Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-февралы №84
Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыгуучу жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жер семирткичтер менен камсыз кылуудагы кыйынчылыкты жоюу, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн экспорттоо максатында, "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, 1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун XI беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2012-жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин ТЭН ТН 3101000000 - 3105 коду боюнча классификацияланган жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкасы 1 кг үчүн 14 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кайсы өлкөгө бара тургандыгына карабастан ТЭН ТН 3101000000 3105 коду боюнча классификацияланган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алынып чыгуучу жер семирткичтерге сезондук (алып чыгуучу) бажы алымдарынын ставкасы колдонулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык алып чыгууга (экспорттоого) тыюу салууга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык Комитетине жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте билдирсин.
6. Бул токтом 2012-жылдын 15-февралынан тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |