Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 токтому менен бекитилген |
Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Педагогикалык процесстин маңызы
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин башкаруу тартиби
4. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттери жана жоопкерчилиги
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун, Мектепке чейинки атайын (коррекциялык) билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык иши
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмун, Мектепке чейинки атайын (коррекциялык) билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Мындан ары МБУ, МАБУ деп аталуучу _____________________________ _______________________________________________________________________
(толук аталышы, №, уюштуруу-укуктук формасы)
мектепке чейинки билим берүү уюму, мектепке чейинки атайын (коррекциялык) билим берүү уюму ___________________________________________________
(уюштуруучунун толук аталышы)
2011-жылдын "__" _______ № ____
______________________________________________________________________________________________________________________________________
(уюштуруучунун чечими, токтому, буйругу)
негизинде түзүлдү жана __________________________________________________________________________________________________________________
(мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы, түрү)
______________________________________________________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик, муниципалдык, жеке)
болуп саналат.
2. МБУ, МАБУ _____________________________________________________ _______________________________________________________ жайгашкан.
(иш жүзүндөгү, юридикалык дареги)
3. МБУну, МАБУну уюштуруучу(лар) _________________________________ ____________________________________________________________
(аталышы)
Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) юридикалык дареги: ______________ _______________________________________________________________________
4. МБУ, МАБУ өзүнүн билим берүүчү, укуктук жана чарбалык-экономикалык ишин "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо" мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары - мамлекеттик стандарт) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана уюштуруучу менен МБУнун, МАБУнун ортосундагы келишимге жана Уставга ылайык жүргүзөт.
5. МБУ, МАБУ мектепке чейинки билим берүүнүн төмөнкүдөй негизги максаттарын жана милдеттерин ишке ашырат: ар бир бала мектепке чейинки сапаттуу билимди алышы үчүн шарттарды түзүү, балдардын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо; ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны дене-бой, интеллектуалдык жана инсандык жактан өнүктүрүү; балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого мамлекет кепилдик берген жардамды көрсөтүү.
6. Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу баланы таанып-билүү жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө; баланын эмоциялык бакыбаттыгына, балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга аралаштырууга; баланы социалдык адаптациялоого; атайын муктаждыктары бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдар менен коррекциялык-педагогикалык ишти жүргүзүүгө; балдарды мектепке даярдоого багытталган.
7. МБУда, МАБУда билим берүү мамлекеттик стандарт, анын негизинде иштелип чыгуучу мамлекеттик, вариативдик, автордук билим берүү программалары менен аныкталат.
8. МБУнун, МАБУнун милдеттери анын түрүнө, билим берүү процессинин артыкчылыктуу багыттарына _____________________________________________
(МБУнун, МАБУнун милдеттери)
жараша конкреттештирилет.
9. МБУ, МАБУ юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, өзүнчө мүлкү, банктык жана башка кредиттик мекемелерде алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери; өзүнүн аталышы бар мөөрү жана штампы, бланктары жана башка реквизиттери болот.
10. МБУ, МАБУ катталган учурдан тартып билим берүү процессин даярдоого багытталган уставдык финансылык-чарбалык ишти жүргүзүү жагынан юридикалык жактын укугуна ээ болот.
11. Жеке менчик формасындагы МБУ, МАБУ ага билим берүү ишине лицензия (уруксат) берилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү ишин жүргүзөт.
12. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары төмөнкүлөрдү карайт:
Атайын уюштурулган билим берүү формасындагы сабактарды, ошондой эле балдардын жекече жана биргелешкен ишмердигин оптималдуу айкалыштыруу менен оюн, чыгармачылык ишти.
13. МБУда, МАБУда билим берүү процесси жылдык, календардык-тематикалык пландар, сабактардын расписаниеси менен жөнгө салынат.
14. МБУда, МАБУда окутуу жана тарбиялоо __________________________ _______________________________________________________________________
(тилдин аталышы)
жүргүзүлөт.
15. МБУ, МАБУ "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында, мамлекеттик стандартта жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган чектерде окутуу жана тарбиялоо формаларын, каражаттарын жана ыкмаларын өз алдынча тандайт.
16. Мектепке чейинки билим берүүнүн маңызы мамлекеттик стандартка ылайык иштелип чыккан программа (программалар, анын ичинде автордук) менен аныкталат.
17. МБУ, МАБУ мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынан тышкары балдарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти уюштурат.
18. МБУну, МАБУну башкаруу демократиялуулук, ачыктык, кесипкөйлүк принциптеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. МБУга, МАБУга түздөн түз жетекчиликти жана аны башкарууну жетекчи (директор) ишке ашырат.
20. Педагогикалык ишке кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык талаптарга ылайык келген жана билими жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар кабыл алынат.
21. Педагогикалык ишке соттуулугу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси аныкталган медициналык каршы көрсөтүүлөрү бар адамдарга жол берилбейт.
22. Менчигинин түрүнө карабастан, МБУнун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. МБУну башкаруунун туруктуу иштеген коллегиялуу органы болуп педагогикалык кеңеш саналат. Педагогикалык кеңеш бардык МБУларда, 3төн кем эмес педагогикалык кызматкер бар болгон учурда, түзүлөт.
24. МБУнун, МАБУнун жетекчиси (директору):
- өзүнүн функциялык милдеттеринин чектеринде МБУнун, МАБУнун иши үчүн мамлекеттин, коомдун жана уюштуруучунун алдында жоопкерчиликте болот;
- кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон МБУ, МАБУ боюнча буйруктарды, тескемелерди жана башка актыларды чыгарат;
- бардык мамлекеттик, муниципалдык, коомдук уюмдарда, мекемелерде, ишканаларда МБУнун, МАБУнун атынан өкүлчүлүк кылат, МБУнун, МАБУнун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
- МБУнун, МАБУнун мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- кредиттик-банктык мекемелерде эсептерди ачат, ишеним кат берет;
- педагогикалык кадрларды жана тейлөөчү персоналды тандайт, ишке кабыл алат жана жайгаштырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МБУнун, МАБУнун кызматкерлерин иштен бошотот, аларды жазалайт жана сыйлайт;
- МБУнун, МАБУнун штаттык санын түзөт;
- МБУнун, МАБУнун атынан келишимдерди түзөт, анын ичинде МБУ, МАБУ менен ар бир баланын ата-энесинин (алардын алмаштырган адамдардын) ортосунда келишимди түзөт;
- МБУнун, МАБУнун тарбиялануучуларынын контингентин түзөт;
- билим берүү программаларын турмушка ашыруу үчүн шарттарды түзөт;
- балдардын курагына, ден соолук абалына, жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык Уставда белгиленген тартипте аларды кабыл алат жана топторду балдар менен комплекттейт;
- мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча тарбиялануучулардын үй-бүлөлөрү, коомдук уюмдар, башка билим берүү мекемелери менен өз ара байланышты ишке ашырат;
- уюштуруучуга жана коомчулукка МБУнун, МАБУнун иши жөнүндө отчет берет.
25. Мектепке чейинки билим берүү уюмун коомдук башкаруу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмунда иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен көзөмөлдүк кылуучу кеңеш жөнүндө жобо менен жөнгө салынуучу көзөмөлдүк кылуучу кеңеш же коомдук бирикме түзүлүшү мүмкүн.
26. МБУ, МАБУ төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат, алар:
- балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузгандык;
- Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарбагандык;
- ченемдик укуктук актыларда аныкталган функцияларды аткарбагандык;
- билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатын жана көлөмүн камсыз кылбагандык;
- тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда колдонулган формалардын, ыкмалардын жана каражаттардын балдардын курактык, психикалык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ынтасына, жөндөмүнө, таламдарына жана муктаждыктарына шайкеш келбегендиги;
- балдар МБУда, МАБУда жүргөн учурда алардын жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугу.
27. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу;
- мектепке чейинки билимди алууга балдардын муктаждыктарын канааттандыруу;
- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды аткаруу;
- балдарда гигиеналык адаттарды жана сергек жашоо адатынын, негиздерин, коопсуз жүрүш-туруш ыкмаларын калыптандыруу;
- балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
- балдарды багып кароо;
- балдарды алардын курагына жана тамак-аш азыктарын керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамак менен камсыз кылуу;
- ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышта болуу;
- мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди ата-энелердин арасында жайылтуу;
- Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдардын топторун комплекттөө;
- финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо.
28. Мектепке чейинки билим берүү ишин жана натыйжаларын мониторингдөө жана контролдоо тартиби Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат.
29. Мамлекеттик жана муниципалдык МБУларды, МАБУларды каржылоо мамлекеттик (анын ичинде ведомстволук) жана жергиликтүү финансылоо ченемдеринин негизинде жүргүзүлөт.
30. МБУ, МАБУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган акы төлөнүүчү кошумча билим берүү (стандарттан жогору) жана ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
31. МБУга, МАБУга бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу бюджеттен каржылоонун абсолюттук өлчөмдөрүн азайтууга алып келбейт.
32. МБУлар ийримдерди, клубдарды, спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга каражаттарды бөлүүгө укуктуу.
33. МБУнун, МАБУнун мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ________________ уюштуруучу (уюштуруучулар) берген каражаттар;
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттар, ________________, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана МБУнун, МАБУнун Уставында белгиленген тартипте акы алуудан келип түшкөн каражаттар, __________________;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берген каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар.
34. МБУ, МАБУ өзүнө бекитип берилген менчиктин сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жооп берет.
35. Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүргүзүлөт. Уюштуруучу балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча аларды башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
36. Жоюлган учурда, милдеттенмелерди жабуу боюнча төлөмдөрдү алып салганда, билим берүү уюмдарынын акча каражаттары жана башка мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү уюмунун Уставына ылайык колдонулат.
37. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары менчиктештирилүүгө, сатылууга жана профили өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
38. Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.