Сравнение редакций…
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №139 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти (мындан ары - Департамент) тышкы миграция чөйрөсүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын, мигранттардын башка категорияларынын жана этностук кыргыздардын (кайрылмандар) чет өлкөлөрдө жана чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек иштерин жүргүзүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана башка мөөр, штамптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында эсеби бар.
Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: - "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти";
- расмий тилде: - "Департамент внешней миграции при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики".
Департаменттин юридикалык дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 114.
4. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) башка бөлүмдөрү, аткаруу бийлиги органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле уюштуруучу-укуктук формаларына карабастан башка уюмдар менен өз ара тыгыз байланышта жүргүзөт.
2. Департаменттин негизги милдеттери
5. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө катышуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын тышкы эмгек миграциясына жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын эмгек жана ишкердик иштерин ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттар-жарандарынын укуктарын коргоо маселелеринде көмөк көрсөтүү;
- тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздардын (кайрылмандардын) интеграциясы үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жумуш менен камсыздоо максатында миграция тармагындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүү.
3. Департаменттин функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Департамент төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
- тышкы миграция тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыты жана артыкчылыгы боюнча, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдарынын катышуусу менен тышкы эмгек миграциясынын сунуштарын иштеп чыгарат;
- тышкы миграция, анын ичинен тышкы эмгек миграциясы маселелеринде кызыкдар министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта иштейт.
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук акт долбоорун иштеп чыгат жана аларды Министрликтердин кароосуна киргизет;
- тышкы миграция тармагындагы социалдык, саясий процесстерди, анын ичинде тышкы эмгек миграциясын жана алардын республикадагы социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалдын абалына жана өнүгүшүнө таасир этишин талдайт жана божомолдойт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча (Министрлик менен макулдашуу боюнча) чет мамлекеттердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана алар менен бирге аракеттешүүнү уюштурат, ошондой эле эл аралык келишимдерди түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтөт;
- аймактык органдардын финансылык тартипти, материалдык жана акча каражатын максаттуу багыты боюнча пайдаланышын текшерет;
- Департаменттин финансылык ишин пландоону жана талдоону уюштурат;
-тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы маселелери боюнча маалымат банкын түзөт;
- тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- тышкы миграция, анын ичинен тышкы эмгек миграция чөйрөсүндө бюллетень, ченемдик укуктук актылардын жыйнактарын, методикалык рекомендациялардын жана башка басып чыгаруучу материалдардын долбоорун иштеп чыгат;
- жеке жана юридикалык жактардын тышкы миграция, анын ичинен тышкы эмгек миграция маселеси боюнча даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте карайт;
- тышкы миграция, анын ичинен тышкы эмгек миграция маселеси боюнча изилдөө жүргүзүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасында чет элдик жумушчу күчүн тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларынын сакталышын контролдоо боюнча ишти уюштурат;
- иммиграциялык квотаны, эмгек иммиграциясына квотаны жана кайрылмандарга квотаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын эмгек жана ишкердик ишине жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орношууга укук берүүгө уруксаттарды берүүнү камсыздайт;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, иммигрант статусун берүү өтүнүчүн карайт жана тиешелүү чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары, башка мамлекеттердин тиешелүү органдары менен биргеликте өз ыктыяры менен көчүүнү уюштуруу жөнүндө өтүнүчтөрдү, көчкүндөрдүн укуктарын коргоону жана аларга ыктыярдуу көчкүн статусун берүүнү карайт;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тышкы миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелерин чечүүдө координациялоосун ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык эмгек рыногу боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө мониторингди жана миграциялык жагдайга баа берүүнү ишке ашырат;
- мыйзамсыз миграцияны алдын алуу жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга катышат;
- Кыргыз Республикасына чет элдик жумушчу күчтөрдү тартуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иштерди уюштурат;
- адистер жана региондорго карата чет элдик жумушчу күчтөрдү тартуунун максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
4. Департаменттин укуктары
7. Департамент өз компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө укуктуу:
- кызыктар болгон министрликтер, административдик ведомстволор, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык, жеке жактар менен биргеликте ведомстволор аралык комиссия, эксперттик кеңеш, жумушчу топторду түзүүгө;
- эл аралык кызматташууну Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырууга;
- белгиленген тартипте тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграция тармагындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырууда эл аралык уюмдардын финансылык каражаттарын жана донор өлкөлөрдүн гранттарын топтоо үчүн казына системасында атайын эсеп ачууга;
- Департаменттин жана Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды (окуу, семинарлар, стажировка ж.б.) уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматты акысыз негизде алууга;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды Министрликтин макулдугу менен чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин макулдугу боюнча акысыз жана акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуучулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык Министрликтин макулдугу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүнү сатып алууга;
- Министрликтин макулдугу менен тышкы миграция, анын ичинен тышкы эмгек миграциясы маселеси боюнча жыйын, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө, жарнамалык-басма ишин жүргүзүүгө.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
8. Департаменттин ишине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри (мындан ары - министр) жалпы жетекчилик жүргүзөт.
9. Департамент борбордук аппараттан жана аймактык органдардан турат.
Аймактык органдар жөнүндө жобону министр бекитет.
Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп саналышат, аларды кызматка дайындоону жана кызматтан бошотууну мамлекеттик кызмат жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык министр ишке ашырат.
10. Департаментти директор башкарат. Ал министрдин сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
11. Директор:
- Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт.
- тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө эл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча министрликке сунуш киргизет;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү менен аймактык органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт;
- Департаменттин жана аймактык органдардын түзүмүн, штаттык санын жана чыгашалар сметасын министрдин бекитүүсүнө киргизет;
- Департаменттин жана аймактык органдардын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сыйлоо жана тартиптик чара колдонуу маселелери боюнча министрге белгиленген тартипте сунуш киргизет;
- Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте башкарат жана бөлүштүрөт;
- аймактык органдардын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын токтотот жана жокко чыгарат;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
12. Аймактык органдын жетекчилери аткарган ыйгарым укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат.
13. Департаменттин чечимдери буйрук түрүндө чыгарылат.
6. Департаменттин ишин каржылоо
14. Департаментти кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын эсебинен жана Департаменттин иш чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча эл аралык уюмдардын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Корутунду жоболор
15. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
16. Департамент жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.