Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-февралы №83
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-августундагы № 437 "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Канттын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 7-пунктунда:
1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"ак түстөгү кант - Эл аралык кант шкаласынын 99,5 градусунан кем эмес поляризацияланган таттуу-жыттуулар кошулбаган кант;";
2-пунктчасындагы алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 49-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 68-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"68. Кантты идентификациялоо тиешелүү стандартка ылайык жасалып, анда көрсөтүлгөн белгилер боюнча, ошондой эле өндүрүүчү же сатуучу тарабынан берилген сүрөттөмөлөр боюнча жүргүзүлөт.";
5 жана 6-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому 2012-жылдын 5-февралынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |