Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-февралы №77
№25 кесиптик лицейинин имараттарын жана курулмаларын "Казань улуттук технологиялык изилдөө университети" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин Кыргыз филиалына пайдаланууга берүү жөнүндө
Кесиптик-техникалык кадрларды даярдоону өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин балансында турган Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант шаары, Горький көчөсү, 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 3843,96 кв.м № 25 кесиптик лицейдин имараттарын жана курулмаларын "Казань улуттук технологиялык изилдөө университети" жогорку кесиптик билим берүүчү федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемесинин Кыргыз филиалына өзүнчө макулдашуунун предмети болуп эсептелген биргелешип пайдалануу шартында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө менен белгиленген тартипте 10 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берсин;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |