Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 281-беренесинин талаптарын ишке ашыруу, ошондой эле дипломаттык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө кошумча нарк салыгын кайтарып берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Расмий пайдалануу үчүн" деген түшүнүктү Кыргыз Республикасы менен эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн түздөн-түз ишин түшүнүү керек.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9. КНСти кайтарып берүү максатында салык органдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98-беренесине ылайык дипломатиялык жана ага теңештирилген өкүлчүлүктөрдү эсептик каттоону ишке ашырат. Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин салык органдарында эсептик каттоо жүргүзүлбөйт.";
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11. Салык органы арыз түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумушчу күндүн ичинде эсептик каттоону жүргүзөт жана тиешелүү идентификациялык салык номерин ыйгаруу менен дипломатиялык жана ага теңештирилген өкүлчүлүктөрдү эсептик каттоо жөнүндө ырастоону берет.";
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү ишин токтоткондо, ишин токтотуу күнүнө чейин 40 (кырк) күн мурда эсептик каттоодон чыгаруу жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөр сатып алган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) боюнча кошумча нарк салыгын бюджеттен кайтарып берүү максатында эсептик каттоого алууну жокко чыгаруу жөнүндө арыз" DОС SТI-009 формасы боюнча арыз берүүгө милдеттүү (3-тиркеме).";
- 14-пункт:
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- "Д" жана "Т" категорияларындагы аккредиттелген карталарынын көчүрмөлөрү.";
- 17-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөрү тарабынан сатып алынган товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) карата кошумча нарк салыгын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө салык органынын чечимин берилген эсептөө боюнча кайтарып берүүгө тийиштүү салыктын суммасын көрсөтүү менен DОС SТI-010 формасында (2-тиркеме) чечим чыгарат.";
- 18-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"18. Аймактык салык органы арыз берүүчүнүн эсептик катталган жери боюнча арыз берүүчүдөн эсеп жана документтер келип түшкөн күндөн тартып отуз беш күндүк (35 күн) мөөнөттө КНСтин суммасын кайтарып берүү жөнүндө беш нускада белгиленген формадагы төлөм тапшырмасын (төлөм күнүн беш күн жылдыруу менен), "FORM SТI-013" формасы боюнча корутундусун (мындан ары - корутунду), реестрди конкреттүү дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекеме же ага теңештирилген өкүлчүлүк боюнча айына бир жолу жазат жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.";
- 25-пунктундагы "30 (отуз) күн" деген сандар жана сөздөр "40 (кырк) күн" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |