Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы №129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы №129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун үчүнчү-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2012-жылдын биринчи кварталында:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелер жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын системага салынган бирдей реестринин (тизмесинин) долбоорун түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүүнү этаптуу жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө сунушту иштеп чыксын жана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |