КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-ноябры № 766
Кыргыз улуттук консерваториясына Калый Молдобасановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чыгаан композитор, СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры Калый Молдобасановдун атын түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз улуттук консерваториясына Калый Молдобасановдун ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары: "Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы" деп аталсын.
2. Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору (М.Бегалиев) бир ай убакыт ичинде ченемдик укуктук документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомуна ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |