Загрузка документа…
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу маселелери боюнча өзүнүн ишин Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле башка министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жайыт пайдалануучулар бирикмелери жана жайыт комитеттери, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар жана башка мекемелер, уюмдар жана жарандар менен тыгыз өз ара байланышта жүргүзөт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаментти каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгы системасында атайын эсептери болот.
5. Департаменттин иштешин камсыз кылуучу жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүчү адамдарды кошпогондо Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелишет.
6. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаменти";
- расмий тилде: "Департамент пастбищ Министерство сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".
7. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720055, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 315.
2. Департаменттин максаттары
8. Департаменттин максаты болуп, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун чечүү үчүн жайыт экосистемасын жана анын инфраструктурасын сактоо жана өркүндөтүү эсептелет.
3. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик менчиктеги жайыттарды пайдалануу жана жакшыртуу;
- жайыттарды жана жайыт чарбаларын пайдаланууну уюштуруу жана анын абалына мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү жамааттарды активдүү тартууга негизделген жайыттарды туруктуу башкарууну жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу.
4. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана жайыт чарбасы чөйрөсүндө ченемдик укуктук жөнгө салууга катышат;
- Департаменттин компетенциясына кирген ченемдик укуктук актыларды жана программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;
- "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- жайыттардын абалына системалуу талдоо жүргүзөт жана анын негизинде аларды өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын аныктайт;
- эл аралык практикада кабыл алынган жол-жоболордун жана эрежелердин алкагында, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду даярдайт жана ишке ашырат;
- жайыт ресурстарын бөлүштүрүү, башкаруу жана пайдаланууга карата ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- инвестициялык долбоорлорго тартылган жайыт комитеттеринин жана башка чарбакер субъекттердин бөлүнгөн каражаттарды, Дүйнөлүк банктын гранттарын жана башка түшүүлөрдү туура пайдалангандыгына контролдоо жүргүзөт;
- Кыргыз мал чарбачылык жана жайыттар илим изилдөө институту менен бирдикте жайыттарды башкаруунун туруктуу системаларын өнүктүрүү, кунары кетип бараткан жайыттарды калыбына келтирүү ыкмаларын иштеп чыгуу, эл аралык тажрыйбанын негизинде жайыттарга мониторинг жүргүзүүдөгү тиешелүү методдорду аныктоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2) координациялоо, контролдоо жана мониторингдөө функциялары:
- жайыттарды реабилитациялоо жана жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу программаларын координациялайт жана ишке ашырат;
- жайыттарды натыйжалуу башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу жана жакшыртуу маселелеринде өкмөттүк эмес уюмдар, илимий мекемелер менен кызматташтыкты ишке ашырат;
- жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга карата контролдоону уюштуруу жана чараларды көрүү маселелери боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракетте иштейт;
- жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана чет өлкөлөр менен эл аралык кызматташууну ишке ашырат;
- жайыттарды жайыт пайдалануучулар бирикмелери тарабынан пайдаланылышына контролдоо жүргүзөт;
- жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жайыттарды башкаруу боюнча пландарын жана жайыттарды пайдалануу пландарын жамааттардын колдонуусуна мониторинг жүргүзөт.
3) колдоо функциялары:
- жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу жөнүндө коомдук маалымдуулукту жогорулатуу боюнча чараларды көрөт;
- жайыттарды башкаруунун укуктук негиздери жөнүндө маалыматты жайылтат;
- жайыттарды жамааттык башкаруу боюнча укуктук негиздерге окутууну уюштурат жана өткөрөт;
- жайыттарды пайдаланууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитеттерине техникалык жана башка жардамдарды көрсөтөт;
- жайыттарды пайдалануу менен байланышкан эки тараптуу, көп тараптуу мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди ишке ашырууну камсыздоого катышат;
- жайыттарды жана алардын инфраструктурасын реабилитациялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды ишке ашырат;
- жайыт проблемалары боюнча жергиликтүү жамааттарга консультациялык жардам көрсөтөт.
5. Департаменттин укуктары
11. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин башка бөлүмдөрүнүн жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерин, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун, республиканын илимий изилдөө жана башка мекемелеринин жана уюмдарынын өкүлдөрүн жайыттарды жана алардын ресурстарын пайдаланууга тийиштүү маселелерди иштеп чыгууга жана кароого тартууга;
- Департаменттин милдеттерине тийиштүү айрым маселелерди жана проблемаларды иштеп чыгууга жана кароого эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
- Департаменттин компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча зарыл маалыматтарды министрликтерден жана ведомстволордон, Кыргыз Республикасынын бирикмелеринен, ишканаларынан жана уюмдарынан, ошондой эле чет мамлекеттердин тийиштүү министрликтеринен жана ведомстволорунан, донор өлкөлөрдөн жана эл аралык финансы уюмдарынан белгиленген тартипте сурап алууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
- Кыргыз Республикасынын жайыт чарбасын өнүктүрүү стратегиясын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
- Департаменттин милдеттерине каршы келбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка иштерди жүргүзүүгө.
6. Жайыт департаментинин ишин уюштуруу
12. Департаментти Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
Департаментте директордун орун басарынын кызматы каралган, ал мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин директору:
- Кыргыз Республикасынын менчигиндеги жайыт жерлерди пайдалануу маселелерин жөнгө салуу боюнча иштерди уюштурат жана координациялайт;
- Департаменттин ишин жетектейт, Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген тартипке ылайык Департаменттин мүлкүн башкарат;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- мамлекеттик бийлик органдарында, Кыргыз Республикасынын сот органдарында жана башка уюмдарда Департаменттин атынан чыгат;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жараша штаттык расписаниеге ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жазаларды колдонот.
14. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык саны, кирешелеринин жана чыгымдарынын сметасы Департаменттин директорунун сунушу боюнча Министрлик тарабынан бекитилет.
15. Департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин Департаменттин директору аныктайт жана бекитет.
7. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
16. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ишке ашырат.
17. Департаменттин иши жөнүндөгү документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌────────────────────┐
│ Борбордук аппараты │
└─────────┬──────────┘
│
┌────────────────────┐
│Региондук түзүмдөрү │
└────────────────────┘