Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-январы №35
"Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо ишине катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо ишине катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене. Бул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Бул Мыйзам, аскердик, милициялык жана жарандык персоналды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары берүү жолу менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын катышуусунун, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларда (тынчтыкты сактоочу миссияларда) анын катышуусун даярдоону уюштуруунун жана анын катышуусун камсыздоонун негиздерин жана тартибин жөнгө салат.
2-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
тынчтыкты сактоочу иш - БУУнун Уставына ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, аймактык уюмдар Кыргыз Республикасы алардын катышуучусу болуп эсептелген жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, БУУнун Уставына ылайык мажбурлоо аракеттери болуп эсептелбеген эл аралык келишимдердин алкагында тынчтыкты колдоо боюнча ишке ашыруучу операциялар жана башка чаралар, ошондой эле тынчтыкка болгон коркунучту, тынчтыктын бузулушун же агрессия актысын жоюу үчүн БУУнун Уставына ылайык кабыл алынган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча куралдуу күчтөрдү колдонуу менен жүргүзүлүүчү эл аралык мажбурлоо аракеттери;
аскердик персонал - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн курамына жиберилип жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскердик байкоочулары жана аскердик контингенти (тийиштүү куралдар, аскердик техникалар, колдоо жана камсыздоо каражаттары бар аскер бөлүктөрү жана бөлүкчөлөр);
милициялык персонал - укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту колдоо боюнча тынчтыкты сактоочу миссияларга Кыргыз Республикасы жиберип жаткан адамдардын тобу;
жарандык персонал - качкындардын проблемаларын чечүү, медициналык, башка гуманитардык жардамды көрсөтүү үчүн өз каалоосу менен тынчтыкты сактоочу миссияларга Кыргыз Республикасы жиберген адамдардын тобу;
аскердик байкоочулар - ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашуунун сакталышын жана чыр-чатактын улануусуна себеп болуучу башка аракеттерди байкоо жана контролдоо боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасы тынчтыкты сактоочу миссияларга жиберген аскердик контингенттердин курамына кирбеген адамдардын тобу;
аскердик контингент - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберилүүчү жана эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн дайындалган куралдары жана аскердик техникасы бар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүгү.
3-берене. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоочу ишинин мазмуну
Тынчтыкты сактоо ишине аскердик, милициялык жана жарандык персоналдын катышуусу төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) ок атууну жана башка чыр чатактын улануусуна өбөлгө түзгөн башка аракеттерди токтотуу жөнүндө макулдашуулардын сакталышын байкоону жана контролдоону;
2) чатакташкан тараптарды ажыратууну, куралсыздандырууну жана алардын бөлүкчөлөрүн жоюуну;
3) инженердик жана башка иштерди аткарууну;
4) качкындардын проблемаларын чечүүгө жардам кылууну, медициналык жана башка гуманитардык жардамдарды көрсөтүүнү;
5) калктын коопсуздугун камсыздоо жана адам укуктарын сактоо боюнча милициялык (полициялык) жана башка функцияларды аткарууну;
6) БУУнун Уставына ылайык эл аралык мажбурлоо аракеттерин жүргүзүүнү: коопсуздук тилкесин белгилөө, куралдарды алуу.
Кыргыз Республикасы тынчтыкты сактоо ишине азык-түлүк, медикаменттерди, башка гуманитардык жардамдарды, байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка материалдык-техникалык ресурстарды берүү аркылуу катышышы мүмкүн.
Аскердик, милициялык жана жарандык персоналдын тынчтыкты сактоочу миссияга, катышууда милдеттери ар бир учурда БУУнун же региондук уюмдардын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларды жүргүзүүгө мандатына ылайык аныкталат.
4-берене. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоочу ишинин укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын аскердик, милициялык жана жарандык персоналды берүү жолу менен тынчтыкты сактоочу ишке катышуусунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
5-берене. Тынчтыкты сактоочу ишке катышуу жөнүндө чечимди кабыл алуунун тартиби
Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдер боюнча өзүнүн милдеттерин эске алуу менен тынчтыкты сактоочу ишке өзүнүн катышуусунун максатка ылайыктуулугун ар бир учурда өз алдынча аныктайт.
Тынчтыкты сактоочу ишке катышуу үчүн аскердик контингенттерди Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү Кыргыз Республикасынан тышкары аймактарда Кыргыз Республикасынын аскердик контингенттерин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Өкмөттүн сунушу боюнча жана Президенттин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечиминин негизинде ишке ашырылат.
Жогорку Кеңешке киргизилген сунуш андай аскердик контингенттер аракеттенүүчү аймак, алардын милдеттери, жалпы саны, куралдарынын тиби жана түрлөрү, баш ийгендиги, болуу мөөнөтү жана аны узартуунун, алмаштыруунун тартиби жана чыгаруунун шарттары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө белгиленүүчү кошумча кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
Эгерде чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болбосо, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенттерин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары пайдаланууга мүмкүн эмес.
Эгерде өзгөрүп кеткен эл аралык аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу алардын тынчтыкты сактоочу ишке катышуусу максатка ылайыктуу болбой калса Өкмөттүн сунушу жана Президенттин макулдугу менен Жогорку Кеңеш аталган аскердик контингенттерди чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти жайгашкан жердеги аскердик-саясий кырдаал өздүк курамдын жапырт курман болушуна алып келүү коркунучу менен өзгөргөн учурда, аскердик контингенттин командачылыгы аскердик контингентти коопсуз жерге көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
6-берене. Аскердик контингентти түзүү
Аскердик персоналды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамында тынчтыкты сактоо ишине окутуу, атайын даярдоо жана катышуу максатында атайын аскердик контингент түзүлөт.
Андай контингентти түзүү тартибин, курамын жана санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентине макулдашуу менен аныктайт.
7-берене. Тынчтыкты колдоо жана коопсуздук боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик контингенттерди камсыздоо
Тынчтыкты колдоо жана коопсуздукту сактоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилген аскердик контингенттерди куралдар, азык-түлүк, байланыш каражаттары, транспорт каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар, медициналык жана башка тейлөөлөр менен камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке ашырат.
8-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын жиберүү
Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо ишине Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын жиберүү жолу менен катышуусу жөнүндө чечимди коргоо органынын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тынчтыкты сактоо ишине катышуу жөнүндө чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын коргоо органынын жетекчиси Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн органдарынын жетекчилеринин сунушу боюнча тынчтыкты сактоочу миссиянын курамына жиберилүүчү аскердик байкоочуларга талапкерлерди тизме боюнча бекитет, ал аскер кызматчылардын аракеттенүүчү районун, алардын тапшырмаларын, баш ийүүсүн, туруу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
9-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилчү милициялык персоналды түзүү
Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо ишине Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматчыларын тынчтыкты сактоочу миссиянын милициялык күчтөрүнүн курамына жиберүү жолу менен катышуусу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдарынын тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тынчтыкты сактоо ишине катышуу жөнүндө чечиминин негизинде ички иштер органынын жетекчиси укук коргоо органдарынын жетекчилеринин сунуштары боюнча тынчтыкты сактоочу миссиянын милициялык күчтөрүнүн курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматчыларынан талапкерлерди тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн кызматчылардын аракеттенүүчү районун, алардын тапшырмаларын, баш ийүүсүн, туруу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
10-берене. Тынчтыкты сактоо ишине катышуунун ыктыярдуулугу, атайын даярдык, аскердик жана милициялык персоналды медициналык күбөлөндүрүү
Ушул Мыйзамдын 5, 8 жана 9-беренелерине ылайык тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жиберилчү аскердик жана милициялык персонал тиешелүү түрдө аскер кызматчылардан, ички иштер органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органдарынын кызматчыларынан ыктыярдуу негизде комплектиленет.
Кыргыз Республикасынын мындай аскер кызматчылары жана ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын кызматчылары алдын ала атайын даярдыктан жана медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшү керек.
11-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жарандык персоналды жиберүү
Тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жарандык персоналды жиберүү жөнүндө чечимди тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укукту органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жарандык персоналдын тынчтыкты сактоо миссиясына катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору сунуш кылган талапкерлердин тизмесин бекитет.
Мында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жарандык персоналдын аракеттенүүчү районун, алардын тапшырмаларын, туруу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
12-берене. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операциялар үчүн материалдык-техникалык ресурстарды бөлүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гуманитардык жардам жана материалдык-техникалык ресурстарды ыктыярдуу негизде комплектиленген транспорттук каражаттардын экипаждары менен жеткирүү үчүн азык-түлүк, медикаменттерди, байланыш каражаттарын жана башка материалдык-техникалык ресурстарды берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
13-берене. Аскердик, милициялык жана жарандык персоналга кепилдиктер жана компенсациялар
Тынчтыкты орнотуучу миссияга катышуу үчүн жиберилчү аскердик жана милициялык персонал статусу боюнча согуштук аракеттердин катышуучусуна барабар жана тынчтыкты сактоо миссиясында жүргөн убактысы жеңилдетилген шартта бир күнү үч күнгө барабар деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аскердик жана милициялык персоналга кошумча кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилеши мүмкүн.
14-берене. Тынчтыкты колдоо жана сактоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберилчү аскердик, милициялык жана жарандык персоналдын катышуусун даярдоо жана камсыздоо
Тынчтыкты орнотуу миссиясына катышуу үчүн жиберилчү аскердик, милициялык жана жарандык персоналды даярдоо, аттестациядан өткөрүү, медициналык күбөлөндүрүү жана окутууну уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылат.
Тынчтыкты орнотуу миссиясына катышуу үчүн жиберилчү аскердик контингенттерди даярдоо жана жабдуу ошол аскер кызматчыларды, аскердик техниканы жана куралдарды бөлүп берген мамлекеттик органдын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.
15-берене. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул мыйзамдын жоболорунан келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорун алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Бул Мыйзам Расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн чыр-чатак зонасына тийиштүү аймактардагы коопсуздукту жана тынчтыкты сактоо боюнча миссияларга катышуусу үчүн укуктук негизди түзүүгө багытталган "Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишмердүүлүктө Кыргыз Республикасынын катышуусунун негиздери жана тартиптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.
Азыркы убакта Кыргызстан тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүнө аскердик байкоочулар катары аскер кызматчыларын жана БУУнун полициялык күчүнүн курамына өкүлдөрдү (жыл сайын 30 кишиге жакын) жиберүү жолу менен катышат. Бирок миссияга катышуу окуядан окуяга чейин системасыз түрдө ишке ашырылат, бул болсо тынчтыкты сактоо миссиясына катышкан Кыргызстандын өкүлдөрүнүн статусу, укуктары жана жеңилдиктери мамлекет тарабынан кепилдикке алынбайт жана мамлекет өзүнүн жарандарына алар БУУнун тынчтыкты сактоо миссиясында жүргөн мезгилинде кам көрүү мүмкүнчүлүгү жок болууда.
Акыркы убакта өлкөнүн жетекчилиги тарабынан жогоруда аталган суроолорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айта кетсек болот:
Эл аралык деңгээлде (БУУ, НАТО, эки тараптык кызматташтык)
Бир катар мамлекеттер менен өзүнүн тынчтыкты сактоочу контингентин түзүүгө жардам көрсөтүү жөнүндө жана тынчтыкты колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн тынчтыкты сактоочу бөлүкчөлөрдү берүүгө Кыргызстандын табыштамасын кароодо БУУга колдоо көрсөтүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Көз карандысыз шериктеш мамлекеттер алкагында
1996-жылдын 19-январындагы Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин Тынчтыкты колдоо боюнча жамааттык күчтөрү (ТКЖК) жөнүндө мурда кабыл алган чечимин ишке ашыруу максатында азыркы учурда Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин Тынчтыкты колдоо боюнча жамааттык күчтөрүнүн катышуучулары үчүн ооруктук, материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо, социалдык жеңилдиктер суроолору иштелген.
Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында төмөнкүлөр түзүлгөн:
- 2007-жылдын 6-октябрында Душанбе шаарында кол коюлган Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты сактоочу ишмердүүлүгү жөнүндө Макулдашуу;
- 2007-жылдын 6-октябрында Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында тынчтыкты сактоочу механизмин нормативдик жана уюштуруучулук тариздөө боюнча документтери жөнүндө" чечими.
Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн тынчтыкты сактоочу миссияларга жиберүү жөнүндө чечим боюнча мамлекеттик органдардын укуктары жана милдеттери, тынчтыкты сактоочу миссияларга жиберилүүчү адамдардын социалдык коргоосунун минималдык деңгээлинин кепилдиги, аскердик контингенттерди ушундай миссияларга жиберүү үчүн негиздер түптөлгөн.
Тынчтыкты сактоочу ишмердүүлүккө катышуу мамлекет үчүн пайдалуу:
- эл аралык деңгээлде - эл аралык коомчулукка катышуу үчүн жигердүү табыштама катары, ар түрдүү талаштарды тынчтык жолу менен чечүүнү жактоочу катары;
- экономикалык деңгээлде - Кыргызстандын БУУдагы төлөмүнүн үлүшүнүн өлчөмүнүн азайышы жана өздүк курамга акчалай каражаттарды жана техниканы жана башка жабдыктарды колдонуу үчүн компенсацияларды төлөө эсебинен Кыргызстандын экономикасына кошумча акча каражаттарын тартуу;
- практикалык деңгээлде - техникада регламенттик иштерди убагында өткөрүү, аны күжүрмөн даярдык абалында кармап туруу, күжүрмөн кырдаал шарттарында өздүк курамды практикалык аракеттерге үйрөтүү.
Тынчтыкты сактоочу операциялар мажбурлоо аракеттерин колдонуу менен коштолушу мүмкүн, алар коюлган максаттарга жетүү үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциясы боюнча жүргүзүлөт.
Эл аралык укукта мажбурлоочу аракеттер деп - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча БУУнун Уставынын негизинде тынчтыкка келтирилген коркунучту четтетүү же басып алуу актысын жоюу максатында мамлекеттер коомчулугу колдонуучу жамааттык чечимдер түшүнүлөт.
Мажбурлоо аракеттерине: чыр-чатакка катышкан тараптарды ажыратуу, алардын куралдуу бөлүкчөлөрүн куралсыздандыруу жана жоюу, ал эми башкаларга: коопсуздук тилкесин орнотуу; алардын куралдарын алуу кирет.
Мыйзам долбоорунун 8-беренеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын чечими боюнча кээ бир аскер кызматчыларын тынчтыкты сактоочу ишмердүүлүккө катышуу үчүн (байкоочулар катары) жиберүүнү карайт.
Азыркы убакта ушундай иштер 1992-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат жана тынчтыкты сактоочу операцияларда күч түзүмдөрүнүн 40 жакын офицерлери катышкан.
Мыйзам долбоорунун 13-беренеси тынчтыкты сактоочу миссияга катышуу үчүн жиберилген аскердик, милициялык персоналга кызмат өтөөсүн эсептөөдө жеңилдетилген шарттарда бир күнүн үч күнгө эсептөө каралган. Бул норманын аракетин 1992-жылдан баштап киргизүү сунушталып жатат, ушул учурдан баштап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскердик, милициялык жана жарандык персоналы тынчтыкты сактоочу миссияларга катыша баштаган.
Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштырылган (www.gov/kg). Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын тегерек столунда коомчулук менен өткөрүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана сунуштар киргизилген, алардын бир бөлүгү эске алынган. Мамлекеттик юридикалык академиясынын дарегине эске алынган жана алынбаган эскертүүлөр боюнча маалыматтар жиберилген.
Ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасынын "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Тынчтыкты сактоочу миссияларга катышуу үчүн жиберилүүчү аскердик, милициялык жана жарандык персоналды даярдоону уюштуруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" Токтомунун долбоорун иштеп чыгуу каралып жатат.
Ушул мыйзам долбоорун каржылоодо республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүүнү талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри генерал-майор |
А.Кудайбердиев |