Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2001-жылдын 7-декабры № 102 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы чакан ишкердиктин субъектте-рине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун, эсепке алуунун жана от-четтуулуктун укуктук негиздерин аныктайт. 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер 1. Дүњ пайда - салык төлөөчүнүн товарларды (жумуштарды, кызматкөрсөтүүлөрдү) сатуудан алган, кошумча нарк салыгын кошпогондо, акчажана натуралай түрүндөгү каражаттарынын суммасы, мүлктү ижарагаберүүдөн алган кирешелери. 2. Чакан ишкердиктин субъекти - белгиленген тартипте каттоодонөткөн жана өз тобокелдиги жана өз мүлкүнүн жоопкерчилиги менен жылына 3000 000 сомго чейин дүњ пайда көлөмүндө экономикалык иш жүргүзүүчү,уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, пайда табуумаксатында мыйзамдарда тыюу салынбаган иштерди жүргүзүүчү юридикалыкжактар жака жеке адамдар. 2-статья. Жалпы жоболор 1. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму төмөндөгүлөрдүн ордуначакан ишкердиктин субъекттеринин бирдиктүү салык төлөө укугун карашты-рат: 1) юридикалык жактар үчүн: - пайдага салык; - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу фондуна чегерүүлөр; - автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салыктар; - калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөндүгү үчүн жана чекене соо-дадан салыктар. 2) жеке адамдар үчүн: - киреше салыгы (жалданып иштеген адамдардан кармалуучу киреше са-лыгын кошпогондо); - калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөндүгү үчүн жана чекене соо-дадан салыктар. 2. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн "Калк менен акчалай эсеп-тешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарга ылайык контрол-дук-кассалык машиналарды колдонуу милдеттүү болуп саналат. Контрол-дук-кассалык машиналарды колдонууга мүмкүн болбосо чакан ишкердиктинсубъекттери катталган жериндеги Мамлекеттик салык инспекциясында кат-талган так отчеттуулуктун бланктарын (квитанцияларды, счет-фактуралардыж.б) колдонууга милдеттүү. 3. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн салык отчетторунун формаларыКыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыгып, бе-китилет жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жалпы болуп сана-лат. 4. Чакан ишкердиктин субъекти салык салуунун тутумун өз алдынчатандап алууга укуктуу. 5. Чакан ишкердиктин субъекттерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөнтутумуна өтүү укугу андан мурунку жылы түшкөн дүњ пайдасынын нактакөлөмүнө, ал эми чакан ишкердиктин жањыдан катталган субъекттери үчүн -алардын дүњ пайдасынын болжолдолгон көлөмүнө жараша аныкталат. 6. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун тандап алган чакан иш-кердиктин субъекттери экономикалык иш жүргүзгөн жеринде бирдиктүү салыктөлөөчү катары салык органдарында каттоодон өтүүгө милдеттүү. 7. Эгерде жыл ичиндеги дүњ пайдасы 3 000 000 сомдон ашып кетсе,чакан ишкердиктин субъекттери кийинки жылдан тартып Кыргыз Республика-сынын Салык кодексинин талаптарына ылайык салык (кошумча нарк салыгынкошпогондо) төлөөгө милдеттүү. 8. Чакан ишкердиктин субъекттери Кыргыз Республикасынын Салык ко-дексине ылайык кошумча нарк салыгын төлөшөт. 3-статья. Бирдиктүү салык төлөөчүлөр Төмөнкүлөрдү кошпогондо, чакан ишкердиктин субъекттери - бирдиктүүсалык төлөөчүлөр болуп саналышат: - өз ишин патенттик негизде жүргүзүүгө милдеттүү болгон же укугубар субъекттер; - айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынтөлөөчүлөр-субъекттер; - кредит, финансы, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү субъект-тер; - инвестициялык фонддор; - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары; - акциздик товарларды өндүрүүчү жана импорттоочу субъекттер. 4-статья. Салык салуу объекти Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын Салыккодексинин 29-статьясына ылайык аныкталуучу дүњ пайда салык салуу объ-екти болуп саналат. 5-статья. Бирдиктүү салыктын чени 1. Чакан ишкердиктин субъекттери төмөнкүдөй өлчөмдөрдөгү чендербоюнча бирдиктүү салык төлөшөт: - айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, өндүрүш чөйрөсүндө жана ко-омдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген субъекттер - 5 пайыз; - соода жана транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген субъ-екттер - 6 пайыз; - кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүндө жана жогоруда аталбаганчөйрөлөрдө иштеген субъекттер - 10 пайыз. 2. Бир нече тармакта эмгектенген субъекттер бул иштердин түрлөрүүчүн белгиленген чен боюнча өз-өзүнчө салык төлөшөт. 6-статья. Бирдиктүү салыктарды эсептөөнүн жана төлөө мөөнөтүнүн тартиби 1. Бирдиктүү салык төлөөчүлөр дүњ пайдага жараша жана ушул Мыйзам-дын 5-статьясынын 1-пунктунда белгиленген чен боюнча салыкты өз алдынчаэсептешет. 2. Чакан ишкердиктин субъекттери бюджетке бирдиктүү салыкты ай са-йын отчеттон кийинки айдын 20сына чейин төлөшөт. 3. Чакан ишкердиктин субъекттери бирдиктүү салык боюнча отчеттусалык органдарына квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сыначейин беришет. 4. Чакан ишкердиктин субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын суммасытиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө жылсайын кабыл алынуучу мыйзамында белгиленген өлчөмдө бюджетке чегерилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын
15-майындагы № 83 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 7-статья. Бирдиктүү салыкты башкаруу Бирдиктүү салыкты башкаруу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасы-нын Салык кодексинин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. 8-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө 1. Ушул Мыйзам 2002-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - чакан ишкердиктин субъекттерине Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөнтутуму жөнүндө нускама иштеп чыксын жана бекитсин; - мурда кабыл алынган чечимдерине ушул Мыйзамдан келип чыкканөзгөртүүлөрдү киргизсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев 2001- жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 2001-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган