Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-январы №60
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-апрелиндеги № 134 "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкү мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:
"28. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы.".
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |