылган бүтүрүүчүлөргө оорусу жөнүндө күбөлүктөр түзүлөт, алар КМ АДКда бекитилүүгө тийиш. Оорусу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы лицейдин командачылыгы тарабынан күбөлөндүрүүчүлөрдүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына жиберилет.
АДКнын документтери
32. АДКнын жыйындарынын протоколдорунун китеби Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо менен белгиленген форма боюнча бардык АДКларда, дарыгердик комиссияларында жүргүзүлөт.
Комиссиянын катчысы протоколдордун китебине төмөнкүлөрдү киргизет: күбөлөндүрүүчүнүн аты-жөнүн (акыркы тандоодо медициналык күбөлөндүрүүнү өткөргөн аскердик комиссариаттын же АДКнын почта дарегин), белгиленген диагнозду негиздөөчү даттанууларды, анамнезди жана объективдүү текшерүүнүн маалыматтарын жана лицейге тапшыруу үчүн жараксыз ден табылган талапкердин токтомун. Ден соолугу чың, лицейге тапшырууга жарактуу деп табылган талапкерлерге объективдүү текшерүүнүн жыйынтыктарын киргизбестен, "Ден соолугу чың" деп көрсөтүү керек. Лицейге өтүүгө тоскоол болбогон ден соолугунун абалынын чектен чыгуусу кыскача негизделет жана диагноз көрсөтүлөт.
Ар бир иш күнүнүн аягында протокол, төрага, комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчы тарабынан текшерилип жана кол коюлат.
33. АДКнын, дарыгердик комиссиянын иши аяктаганда протоколдун китеби лицейге тапшыруучуларды күбөлөндүрүү өткөргөн аскердик комиссариатта, гарнизондук бейтапканада, аскердик ооруканада сакталат.
34. Аскер лицейине тапшыруучу талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасы (ушул Нускаманын 3-тиркемеси) алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдө ачылат. Ага аскердик комиссариаттын же аскердик дарылоо мекемесинин мөөрү менен басылган күбөлөндүрүүчүнүн сүрөтү чапталат.
Жарактуу деп табылган жана лицейге өткөндөрдүн медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары медициналык китепчелерди толтуруу үчүн колдонулат. Андан кийин карталар лицейдин кадрлар бөлүмчөсүнө берилет жана тарбиялануучунун өздүк делосуна көктөлөт, ал эми жараксыз деп табылган талапкерлердин карталары текшерүүнүн маалыматтары жана жараксыздыгы жөнүндө негизделген токтому менен лицей тарабынан алдын ала тандоодо талапкерлердин медициналык күбөлөндүрүүнү өткөргөн комиссияларга жиберилет.
35. АДК тарабынан окууну улантууга жараксыз деп табылган тарбиялануучуларга, ошондой эле аскердик-окуу жайына өтүүгө жараксыз деп табылган бүтүрүүчүлөргө үч нускадан турган (түп нуска жана эки көчүрмө) оорусу жөнүндө күбөлүк түзүлөт. КМ АДК бекиткенден кийин оорусу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана бир көчүрмөсү лицейдин начальнигине (кадрлар бөлүмүнө) жиберилет. Экинчи көчүрмөсү оорусу жөнүндө күбөлүктү бекиткен комиссияда калат. Оорусу жөнүндө бекитилбеген күбөлүк аны түзгөн АДКга кайтарылып берилет.
36. Иш аяктагандан кийин АДКнын төрагасы 10 күндөн кеч эмес КМ АДКнын төрагасына күбөлөндүрүлгөндөрдүн жалпы санын жана өзүнчө оорулар боюнча лицейге тапшырууга "жараксыз" деп табылгандардын санын көрсөтүү менен отчет берет. Отчетто ден соолугунун абалы боюнча кабыл алынбаган адамдардын тизмеси (ар бир аскердик комиссариат боюнча) тиркелет. Тизмеде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: талапкердин аты-жөнү, райондук, шаардык аскердик комиссариат (шаар, район, облус) же АДК (дареги), толук жазылган диагноз жана Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин пункттары (ушул Нускаманын 1-тиркемеси).
Отчетко түшүндүрмө кат аркылуу талапкерлерди медициналык текшерүү жана күбөлөндүрүү жыйынтыктарына анализ берилет, алдын ала медициналык тандоонун одоно каталарынын мисалдары көрсөтүлөт, корутундулар жана сунуштар берилет.
КМ АДКнын төрагасы тизмелери менен алынган отчетту изилдейт жана аларды алган мезгилден тартып бир айдан кеч эмес мезгилде төмөнкүлөрдү аткарат:
1) лицейге ден соолугунун абалы боюнча кабыл алынбаган талапкерлердин тизмесин АДКнын, дарыгердик комиссиялардын төрагаларына талапкерлерди күбөлөндүрүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу чараларын кабыл алуу үчүн жиберет;
2) Аскер лицейине талапкерлерди медициналык тандоо жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-медициналык башкармалыгына берет.
1-тиркеме
┌─────┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────┐
│Пункт│ Оорулардын жана дене │ Ким күбөлөндүрүлөт │
│ │ түзүлүшүнүн кемчиликтеринин ├──────────────┬───────────────┤
│ │ аталышы │Аскер лицейине│Аскер лицейинин│
│ │ │ өтүүчү │тарбиялануучу- │
│ │ │ талапкерлер │ лары │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│ │ │ I │ II │
├─────┴────────────────────────────────┴──────────────┴───────────────┤
│ А. Психикалык оорулары │
├─────┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────┤
│1 │Акыл-эстин чектелүү артта │ Жараксыз │
│ │калгандыгын кошуу менен │ │
│ │акыл-эстин бардык формадагы │ │
│ │артта калгандыгы. │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│2 │Психикалык инфантилизм │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│3 │Маниакалдык-депрессиялык психоз.│ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│4 │Шизофрения │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│5 │Катуу жана өнөкөттүү │ │ │
│ │инфекцияларда, интоксикацияларда│ │ │
│ │төмөнкү психикалык бузулуулар: │ │ │
│ │1) психикалык ишмердүүлүктүн │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │кандайдыр бир бузулуулары бар │ │ │
│ │болсо, ошондой эле нормалдуу │ │ │
│ │психикалык ишмердүүлүгүнүн │ │ │
│ │калыбына келүүсүндө жана ачык │ │ │
│ │көрүнгөн астеникалык абал бар │ Жараксыз │ Жарактуу │
│ │болсо нерв системасынын │ │ │
│ │органикалык жабыркоосунун жок │ │ │
│ │болсо │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│ │2) нормалдуу психикалык │ │ │
│ │ишмердүүлүгүнүн толук калыбына │ │ │
│ │келүүсүндө жана нерв │ │ │
│ │системасынын органикалык │ │ │
│ │жабыркоонун пайда болууларынын │ │ │
│ │жок болсо │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┴──────────────┴───────────────┤
│6 │Инсандын бузулуусу Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┬──────────────────────────────┤
│7 │Невроздор (неврастения, истерия,│ │
│ │тажатма абалдардын неврозу) жана│ Жараксыз │
│ │реактивдүү психоздор │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│8 │Талма жана пароксизмалдуу пайда │ │
│ │болуучу тырышып жатып │ │
│ │калуулардын бардык формалары │ Жараксыз │
│ │(нарколепсия, каталепсия, эсин │ │
│ │жоготуп жыгылуу абалы ж.б.) │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│9 │Дарылоо мекемесинен чыккан │ │ │
│ │мезгилден тартып бир жыл │ │ │
│ │аралыгында борбордук нерв │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │системасынын ооруган катуу │ │ │
│ │органикалык оорулары │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│10 │Баш мээ жана жүлүндүн │ │
│ │травмаларынан калган пайда │ │
│ │болуулар: │ Жараксыз │
│ │1) функциялардын көрүнгөн │ │
│ │бузулууларында; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) функциялардын бузулуусу жок │ │ │
│ │объективдүү маалыматтардын │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │ арында │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│11 │Борбордук нерв системасынын │ │
│ │тубаса аномалиялары (өнүгүү │ │
│ │кемтиктери), өөрчүүчү │ Жараксыз │
│ │органикалык оорулар, ошондой эле│ │
│ │миопатия, миастения, миотония │ │
│ │ж.б. │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│12 │Качан ооруганына карабастан │ │
│ │кургак учук менингити │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│13 │Перифериялык нерв системасынын │ │
│ │оорулары жана жаракаттарынын │ │
│ │кесепеттери: │ │
│ │1) кыймылдардын, сезүүнүн же │ Жараксыз │
│ │трофиканын көрүнгөн бузулуулары │ │
│ │бар болсо; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) функциялардын бузулуусу жок │ │ │
│ │калдык пайда болуулар бар болсо │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │ │ │ │
├─────┴────────────────────────────────┴──────────────┴───────────────┤
│ Б. Ички оорулар │
├─────┬────────────────────────────────┬──────────────┬───────────────┤
│14 │Сөөк жана булчуң системаларынын │ │ │
│ │канааттандыраарлык эмес │ │ │
│ │өнүгүүсүндө, бойдун жана │ │ │
│ │салмактын көрүнгөн артта │ │ │
│ │калуусунда, алардын ортосундагы │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │катыштыктын бат бузулуусунда │ │ │
│ │пайда болгон дене түзүлүшүндөгү │ │ │
│ │өнүгүүнүн артта калуусу │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│15 │Дарылоого болбогон өнөкөттүү │ │
│ │инфекциялык оорулар (өнөкөттүү │ │
│ │дизентерия, бруцеллез, ВИЧ, │ Жараксыз │
│ │СПИД ж.б.) │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│16 │Көрүнүү даражасына карабастан │ │
│ │эндокриндик системанын оорулары │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│17 │Кан жаратуу системасынын │ │
│ │оорулары (лейкоздор, │ │
│ │ретикулездор, │ │
│ │эритремия, гипо жана │ Жараксыз │
│ │апластикалык анемиялар, │ │
│ │гемолиттик жана башка анемиялар,│ │
│ │геморрагендик диатездер ж.б.) │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│18 │Өлкөнүн, плевранын жана ички │ │
│ │көкүрөк лимфа түйүндөрүнүн │ Жараксыз │
│ │кургак учугу │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│19 │Көкүрөк чектөөсүнөн сырткары │ │
│ │кургак учук │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│20 │Кийинки стационардык │ │
│ │дарылоону талап кылбаган кургак │ │
│ │учук белгисиндеги ооруган │ Жараксыз │
│ │экссудативдик плевриттин калдык │ │
│ │пайда болуулары │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│21 │Ар кандай даражадагы функция │ │
│ │бузулганда кургак учук │ │
│ │белгисиндеги эмес өпкөнүн, дем │ Жараксыз │
│ │алуу жолдорунун жана плевранын │ │
│ │өнөкөттүү оорулары │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│22 │Кургак учук белгисиндеги эмес │ │
│ │өпкөнүн катуу ооруларынын же │ │
│ │өпкөнүн, дем алуу жолдорунун │ │
│ │жана плевранын травмалык │ Жараксыз │
│ │жабыркоолорунун кесепеттери: │ │
│ │1) сырткы дем алуу функциясынын │ │
│ │бузулуусу менен; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) сырткы дем алуу функциясынын │ │ │
│ │бузулуусу жок │ Жараксыз │ Жарактуу │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│23 │Компенсация даражасына │ │
│ │карабастан жүрөктүн жана ири │ Жараксыз │
│ │тамырлардын органикалык оорулары│ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│24 │Нейроциркулятордук дистония, │ │
│ │бардык формалары │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│25 │Инфекцияда жана интоксикацияда │ │ │
│ │жүрөк-тамыр системасы тарабынан │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │убактылуу функционалдык │ │ │
│ │бузулуулар │ │ │
├─────┴────────────────────────────────┴──────────────┴───────────────┤
│ В. Тамак сиңирүү системасы │
├─────┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────┤
│26 │5 мм көп үстүнкү жана астыңкы │ │
│ │жаактын борбордук маңдайкы │ │
│ │тиштери ортосундагы аралыгында │ │
│ │тиштердин кабышып туруусунун ар │ Жараксыз │
│ │кандай аномалиялары: тиш этинин │ │
│ │кырынын майыптыгы менен │ │
│ │тиштердин терең кабышып туруусу │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│27 │Эки жаакта 6 жана андан көп │ │ │
│ │тиштердин жок болушу, төмөнкү үч│ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │тиштин катар жок болушу: │ │ тийиш │
│ │маңдайкы тиш, азуу жана кичи │ │ │
│ │азуу │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│28 │10 жана андан көп кариес │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │тиштердин бар болушу │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│29 │Жаак-бет бөлүгүндөгү ар кандай │ │
│ │тубаса аномалиялары │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│30 │Майыптыктын же оорулардын │ │
│ │жыйынтыгында 2 см ашык эмес │ │
│ │(жогорку жана астыңкы жаактардын│ │
│ │борбордук маңдай тиш ортосунда) │ Жараксыз │
│ │оозду ачканда чайноо │ │
│ │булчуңдарынын туруктуу муундук │ │
│ │эмес контрактурасы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│31 │Астыңкы жаак муунунун артрити │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │ │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│32 │Астынкы жаак муунунун бир же эки│ │
│ │тараптуу анкилозу │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│33 │Жаактардын өнөкөттүү │ │
│ │остеомиелити │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│34 │Беттин актиномикозу │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│35 │II же III даражадагы пародонтоз │ │
│ │(амфодонтоз, альвеолдук пиорея) │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│36 │Өнөкөттүү жара стоматити же │ │
│ │гипертрофикалык (жаралык) │ │
│ │гингивит, ооз көңдөй былжырынын │ Жараксыз │
│ │лейкоплакиясы, туруктуу │ │
│ │глоссалгия │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│37 │Нома (пластиканы кошуу менен │ │
│ │толук дарыланса да) │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│38 │Шилекей бездеринин өнөкөттүү │ │
│ │ириңдеген сезгенүүсү же тешиги │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│39 │Ич көңдөй органдарынын оорулары,│ │
│ │алардын жабыркоолорунун же │ │
│ │операциялык кийлигишүүнүн │ Жараксыз │
│ │кесепеттери: │ │
│ │1) функциянын орточо бузулуусу │ │
│ │менен; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) убактылуу мүнөзүндөгү │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │функциянын бузулуусу менен │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│40 │Жабыркоолордун, операциялык │ │
│ │кийлигишүүлөрдүн кесепеттери, │ │
│ │бөйрөктүн сезгенген же │ Жараксыз │
│ │дистрофтук оорулары: │ │
│ │1) функциянын бузулуусу менен; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) убактылуу мүнөзүндөгү │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │функциянын бузулуусу менен │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│41 │Активдүүлүктүн бардык │ │
│ │даражасында, ар кандай формадагы│ Жараксыз │
│ │ревматизм │ │
├─────┼────────────────────────────────┴──────────────────────────────┤
│ │ Г. Хирургиялык оорулар │
├─────┼────────────────────────────────┬──────────────────────────────┤
│42 │Заара таш оорусу, өнөкөттүү │ │
│ │пиелиттер жана циститтер, │ Жараксыз │
│ │заараны түндө кармай албоо │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│43 │Чоң же жара болууга жакын, ээ │ │
│ │болгон ткандар менен өскөн жана │ │
│ │эркин кыймылды же кийимди, бут │ Жараксыз │
│ │кийимди же шаймандарды кийүүнү │ │
│ │чектеген тырыктар │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│44 │Катый элек тырыктар, сөөк │ │ │
│ │сөөлдөрү, буттардын же │ │ │
│ │омуртканын кыймылынын убактылуу │ │ │
│ │чектелиши менен майыптыктан, │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │операциялардан жана сезгенүү │ │ тийиш │
│ │процесстеринен кийинки │ │ │
│ │инфильтраттар │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│45 │Тубаса же майыптыктан кийин баш │ │
│ │сөөктүн сөөктөрүнүн кемтиктери │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│46 │Кандайдыр бир формада │ │
│ │функцияларын бузган омуртканын │ │
│ │жана жамбаштын майыптыгынын, │ Жараксыз │
│ │ооруларынын кесепеттери, өнүгүү │ │
│ │кемтиктери жана түзүлүшүнүн │ │
│ │өзгөрүшү │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│47 │Туубаса же пайда болгон көкүрөк │ │
│ │клеткасынын көрүнгөн бузулуулары│ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│48 │Өнөкөттүү оорулар, туубаса │ │
│ │кемтиктер, ошондой эле │ │
│ │функциялардын билинбеген │ │
│ │бузулууларында да сөөктөрдүн, │ Жараксыз │
│ │кемирчектердин, муундардын, │ │
│ │булчуңдардын, кемирчектердин │ │
│ │майыптыгынын кесепеттери │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│49 │Функциясына жана аскердик │ │
│ │кийимди, шаймандарды кийүүдө │ │
│ │кандайдыр бир даражадагы │ Жараксыз │
│ │кыйындыкты алып келген буттардын│ │
│ │кыйшаюусу же кыскалыгы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│50 │Колдун кемтиктери, кайсы бир │ │
│ │колдун бир манжасынын жок │ Жараксыз │
│ │болушу, түйүлүшү же кыймылдабашы│ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│51 │Буттун чоң же эки башка │ │
│ │манжасынын жок болушу, түйүлүшү │ │
│ │же кыймылдабашы, басканда же бут│ Жараксыз │
│ │кийим кийгенде кандайдыр бир │ │
│ │даражада кыйындыкты алып келген │ │
│ │бут манжаларынын кыйшаюусу │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│52 │Жалпак тамандуулук жана тамандын│ │
│ │башка деформациялары: │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│ │- остеоартрздун пайда болуусу │ │
│ │жок 1-2-даражадагы; │ Жарактуу │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│ │- 3-даражадагы жалпак │ │
│ │тамандуулук, тамандын башка │ Жараксыз │
│ │деформациялары │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│53 │Лимфа түйүндөрүнүн кургак │ │
│ │учуктук жабыркоосу │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│54 │Бардык даражадагы богок │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│55 │Жаман сапаттагы шишиктер, │ │
│ │ошондой эле аларды алгандан │ Жараксыз │
│ │кийин тырыктар │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│56 │Органдардын функцияларын бузуучу│ │
│ │же аскердик кийимди жана │ Жараксыз │
│ │шайманды кийүүгө тоскоол болгон │ │
│ │жакшы сапаттагы шишиктер │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│57 │Перифериялык тамырлардын │ │
│ │оорулары же жабыркоолорунун │ │
│ │кесепеттери (эндартерииттер, │ Жараксыз │
│ │тромбофлебиттер, аневризмдер, │ │
│ │веналардын варикоздук чоңоюусу) │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│58 │Жука чурай туштагы, жамбаштагы, │ │
│ │киндиктеги, ичтин бетиндеги │ │
│ │грыжалар: │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│ │1) кайталануучу; │ Жараксыз │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) операбелдик │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │ │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│59 │Жумуртканын же урук таажысынын │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │шишиги │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│60 │Ич көңдөйүндө, жука чурай │ │
│ │каналында же анын сырткы │ Жараксыз │
│ │тешигинде бир жумуртканын болсо │ │
│ │да кармалышы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│61 │Жыныс мүчөсүнүн жок болушу; │ │
│ │сийдик чыгуучу түтүктүн, │ │
│ │табарсыктын өнүгүү кемтиктери; │ Жараксыз │
│ │сийдик чыгарууда кыйындыкты │ │
│ │алып келген сийдик чыгаруучу │ │
│ │каналдын тешиги же ичкерүүсү │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│62 │Сийдик чыгаруучу жана жыныс │ │
│ │органдарынын кургак учугу │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│63 │Түз ичеги бетинин түшүшү, арткы │ │
│ │чыгуучу тешиктин тешиктери, │ Жараксыз │
│ │ичкериши, табигый эмес арткы же │ │
│ │заң тешиги │ │
├─────┴────────────────────────────────┴──────────────────────────────┤
│ Д. Кулактын, тамактын жана мурундун оорулары │
├─────┬────────────────────────────────┬──────────────┬───────────────┤
│64 │Мурун тосмосунун кыйшаюусу, │ │ │
│ │кеңилжээрдин аденоиддери, │ │ │
│ │лепториния, сырткы мурундун │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │канаттарын ооруусу жана башка │ │ тийиш │
│ │туруктуу себептер менен болгон │ │ │
│ │мурун дем алуусунун кескин │ │ │
│ │бузулуусу │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│65 │Өнөкөттүү ириңдүү эпитимпанит │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│66 │Өнөкөттүү ириңдүү мезотимпанит: │ │
│ │1) эки тараптуу же бир тараптуу,│ │
│ │кулак жаргагынын көңдөйүндө │ │
│ │кариес, полип грануляция менен │ │
│ │коштолгон, мурундун кошумча │ │
│ │көңдөйлөрүнүн көрүнгөн │ Жараксыз │
│ │атрофикалык ринофарингити, │ │
│ │өнөкөттүү полипоздук же ириң │ │
│ │оорулары, өнөкөттү тонзиллит, │ │
│ │мурун дем алуусунун туруктуу │ │
│ │бузулуусу, ошондой эле │ │
│ │кайталанышы; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) "1" пунктунда көрсөтүлгөн │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │оорулар коштолбогон бир тараптуу│ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│67 │Отит оорусунан кийин туруктуу │ │
│ │калдык пайда болуулар (кенен │ │
│ │тырык өзгөрүүлөр, кулак жаргак │ Жараксыз │
│ │көңдөйүнүн биригиши, кулак │ │
│ │жаргагынын туруктуу бир тараптуу│ │
│ │кургак перфорациясы) │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│68 │Кулак үлүлүнүн, сырткы угуу │ │
│ │жолунун же кулак жанындагы │ Жараксыз │
│ │аймактын өнөкөттүү экземасы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│69 │Вестибулярдык аппараттын │ │
│ │функциясынын бузулушу: │ │
│ │1) меньердик оорунун белгилерин │ Жараксыз │
│ │коштоочу туруктуу, көрүнгөн │ │
│ │вестибулярдык-вегетативдик │ │
│ │бузулуулары │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) вестибулярдык дүүлүгүүлөргө │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │туруктуу, бат көрүнгөн сезүү │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│70 │Бир кулагына болсо да 6 м чейин │ │
│ │шыбырап сүйлөөнү кабыл алууда │ Жараксыз │
│ │угуунун туруктуу төмөндөшү │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│71 │Кулактын баро функциясынын бат, │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │туруктуу бузулуусу │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│72 │Өнөкөттүү декомпенсацияланган │ │
│ │(токсико-аллергиялык, оорлошкон)│ Жараксыз │
│ │тонзиллит │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│73 │Кекиртектин өнөкөттүү │ │
│ │ларингиттери, жакшы сапаттагы │ Жараксыз │
│ │шишиктер (папиллома, фиброма │ │
│ │ж.б.) │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│74 │Жыт сезүүнүн туруктуу жана толук│ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │жок болушу │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│75 │Өтө сасыган сасык тумоо (озена) │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│76 │Көрүнгөн атрофиялык ринит │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│77 │Көрүнгөн вазомотордук жана │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │аллергиялык ринит │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│78 │Мурундун кошумча көңдөйлөрүнүн │ │
│ │өнөкөттүү оорулары: │ Жараксыз │
│ │1) полипоздук же ириңдүү; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) синуситтердин ириңцебеген │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │(катаралдык, сероздук │ │ тийиш │
│ │вазомотордук ж.б.) формалары, │ │ │
│ │гайморит көңдөйүнүн кистасы │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│79 │Канчоо, кургак учук, сифилис, │ │
│ │өнүгүүнүн ар кандай даражасындаг│ Жараксыз │
│ │ЛОР-органдардын склеромасы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│80 │Туруктуу кекечтенүү же ар кандай│ │
│ │даражадагы кекечтик │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│81 │Беттин туруктуу көркүнүн кетиши.│ │
│ │Жыт сезүү, дем алуу, сүйлөө, │ │
│ │чайноо же жутуу функцияларынын │ │
│ │бузулуусун коштогон мурундун, оо│ Жараксыз │
│ │көңдөйүнүн, жаактардын, тамактын│ │
│ │кекиртектин, кызыл өңгөчтүн │ │
│ │туруктуу өзгөрүүлөрү │ │
├─────┴────────────────────────────────┴──────────────────────────────┤
│ Е. Көз оорулары │
├─────┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────┤
│82 │Көрүнүүнүн ар кандай │ │
│ │даражасындагы бардык формасында │ Жараксыз │
│ │түстү көрүүнүн бузулуулары │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│83 │Чөйрөлөрдү сындырган туруктуу │ │
│ │тунарууларга же көз чуңкурунун │ │
│ │туруктуу өзгөрүүлөрүнө, │ │
│ │рефракциянын аномалияларына жана│ │
│ │башка себептерге (травмалар, │ Жараксыз │
│ │органикалык оорулар) байланыштуу│ │
│ │көрүү курчтугунун төмөндөшү: │ │
│ │1) бир көзгө болсо да 0,5тен аз │ │
│ │коррекциясыз көрүү курчтугу │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│ │2) жакынды көрүү 1,0 Д дан көп, │ │
│ │1,0 Д дан көп даражасындагы │ Жараксыз │
│ │астигматизм, бир көзгө болсо да │ │
│ │алысты көрүү 3,0 Д дан көп │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│84 │Көрүүнүн жакшы курчтугунда да │ │ │
│ │көздөрдүн кайталануучу │ │ │
│ │гиперэргичтик ооруларынын │ Жараксыз │ Жеке баалоо │
│ │(фликтендер ж.б.) кесепетинен │ │ │
│ │көздүн тунук кабыгынын тунарышы │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│85 │Көз каштарынын өз аралык же көз │ │
│ │алмасы менен өсүүсү, эгерде алар│ │
│ │көрүүгө тоскоол болушса же │ │
│ │көздөрдүн кыймылын чектесе; │ │
│ │көз каштарынын кыйшаюусу же │ │
│ │аңтарылышы; │ Жараксыз │
│ │көздүн тунук кабыгын толук жабуу│ │
│ │үчүн каштардын жетишпестиги, │ │
│ │кирпиктердин өсүүсү көз алмасына│ │
│ │багытталганы боюнча; │ │
│ │көрүнгөн даражасына карабастан │ │
│ │туруктуу лагофтальм │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│86 │Учтарынын гипертрофиясы жана без│ │
│ │алдындагы тканынын │ │
│ │инфильтрациясы менен │ │
│ │кайталануучу өнөкөттүү │ │
│ │блефариттер жана │ │
│ │конъюнктивиттер: │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│ │1) дарылоо оор болгон же │ │
│ │дарыланбай турган │ Жараксыз │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) дарылоого боло турган │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │ │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│87 │Жазгы катар жана │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │фликтенулездук конъюнктивит │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│88 │Көрүү функциясын бузуучу көздүн │ │
│ │бириктирүүчү жана башка │ │
│ │катмарларынын сезгенүү же │ Жараксыз │
│ │дегенеративдик мүнөзүндөгү │ │
│ │өнөкөттүү оорулар │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│89 │Канат сымал плева │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │ │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│90 │Жаш чыгуу жолдорунун ооруларынын│ │
│ │кесепетинен токтобогон жаш агуу:│ Жараксыз │
│ │1) дарыланбаган; │ │
│ ├────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│ │2) дарыланган │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │ │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│91 │Бир көзүндө болсо да кашынын │ │
│ │билинген көрүнүүсү менен │ Жараксыз │
│ │туруктуу түшүп туруусу │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│92 │Бир көзүндө болсо да көз │ │
│ │алмасынын кыймылдоо │ Жараксыз │
│ │нервдеринин туруктуу │ │
│ │кыймылдабай калышы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│93 │Туруктуу спазм же │ │
│ │аккомодациянын кыймылдабай │ Жараксыз │
│ │калышы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│94 │Ар кандай даражадагы биргелешкен│ │
│ │чалыр көздүүлүк │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│95 │Ар кандай даражадагы көз │ │
│ │алмасынын булчуңдарынын │ Жараксыз │
│ │термелүүчү спазмасы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│96 │Көздүн ичинде жайгашкан, │ │
│ │алууга мүмкүн болбогон башка │ Жараксыз │
│ │тело │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│97 │Бир көзүндө болсо да ар кандай │ │
│ │этиологиядагы көрүү нервинин │ Жараксыз │
│ │атрофиясы │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│98 │Торчонун так болуп кайта өсүүсү,│ │
│ │ар кандай пайда болуудагы │ │
│ │торчонун катталышы, гемианопсия,│ Жараксыз │
│ │көрүү нерв аппаратынын │ │
│ │органикалык өзгөрүүлөрүнө │ │
│ │шартталган 45 град. чейин │ │
│ │сыртынан көрүү талаасынын │ │
│ │туруктуу ичкерүүсү │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│99 │Глаукома │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│100 │Көз жана жалпы оорулардан же │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │жаракаттан кийин көрүүнүн │ │ тийиш │
│ │убактылуу бузулуусу │ │ │
├─────┴────────────────────────────────┴──────────────┴───────────────┤
│ Ж. Тери жана венерологиялык оорулары │
├─────┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────┤
│101 │Ыйлаакча, экзема, кычыткы, │ │
│ │нейродермит, склеродермия, │ │
│ │кабыктуу чакалай, ихтиоз, │ │
│ │грибок түрүндөгү микоз, │ │
│ │өнөкөттүү туюктануучу жара │ Жараксыз │
│ │же жаралык пиодермия │ │
│ │эритематоздук бөрү жатыш, │ │
│ │ошондой эле дарылоо оор болгон │ │
│ │теринин башка оорулары │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│102 │Уя кашка болуунун жана │ │
│ │витилигонун таралган жана │ Жараксыз │
│ │тоталдык түзүлүштөрү │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│103 │Таралган же билинген көрүнүүсү │ │
│ │менен чектелген гиперкератоздор │ │
│ │жана дискератоздор, рентген │ Жараксыз │
│ │жана радиодерматиттер, │ │
│ │фотодерматоздор │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│104 │Дайыма кайталануучу бөрү жатыш │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│105 │Теринин катуу таралган оорулары,│ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │анын ичинде инфекциалык да │ │ тийиш │
│ │(пиодермия, котур ж.б) │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│106 │Теринин кургак учугу │ Жараксыз │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┬───────────────┤
│107 │Сикоз │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │ │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│108 │Баштын чачтуу бөлүгүнүн жана │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │жылмакай теринин паршасы, │ │ тийиш │
│ │микроспориясы жана трихофитиясы,│ │ │
│ │эпидермотифития, тырмактардын │ │ │
│ │грибок менен жабыркашы │ │ │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤
│109 │Этиологиясына карабастан катуу │ Жараксыз │ Дарыланууга │
│ │жана өнөкөттүү уретриттер │ │ тийиш │
├─────┼────────────────────────────────┼──────────────┴───────────────┤
│110 │Котон жара │ Жараксыз │
└─────┴────────────────────────────────┴──────────────────────────────┘
2-тиркеме
А. Психикалык жана нервдик оорулар
4-пункт. Шизофрения диагнозу адистештирилген дарылоо мекемеси тарабынан такталышы жана кылдат негизделиши керек.
Шизофрениянын белгилерине күбөлөндүрүүчүнүн жеке өзгөчөлүгү болуп саналган жана өзүнүн негизинде кандайдыр бир ооруу процессине ээ болбогон мүнөзүнүн жана жүрүм-турумунун кээ бир белгилерин киргизүүгө болбойт.
5-пункт. II графанын "б" пунктчасы боюнча психоздун жакшы айыгышы дарылоо мекемесинде текшерүү менен далилдениши керек.
6-пункт. Психопатия диагнозун коюу үчүн анамнезди кылдат билүү жана аны күбөлөндүрүү, окуу мезгилинде байкоо маалыматтары менен салыштыруу зарыл.
Тартипсиздик, жабык көрүнгөн жана инсандын бардык патологиялык түзүлүшүнөн келип чыкпаган жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктарга каршы коюусу психопатиянын белгилери болуп бааланышы мүмкүн эмес.
8-пункт. Анамнезде айрым талмалар болсо, эгерде алар акыркы 5 жыл аралыгында кармабаса да лицейге өтүү үчүн тоскоол болуп саналат.
10-пункт. Баш мээ жана жүлүндүн травмаларынын жана жугуштуу ооруларынын калдык пайда болууларын (энцефалиттер, миелиттер, менингиттер, арахноидиттер), бул оорулардын өнөкөттүү формаларын, ошондой эле жалпы инфекцияда, катуу жана өнөкөттүү интоксикацияларда борбордук нерв системасынын органикалык жабыркоолорун алдын ала карайт.
Б. Ички оорулар
14-пункт. Дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүн баалоодо жана лицейге өтүүгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүүдө дене боюнун жана салмагынын ортосундагы туура келбестик өзүнчө турганда дене түзүлүшүнүн жетишээрлик эмес өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп кызмат өтөбөйт. Ошондуктан, талапкердин жарактуулугу жөнүндө чечим катуу тартипте жеке чыгарылышы керек. 146 см төмөн бойлуу талапкерлер Аскер лицейине өтүүгө жараксыз.
16-пункт. Организмдин өсүү мезгилинде, өзгөчө жыныстык жетилүү убагында ички секреция бездеринин функцияларында ченемден бат эмес чектен чыгуу орду бар экенин билүү керек. Жаш өспүрүмдөрдө ченемден ушундай четтен чыгуулар лицейге кабыл алууга жана окууга тоскоол болуп саналбайт. Ички секреция бездеринин ооруларына бардык шек саноолор стационардык текшерүү менен текшерилиши керек.
18-пункт. Лицейге кургак учук менен ооруган оорулууларды киргизбөө маанилүү. Ошол үчүн кургак учукка шектүү ар бир күбөлөндүрүүчү кылдат клиникалык текшерилүүгө тийиш.
Өпкө тканында айрым петрификаттардын же өпкөнүн тамырларында кальцинаттардын бар болуусу аскердик лицейге өтүүгө жолтоо болуп саналбайт.
21-пункт. Ушул эле пунктка күчөөсү менен өнөкөттүү бронхиттер, өпкөнүн эмфиземасы, ар кандай даражадагы бронхалык астма кирет.
23-пункт. Бул пунктка тубаса кандай болсо, пайда болгондой эле жүрөктүн кемтиги кирет.
Бул ооруларга диагноз коюуда бардык көңүл буруу менен мамиле кылуу керек. Жүрөк кемтигинин диагнозу үчүн систолдук шуулдоонун гана бар болуусу негиз болуп кызмат кыла албагандыгын эске алуу керек, себеби бул көрүнүш жаш өспүрүмдөрдө өтө көп болот.
Эгерде тамырдын тез-тез согушу жүрөк-тамыр системасындагы башка белгилер менен коштолбосо, ошондой эле оорунун пайда болуусу деп каралбашы керек. Жогорку дүүлүгү жана реактивдүүлүгү менен өзгөчөлөнбөгөн жаш өспүрүмдөрдө тахикардия медициналык текшерүү убагында башынан өткөргөн толкундоолордо дайыма байкалат. Ошондуктан диагнозду жана чечимди стационардык текшерүүдөн кийин гана чыгарууга болот.
24-пункт. Сымап мамычасынын 130/80 мм ден жогору жана 90/60 мм ден төмөн туруктуу мүнөзүндөгү систолдук жана диастолдук артериялык басым менен аскердик лицейге талапкерлерди өтүүгө жараксыз деп табылат.
Артериялык басымдын көрсөткүчтөрүнүн туруктуу чектен чыгуулары менен аскердик лицейдин тарбиялануучулары стационардык шарттарда текшерилиши керек. Окууга алардын жараксыздыгы жөнүндө чечим дарылануу ийгиликсиз болгондо гана чыгарылат.
В. Тамак сиңирүү системасы
26-пункт. Буга ачык, прогеникалык жана прогнатиалык тиш кабышуулар, Н.И.Агапов боюнча 60 пайыздан аз чайноо натыйжалуулугу менен 5 тен 10 мм ге чейин тиштердин кабышынын катташпоосу менен II даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары же 10 мм чоң тиштердин кабышынын катташпоосу менен II даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары (чайноо натыйжалуулугун эсептебегенде) кирет. Ушул пункттары көрсөтүлгөн тиш кабышуунун аномалияларынын даражаларында жеңил суучул аппаратынын эриндигин тиштер менен бекем кармоо мүмкүн эмес, ошого байланыштуу лицейге өтүүгө талапкерлердин жараксыздыгы жөнүндө чечим чыгарылат, ал эми дарылануу ийгиликсиз болгондо талапкерлердин окууну улантууга жарамдуулугу жеке бааланат.
60 жана андан ашык пайыз чайноо натыйжалуулугу менен 5 тен 10 мм ге чейин тиштердин кабышынын катташпоосу менен II даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары, ошондой эле I даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары (5 мм ге чейин тиш катарларынын биригүүсүн кошкондо) ушул пунктту колдонуу үчүн негиз болуп саналбайт, аскердик лицейге өтүүгө тоскоол болбойт.
28-пункт. Натыйжалуу металл пломбалары бар тиштер нормалдуу тиштер менен тең келет.
29-пункт. Бул пунктка микрогения, адентия, оозунун тубаса жырыгы жана башка тубаса пайда болгон аномалиялар кирет.
36-пункт. Өнөкөттүү гипертрофтук гингвиттин негизги белгилери деп төмөнкүлөрдү эсептөө керек: тиш коронкасынын үчтөн бир бөлүгүнө тең учтардын гипертрофиясын, тиштердин моюндарынан тиш этинин калышын, аз жабыркоосун жана кан агуусун.
41-пункт. Лицейде жүргөн мезгилде ревматизм менен ооруган тарбиялануучулар дарылангандан кийин окууну улантууга жараксыз деп табылышы керек.
Г. Хирургиялык оорулар
42-пункт. Тарбиялануучуларда заараны түндө кармай албоо же сийдик чыгаруучу жолдорунун катуу сезгенүү оорулары, кийинки таш пайда болуусу жок бир таштын түшүүсү болгондо стационардын шарттарында кылдат текшерүү өткөрүлүшү керек.
Дарылануу ийгиликсиз болгондо лицейде окууга жараксыздыгы жөнүндө чечим чыгаруу керек.
43-пункт. Буга ар кандай этиологиядагы баштын жана моюндун көркүн кетирген тырыктар, ошондой эле адепсиз же ар кандай татурировкалар кирет.
44-пункт. Дарылангандан кийин тарбиялануучулар күбөлөндүрүүгө тийиш. Мында, окууга алардын жарактуулугу жабыркаган органдын функциясынын бузулуу даражасына көз каранды аныкталат.
45-пункт. Ар кандай өлчөмдөгү жана чектөөдөгү баш сөөктүн сөөктөрүнүн кемтиктери айтылат. Ушуга эле баш сөөктү түзгөн сөөктөрдүн эски басылган сыныктары кирет.
48-пункт. Бул пунктка тубаса жана пайда болгон сөөк-муун системасынын кемтиктерин жана жетишпестиктерин, анын функциясынын бузулуусун (жалган муундар, туура эмес өскөн сыныктар, биринчи чыгып кетүүлөр, моюн кабыргалары, синдактилия, полидактилия ж.б.), ошондой эле ар кандай этиологиядагы сөөктөрдүн жана кемирчектердин ооруларын киргизүүгө болот.
49-пункт. Өнүгүү кемтиктеринин, оорулардын жана травмалардын кесепети катары буттардын ар кандай кыйшаюусу (анын ичинде X түрүндө же О түрүндө) жана кыскалыгы лицейге өтүүгө жана анда окууга каршы көрсөткүч болуп саналат.
50-пункт. Колдогу манжанын жок болушун фаланга аралык муундун деңгээлинде эсептөө керек.
Манжанын толук тырышуусуна же толук кыймылдабашына алып келген тарамыштардын жана манжа нервдеринин жабыркоолору же оорулары анын жок экендигин билдирет.
52-пункт. Остеоартроздун пайда болуусу жок 1-11 даражадагы жалпак тамандуулук аскер лицейине өтүү үчүн жолтоо болбойт.
53-пункт. Ушул эле пунктка скрофулодерма кирет. Лимфадениттин жаралышына шек санап жатканда тапшырып жаткандар жараксыз деп табылат, ал эми тарбиялануучулар стационардык текшерилүүгө тийиш.
54-пункт. Кандайдыр бир эндокриндик бузулуулардын барында чечим 16-пункт боюнча чыгарылат.
56-пункт. Буга чоң гемангиомдерди да киргизүүгө болот. Жакшы сапаттагы шишиги менен тарбиялануучуга каршы көрсөткүчтөрдүн жогунда ыкчам дарылануу сунушталышы керек.
57-пункт. 1-даражадагы урук таажысынын веналарынын кеңейиши лицейге өтүүгө жана окууга каршы көрсөткүч болуп саналбайт.
Трофикалык бузулуулары жана даттануулары жок цилиндр же ийилген жылмакай томпок түрүндө буттардын өзүнчө жерлериндеги тери астындагы веналарынын кеңейиши бар тарбиялануучулар окууну улантуу үчүн жарактуу деп табылышат.
Д. Кулактын, тамактын жана мурундун оорулары
64-пункт. Мурун тосмосунун кыйшаюусу, 71-пунктуна түшүндүрмөлөрдү келтирилген даражада кулактардын баор функциясынын туруктуу бузулуусуна алып келбеген, бир жагында бар болсо да эркин мурун менен дем алууда I-II даражадагы мурундун аденоиддери, ошондой эле мурундун кошумча көңдөйлөрүндөгү өзгөрүүлөр аскердик лицейге өтүү үчүн тоскоол болуп саналбайт.
65-пункт. Буга операциядан кийинки көңдөйдө толук эмес эпидермизациясы же шыбыр сүйлөөгө 6 м ден аз угуунун төмөндөөсү менен эпитимпанит боюнча операция болгондон кийинки абал да кирет.
66-пункт. Мурдагы перфорациялардын ордундагы тырыктар жана жакшы кыймылдоодо, жакшы угууда жана баро функциясынын бузулбаганында кулак жаргагынын катуу берч болуусу бул пунктка кирбейт.
69-пункт. Вестибулярдык аппараттын функциясынын бузулуусунда, бул бузулуулардын (жалпы чарчоо, интоксикациялар, ашказан-ичеги же нерв оорулары ж.у.с.) мүнөзүн жана себептерин текшерүү үчүн бардык тарабынан, тез стационардык текшерүү зарыл.
Ушул пункттун "б" пунктчасына вестибулярдык бузулуулардын белгилеринин жана башка органдарынын оорулары жокто термелүүгө тез жогорку сезүү учурлары кирет. "Ортостатикалык реакция" сыноосу менен текшерүүдө тез вегетативдик реакциясын (III даражадагы вегетативдик реакция) көрсөткөн талапкерлер лицейге өтүүгө жараксыз.
Ортостатикалык сыноо менен текшерүүнүн жыйынтыктарын баалоодо коргоо кыймылдары, бат көрүнгөнү (III даражадагы коргоо кыймылдары) да интенсивдүү вегетативдик реакциялардын жогунда ушул пункттун "б" пунктчасын колдонуу үчүн негиз боло алышпайт; бул реакция вестибулятордук аппараттын дүүлүгүсүнө туруктуу болуп саналбайт жана эреже катары машыгууларда бат эле жоголот.
70-пункт. Угуунун курчтугун текшерүү чурулдоо тоскоолдугу жок шартта бардык учурларда шыбыр сүйлөөнүн бирдей интенсивдүүлүгү менен ишке ашырылышы керек.
71-пункт. Баро функцияны текшерүү кулак манометрия ыгы менен жүргүзүлүшү керек. Лицейде талапкерлер I-II же III ашпаган даражадагы баро функциясына ээ болушу керек.
72-пункт. Өнөкөттүү декомпенсироваланган (токсико-аллергиялык, оорлошкон) тонзиллиттин белгилери деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:
- кайталануучу ангиналар (жылына 2 жолудан кем эмес);
- миндаль жанындагы тканында сезгенүү процесстеринин орду болсо (паратонзиллярдык абсцестер ж.б.);
- туткалары менен миндалдардын өсүүсү;
- көкүрөк-акырек-үрп сымал булчуңдардын алдынкы бети боюнча аймактык лимфа түйүндөрүнүн кеңейиши;
- тонзиллогендик интоксикация жана организмдин аллергизациясы. Өнөкөттүү компенсироваланган тонзиллит, тандай миндалдардын гипертрофиясы лицейге өтүүгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт.
74-пункт. Жыт сезүүнүн толук жок болушу деп катуу жытты (жөнөкөй валерианка маңызын) кабыл албоо саналат.
81-пункт. Ушул эле пунктка беттин көркүн кетирген ангиомалары, кулак жаргагынын көрүнгөн тубаса жана пайда болгон кемчиликтери жана башкалар кирет.
Е. Көз оорулары
82-пункт. Түстөрдү көрүү Рабкинанын (8 же 9-басылыш) полихроматикалык таблицаларындагы берилген ыктарды так сактоонун жардамы менен текшерилет.
Чет элдик аскердик-музыка мектебине талапкерлер бардык түрдөгү аномалдуу трихромзиянын жана дихромзиянын барында өтүүгө жарактуу деп табылышат, ал эми монохромазияда жараксыз болушат.
83-пункт. Аскердик лицейге талапкерлерде оңдоосу менен көрүү курчтугу ар бир көзгө 1,0 аз болбошу керек.
Көрүү курчтугун текшерүүдө Головин-Сивцевдин таблицаларын үйрөнүү жолу менен диссимуляциялоо мүмкүнчүлүгү деп билүү керек. Ошондуктан белгилерди бөлуп көрсөтүү жана зарыл болгон учурларда текшерүүнүн контролдуу ыктарын колдонуу керек. Көрүүнүн толук курчтугу, башкача айтканда күбөлөндүрүүчү бардык белгилерди (тамгалар жана шакекчелер) туура окуган таблицалардын ошол катары эске алынат.
Көрүү курчтугу толук деп, эгер 7-8-9 жана 10-катарларды окууда бир белгиден көп эмес ката болсо эсептелет.
Атропин же башка мидриатиктер менен чоңойгон каректерде көрүү курчтугун текшерүү тегерек 3 мм тешиги бар диафрагманы милдеттүү түрдө колдонуу менен ишке ашырылат.
Рефракция аномалиясынын түрү жана даражасы скиаскопиялык же рефрактометрдин жардамы менен аныкталат.
Шектенген учурларда рефракция, аккомодациянын спазма болуу мүмкүнчүлүгүн алып таштоо үчүн атропинизациядан кийин аныкталат. Бул үчүн төрт күн аралыгында күнүнө 2 жолудан, ал эми зарыл болгондо (аккомодациянын спазмалары алынбаганда) көп күн аралыгында атропиндин 1% эритмеси колдонулат.
3,0 Д чейин алысты көрүү аскердик лицейге кабыл алууга жолтоо болуп саналбайт, себеби организмдин өсүү мезгилинде ал кичирейиши же эмметропияга өтүшү мүмкүн. Алысты көрүүнүн өтө жогорку даражаларында Аскер лицейине тапшырууга талапкерлер жараксыз деп табылышы керек, себеби мындай адамдар 20-25 жаш курагында жакын аралыкта иштөө учүн көз айнек менен ондоого тез эле муктаж болушат.
1,0 Д ашпаган меридиандардын биринде жакынды көрүүсү, 1,5 Д ашпаган даражасы менен астигматизми же 3,0 Д ашпаган меридиандардын биринде алысты көрүүсү бар тарбиялануучулар бир көзү 0,5 аз эмес жана экинчи көзү 0,8 аз эмес оңдоосу жок курчтугунда окууну улантууга жарактуу деп табылышат.
Чет элдик аскердик-музыкалык билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары окууну улантууга бир же эки көзүнүн меридиандарынын биринде төмөнкүлөрдүн барында жарактуу деп табылышат: 3,0 Д ашпаган жакынды көрүү же алысты көрүү, ар бир көзү 0,8 аз эмес оңдоосу менен көрүү курчтугунда 1,5 Д ашпаган даражасы менен астигматизм.
Чет элдик аскердик-музыкалык билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү консерваториянын аскердик-дирижердук факультетине өтүүгө бир же эки көзүнүн меридиандарынын биринде төмөнкүлөрдүн барында жарактуу деп табылышат: 3,0 Д ашпаган жакынды көрүү, 3,0 Д ашпаган алысты көрүү, 2,0 Д ашпаган даражасы менен астигматизм. Мында оңдоосу менен көрүү курчтугу ар бир көзү 0,8 аз болбошу керек.
84-пункт. Көрүү органын изилдөө күбөлөндүрүүчүнүн организминин жалпы абалы жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет. Жазгы катар, фликтенулездук кератит жана конъюнктивитке окшогон оорулар күбөлөндүрүүчүнүн гиперэргикалык абалына жана анын кургак учук менен инфекцияланышына көрсөтүшү мүмкүн. Ушуга окшогон бардык учурларда жыйынтыктоочу корутундуну берген терапевттин кылдат текшерүүсү зарыл.
86-пункт. Ушул пункттун "а" пунктчасына трахоманын бардык түзүлүштөрү кирет.
87-пункт. Буга конъюнктиванын жана кургак учук, котон жара этиологиясындагы көздүн башка катмарларындагы өнөкөттүү, кыйындык менен дарылануучу оорулар жана башкалар кирет. Ирит орусунан (арткы синехиялар ж.б.) кийинки калдыктар лицейге өтүүгө жараксыздыкты шарттайт.
Көрүү курчтугун төмөндөтпөгөн хрусталиктин алдынкы капсулундагы тактын тубаса кабатталышы аскердик лицейге өтүүгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт.
89-пункт. Тарбиялануучуларда канат сымал плеванын болуусунда ыкчам дарылануу сунушталат.
90-пункт. Лицейге тапшыруучуларда жаш чыгуу аппараты нормалдуу болушу керек. Жаш өткөрүүнүн бузулуусуна шек саноодо түстүү жаш мурун сыноосун милдеттүү түрдө өткөрүү керек. Жаш жолдорунун дарылануучу ооруларына төмөнкүлөр кирет: жаш чекиттеринин ичкериши же туура эмес жайгашышы, жаш каналынын жолу боюнча стриктура, дакриоцистит, ошондой эле жаш-мурун каналындагы стриктура, эгерде жаш кабынын көңдөйү сакталган болсо.
Жаш жолдорунун дарылоого болбогон ооруларына жаш кабынын жок болушу же тырык артезиясы, ошондой эле азыркы замандын талабына жооп берген операциялардын жардамы менен стационардык шарттарда аларды дарылоого болбогон жаш жолдорунун башка оорулары.
91-пункт. Бир кыйла көрүнгөн птоз деп, ар кайсы булчуңдун күч салуусу жокто каректин бөлүгүн көздүн үстүнкү кабы жаап турган учурларды эсептөө керек. Бир жактуу птозу бар бүтүрүүчүлөргө ыкчам дарылануу көрсөтүлүшү мүмкүн, ошондо окууга жарактуулугу дарылануунун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.
92-пункт. Ушул эле пунктка ар кандай этиологиядагы туруктуу диплопия учурларын да кошсо болот.
93-пункт. Аккомодациянын туруктуу спазмасында невропатологдун, терапевттин жана башка адистердин катышуусу менен изилдөө зарыл, себеби спазм нерв системасынын, ички жана башка органдардын оорулары менен шартталышы мүмкүн.
94-пункт. Ачык чалыр көздүүлүктүн башка белгилери жок бинокулярдык көрүүнүн жогунда талапкерлер лицейге өтүүгө жараксыз деп табылышы керек, ал эми тарбиялануучулардын жарактуулугу жеке бааланат.
95-пункт. Нистагмада невропатолог жана отоларинголог менен биргеликте комплекстүү изилдөө зарыл. Организмдеги кандайдыр бир башка өзгөрүүлөр жокто көз алмаларынын четки бөлүктөрүндө гана нистагмоиддик тартышуу ушул пунктка кирбейт.
98-пункт. Травма этиологиясындагы торчонун катталышында тарбиялануучулар стационардык дарыланууга тийиш, анын ийгиликсиз учурунда окууну улантууга жараксыз деп табылышы керек.
99-пункт. Ушул пунктка экинчи глаукома да кирет.
100-пункт. Бул пунктка көздүн органикалык оорулары менен шартталбаган караңгыда көнүүнүн убактылуу бузулуусун да киргизүү керек.
Е. Тери жана венерологиялык оорулар
101-пункт. Экземанын, кабыктуу чакалайдын жана башка ушул пунктта көрсөтүлгөн өнөкөттүү оорулардын таралуу даражасы Аскер лицейине талапкерлердин жана тарбиялануучулардын жарактуулугун аныктоо үчүн мааниге ээ эмес. Тарбиялануучуларды күбөлөндүрүү дарылануудан кийин жүргүзүлөт.
Ушул эле пунктка лепраны да киргизсе болот. Саламаттык сактоо органдары тарабынан катталган лепра менен ооруган үй-бүлөдөн чыккан адамдарды лицейге өтүүгө жана окууга жараксыз деп табуу керек.
110-пункт. Аскердик лицейдин тарбиялануучулары котон жаранын жугуучу мезгилинде күбөлөндүрүү жана окууга жараксыздыгы жөнүндө чечимди чыгаруу менен дарыланууга тийиш.
3-тиркеме
┌────────────┐
│ │ Үлгү
│ Сүрөт үчүн │
│ орун │
│ │
└────────────┘
1. Аты-жөнү (толугу менен) _______________________________________
2. Туулган күн-айы (күнү, айы, жылы) _____________________________
3. Дайыма жашаган жери (дареги) __________________________________
┌──┬──────────────────────────────┬─────────────────┬─────────────────┐
│№ │ │ Алдын ала │ Акыркы │
│ │ │ күбөлөндүрүү │ күбөлөндүрүү │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│1 │Даттануулар жана анамнез │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│2 │Ооруган оорулары жана │ │ │
│ │травмалары │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│3 │Рентгендик изилдөөнүн │ │ │
│ │маалыматтары │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│4 │Лабораториялык изилдөөлөрдүн │ │ │
│ │маалыматтары (кан, заара ж.б.)│ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│5 │Антропометриянын жана │ │ │
│ │хирургиялык изилдөөнүн │ │ │
│ │маалыматтары │ │ │
│ │Бою │ │ │
│ │Салмагы │ │ │
│ │Көкүрөк айланасы │ │ │
│ │Спирометрия │ │ │
│ │Тулку бойдун динамометриясы │ │ │
│ │Кол динамометриясы │ │ │
│ │Он колу │ │ │
│ │Сол колу │ │ │
│ │Жалпы дене түзүлүшүнүн │ │ │
│ │өнүгүүсү │ │ │
│ │Дене катмарлары │ │ │
│ │Лимфа түйүндөрү │ │ │
│ │Булчуң системасы │ │ │
│ │Сөөк системасы жана муундар │ │ │
│ │Перифериялык тамырлар │ │ │
│ │Сийдик жыныс системасы │ │ │
│ │Анус жана түз ичеги │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана хирургдун колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│6 │Ички органдарды изилдөөнүн │ │ │
│ │маалыматтары: │ │ │
│ │Тамактануу эндокриндик система│ │ │
│ │Жүрөк: чектери │ │ │
│ │ тону │ │ │
│ │ тамыр │ │ │
│ │ басым │ │ │
│ ├──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│ │Дем алуу органдары │ │ │
│ │Тамак сиңирүү органдары │ │ │
│ │Боор │ │ │
│ │Өт │ │ │
│ │Бөйрөктөр │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана терапевттин колу │ │ │
│ │Күн-айы жана педиатрдын │ │ │
│ │(өспүрүм дарыгеринин) колу │ │ │
│ ├──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│ │Психикалык абалды изилдөө │ │ │
│ │маалыматтары: │ │ │
│ │сезүү │ │ │
│ │ыкылас │ │ │
│ │эс │ │ │
│ │ойлонуу │ │ │
│ │интеллект │ │ │
│ │эмоционалдык-эрк │ │ │
│ │чөйрөсү │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана психиатрдын колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│7 │Нерв системасын изилдеө │ │ │
│ │маалыматтары: │ │ │
│ │Баш сөөк-мээ нервдери │ │ │
│ │Кыймылдоо чөйрөсү │ │ │
│ │Рефлекстер │ │ │
│ │Сезүүсү │ │ │
│ │Вегетативдик нервдик │ │ │
│ │система │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана │ │ │
│ │невропатологдун колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│8 │Дерматовенерологиялык │ │ │
│ │изилдөөнүн маалыматтары: │ │ │
│ │Дененин катмарлары │ │ │
│ │Сырткы жыныс │ │ │
│ │органдары │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана дерматологдун │ │ │
│ │колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│9 │Көрүү органын изилдөө │ │ │
│ │маалыматтары: │ │ │
│ │Рабкин боюнча түстү керүү │ │ │
│ │Оңдоосу жок көрүү курчтугу: │ │ │
│ │оң көздүн │ │ │
│ │сол көздүн │ │ │
│ │Оң көздүн │ │ │
│ │сол көздүн оңдоосу │ │ │
│ │менен │ │ │
│ │Скиаскопиялык рефракциялар: │ │ │
│ │оң көздүн │ │ │
│ │сол көздүн │ │ │
│ │Бинокулярдык көрүү │ │ │
│ │Ачык көрүүнүн жакынкы чекити: │ │ │
│ │оң көздүн │ │ │
│ │сол көздүн │ │ │
│ │Жаш чыгуу жолдору │ │ │
│ │Көз каттары жана │ │ │
│ │конъюнктив │ │ │
│ │Көз алмаларынын │ │ │
│ │жайгашышы жана │ │ │
│ │кыймылдашы │ │ │
│ │Каректер жана алардын │ │ │
│ │реакциялары │ │ │
│ │Оптикалык чөйрөлөр: │ │ │
│ │оң көздүн │ │ │
│ │сол көздүн │ │ │
│ │Көз тереңи: │ │ │
│ │оң көздүн │ │ │
│ │сол көздүн │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана │ │ │
│ │офтальмологдун колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│10│ЛОРду изилдөөнүн │ │ │
│ │маалыматтары: │ │ │
│ │Карап чыгуунун маалыматтары │ │ │
│ │Сүйлөө кемчилдиги │ │ │
│ │Мурун дем алуулары │ │ │
│ │оң тарабынан │ │ │
│ │сол тарабынан │ │ │
│ │Жыт сезүү: │ │ │
│ │оң тарабынан │ │ │
│ │сол тарабынан │ │ │
│ │Шыбыр сүйлөөгө │ │ │
│ │угуунун курчтугу │ │ │
│ │оң тарабынан │ │ │
│ │сол тарабынан │ │ │
│ │Кулактын барофункциясы: │ │ │
│ │оң тарабынан │ │ │
│ │сол тарабынан │ │ │
│ │Вестибулярдык аппараттын │ │ │
│ │функциясы │ │ │
│ │(ОР айлануусу менен эки │ │ │
│ │эселенген тажрыйба) │ │ │
│ │Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана │ │ │
│ │отоларинголодун колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│11│Жаактарды жана ооз көңдөйүн │ │ │
│ │изилдөө маалыматтары: │ │ │
│ │Тиштердин кабышып турушу │ │ │
│ │Ооз көңдөйүнүн былжыры │ │ │
│ │Тиш эттери │ │ │
│ │Тиштер Диагноз │ │ │
│ │Корутунду │ │ │
│ │Күн-айы жана стоматологдун │ │ │
│ │колу │ │ │
├──┼──────────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────┤
│12│Дарыгердик комиссиянын (АДК) │Аскер лицейине │Аскер лицейине │
│ │токтому │өтүүгө жана анда │өтүүгө жана анда │
│ │ │окууга тоскоол │окууга тоскоол │
│ │ │болгон Дене │болгон Дене │
│ │ │түзүлүшүнүн │түзүлүшүнүн │
│ │ │кемчиликтеринин │кемчиликтеринин │
│ │ │жана оорулардын │жана оорулардын │
│ │ │расписаниесинин │расписаниесинин │
│ │ │(Советтер │(Советтер │
│ │ │Союзунун Баатыры │Союзунун Баатыры │
│ │ │Асанов Даир │Асанов Даир │
│ │ │Асановичтин │Асановичтин │
│ │ │атындагы Кыргыз │атындагы Кыргыз │
│ │ │улуттук аскер │улуттук аскер │
│ │ │лицейинин │лицейинин │
│ │ │тарбиялануучула- │тарбиялануучула- │
│ │ │рын жана аскер │рын жана аскер │
│ │ │лицейине тапшырып│лицейине тапшырып│
│ │ │жаткан │жаткан │
│ │ │талапкерлерди │талапкерлерди │
│ │ │медициналык │медициналык │
│ │ │күбөлөндүрүү │күбөлөндүрүү │
│ │ │жөнүндө │жөнүндө │
│ │ │нускаманын │нускаманын │
│ │ │1-тиркемеси) │1-тиркемеси) │
│ │ │_____-пунктунун │_____-пунктунун │
│ │ │негизинде │негизинде │
│ │ │Советтер Союзунун│Советтер Союзунун│
│ │ │Баатыры Асанов │Баатыры Асанов │
│ │ │Даир Асанович │Даир Асанович │
│ │ │атындагы Кыргыз │атындагы Кыргыз │
│ │ │улуттук аскер │улуттук аскер │
│ │ │лицейине өтүүгө │лицейине өтүүгө │
│ │ │ │ │
│ │ │________________ │________________ │
│ │ │(жарактуу, │(жарактуу, │
│ │ │________________ │________________ │
│ │ │жараксыздыгы │жараксыздыгы │
│ │ │________________ │________________ │
│ │ │көрсөтүлөт) │көрсөтүлөт) │
│ │ │ │ │
│ │ │М.О. │М.О. │
│ │ │Комиссиянын │Комиссиянын │
│ │ │төрагасы │төрагасы │
│ │ │________________ │________________ │
│ │ │ │ │
│ │ │Комиссиянын │Комиссиянын │
│ │ │катчысы │катчысы │
│ │ │________________ │________________ │
└──┴──────────────────────────────┴─────────────────┴─────────────────┘
Комиссиянын дареги: ______________________________________________
Эскертүү: Талапкер акыркы тандоодо Аскер лицейине өтүүгө жараксыз деп табылса, талапкердин күбөлөндүрүүсүнүн маалыматтары менен кошо ушул карта алдын ала тандоону жүргүзгөн дарыгердик комиссияга жиберилет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №19
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №19 токтомуна тиркеме |
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди жана аскер лицейинин тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлерди алдын ала медициналык күбөлөндүрүү
3-глава. Талапкерлердин акыркы медициналык күбөлөндүрүүсү
4-глава. Талапкерлердин акыркы медициналык күбөлөндүрүүсүндө АДКнын иштөө тартиби
5-глава. Аскер лицейинин тарбиялануучуларын күбөлөндүрүү
6-глава. АДКнын документтери
1-тиркеме. Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниеси
2-тиркеме. Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон
Дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтерине жана оорулардын расписаниесине түшүндүрмө
3-тиркеме. Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасы
1-глава
Жалпы жоболор
1. Ушул Нускамага ылайык медициналык күбөлөндүрүүнүн максаты болуп төмөнкүлөрдүн ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугун аныктоо эсептелет:
1) талапкерлердин - аскердик лицейге тапшырууга;
2) Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - Аскер лицейи) тарбиялануучуларын - окууну улантууга.
2. Аскер лицейине тапшыруучу талапкерлер алдын ала жана акыркы медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт.
Алдын ала күбөлөндүрүү аскер комиссарынын буйругу (жиберүүсү) боюнча өткөрүлөт.
Акыркы күбөлөндүрүү, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин буйругу боюнча түзүлүүчү убактылуу Аскердик-дарыгердик комиссиясы (мындан ары - АДК) тарабынан өткөрүлөт.
3. Аскер лицейине тапшыруучу талапкерлерди жана анын тарбиялануучуларын медициналык күбөлөндүрүү ушул Нускамага ылайык, ал эми Аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрүн күбөлөндүрүү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрында № 771 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо) ылайык өткөрүлөт.
4. Медициналык күбөлөндүрүүдө талапкерлердин жана тарбиялануучулардын жаш курагынын функционалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл.
5. Алдын ала тандоодо медициналык күбөлөндүрүүдөн талапкерлердин өтүү жоопкерчилигин аскер комиссарлары, талапкердин толук текшерилишине жана жыйынтыктын туура чыгышына дарыгер-адистер, ал эми комиссиянын ишине жана эксперттик токтомдун тууралыгына дарыгердик же аскердик-дарыгердик комиссиясынын төрагасы жооп берет.
6. Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлерди жана тарбиялануучуларды медициналык күбөлөндүрүүдө методикалык жетекчиликти жана контролду Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык коргонуу органынын АДКсы ишке ашырат.
2-глава
Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлерди алдын ала медициналык күбөлөндүрүү
7. Аскер лицейине тапшыра турган талапкерлер медициналык күбөлөндүрүүнү төмөнкү дарыгер-адистерден өтүшөт: терапевт, хирург, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, стоматолог, ал эми диагнозду тактоо керек болгондо - багыты боюнча башка адистердин дарыгерлеринен.
8. Бардык талапкерлер, көкүрөк клетка органдарына, мурундун кошумча көңдөйлөрүнө рентгендик текшерүүнү, кандын клиникалык анализин, зааранын жалпы апализин, ошондой эле гельминттердин жумурткасына жана дизентериялык бактерия алып жүрүүчүгө заңды текшерүүнү милдеттүү түрдө көрсөтүшөт.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Аскер лицейине тапшыруучу талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасына тиркелет (3-тиркеме).
9. Күбөлөндүрүүдө, талапкердин ден соолугунун абалына мурда байкаган документтерин, оорулуунун жеке амбулатордук картасы жана диспансердик текшерүүлөрдүн маалыматтары бар жаш өспүрүмдүн кошумча барагын (Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү каттоо формалары), ошондой эле класс жетекчисинин жана билим берүү уюмунун жетекчисинин колу менен мүнөздөмөнү, ошондой эле күбөлөндүрүүчүнүн анамнездик маалыматтарын кылдат иликтөө зарыл.
10. Даттануулар, негизги анамнездик маалыматтар (мурдагы оорулары жана жаракаттары, жүрүм-туруму, мүнөзү, өнүгүүсү, жашоо шарттары ж.б. жөнүндө), ошондой эле объективдүү изилдөөнүн жыйынтыктары, дарыгер-адистердин жыйынтыктары Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасынын "Алдын ала тандоо" 3-графасына киргизилет.
11. Талапкердин медициналык күбөлөндүрүүсүн өткөрүп жаткан дарыгер-адистер медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышат:
1) Аскер лицейине өтүүгө "жарактуу";
2) Аскер лицейине өтүүгө "жараксыз". Мында дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниесинин пунктун (пункттарын) көрсөтүү керек, алардын негизинде талапкер тапшырууга жараксыз деп табылат.
12. Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлердин акыркы күбөлөндүрүүсүн өткөрүү үчүн убактылуу АДКнын курамы Кыргыз Республикасынын коргонуу органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
Убактылуу АДК комиссиясы төрагадан жана дарыгер-адистерден (терапевт, невропатолог, хирург, офтальмолог, отоларинголог, дерматолог, психиатр, педиатр жана стоматолог) турат.
Зарыл болгон учурларда комиссия фтизиатрдын жана башка адистердин кеңеш берүүсү менен камсыздалышы керек.
13. АДКда иштөө үчүн комиссиянын катчысы - орто медициналык билими бар медицина кызматчысы дайындалат.
14. Талапкерлерди акыркы медициналык күбөлөндүрүү Аскер лицейине тапшырууга жана анда окууга тоскоол болгон дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниесинин (1-тиркеме) I графасы боюнча, ушул Нускаманын 2-тиркемесин эске алуу менен жүргүзүлөт.
15. Дарыгер-адистер тарабынан талапкерди медициналык текшерүү жыйынтыктары жана АДКнын токтому талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасынын "Акыркы тандоо" 4-графасына киргизилет.
16. Диагнозду тактоо үчүн зарыл болгон учурда убактылуу АДКнын жетекчисинин чечими боюнча талапкерлер коргонуу органынын дарылоо мекемелерине же талапкерлердин керектүү медициналык текшерүүлөрүн өткөрүү үчүн адистешкен жарандык дарылоо мекемелерине жиберилет.
17. Убактылуу АДКнын төрагасы АДКнын ишинин тартибин күбөлөндүрүү башталганга чейин аныктайт, талапкерлердин медициналык документтеринин бар болушун, алардын таризделишин карап чыгат.
18. Убактылуу АДКнын курамы Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо көрсөтүлгөн жайлар, шаймандар, медициналык жана чарба мүлктөр менен камсыздалышы керек.
19. Жумуш күнүндө күбөлөндүрүүчүлөрдүн саны, дарылануу мекемелеринен текшерүүдөн кийин келгендерди кошуу менен 50 кишиден ашпашы керек.
20. Күбөлөндүрүүчүнүн ден соолугунун абалы даттанууларды, анамнезди жана объективдүү текшерүүнүн жыйынтыктарын билүү жолу менен ар бир дарыгер-адис тарабынан аныкталат. Күбөлөндүрүүдө катышкан дарыгерлер, ушул Нускаманын 2-тиркемесин жетекчиликке алуу менен алдын ала жана акыркы медициналык тандоодо талапкердин ден соолугунун абалын бирдей баалоого жетүү үчүн текшерүүнүн бардык шарттарын так сактоолору керек.
21. АДКнын дарыгер-мүчөлөрү ар бир ачык эмес учурду бирге талкуулап, өз ара кеңеш берүүлөрү керек. Башка адистердин кошумча кеңеши зарыл болгондо комиссиянын төрагасы күбөлөндүрүүчүнү башка дарылоо мекемелерине кеңеш алууга же стационардык текшерүүгө жибериши мүмкүн.
22. Стационардык же амбулатордук текшерүүдөн кийин күбөлөндүрүүчү АДКга кайтып келет, анда текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен токтом чыгарылат. Дарылоо мекемесинин же комиссияда иштебеген дарыгер-адистердин корутундулары көңүлгө алынат, бирок АДК токтом чыгарганда алар милдеттүү болуп эсептелбейт.
23. Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында комиссиянын дарыгер-мүчөлөрүнүн ар бири күбөлөндүрүү картасына оорулары жана травмалары, жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, мүнөзү, өнүгүүсү, жашоо шарттары жөнүндө, диагнозунун негиздеген объективдүү маалыматтарды сүрөттөө менен табылган оорулар жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтери жөнүндө, ошондой эле лицейге тапшырууга талапкерлердин жарактуулугу жана жараксыздыгы жөиүндө жыйынтыкты киргизет.
24. Бардык дарыгер-адистердин жыйынтыктарынан кийин АДКнын токтому чыгарылат. Акыркы тандоодо лицейге тапшырууга талапкердин жараксыздыгы жөнүндө токтом комиссиянын бардык дарыгер-мүчөлөрүнүн жыйынында гана чыгарылат.
25. Тарбиялануучулар окууга жарамдуулугун аныктоо зарыл учурда күбөлөндүрүү үчүн гарнизондук же госпиталдык АДКга жиберилет. Күбөлөндүрүү Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин II графасы боюнча жүргүзүлөт.
26. Тарбиялануучуларды АДКга жиберүү Аскер лицейинин башчысынын буйругу боюнча ишке ашырылат. Аскердик дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүргөн тарбиялануучуларды күбөлөндүрүү Аскер лицейинин башчысынын же бул мекемелердин башчылардын буйругу боюнча тарабынан жүргүзүлөт, бул жөнүндө оорунун таржымалында жазылат.
27. АДКга төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: лицейдин башчысы кол койгон багыттама, мүнөздөмө, жетишүүсү жөнүндө маалыматтар жана медицина документтери (медициналык китепче, кеңеш берүүчүлөрдүн жыйынтыгы, рентгендик жана башка текшерүүлөрдүн маалыматтары).
28. Тарбиялануучуларды күбөлөндүрүү жыйынтыгында дарыгердик комиссия төмөнкү токтомдордун бирин чыгарат:
1) лицейдеги окууну улантуу үчүн "жарактуу";
2) лицейде окууга "жараксыз".
Мында Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин пункттарын жана графасын көрсөтүү зарыл, анын негизинде токтом чыгарылат.
29. АДК тарабынан лицейде окууга жараксыз деп табылган тарбиялануучуларга Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун 16-тиркемесине ылайык оорусу жөнүндө күбөлүктөр түзүлөт. Окууга жараксыздыгы жөнүндө АДК токтому Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин АДКсынан (мындан ары - КМ АДК) бекитилүүгө тийиш. Мында аскердик кызматты өтөө менен оорунун жана жаракаттын себептүү байланышы жөнүндө пункт толтурулбайт.
30. Аскер лицейинде окууну улантууга жарактуулугу жөнүндө токтом тарбиялануучунун медициналык китепчесине киргизилет, ал эми командачылыктын суроосу боюнча маалымкат берилет (Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого 9-тиркеме).
31. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү окуу жылдын аягында Куралдуу Күчтөрдө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобонун Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин II графасынын талаптарына ылайык аскердик-окуу жайларына тапшырууга жарактуулугун аныктоо үчүн гарнизондук АДКда медициналык күбөлөндүрүүнү өтүшөт.
Аскердик-окуу жайларына тапшырууга жараксыз деп табылган бүтүрүүчүлөргө оорусу жөнүндө күбөлүктөр түзүлөт, алар КМ АДКда бекитилүүгө тийиш. Оорусу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы лицейдин командачылыгы тарабынан күбөлөндүрүүчүлөрдүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына жиберилет.
32. АДКнын жыйындарынын протоколдорунун китеби Куралдуу Күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобо менен белгиленген форма боюнча бардык АДКларда, дарыгердик комиссияларында жүргүзүлөт.
Комиссиянын катчысы протоколдордун китебине төмөнкүлөрдү киргизет: күбөлөндүрүүчүнүн аты-жөнүн (акыркы тандоодо медициналык күбөлөндүрүүнү өткөргөн аскердик комиссариаттын же АДКнын почта дарегин), белгиленген диагнозду негиздөөчү даттанууларды, анамнезди жана объективдүү текшерүүнүн маалыматтарын жана лицейге тапшыруу үчүн жараксыз ден табылган талапкердин токтомун. Ден соолугу чың, лицейге тапшырууга жарактуу деп табылган талапкерлерге объективдүү текшерүүнүн жыйынтыктарын киргизбестен, "Ден соолугу чың" деп көрсөтүү керек. Лицейге өтүүгө тоскоол болбогон ден соолугунун абалынын чектен чыгуусу кыскача негизделет жана диагноз көрсөтүлөт.
Ар бир иш күнүнүн аягында протокол, төрага, комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчы тарабынан текшерилип жана кол коюлат.
33. АДКнын, дарыгердик комиссиянын иши аяктаганда протоколдун китеби лицейге тапшыруучуларды күбөлөндүрүү өткөргөн аскердик комиссариатта, гарнизондук бейтапканада, аскердик ооруканада сакталат.
34. Аскер лицейине тапшыруучу талапкердин медициналык күбөлөндүрүү картасы (ушул Нускаманын 3-тиркемеси) алдын ала медициналык күбөлөндүрүүдө ачылат. Ага аскердик комиссариаттын же аскердик дарылоо мекемесинин мөөрү менен басылган күбөлөндүрүүчүнүн сүрөтү чапталат.
Жарактуу деп табылган жана лицейге өткөндөрдүн медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары медициналык китепчелерди толтуруу үчүн колдонулат. Андан кийин карталар лицейдин кадрлар бөлүмчөсүнө берилет жана тарбиялануучунун өздүк делосуна көктөлөт, ал эми жараксыз деп табылган талапкерлердин карталары текшерүүнүн маалыматтары жана жараксыздыгы жөнүндө негизделген токтому менен лицей тарабынан алдын ала тандоодо талапкерлердин медициналык күбөлөндүрүүнү өткөргөн комиссияларга жиберилет.
35. АДК тарабынан окууну улантууга жараксыз деп табылган тарбиялануучуларга, ошондой эле аскердик-окуу жайына өтүүгө жараксыз деп табылган бүтүрүүчүлөргө үч нускадан турган (түп нуска жана эки көчүрмө) оорусу жөнүндө күбөлүк түзүлөт. КМ АДК бекиткенден кийин оорусу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана бир көчүрмөсү лицейдин башчысына (кадрлар бөлүмүнө) жиберилет. Экинчи көчүрмөсү оорусу жөнүндө күбөлүктү бекиткен комиссияда калат. Оорусу жөнүндө бекитилбеген күбөлүк аны түзгөн АДКга кайтарылып берилет.
36. Иш аяктагандан кийин АДКнын төрагасы 10 күндөн кеч эмес КМ АДКнын төрагасына күбөлөндүрүлгөндөрдүн жалпы санын жана өзүнчө оорулар боюнча лицейге тапшырууга "жараксыз" деп табылгандардын санын көрсөтүү менен отчет берет. Отчетто ден соолугунун абалы боюнча кабыл алынбаган адамдардын тизмеси (ар бир аскердик комиссариат боюнча) тиркелет. Тизмеде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: талапкердин аты-жөнү, райондук, шаардык аскердик комиссариат (шаар, район, облус) же АДК (дареги), толук жазылган диагноз жана Оорулардын расписаниесинин жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин пункттары (ушул Нускаманын 1-тиркемеси).
Отчетко түшүндүрмө кат аркылуу талапкерлерди медициналык текшерүү жана күбөлөндүрүү жыйынтыктарына анализ берилет, алдын ала медициналык тандоонун одоно каталарынын мисалдары көрсөтүлөт, корутундулар жана сунуштар берилет.
КМ АДКнын төрагасы тизмелери менен алынган отчетту изилдейт жана аларды алган мезгилден тартып бир айдан кеч эмес мезгилде төмөнкүлөрдү аткарат:
1) лицейге ден соолугунун абалы боюнча кабыл алынбаган талапкерлердин тизмесин АДКнын, дарыгердик комиссиялардын төрагаларына талапкерлерди күбөлөндүрүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу чараларын кабыл алуу үчүн жиберет;
2) Аскер лицейине талапкерлерди медициналык тандоо жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-медициналык башкармалыгына берет.
1-тиркеме
Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын РАСПИСАНИЕСИ
Пункт | Оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин аталышы | Ким күбөлөндүрүлөт | |
Аскер лицейине өтүүчү талапкерлер | Аскер лицейинин тарбиялануучу- лары | ||
|
| I | II |
А. Психикалык оорулары | |||
1 | Акыл-эстин чектелүү артта калгандыгын кошуу менен акыл-эстин бардык формадагы артта калгандыгы. | Жараксыз | |
2 | Психикалык инфантилизм | Жараксыз | |
3 | Маниакалдык-депрессиялык психоз. | Жараксыз | |
4 | Шизофрения | Жараксыз | |
5 | Катуу жана өнөкөттүү инфекцияларда, интоксикацияларда төмөнкү психикалык бузулуулар: |
|
|
1) психикалык ишмердүүлүктүн кандайдыр бир бузулуулары бар болсо, ошондой эле нормалдуу психикалык ишмердүүлүгүнүн калыбына келүүсүндө жана ачык көрүнгөн астеникалык абал бар болсо нерв системасынын органикалык жабыркоосунун жок болсо | Жараксыз
Жараксыз | Жеке баалоо
Жарактуу | |
2) нормалдуу психикалык ишмердүүлүгүнүн толук калыбына келүүсүндө жана нерв системасынын органикалык жабыркоонун пайда болууларынын жок болсо |
|
| |
6 | Инсандын бузулуусу | Жараксыз | |
7 | Невроздор (неврастения, истерия, тажатма абалдардын неврозу) жана реактивдүү психоздор | Жараксыз | |
8 | Талма жана пароксизмалдуу пайда болуучу тырышып жатып калуулардын бардык формалары (нарколепсия, каталепсия, эсин жоготуп жыгылуу абалы ж.б.) | Жараксыз | |
9 | Дарылоо мекемесинен чыккан мезгилден тартып бир жыл аралыгында борбордук нерв системасынын ооруган катуу органикалык оорулары | Жараксыз | Жеке баалоо |
10 | Баш мээ жана жүлүндүн травмаларынан калган пайда болуулар: |
| |
1) функциялардын көрүнгөн бузулууларында; | Жараксыз | ||
2) функциялардын бузулуусу жок объективдүү маалыматтардын арында | Жараксыз | Жеке баалоо | |
11 | Борбордук нерв системасынын тубаса аномалиялары (өнүгүү кемтиктери), өөрчүүчү органикалык оорулар, ошондой эле миопатия, миастения, миотония ж.б. | Жараксыз | |
12 | Качан ооруганына карабастан кургак учук менингити | Жараксыз | |
13 | Перифериялык нерв системасынын оорулары жана жаракаттарынын кесепеттери: | ||
1) кыймылдардын, сезүүнүн же трофиканын көрүнгөн бузулуулары бар болсо; | Жараксыз | ||
2) функциялардын бузулуусу жок калдык пайда болуулар бар болсо | Жараксыз | Жеке баалоо | |
Б. Ички оорулар | |||
14 | Сөөк жана булчуң системаларынын канааттандыраарлык эмес өнүгүүсүндө, бойдун жана салмактын көрүнгөн артта калуусунда, алардын ортосундагы катыштыктын бат бузулуусунда пайда болгон дене түзүлүшүндөгү өнүгүүнүн артта калуусу | Жараксыз | Жеке баалоо |
15 | Дарылоого болбогон өнөкөттүү инфекциялык оорулар (өнөкөттүү дизентерия, бруцеллез, ВИЧ, СПИД ж.б.) | Жараксыз | |
16 | Көрүнүү даражасына карабастан эндокриндик системанын оорулары | Жараксыз | |
17 | Кан жаратуу системасынын оорулары (лейкоздор, ретикулездор, эритремия, гипо жана апластикалык анемиялар, гемолиттик жана башка анемиялар, геморрагендик диатездер ж.б.) | Жараксыз | |
18 | Өлкөнүн, плевранын жана ички көкүрөк лимфа түйүндөрүнүн кургак учугу | Жараксыз | |
19 | Көкүрөк чектөөсүнөн сырткары кургак учук | Жараксыз | |
20 | Кийинки стационардык дарылоону талап кылбаган кургак учук белгисиндеги ооруган экссудативдик плевриттин калдык пайда болуулары | Жараксыз | |
21 | Ар кандай даражадагы функция бузулганда кургак учук белгисиндеги эмес өпкөнүн, дем алуу жолдорунун жана плевранын өнөкөттүү оорулары | Жараксыз | |
22 | Кургак учук белгисиндеги эмес өпкөнүн катуу ооруларынын же өпкөнүн, дем алуу жолдорунун жана плевранын травмалык жабыркоолорунун кесепеттери: |
| |
1) сырткы дем алуу функциясынын бузулуусу менен; | Жараксыз | ||
2) сырткы дем алуу функциясынын бузулуусу жок | Жараксыз | Жарактуу | |
23 | Компенсация даражасына карабастан жүрөктүн жана ири тамырлардын органикалык оорулары | Жараксыз | |
24 | Нейроциркулятордук дистония, бардык формалары | Жараксыз | |
25 | Инфекцияда жана интоксикацияда жүрөк-тамыр системасы тарабынан убактылуу функционалдык бузулуулар | Жараксыз | Жеке баалоо |
В. Тамак сиңирүү системасы | |||
26 | 5 мм көп үстүнкү жана астыңкы жаактын борбордук маңдайкы тиштери ортосундагы аралыгында тиштердин кабышып туруусунун ар кандай аномалиялары: тиш этинин кырынын майыптыгы менен тиштердин терең кабышып туруусу | Жараксыз | |
27 | Эки жаакта 6 жана андан көп тиштердин жок болушу, төмөнкү үч тиштин катар жок болушу: маңдайкы тиш, азуу жана кичи азуу | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
28 | 10 жана андан көп кариес тиштердин бар болушу | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
29 | Жаак-бет бөлүгүндөгү ар кандай тубаса аномалиялары | Жараксыз | |
30 | Майыптыктын же оорулардын жыйынтыгында 2 см ашык эмес (жогорку жана астыңкы жаактардын борбордук маңдай тиш ортосунда) оозду ачканда чайноо булчуңдарынын туруктуу муундук эмес контрактурасы | Жараксыз | |
31 | Астыңкы жаак муунунун артрити | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
32 | Астынкы жаак муунунун бир же эки тараптуу анкилозу | Жараксыз | |
33 | Жаактардын өнөкөттүү остеомиелити | Жараксыз | |
34 | Беттин актиномикозу | Жараксыз | |
35 | II же III даражадагы пародонтоз (амфодонтоз, альвеолдук пиорея) | Жараксыз | |
36 | Өнөкөттүү жара стоматити же гипертрофикалык (жаралык) гингивит, ооз көңдөй былжырынын лейкоплакиясы, туруктуу глоссалгия | Жараксыз | |
37 | Нома (пластиканы кошуу менен толук дарыланса да) | Жараксыз | |
38 | Шилекей бездеринин өнөкөттүү ириңдеген сезгенүүсү же тешиги | Жараксыз | |
39 | Ич көңдөй органдарынын оорулары, алардын жабыркоолорунун же операциялык кийлигишүүнүн кесепеттери: |
| |
1) функциянын орточо бузулуусу менен; | Жараксыз | ||
2) убактылуу мүнөзүндөгү функциянын бузулуусу менен | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
40 | Жабыркоолордун, операциялык кийлигишүүлөрдүн кесепеттери, бөйрөктүн сезгенген же дистрофтук оорулары: | ||
1) функциянын бузулуусу менен; | Жараксыз | ||
2) убактылуу мүнөзүндөгү функциянын бузулуусу менен | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
41 | Активдүүлүктүн бардык даражасында, ар кандай формадагы ревматизм | Жараксыз | |
Г. Хирургиялык оорулар | |||
42 | Заара таш оорусу, өнөкөттүү пиелиттер жана циститтер, заараны түндө кармай албоо | Жараксыз | |
43 | Чоң же жара болууга жакын, ээ болгон ткандар менен өскөн жана эркин кыймылды же кийимди, бут кийимди же шаймандарды кийүүнү чектеген тырыктар | Жараксыз | |
44 | Катый элек тырыктар, сөөк сөөлдөрү, буттардын же омуртканын кыймылынын убактылуу чектелиши менен майыптыктан, операциялардан жана сезгенүү процесстеринен кийинки инфильтраттар | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
45 | Тубаса же майыптыктан кийин баш сөөктүн сөөктөрүнүн кемтиктери | Жараксыз | |
46 | Кандайдыр бир формада функцияларын бузган омуртканын жана жамбаштын майыптыгынын, ооруларынын кесепеттери, өнүгүү кемтиктери жана түзүлүшүнүн өзгөрүшү | Жараксыз | |
47 | Туубаса же пайда болгон көкүрөк клеткасынын көрүнгөн бузулуулары | Жараксыз | |
48 | Өнөкөттүү оорулар, туубаса кемтиктер, ошондой эле функциялардын билинбеген бузулууларында да сөөктөрдүн, кемирчектердин, муундардын, булчуңдардын, кемирчектердин майыптыгынын кесепеттери | Жараксыз | |
49 | Функциясына жана аскердик кийимди, шаймандарды кийүүдө кандайдыр бир даражадагы кыйындыкты алып келген буттардын кыйшаюусу же кыскалыгы | Жараксыз | |
50 | Колдун кемтиктери, кайсы бир колдун бир манжасынын жок болушу, түйүлүшү же кыймылдабашы | Жараксыз | |
51 | Буттун чоң же эки башка манжасынын жок болушу, түйүлүшү же кыймылдабашы, басканда же бут кийим кийгенде кандайдыр бир даражада кыйындыкты алып келген бут манжаларынын кыйшаюусу | Жараксыз | |
52 | Жалпак тамандуулук жана тамандын башка деформациялары: |
| |
- остеоартрздун пайда болуусу жок 1-2-даражадагы; | Жарактуу | ||
- 3-даражадагы жалпак тамандуулук, тамандын башка деформациялары | Жараксыз | ||
53 | Лимфа түйүндөрүнүн кургак учуктук жабыркоосу | Жараксыз | |
54 | Бардык даражадагы богок | Жараксыз | |
55 | Жаман сапаттагы шишиктер, ошондой эле аларды алгандан кийин тырыктар | Жараксыз | |
56 | Органдардын функцияларын бузуучу же аскердик кийимди жана шайманды кийүүгө тоскоол болгон жакшы сапаттагы шишиктер | Жараксыз | |
57 | Перифериялык тамырлардын оорулары же жабыркоолорунун кесепеттери (эндартерииттер, тромбофлебиттер, аневризмдер, веналардын варикоздук чоңоюусу) | Жараксыз | |
58 | Жука чурай туштагы, жамбаштагы, киндиктеги, ичтин бетиндеги грыжалар: |
| |
1) кайталануучу; | Жараксыз | ||
2) операбелдик | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
59 | Жумуртканын же урук таажысынын шишиги | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
60 | Ич көңдөйүндө, жука чурай каналында же анын сырткы тешигинде бир жумуртканын болсо да кармалышы | Жараксыз | |
61 | Жыныс мүчөсүнүн жок болушу; сийдик чыгуучу түтүктүн, табарсыктын өнүгүү кемтиктери; сийдик чыгарууда кыйындыкты алып келген сийдик чыгаруучу каналдын тешиги же ичкерүүсү | Жараксыз | |
62 | Сийдик чыгаруучу жана жыныс органдарынын кургак учугу | Жараксыз | |
63 | Түз ичеги бетинин түшүшү, арткы чыгуучу тешиктин тешиктери, ичкериши, табигый эмес арткы же заң тешиги | Жараксыз | |
Д. Кулактын, тамактын жана мурундун оорулары | |||
64 | Мурун тосмосунун кыйшаюусу, кеңилжээрдин аденоиддери, лепториния, сырткы мурундун канаттарын ооруусу жана башка туруктуу себептер менен болгон мурун дем алуусунун кескин бузулуусу | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
65 | Өнөкөттүү ириңдүү эпитимпанит | Жараксыз | |
66 | Өнөкөттүү ириңдүү мезотимпанит: |
| |
1) эки тараптуу же бир тараптуу, кулак жаргагынын көңдөйүндө кариес, полип грануляция менен коштолгон, мурундун кошумча көңдөйлөрүнүн көрүнгөн атрофикалык ринофарингити, өнөкөттүү полипоздук же ириң оорулары, өнөкөттү тонзиллит, мурун дем алуусунун туруктуу бузулуусу, ошондой эле кайталанышы; | Жараксыз | ||
2) "1" пунктунда көрсөтүлгөн оорулар коштолбогон бир тараптуу | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
67 | Отит оорусунан кийин туруктуу калдык пайда болуулар (кенен тырык өзгөрүүлөр, кулак жаргак көңдөйүнүн биригиши, кулак жаргагынын туруктуу бир тараптуу кургак перфорациясы) | Жараксыз | |
68 | Кулак үлүлүнүн, сырткы угуу жолунун же кулак жанындагы аймактын өнөкөттүү экземасы | Жараксыз | |
69 | Вестибулярдык аппараттын функциясынын бузулушу: |
| |
1) меньердик оорунун белгилерин коштоочу туруктуу, көрүнгөн вестибулярдык-вегетативдик бузулуулары | Жараксыз | ||
2) вестибулярдык дүүлүгүүлөргө туруктуу, бат көрүнгөн сезүү | Жараксыз | Жеке баалоо | |
70 | Бир кулагына болсо да 6 м чейин шыбырап сүйлөөнү кабыл алууда угуунун туруктуу төмөндөшү | Жараксыз | |
71 | Кулактын баро функциясынын бат, туруктуу бузулуусу | Жараксыз | Жеке баалоо |
72 | Өнөкөттүү декомпенсацияланган (токсико-аллергиялык, оорлошкон) тонзиллит | Жараксыз | |
73 | Кекиртектин өнөкөттүү ларингиттери, жакшы сапаттагы шишиктер (папиллома, фиброма ж.б.) | Жараксыз | |
74 | Жыт сезүүнүн туруктуу жана толук жок болушу | Жараксыз | Жеке баалоо |
75 | Өтө сасыган сасык тумоо (озена) | Жараксыз | |
76 | Көрүнгөн атрофиялык ринит | Жараксыз | |
77 | Көрүнгөн вазомотордук жана аллергиялык ринит | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
78 | Мурундун кошумча көңдөйлөрүнүн өнөкөттүү оорулары: |
| |
1) полипоздук же ириңдүү; | Жараксыз | ||
2) синуситтердин ириңцебеген (катаралдык, сероздук вазомотордук ж.б.) формалары, гайморит көңдөйүнүн кистасы | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
79 | Канчоо, кургак учук, сифилис, өнүгүүнүн ар кандай даражасындаг ЛОР-органдардын склеромасы | Жараксыз | |
80 | Туруктуу кекечтенүү же ар кандай даражадагы кекечтик | Жараксыз |
|
81 | Беттин туруктуу көркүнүн кетиши. Жыт сезүү, дем алуу, сүйлөө, чайноо же жутуу функцияларынын бузулуусун коштогон мурундун, оо көңдөйүнүн, жаактардын, тамактын кекиртектин, кызыл өңгөчтүн туруктуу өзгөрүүлөрү | Жараксыз | |
Е. Көз оорулары | |||
82 | Көрүнүүнүн ар кандай даражасындагы бардык формасында түстү көрүүнүн бузулуулары | Жараксыз | |
83 | Чөйрөлөрдү сындырган туруктуу тунарууларга же көз чуңкурунун туруктуу өзгөрүүлөрүнө, рефракциянын аномалияларына жана башка себептерге (травмалар, органикалык оорулар) байланыштуу көрүү курчтугунун төмөндөшү: |
| |
1) бир көзгө болсо да 0,5тен аз коррекциясыз көрүү курчтугу | Жараксыз | ||
2) жакынды көрүү 1,0 Д дан көп, 1,0 Д дан көп даражасындагы астигматизм, бир көзгө болсо да алысты көрүү 3,0 Д дан көп | Жараксыз | ||
84 | Көрүүнүн жакшы курчтугунда да көздөрдүн кайталануучу гиперэргичтик ооруларынын (фликтендер ж.б.) кесепетинен көздүн тунук кабыгынын тунарышы | Жараксыз | Жеке баалоо |
85 | Көз каштарынын өз аралык же көз алмасы менен өсүүсү, эгерде алар көрүүгө тоскоол болушса же көздөрдүн кыймылын чектесе; көз каштарынын кыйшаюусу же аңтарылышы; көздүн тунук кабыгын толук жабуу үчүн каштардын жетишпестиги, кирпиктердин өсүүсү көз алмасына багытталганы боюнча; көрүнгөн даражасына карабастан туруктуу лагофтальм | Жараксыз | |
86 | Учтарынын гипертрофиясы жана без алдындагы тканынын инфильтрациясы менен кайталануучу өнөкөттүү блефариттер жана конъюнктивиттер: |
| |
1) дарылоо оор болгон же дарыланбай турган | Жараксыз | ||
2) дарылоого боло турган | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
87 | Жазгы катар жана фликтенулездук конъюнктивит | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
88 | Көрүү функциясын бузуучу көздүн бириктирүүчү жана башка катмарларынын сезгенүү же дегенеративдик мүнөзүндөгү өнөкөттүү оорулар | Жараксыз | |
89 | Канат сымал плева | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
90 | Жаш чыгуу жолдорунун ооруларынын кесепетинен токтобогон жаш агуу: |
| |
1) дарыланбаган; | Жараксыз | ||
2) дарыланган | Жараксыз | Дарыланууга тийиш | |
91 | Бир көзүндө болсо да кашынын билинген көрүнүүсү менен туруктуу түшүп туруусу | Жараксыз | |
92 | Бир көзүндө болсо да көз алмасынын кыймылдоо нервдеринин туруктуу кыймылдабай калышы | Жараксыз | |
93 | Туруктуу спазм же аккомодациянын кыймылдабай калышы | Жараксыз | |
94 | Ар кандай даражадагы биргелешкен чалыр көздүүлүк | Жараксыз | |
95 | Ар кандай даражадагы көз алмасынын булчуңдарынын термелүүчү спазмасы | Жараксыз | |
96 | Көздүн ичинде жайгашкан, алууга мүмкүн болбогон башка тело | Жараксыз | |
97 | Бир көзүндө болсо да ар кандай этиологиядагы көрүү нервинин атрофиясы | Жараксыз | |
98 | Торчонун так болуп кайта өсүүсү, ар кандай пайда болуудагы торчонун катталышы, гемианопсия, көрүү нерв аппаратынын органикалык өзгөрүүлөрүнө шартталган 45 град. чейин сыртынан көрүү талаасынын туруктуу ичкерүүсү | Жараксыз | |
99 | Глаукома | Жараксыз | |
100 | Көз жана жалпы оорулардан же жаракаттан кийин көрүүнүн убактылуу бузулуусу | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
Ж. Тери жана венерологиялык оорулары | |||
101 | Ыйлаакча, экзема, кычыткы, нейродермит, склеродермия, кабыктуу чакалай, ихтиоз, грибок түрүндөгү микоз, өнөкөттүү туюктануучу жара же жаралык пиодермия эритематоздук бөрү жатыш, ошондой эле дарылоо оор болгон теринин башка оорулары | Жараксыз | |
102 | Уя кашка болуунун жана витилигонун таралган жана тоталдык түзүлүштөрү | Жараксыз | |
103 | Таралган же билинген көрүнүүсү менен чектелген гиперкератоздор жана дискератоздор, рентген жана радиодерматиттер, фотодерматоздор | Жараксыз | |
104 | Дайыма кайталануучу бөрү жатыш | Жараксыз | |
105 | Теринин катуу таралган оорулары, анын ичинде инфекциалык да (пиодермия, котур ж.б) | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
106 | Теринин кургак учугу | Жараксыз | |
107 | Сикоз | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
108 | Баштын чачтуу бөлүгүнүн жана жылмакай теринин паршасы, микроспориясы жана трихофитиясы, эпидермотифития, тырмактардын грибок менен жабыркашы | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
109 | Этиологиясына карабастан катуу жана өнөкөттүү уретриттер | Жараксыз | Дарыланууга тийиш |
110 | Котон жара | Жараксыз | |
2-тиркеме
Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон Дене түзүлүштөрүнүн кемчиликтерине жана оорулардын расписаниесине ТҮШҮНДҮРМӨ
А. Психикалык жана нервдик оорулар
4-пункт. Шизофрения диагнозу адистештирилген дарылоо мекемеси тарабынан такталышы жана кылдат негизделиши керек.
Шизофрениянын белгилерине күбөлөндүрүүчүнүн жеке өзгөчөлүгү болуп саналган жана өзүнүн негизинде кандайдыр бир ооруу процессине ээ болбогон мүнөзүнүн жана жүрүм-турумунун кээ бир белгилерин киргизүүгө болбойт.
5-пункт. II графанын "б" пунктчасы боюнча психоздун жакшы айыгышы дарылоо мекемесинде текшерүү менен далилдениши керек.
6-пункт. Психопатия диагнозун коюу үчүн анамнезди кылдат билүү жана аны күбөлөндүрүү, окуу мезгилинде байкоо маалыматтары менен салыштыруу зарыл.
Тартипсиздик, жабык көрүнгөн жана инсандын бардык патологиялык түзүлүшүнөн келип чыкпаган жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктарга каршы коюусу психопатиянын белгилери болуп бааланышы мүмкүн эмес.
8-пункт. Анамнезде айрым талмалар болсо, эгерде алар акыркы 5 жыл аралыгында кармабаса да лицейге өтүү үчүн тоскоол болуп саналат.
10-пункт. Баш мээ жана жүлүндүн травмаларынын жана жугуштуу ооруларынын калдык пайда болууларын (энцефалиттер, миелиттер, менингиттер, арахноидиттер), бул оорулардын өнөкөттүү формаларын, ошондой эле жалпы инфекцияда, катуу жана өнөкөттүү интоксикацияларда борбордук нерв системасынын органикалык жабыркоолорун алдын ала карайт.
Б. Ички оорулар
14-пункт. Дене түзүлүшүнүн өнүгүүсүн баалоодо жана лицейге өтүүгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүүдө дене боюнун жана салмагынын ортосундагы туура келбестик өзүнчө турганда дене түзүлүшүнүн жетишээрлик эмес өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп кызмат өтөбөйт. Ошондуктан, талапкердин жарактуулугу жөнүндө чечим катуу тартипте жеке чыгарылышы керек. 146 см төмөн бойлуу талапкерлер Аскер лицейине өтүүгө жараксыз.
16-пункт. Организмдин өсүү мезгилинде, өзгөчө жыныстык жетилүү убагында ички секреция бездеринин функцияларында ченемден бат эмес чектен чыгуу орду бар экенин билүү керек. Жаш өспүрүмдөрдө ченемден ушундай четтен чыгуулар лицейге кабыл алууга жана окууга тоскоол болуп саналбайт. Ички секреция бездеринин ооруларына бардык шек саноолор стационардык текшерүү менен текшерилиши керек.
18-пункт. Лицейге кургак учук менен ооруган оорулууларды киргизбөө маанилүү. Ошол үчүн кургак учукка шектүү ар бир күбөлөндүрүүчү кылдат клиникалык текшерилүүгө тийиш.
Өпкө тканында айрым петрификаттардын же өпкөнүн тамырларында кальцинаттардын бар болуусу аскердик лицейге өтүүгө жолтоо болуп саналбайт.
21-пункт. Ушул эле пунктка күчөөсү менен өнөкөттүү бронхиттер, өпкөнүн эмфиземасы, ар кандай даражадагы бронхалык астма кирет.
23-пункт. Бул пунктка тубаса кандай болсо, пайда болгондой эле жүрөктүн кемтиги кирет.
Бул ооруларга диагноз коюуда бардык көңүл буруу менен мамиле кылуу керек. Жүрөк кемтигинин диагнозу үчүн систолдук шуулдоонун гана бар болуусу негиз болуп кызмат кыла албагандыгын эске алуу керек, себеби бул көрүнүш жаш өспүрүмдөрдө өтө көп болот.
Эгерде тамырдын тез-тез согушу жүрөк-тамыр системасындагы башка белгилер менен коштолбосо, ошондой эле оорунун пайда болуусу деп каралбашы керек. Жогорку дүүлүгү жана реактивдүүлүгү менен өзгөчөлөнбөгөн жаш өспүрүмдөрдө тахикардия медициналык текшерүү убагында башынан өткөргөн толкундоолордо дайыма байкалат. Ошондуктан диагнозду жана чечимди стационардык текшерүүдөн кийин гана чыгарууга болот.
24-пункт. Сымап мамычасынын 130/80 мм ден жогору жана 90/60 мм ден төмөн туруктуу мүнөзүндөгү систолдук жана диастолдук артериялык басым менен аскердик лицейге талапкерлерди өтүүгө жараксыз деп табылат.
Артериялык басымдын көрсөткүчтөрүнүн туруктуу чектен чыгуулары менен аскердик лицейдин тарбиялануучулары стационардык шарттарда текшерилиши керек. Окууга алардын жараксыздыгы жөнүндө чечим дарылануу ийгиликсиз болгондо гана чыгарылат.
В. Тамак сиңирүү системасы
26-пункт. Буга ачык, прогеникалык жана прогнатиалык тиш кабышуулар, Н.И.Агапов боюнча 60 пайыздан аз чайноо натыйжалуулугу менен 5 тен 10 мм ге чейин тиштердин кабышынын катташпоосу менен II даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары же 10 мм чоң тиштердин кабышынын катташпоосу менен II даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары (чайноо натыйжалуулугун эсептебегенде) кирет. Ушул пункттары көрсөтүлгөн тиш кабышуунун аномалияларынын даражаларында жеңил суучул аппаратынын эриндигин тиштер менен бекем кармоо мүмкүн эмес, ошого байланыштуу лицейге өтүүгө талапкерлердин жараксыздыгы жөнүндө чечим чыгарылат, ал эми дарылануу ийгиликсиз болгондо талапкерлердин окууну улантууга жарамдуулугу жеке бааланат.
60 жана андан ашык пайыз чайноо натыйжалуулугу менен 5 тен 10 мм ге чейин тиштердин кабышынын катташпоосу менен II даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары, ошондой эле I даражадагы тиш кабышуунун аномалиялары (5 мм ге чейин тиш катарларынын биригүүсүн кошкондо) ушул пунктту колдонуу үчүн негиз болуп саналбайт, аскердик лицейге өтүүгө тоскоол болбойт.
28-пункт. Натыйжалуу металл пломбалары бар тиштер нормалдуу тиштер менен тең келет.
29-пункт. Бул пунктка микрогения, адентия, оозунун тубаса жырыгы жана башка тубаса пайда болгон аномалиялар кирет.
36-пункт. Өнөкөттүү гипертрофтук гингвиттин негизги белгилери деп төмөнкүлөрдү эсептөө керек: тиш коронкасынын үчтөн бир бөлүгүнө тең учтардын гипертрофиясын, тиштердин моюндарынан тиш этинин калышын, аз жабыркоосун жана кан агуусун.
41-пункт. Лицейде жүргөн мезгилде ревматизм менен ооруган тарбиялануучулар дарылангандан кийин окууну улантууга жараксыз деп табылышы керек.
Г. Хирургиялык оорулар
42-пункт. Тарбиялануучуларда заараны түндө кармай албоо же сийдик чыгаруучу жолдорунун катуу сезгенүү оорулары, кийинки таш пайда болуусу жок бир таштын түшүүсү болгондо стационардын шарттарында кылдат текшерүү өткөрүлүшү керек.
Дарылануу ийгиликсиз болгондо лицейде окууга жараксыздыгы жөнүндө чечим чыгаруу керек.
43-пункт. Буга ар кандай этиологиядагы баштын жана моюндун көркүн кетирген тырыктар, ошондой эле адепсиз же ар кандай татурировкалар кирет.
44-пункт. Дарылангандан кийин тарбиялануучулар күбөлөндүрүүгө тийиш. Мында, окууга алардын жарактуулугу жабыркаган органдын функциясынын бузулуу даражасына көз каранды аныкталат.
45-пункт. Ар кандай өлчөмдөгү жана чектөөдөгү баш сөөктүн сөөктөрүнүн кемтиктери айтылат. Ушуга эле баш сөөктү түзгөн сөөктөрдүн эски басылган сыныктары кирет.
48-пункт. Бул пунктка тубаса жана пайда болгон сөөк-муун системасынын кемтиктерин жана жетишпестиктерин, анын функциясынын бузулуусун (жалган муундар, туура эмес өскөн сыныктар, биринчи чыгып кетүүлөр, моюн кабыргалары, синдактилия, полидактилия ж.б.), ошондой эле ар кандай этиологиядагы сөөктөрдүн жана кемирчектердин ооруларын киргизүүгө болот.
49-пункт. Өнүгүү кемтиктеринин, оорулардын жана травмалардын кесепети катары буттардын ар кандай кыйшаюусу (анын ичинде X түрүндө же О түрүндө) жана кыскалыгы лицейге өтүүгө жана анда окууга каршы көрсөткүч болуп саналат.
50-пункт. Колдогу манжанын жок болушун фаланга аралык муундун деңгээлинде эсептөө керек.
Манжанын толук тырышуусуна же толук кыймылдабашына алып келген тарамыштардын жана манжа нервдеринин жабыркоолору же оорулары анын жок экендигин билдирет.
52-пункт. Остеоартроздун пайда болуусу жок 1-11 даражадагы жалпак тамандуулук аскер лицейине өтүү үчүн жолтоо болбойт.
53-пункт. Ушул эле пунктка скрофулодерма кирет. Лимфадениттин жаралышына шек санап жатканда тапшырып жаткандар жараксыз деп табылат, ал эми тарбиялануучулар стационардык текшерилүүгө тийиш.
54-пункт. Кандайдыр бир эндокриндик бузулуулардын барында чечим 16-пункт боюнча чыгарылат.
56-пункт. Буга чоң гемангиомдерди да киргизүүгө болот. Жакшы сапаттагы шишиги менен тарбиялануучуга каршы көрсөткүчтөрдүн жогунда ыкчам дарылануу сунушталышы керек.
57-пункт. 1-даражадагы урук таажысынын веналарынын кеңейиши лицейге өтүүгө жана окууга каршы көрсөткүч болуп саналбайт.
Трофикалык бузулуулары жана даттануулары жок цилиндр же ийилген жылмакай томпок түрүндө буттардын өзүнчө жерлериндеги тери астындагы веналарынын кеңейиши бар тарбиялануучулар окууну улантуу үчүн жарактуу деп табылышат.
Д. Кулактын, тамактын жана мурундун оорулары
64-пункт. Мурун тосмосунун кыйшаюусу, 71-пунктуна түшүндүрмөлөрдү келтирилген даражада кулактардын баор функциясынын туруктуу бузулуусуна алып келбеген, бир жагында бар болсо да эркин мурун менен дем алууда I-II даражадагы мурундун аденоиддери, ошондой эле мурундун кошумча көңдөйлөрүндөгү өзгөрүүлөр аскердик лицейге өтүү үчүн тоскоол болуп саналбайт.
65-пункт. Буга операциядан кийинки көңдөйдө толук эмес эпидермизациясы же шыбыр сүйлөөгө 6 м ден аз угуунун төмөндөөсү менен эпитимпанит боюнча операция болгондон кийинки абал да кирет.
66-пункт. Мурдагы перфорациялардын ордундагы тырыктар жана жакшы кыймылдоодо, жакшы угууда жана баро функциясынын бузулбаганында кулак жаргагынын катуу берч болуусу бул пунктка кирбейт.
69-пункт. Вестибулярдык аппараттын функциясынын бузулуусунда, бул бузулуулардын (жалпы чарчоо, интоксикациялар, ашказан-ичеги же нерв оорулары ж.у.с.) мүнөзүн жана себептерин текшерүү үчүн бардык тарабынан, тез стационардык текшерүү зарыл.
Ушул пункттун "б" пунктчасына вестибулярдык бузулуулардын белгилеринин жана башка органдарынын оорулары жокто термелүүгө тез жогорку сезүү учурлары кирет. "Ортостатикалык реакция" сыноосу менен текшерүүдө тез вегетативдик реакциясын (III даражадагы вегетативдик реакция) көрсөткөн талапкерлер лицейге өтүүгө жараксыз.
Ортостатикалык сыноо менен текшерүүнүн жыйынтыктарын баалоодо коргоо кыймылдары, бат көрүнгөнү (III даражадагы коргоо кыймылдары) да интенсивдүү вегетативдик реакциялардын жогунда ушул пункттун "б" пунктчасын колдонуу үчүн негиз боло алышпайт; бул реакция вестибулятордук аппараттын дүүлүгүсүнө туруктуу болуп саналбайт жана эреже катары машыгууларда бат эле жоголот.
70-пункт. Угуунун курчтугун текшерүү чурулдоо тоскоолдугу жок шартта бардык учурларда шыбыр сүйлөөнүн бирдей интенсивдүүлүгү менен ишке ашырылышы керек.
71-пункт. Баро функцияны текшерүү кулак манометрия ыгы менен жүргүзүлүшү керек. Лицейде талапкерлер I-II же III ашпаган даражадагы баро функциясына ээ болушу керек.
72-пункт. Өнөкөттүү декомпенсироваланган (токсико-аллергиялык, оорлошкон) тонзиллиттин белгилери деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот:
- кайталануучу ангиналар (жылына 2 жолудан кем эмес);
- миндаль жанындагы тканында сезгенүү процесстеринин орду болсо (паратонзиллярдык абсцестер ж.б.);
- туткалары менен миндалдардын өсүүсү;
- көкүрөк-акырек-үрп сымал булчуңдардын алдынкы бети боюнча аймактык лимфа түйүндөрүнүн кеңейиши;
- тонзиллогендик интоксикация жана организмдин аллергизациясы. Өнөкөттүү компенсироваланган тонзиллит, тандай миндалдардын гипертрофиясы лицейге өтүүгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт.
74-пункт. Жыт сезүүнүн толук жок болушу деп катуу жытты (жөнөкөй валерианка маңызын) кабыл албоо саналат.
81-пункт. Ушул эле пунктка беттин көркүн кетирген ангиомалары, кулак жаргагынын көрүнгөн тубаса жана пайда болгон кемчиликтери жана башкалар кирет.
Е. Көз оорулары
82-пункт. Түстөрдү көрүү Рабкинанын (8 же 9-басылыш) полихроматикалык таблицаларындагы берилген ыктарды так сактоонун жардамы менен текшерилет.
Чет элдик аскердик-музыка мектебине талапкерлер бардык түрдөгү аномалдуу трихромзиянын жана дихромзиянын барында өтүүгө жарактуу деп табылышат, ал эми монохромазияда жараксыз болушат.
83-пункт. Аскердик лицейге талапкерлерде оңдоосу менен көрүү курчтугу ар бир көзгө 1,0 аз болбошу керек.
Көрүү курчтугун текшерүүдө Головин-Сивцевдин таблицаларын үйрөнүү жолу менен диссимуляциялоо мүмкүнчүлүгү деп билүү керек. Ошондуктан белгилерди бөлуп көрсөтүү жана зарыл болгон учурларда текшерүүнүн контролдуу ыктарын колдонуу керек. Көрүүнүн толук курчтугу, башкача айтканда күбөлөндүрүүчү бардык белгилерди (тамгалар жана шакекчелер) туура окуган таблицалардын ошол катары эске алынат.
Көрүү курчтугу толук деп, эгер 7-8-9 жана 10-катарларды окууда бир белгиден көп эмес ката болсо эсептелет.
Атропин же башка мидриатиктер менен чоңойгон каректерде көрүү курчтугун текшерүү тегерек 3 мм тешиги бар диафрагманы милдеттүү түрдө колдонуу менен ишке ашырылат.
Рефракция аномалиясынын түрү жана даражасы скиаскопиялык же рефрактометрдин жардамы менен аныкталат.
Шектенген учурларда рефракция, аккомодациянын спазма болуу мүмкүнчүлүгүн алып таштоо үчүн атропинизациядан кийин аныкталат. Бул үчүн төрт күн аралыгында күнүнө 2 жолудан, ал эми зарыл болгондо (аккомодациянын спазмалары алынбаганда) көп күн аралыгында атропиндин 1% эритмеси колдонулат.
3,0 Д чейин алысты көрүү аскердик лицейге кабыл алууга жолтоо болуп саналбайт, себеби организмдин өсүү мезгилинде ал кичирейиши же эмметропияга өтүшү мүмкүн. Алысты көрүүнүн өтө жогорку даражаларында Аскер лицейине тапшырууга талапкерлер жараксыз деп табылышы керек, себеби мындай адамдар 20-25 жаш курагында жакын аралыкта иштөө учүн көз айнек менен ондоого тез эле муктаж болушат.
1,0 Д ашпаган меридиандардын биринде жакынды көрүүсү, 1,5 Д ашпаган даражасы менен астигматизми же 3,0 Д ашпаган меридиандардын биринде алысты көрүүсү бар тарбиялануучулар бир көзү 0,5 аз эмес жана экинчи көзү 0,8 аз эмес оңдоосу жок курчтугунда окууну улантууга жарактуу деп табылышат.
Чет элдик аскердик-музыкалык билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары окууну улантууга бир же эки көзүнүн меридиандарынын биринде төмөнкүлөрдүн барында жарактуу деп табылышат: 3,0 Д ашпаган жакынды көрүү же алысты көрүү, ар бир көзү 0,8 аз эмес оңдоосу менен көрүү курчтугунда 1,5 Д ашпаган даражасы менен астигматизм.
Чет элдик аскердик-музыкалык билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү консерваториянын аскердик-дирижердук факультетине өтүүгө бир же эки көзүнүн меридиандарынын биринде төмөнкүлөрдүн барында жарактуу деп табылышат: 3,0 Д ашпаган жакынды көрүү, 3,0 Д ашпаган алысты көрүү, 2,0 Д ашпаган даражасы менен астигматизм. Мында оңдоосу менен көрүү курчтугу ар бир көзү 0,8 аз болбошу керек.
84-пункт. Көрүү органын изилдөө күбөлөндүрүүчүнүн организминин жалпы абалы жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет. Жазгы катар, фликтенулездук кератит жана конъюнктивитке окшогон оорулар күбөлөндүрүүчүнүн гиперэргикалык абалына жана анын кургак учук менен инфекцияланышына көрсөтүшү мүмкүн. Ушуга окшогон бардык учурларда жыйынтыктоочу корутундуну берген терапевттин кылдат текшерүүсү зарыл.
86-пункт. Ушул пункттун "а" пунктчасына трахоманын бардык түзүлүштөрү кирет.
87-пункт. Буга конъюнктиванын жана кургак учук, котон жара этиологиясындагы көздүн башка катмарларындагы өнөкөттүү, кыйындык менен дарылануучу оорулар жана башкалар кирет. Ирит орусунан (арткы синехиялар ж.б.) кийинки калдыктар лицейге өтүүгө жараксыздыкты шарттайт.
Көрүү курчтугун төмөндөтпөгөн хрусталиктин алдынкы капсулундагы тактын тубаса кабатталышы аскердик лицейге өтүүгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт.
89-пункт. Тарбиялануучуларда канат сымал плеванын болуусунда ыкчам дарылануу сунушталат.
90-пункт. Лицейге тапшыруучуларда жаш чыгуу аппараты нормалдуу болушу керек. Жаш өткөрүүнүн бузулуусуна шек саноодо түстүү жаш мурун сыноосун милдеттүү түрдө өткөрүү керек. Жаш жолдорунун дарылануучу ооруларына төмөнкүлөр кирет: жаш чекиттеринин ичкериши же туура эмес жайгашышы, жаш каналынын жолу боюнча стриктура, дакриоцистит, ошондой эле жаш-мурун каналындагы стриктура, эгерде жаш кабынын көңдөйү сакталган болсо.
Жаш жолдорунун дарылоого болбогон ооруларына жаш кабынын жок болушу же тырык артезиясы, ошондой эле азыркы замандын талабына жооп берген операциялардын жардамы менен стационардык шарттарда аларды дарылоого болбогон жаш жолдорунун башка оорулары.
91-пункт. Бир кыйла көрүнгөн птоз деп, ар кайсы булчуңдун күч салуусу жокто каректин бөлүгүн көздүн үстүнкү кабы жаап турган учурларды эсептөө керек. Бир жактуу птозу бар бүтүрүүчүлөргө ыкчам дарылануу көрсөтүлүшү мүмкүн, ошондо окууга жарактуулугу дарылануунун жыйынтыктарын эске алуу менен аныкталат.
92-пункт. Ушул эле пунктка ар кандай этиологиядагы туруктуу диплопия учурларын да кошсо болот.
93-пункт. Аккомодациянын туруктуу спазмасында невропатологдун, терапевттин жана башка адистердин катышуусу менен изилдөө зарыл, себеби спазм нерв системасынын, ички жана башка органдардын оорулары менен шартталышы мүмкүн.
94-пункт. Ачык чалыр көздүүлүктүн башка белгилери жок бинокулярдык көрүүнүн жогунда талапкерлер лицейге өтүүгө жараксыз деп табылышы керек, ал эми тарбиялануучулардын жарактуулугу жеке бааланат.
95-пункт. Нистагмада невропатолог жана отоларинголог менен биргеликте комплекстүү изилдөө зарыл. Организмдеги кандайдыр бир башка өзгөрүүлөр жокто көз алмаларынын четки бөлүктөрүндө гана нистагмоиддик тартышуу ушул пунктка кирбейт.
98-пункт. Травма этиологиясындагы торчонун катталышында тарбиялануучулар стационардык дарыланууга тийиш, анын ийгиликсиз учурунда окууну улантууга жараксыз деп табылышы керек.
99-пункт. Ушул пунктка экинчи глаукома да кирет.
100-пункт. Бул пунктка көздүн органикалык оорулары менен шартталбаган караңгыда көнүүнүн убактылуу бузулуусун да киргизүү керек.
Е. Тери жана венерологиялык оорулар
101-пункт. Экземанын, кабыктуу чакалайдын жана башка ушул пунктта көрсөтүлгөн өнөкөттүү оорулардын таралуу даражасы Аскер лицейине талапкерлердин жана тарбиялануучулардын жарактуулугун аныктоо үчүн мааниге ээ эмес. Тарбиялануучуларды күбөлөндүрүү дарылануудан кийин жүргүзүлөт.
Ушул эле пунктка лепраны да киргизсе болот. Саламаттык сактоо органдары тарабынан катталган лепра менен ооруган үй-бүлөдөн чыккан адамдарды лицейге өтүүгө жана окууга жараксыз деп табуу керек.
110-пункт. Аскердик лицейдин тарбиялануучулары котон жаранын жугуучу мезгилинде күбөлөндүрүү жана окууга жараксыздыгы жөнүндө чечимди чыгаруу менен дарыланууга тийиш.
3-тиркеме
┌────────────┐
│ │ Үлгү
│ Сүрөт үчүн │
│ орун │
│ │
└────────────┘
Аскер лицейине тапшырып жаткан талапкердин медициналык күбөлөндүрүү КАРТАСЫ
1. Аты-жөнү (толугу менен) _______________________________________
2. Туулган күн-айы (күнү, айы, жылы) _____________________________
3. Дайыма жашаган жери (дареги) __________________________________
N |
| Алдын ала күбөлөндүрүү | Акыркы күбөлөндүрүү |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Даттануулар жана анамнез |
|
|
2 | Ооруган оорулары жана травмалары |
|
|
3 | Рентгендик изилдөөнүн маалыматтары |
|
|
4 | Лабораториялык изилдөөлөрдүн маалыматтары (кан, заара ж.б.) |
|
|
5 | Антропометриянын жана хирургиялык изилдөөнүн маалыматтары Бою Салмагы Көкүрөк айланасы Спирометрия Тулку бойдун динамометриясы Кол динамометриясы Он колу Сол колу Жалпы дене түзүлүшүнүн өнүгүүсү Дене катмарлары Лимфа түйүндөрү Булчуң системасы Сөөк системасы жана муундар Перифериялык тамырлар Сийдик жыныс системасы Анус жана түз ичеги Диагноз Корутунду Күн-айы жана хирургдун колу |
|
|
6 | Ички органдарды изилдөөнүн маалыматтары: Тамактануу эндокриндик система Жүрөк: чектери тону тамыр басым |
|
|
Дем алуу органдары Тамак сиңирүү органдары Боор Өт Бөйрөктөр Диагноз Корутунду Күн-айы жана терапевттин колу Күн-айы жана педиатрдын (өспүрүм дарыгеринин) колу |
|
| |
Психикалык абалды изилдөө маалыматтары: сезүү ыкылас эс ойлонуу интеллект эмоционалдык-эрк чөйрөсү Диагноз Корутунду Күн-айы жана психиатрдын колу |
|
| |
7 | Нерв системасын изилдеө маалыматтары: Баш сөөк-мээ нервдери Кыймылдоо чөйрөсү Рефлекстер Сезүүсү Вегетативдик нервдик система Диагноз Корутунду Күн-айы жана невропатологдун колу |
|
|
8 | Дерматовенерологиялык изилдөөнүн маалыматтары: Дененин катмарлары Сырткы жыныс органдары Диагноз Корутунду Күн-айы жана дерматологдун колу |
|
|
9 | Көрүү органын изилдөө маалыматтары: Рабкин боюнча түстү керүү Оңдоосу жок көрүү курчтугу: оң көздүн сол көздүн Оң көздүн сол көздүн оңдоосу менен Скиаскопиялык рефракциялар: оң көздүн сол көздүн Бинокулярдык көрүү Ачык көрүүнүн жакынкы чекити: оң көздүн сол көздүн Жаш чыгуу жолдору Көз каттары жана конъюнктив Көз алмаларынын жайгашышы жана кыймылдашы Каректер жана алардын реакциялары Оптикалык чөйрөлөр: оң көздүн сол көздүн Көз тереңи: оң көздүн сол көздүн Диагноз Корутунду Күн-айы жана офтальмологдун колу |
|
|
10 | ЛОРду изилдөөнүн маалыматтары: Карап чыгуунун маалыматтары Сүйлөө кемчилдиги Мурун дем алуулары оң тарабынан сол тарабынан Жыт сезүү: оң тарабынан сол тарабынан Шыбыр сүйлөөгө угуунун курчтугу оң тарабынан сол тарабынан Кулактын барофункциясы: оң тарабынан сол тарабынан Вестибулярдык аппараттын функциясы (ОР айлануусу менен эки эселенген тажрыйба) Диагноз Корутунду Күн-айы жана отоларинголодун колу |
|
|
11 | Жаактарды жана ооз көңдөйүн изилдөө маалыматтары: Тиштердин кабышып турушу Ооз көңдөйүнүн былжыры Тиш эттери Тиштер Диагноз Корутунду Күн-айы жана стоматологдун колу |
|
|
12 | Дарыгердик комиссиянын (АДК) токтому | Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон Дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниесинин (Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асановичтин атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучула- рын жана аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускаманын 1-тиркемеси) _____-пунктунун негизинде Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине өтүүгө ________________ (жарактуу, ________________ жараксыздыгы ________________ көрсөтүлөт) М.О. Комиссиянын төрагасы ________________ Комиссиянын катчысы ________________ | Аскер лицейине өтүүгө жана анда окууга тоскоол болгон Дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин жана оорулардын расписаниесинин (Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асановичтин атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучула- рын жана аскер лицейине тапшырып жаткан талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө нускаманын 1-тиркемеси) _____-пунктунун негизинде Советтер Союзунун Баатыры Асанов Даир Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине өтүүгө ________________ (жарактуу, ________________ жараксыздыгы ________________ көрсөтүлөт) М.О. Комиссиянын төрагасы ________________ Комиссиянын катчысы ________________ |