Загрузка документа…
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мамлекеттик ветеринарияны башкаруу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин буйруктарын жана тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин өзүнүн аймактык органдары жана түзүмдүк бөлүктөрү аркылуу аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелери жана башка уюмдары менен өз ара байланышта жүргүзөт.
4. Мамлекеттик ветеринария департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин укуктук мураскери болуп эсептелет.
5. Департамент юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсептери болот.
6. Департаменттин расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти";
расмий тилде: "Департамент государственной ветеринарии Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".
7. Департаменттин жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Буденный көчөсү, 247.
2. Департаменттин максаты
8. Кыргыз Республикасынын аймагынын эпизоотиялык коопсуздугун камсыз кылуу Департаменттин максаты болуп эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын чыгышын жана таралышын алдын алуу боюнча диагностикалык, профилактикалык, ветеринардык-санитардык чараларды, ошондой эле аларды жоюу боюнча чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасында ветеринардык ишке жетекчилик кылуу жана аны өркүндөтүү;
- саламаттык сактоо органдары менен бирдикте жаныбарлар жана адамдар үчүн жалпы оорулардан калктын ден соолугун сактоону уюштуруу;
- жаныбарлардан алынчу азыктарды чыгарууда жана базарларда сатууда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;
- жаныбарлардын ылаңдарынын пайда болуусунун, өнүгүүсүнүн жана жайылуусунун себептерин жана мыйзамченемдүүлүгүн изилдөө, алардын пайда болушунун мүмкүндүгүн болжолдоо (тобокелдикти баалоо), аларды профилактикалоо жана жоюу программаларын, пландарын жана системаларын иштеп чыгууга катышуу.
4. Департаменттин функциясы
10. Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) Саясат функциясы:
- ветеринария жаатындагы нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууга;
- жаныбарлардын өтө коркунучтуу жугуштуу илдеттеринин пайда болушун болтурбоо жана жоюу боюнча мамлекеттик максаттык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын илдеттерин, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон илдеттерди статистикалык жана каттоо маалыматтарынын, жаныбарлардын жугуштуу илдеттеринин пайда болушунун жана жайылышынын мүмкүн болгон илимий жактан негиздүү болжолдорунун негизинде болтурбоо жана жоюу боюнча эпизоотияга каршы иш-чарлардын планын түзүү, бекитүү жана ишке ашыруу;
- ойлоп табууларды жана рационалдык сунуштарды, ошондой эле жаныбарларды болтурбоонун, диагностикалоонун жана дарылоонун жаңы технологиялык ыкмаларын жана каражаттарын ветеринариялык практикага киргизүү үчүн карап чыгуу жана кабыл алуу;
- ветеринария боюнча илимий-изилдөө иштеринин приоритеттик багыттарын аныктоо, ветеринариялык адистерди даярдоо боюнча программаларды иштеп чыгууга катышуу;
- Департаменттин ыйгарым укуктарынын чегинде ветеринария маселелери боюнча эл аралык уюмдарда мамлекеттик кызыкчылыктарды билдирүү.
2) Жөнгө салуу функциясы:
- ветеринария маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- ветеринариялык кызматтын эсепке алуу жана отчет берүүнүн статистикалык формаларын иштеп чыгуу, аны башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, заманбап техникалык каражаттарды, ветеринариялык отчетту компьютерде иштеп чыгууну колдонуунун негизинде бирдиктүү маалыматтык тармакты түзүү боюнча чараларды көрүү;
- өтө коркунучтуу инфекцияларга каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон биопрепараттардын, дезинфекциялык жана башка каражаттардын резервдерин түзүү;
- ветеринариялык кызмат көрсөтүү (ветеринариялык практика) боюнча жеке ишкердикти жүргүзүү үчүн лицензия берүү.
3) Координациялоо, контролдоо жана мониторинг:
- жаныбарлардын илдеттеринин пайда болушуна, өнүгүүсүнө жана жайылуусуна мониторинг жүргүзүү, алардын себептерин жана мыйзамченемдүүлүгүн изилдөө, жаныбарлардын жугуштуу илдеттерин жоюу боюнча иш-чарларды жүргүзүү, алардын пайда болушунун мүмкүндүгүн болжолдоо (тобокелдикти баалоо), аларды болтурбоо программаларын, пландарын жана системаларын иштеп чыгуу;
- адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон илдеттерди болтурбоо боюнча иш-чараларды республиканын саламаттык сактоо органдары менен бирдикте иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- клиникалык, диагностикалык, дарылоо-профилактикалык, ветеринариялык-санитариялык, эпизоотияга каршы пландуу, санитариялык-гигиеналык иш-чарларды, анын ичинде иммундаштырууну, дезинфекциялоону, дезинсекциялоону, дератизациялоону, дегельминтизациялоону жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдын шарттарында жаныбарларды коргоо боюнча иш-чарларды жүргүзүү;
- жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык илдеттеринин, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон илдеттеринин пайда болушун болтурбоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- жеке ветеринариялык кызматтын потенциалын күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- тиешелүү ишти жана эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча жеке ветеринариялык кызмат менен эриш-аркак иштөө;
- рыноктордо өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды изилдөө тартиптерин (методдорун, методикаларын, эрежелерин) саламаттык сактоо органдары менен макулдашуу жана макулдашылган тартипке ылайык тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу.
4) Кызмат көрсөтүү функциясы:
- ойлоп табууларды жана рационатордук сунуштарды, ошондой эле жаныбарларды диагностикалоонун, дарылоонун жана профилактикалоонун алдыңкы технологиялык ыкмаларды жана жаңы каражаттарды ветеринариялык практикага киргизүү үчүн карап чыгуу, сынап көрүү жана кабыл алуу;
- ветеринариялык арналыштагы вакциналарды жана башка биопрепараттарды даярдоо үчүн туруктуу өзгөчөлүктөрү бар микроорганизмдердин штаммдарын депонирлөөгө белгиленген тартипте уруксатты карап чыгуу жана берүү;
- илимий жана өндүрүштүк уюмдарда микроорганизмдердин штаммдарын сактоону жана колдонууну уюштуруу;
- этке, сүткө, сүт азыктарына, балыктарга, колбаса азыктарына жана жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынган башка азыктарга ветеринариялык-санитариялык экспертизалоо;
- асыл тукум жаныбарларды, канаттууларды, балыктарды, аарыларды сатуу жана аларды ташуу менен байланышкан ветеринариялык иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ветеринариялык коштоочу документтерди тариздөө жана берүү;
- эпизоотиялык жагдай жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушун болтурбоо, жоюу, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон ылаңдардан калкты коргоо боюнча ветеринариялык органдар көрүүчү чаралар жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка маалымат берүү;
- жаныбарлардын бардык түрдөгү илдеттерин диагностикалоо, дарылоо, болтурбоо маселелери жана жаныбарларды багуу маселелери боюнча консультацияларды берүү.
5) Колдоо функциясы:
- жаныбарларды илдеттерден коргоонун биологиялык препараттарына болгон муктаждыкты, зарыл болгон жабдууларды, дарылоочу, дезинфекциялоочу жана башка каражаттарды аныктоо;
- эпизоотияларды жоюу боюнча экспедицияларды зарыл болгон учурларды уюштуруу;
- жаныбарлардын өтө коркунучтуу жугуштуу жана карантиндик илдеттеринин тизмесин, илдеттердин пайда болушун болтурбоо жана жоюу боюнча, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аткарылуучу иш-чараларды аныктоо;
- бюджеттик ассигнованиенин эсебинен сатып алынуучу материалдык-техникалык ресурстарды ветеринариялык органдар үчүн бөлүштүрүү;
- менчигинин формасына карабастан, ветеринариялык кадрларды кесиптик даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти башкы директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана ээлеген кызматтан бошотот.
12. Департаментте башкы директордун орун басары болот, аны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин буйругу менен кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат.
Департаменттин башкы директорунун орун басары башкы директор жок болгон учурда Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт.
13. Департаменттин башкы директору өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- төмөнкүлөрдү кызматка дайындоого жана ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу:
республикалык ветеринариялык диагностикалоо борборунун директору;
мамлекеттик ветеринариянын райондук, шаардык, Бишкек жана Ош шаардык башкармалыктарынын, тез чара көрүүнүн региондук (облустук) башкармалыктарынын начальниктерин;
- Департаменттин ишин уюштурат жана жетектейт, Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматтардын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана Департаменттин түзүмүнө кирген мекемелер жана ишканалар жөнүндө жоболорду бекитет;
- Департаменттин ведомстволук бардык мекемелери жана уюмдары, ветеринариялык ведомстволук кызматтары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды, тескемелерди жана көрсөтмөлөрдү өзүнүн компетенциясынын чегинде чыгарат;
- Департаменттин жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин бекитүүгө белгиленген тартипте киргизет;
- эгерде документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда ветеринариялык ведомстволук мекемелеринин жетекчилеринин буйруктарын жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин аппаратынын кызматкерлерин кызматка алат жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо же жаза чараларын колдонот;
- Департаменттин ишин уюштурууну, стилин жана методдорун жакшыртуу, аткаруу тартибинин, кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт, иш кагаздарын регламентке жана колдонуудагы нускамаларга ылайык жүргүзүүнү, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылат;
- мамлекеттик жана коомдук мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, сот жана арбитраж органдарында Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча өкүл катары чыгат;
- жаныбарлардын ылаңдарын болтурбоо жана каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө бөлүнүүчү каражаттарды жана борбордоштурулган капиталдык салымдарды белгиленген тартипте бөлүштүрөт, мамлекеттик ветеринария органдарын күтүүгө бөлүнгөн ассигнованиенин чегинде чыгымдардын сметасын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлерин сыйлоонун тартибин аныктайт.
6. Мамлекеттик ветеринария департаментинин мүлкү жана каржылоо
14. Департаменттин ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ветеринариялык кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн атайын каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
7. Ветеринариялык кеңеш
16. Ветеринариялык ишти өнүктүрүүнүн абдан актуалдуу жана проблемалуу маселелерин квалификациялык чечүүнү камсыз кылуу үчүн Департаментте Ветеринариялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлөт. Ветеринариялык кеңештин сандык жана жеке курамы Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри менен макулдашуу боюнча Департаменттин башкы директору тарабынан бекитилет.
17. Ветеринариялык кеңешти Департаменттин башкы директору, ал эми ал жок болгон учурда Департаменттин башкы директорунун орун басары жетектейт.
18. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- ветеринариялык ишти уюштуруунун проблемалык маселелерин жана ветеринария жаатындагы нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо;
- мамлекеттик ветеринарияны өнүктүрүүнүн перспективдүү жана учурдагы пландарынын, Кыргыз Республикасында ветеринариялык уюмдардын түзүмүн жана номенклатурасын жана аларды жабдуунун нормативдерин өркүндөтүү долбоорлорун карап чыгуу;
- Департаменттин, ошондой эле анын курамына кирген мекемелердин иши жөнүндө отчетторду, баяндамаларды жана башка маалыматтарды угуу;
- республикада өндүрүлгөн жана алып келинген биопрепараттардын сапатын контролдоо маселелерин карап чыгуу;
- жаныбарлардын ылаңдарын болтурбоо жана жаныбарлардан алынган азыктарга карата ветеринариялык-санитариялык коопсуздук боюнча ветеринариялык-санитариялык талаптардын жаныбарлардын ээлери, юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жарандар тарабынан аткарылышы жөнүндө маселелерди кароо;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ветеринариялык кызматты өркүндөтүү маселелери боюнча эксперттик баалоолорду даярдоо үчүн мамлекеттик органдардын илимий-изилдөө жана окуу мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди, адистерди жана окумуштууларды тартуу менен жумушчу топторду, комиссияларды түзүү;
- ветеринария жаатындагы илимий-изилдөө иштеринин, ветеринариялык адистерди даярдоонун жана кайра даярдоонун пландарын карап чыгуу;
- ветеринариялык эсепке алууну жана отчеттуулукту өркүндөтүү;
- күн тартибин Кеңештин төрагасы аныктайт.
19. Кеңештин иши Кеңеш бекиткен план боюнча жүргүзүлөт.
Кеңештин жыйыны жылына кеминде эки жолу өткөрүлөт. Кеңештин чечимдери протокол менен таризделет жана Департаменттин башкы директорунун буйруктары менен ишке ашырылат.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Департаменттин иши токтотулган учурда Департаменттин документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌─.───.───.──┐ ┌─────────────────┐ ┌─.───.───.──┐
.Ветеринария-. │ Мамлекеттик │ .Ветеринария-.
│ лык палата ├─.───.──┤ ветеринария ├─.───.──┤ лык кеңеш │
. . ┌──┤ департаменти ├─┐ . .
└─.───.───.──┘ │ └────────┬────────┘ │ └─.───.───.──┘
│ │ │
┌───────────────┐ │ ┌───────┴──────┐ │ ┌──────────────────┐
│ Шаардык ├──┤ │Региондук тез │ │ │ Республикалык │
│ мамлекеттик │ │ │ чара көрүү │ └───┤ ветеринариялык │
│ветеринариялык ├─.┼─.─┤башкармалыкта-├─.───.─┤ диагностикалоо │
│башкармалыктар │ │ │ ры │ │ борбору │
└───────────────┘ │ └───────┬──────┘ └─────────┬────────┘
│ . │
│ │ ┌────────┴───────┐
│ . │ Зоналык │
│ │ │ ветеринариялык │
│ . │ диагностикалоо │
│ │ │ борбору │
│ . └────────┬───────┘
│ │ │
┌───────────────┐ │ . │
│ Райондук │ │ │ ┌────────┴───────┐
│ мамлекеттик ├──┘ . │ Райондор аралык│
│ветеринариялык ├─.─.──.──.──.─┴─.──.──.──.──.─┤ жана райондук │
│башкармалыктар │ │ ветеринариялык │
└───────────────┘ │ диагностикалоо │
│ борбору │
└────────────────┘