Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-январы №43
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, - администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесине эскертүүнүн 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Техникалык жана тейлөөчү персоналдын саны ушул токтом менен белгиленген сандык чектин 20 процентинен ашпастан белгиленет. Бул катыш Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана райондорунун мамлекеттик администрацияларына карата колдонулбайт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн техникалык тейлөөчү персоналдарынын саны алар үчүн белгиленген чектик сандын 20 процентинен ашпастан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн техникалык тейлөөчү-персоналдарынын саны мамлекеттик нотариалдык конторалардын керектөөлөрүн эске алуу менен 192 штаттык бирдикти түзүүгө тийиш.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндө тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |