Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-январы №44
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн жөнгө салуу механизмин өркүндөтүү жана кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимдерин тариздөө боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө жарандардын жана юридикалык жактардын сарптоолорун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик алымдын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдардын өлчөмдөрүндө:
3-пунктунда:
- "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│а) кыймылсыз мүлккө менчик укугуна өтүү │ │
│предмети болуп эсептелүүчү келишимдерди │ │
│күбөлөндүрүү үчүн: │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, │ 1000 сом │
│жубайлар, бир туугандар, чоң энелер, │ │
│чоң аталар, неберелер болсо │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке │ 2000 сом │
│адамдар болсо │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык │ 5000 сом │
│жак болсо │ │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
- "б" жана "в" пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
- "г" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│г) башка келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн: │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, │ 300 сом │
│жубайлар, бир туугандар, чоң энелер, │ │
│чоң аталар, неберелер болсо │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке │ 500 сом │
│адамдар болсо │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│эгерде бүтүмдүн тарабынын бири юридикалык │ 1000 сом │
│жак болсо │ │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
- "д" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- "л" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐
│л) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк │ │
│берилгендиги үчүн: │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│балдарга, ата-энелерге, жубайларга │ 1000 сом │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│бир туугандарга, чоң энелерге, │ 2000 сом │
│чоң аталарга, неберелерге │ │
├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤
│башка мураскерлерге │ 5000 сом │
└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘
- "о" пунктчасы "жазуу жүзүндө которуу" деген сөздөрдөн мурда "нотариус тарабынан документти" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |