Загрузка документа…
| 7-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ведомстволук бөлүгү жана балык чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат, ал Департаментке берилген, Кыргыз Республикасынын табигый жана жасалма көлмө-сууларынын жана суу сактагычтарынын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын табигый жана жасалма көлмө-сууларында балык чарбасын өнүктүрүү жана жүргүзүү, балыктын запастарынын абалын жана санын изилдөө, мониторингдөө, балыктын запасын көбөйтүү жана ведомстволук коргоого алуу, Кыргыз Республикасынын балык чарбалык жана башка табигый, жасалма көлмөлөрүндө балык кармоону уюштуруу тармагында бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштердин аткарылышын камсыздайт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
4. Департаменттин өз иштерин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана башка жактар менен биргелешип иштешүү менен жүргүзөт.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент рыбного хозяйства Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".
Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 А.
2. Департаменттин максаты
6. Департаменттин максаты Кыргыз Республикасында балык запастарын сактоо жана көбөйтүү, балык уулоону жана аквакультураны өнүктүрүү болуп саналат.
3. Департаменттин милдеттери
7. Департамент төмөнкү маселелерди чечет:
- көлмөлөрдүн балыктуулугун арттыруу, товардык жана башка балык продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү;
- өндүрүлчү жана сатылчу балык азыктарынын сапатын жакшыртуу жана ассортиментин көбөйтүү;
- илимий-балык чарбалык жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү, балык запастардын абалына жана санына мониторинг жана талдоо жүргүзүү жана балык кармоону ведомстволук жөнгө салуу;
- балык запастарын ведомстволук корууну камсыздоо жана браконьерликке, балыкты коргоо боюнча мыйзамдарды башка бузууларга каршы иш-чараларды дайыма өткөрүү;
- балык чарбасын өнүктүрүү жана жүргүзүү тармагындагы эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу.
4. Департаменттин функциялары
8. Департамент төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) Тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, балык чарбасын жүргүзүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү стратегияларын иштеп чыгат;
- балык чарбасын комплекстүү башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, тармак боюнча талаптардын, стандарттардын, нормативдердин, нормалардын, эрежелердин, жоболордун, тартиптердин жана нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- товардык балык продукцияны жана балыктын урук материалдарын өндүрүүнүн утурумдук жана келечек пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;
- балык тармагынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу жана республиканын калкынын балык азыктарга болгон керектөөсүн канааттандыруу максатында балык чарба процессине прогрессивдүү технологияларды киргизүүнү камсыздайт;
- балык уулоонун, балык изилдөөнүн, балык өстүрүүнүн илимий негизделген режимдерин жана көлмөлөрдүн балыктуулугун арттыруу, балык кармоонун жол берилчү көлөмдөрүн аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгат;
- республикада ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун, туризмдик балык уулоонун уюштурулган формаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2) Жөнгө салуу функциялары:
- мамлекеттик маанидеги көлмө-сууларда балык чарба ишин жана балык запастарды ведомстволук коргоону башкарат;
- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча товардык балыкты өстүрүү жана балык запастарды көбөйтүү боюнча ар жылдык божомол-тапшырмаларды белгилейт, чабактарды сууларга кое берүүнүн графиктерин бекитет;
- көлмөлөрдүн сырьелук базаларына илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, илимий мекемелер жана мамлекеттик жаратылыш коргоо органдары менен биргеликте, өз компетенциясынын чегинде балык кармоонун жол берилчү өлчөмдөрүн (лимит, квота) Департаменттин пайдалануусуна берилген көлмөлөр жана балыктын түрлөрү боюнча аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде балык өнөр жайын жөнгө салат, балык уулоо режимдерин белгилейт жана балык кармоого ведомстволук документтерди берет;
- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча балык чарбаларында жана Департаментке караштуу башка көлмө-сууларда ышкыбоздук жана спорттук балыкчылыкты мыйзамда белгиленген тартипте жөнгө салат;
- балыктын урук материалын жана товардык балыкты өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын изилдейт жана киргизет, көлмө балыктарынын жогорку азыктуу жана жакшыртылган түрлөрүн алып келет;
3) Координациялоо жана мониторинг функциялары:
- мамлекеттик балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдордун, жасалма көлмөлөрдөгү, садоктордогу жана көлдөгү товардык балык чарбалардын иштерин жалпы жетектейт жана координациялайт;
- Департаменттин пайдалануусуна берилген көлмөлөрдөгү балык запастарын сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү иш-чараларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Департаменттин пайдалануусуна берилген көлмөлөрдөгү балык запастарын коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү ишке ашырат;
- укук коргоочу, жаратылышты коргоочу жана мамлекеттик аткаруучу жана муниципалдык бийликтин башка органдары менен биргеликте урук таштоого бараткан балыктарды коруу боюнча рейддерди жана бир айлыктарды, браконьерликке жана балыкты коруу мыйзамдарын башкача бузууларга каршы күрөшүү боюнча такай болуучу рейддерди уюштурат жана өткөрөт;
- балык запастарын коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү, балыктарды илимий изилдөө үчүн кармоо тармагындагы ченемдик укуктук актылар аткарылышын камсыздайт;
- балык чарба субъектилерине белгиленген балык кармоо лимиттери жана квоталары пайдаланылышын, көлмөлөрдөн кармалган балыктардын, суудагы башка жем организмдердин кармалышын жана эсепке алынышын, өнөр-жайлык балыктардын икраларын камдалышы боюнча иш-чараларды координациялайт;
- балык заводдордогу жана көлмөлөрдөгү, көлдөрдөгү жана садок балык чарбалардагы селекция-асылдандыруу ишинин жүрүшүн, анын эсептик документтери боюнча иш-чараларды координациялоону жүргүзөт;
- балык чарба ишканаларынын жана мекемелеринин балык өстүрүү технологиясын сактоосу, өндүрүштүк кубаттуулукту сарамжалдуу пайдалануусу боюнча иш-чараларга методикалык жетекчилик жана ведомстволук координациялоону ишке ашырат;
- балык чарба чөйрөсүндөгү маалыматтарды чогултат жана алмашат;
- балык кармоочу буюмдарга, сүзүүчү жана кургак жердеги транспорт каражаттарга балык уулаган жерлерде, сактоочу, иштетилчү жана сатылчу жерлерде, анын ичинде ташуу убагында кароо жүргүзөт, документтерди, балык кармоонун каражаттарын жана ыкмаларын текшерет, балык уулоонун продукциясын текшерип карайт;
- балык уулоонун эрежесин жана балык запастарды коруу жөнүндө жоболорду бузгандык фактылары боюнча актыларды, протоколдорду түзөт, аларды укук коргоочу жана сот органдарына өткөрөт;
- башка ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте, өз компетенциясынын чегинде балык чарбалык көлмөлөрдүн, алардагы балык запастарынын эсебин алат жана балык чарба фонду жөнүндө маалыматтардын изилденишин, системага салынышын жана сакталышын камсыздайт;
- балык чарбаларындагы балык өстүрүү процессинин бардык стадияларында балык продукциянын эсебин жана отчетун алууну уюштурат жана балык заводдордо, көлмөдөгү жана садоктогу балык чарбаларда эсептик документтердин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт;
- балык кармоочу жерлерде өнөр жайлык кармоолорду, кармоо куралдарын, балык кармоого, балыкты жана икраларды кабыл алууга, сактоого, иштетүүгө жана сатып өткөрүүгө уруксат берүүчү жана башка документтерди эсепке алат, кармоо эрежесин бузгандардан мыйзамсыз кармалган балык продукцияны, мыйзамсыз кармоонун куралдарын жана сүзүүчү каражаттарды өз компетенциясынын чегинде алып коет;
- балык запастарды мониторингдөө жана эсебин алуу, жаңы көлмөлөрдү жана балык кармоо объекттерин өздөштүрүү максатында атайын балык кармоону жүзөгө ашырат;
- балыктын ылаңдарын алдын алуу максатында көлмө-суулардын санитардык-эпизоотиялык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат.
4) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- көлмө-сууларды, балык кармоочу участокторду жана жасалма көлмөлөрдү пайдаланууга белгиленген тартипте берет, аларды балык изилдөө, балык уулоо, балык өстүрүү жана балык запастарды көбөйтүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитип берет, көлмө-суулардын жана алардагы балык запастардын сарамжалдуу пайдаланылышын камсыздайт;
- көлмө-сууларда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону, туризмдик балык уулоону уюштурат жана жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- юридикалык жана жеке жактарга селекциялык-асылдандыруу иштерин уюштурууга, товардык балыкты жана балыктын урук материалдарын өстүрүүгө жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт жана методикалык жардам берет.
5) Колдоо көрсөтүү функциялары:
- республикадагы балык чарбанын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо үчүн балык уулоо жана аквакультура, балык запастарды коруу, көбөйтүү жана пайдаланылышын мониторингдөө тармагына инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте берет;
- балык жана балык чарбасы жөнүндө билимдердин үгүттөлүшүн жана жайылтылышын уюштурат, балык уулоо жана аквакультура, балык ресурстарды коруу, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу, балык чарбаны туруктуу өнүктүрүү проблемалары боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды өткөрөт;
- балык чарбаларына жана балык заводдоруна товардык балыкты өндүрүүдө жана балыктын чабактарын өстүрүүнүн ар кандай стадиясында практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт, ветеринария кызматы менен бирдикте суу объекттерде жана көлмө чарбаларда эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча чараларды көрөт;
- балык продукциясына маркетингдик изилдөө жүргүзөт жана балык тармагынын товардык балыкты өндүрүүнү көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт;
- уруктандырылган икраны же балыктын чабактарынын экспорттолушун жана импорттолушун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
- балык тармагын өнүктүрүү, балык өстүрүү, аны уулоо, иштетүү боюнча жана балык тоюттарын өндүрүү боюнча жаңы технологияларды жана жабдууларды алуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт;
- чарбакер субъекттерге товардык балыкты жана балыктын урук материалын өндүрүүгө көмөктөшүү үчүн балык боюнча адистерди окутуу жана кайрадан даярдоо системасын уюштурат;
- илимий мекемелердин сунуштары менен өнөр-жайлык балык запастарын көбөйтүү, аларды жасалма жол менен өстүрүү жана климатташтыруу, балык чарбалык мелиорация, чабактарды чыгаруу жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштердин жүргүзүлүшүн уюштурат.
5. Департаменттин укуктары
9. Департамент өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- приказдарды жана методикалык көрсөтмөлөрдү чыгарууга;
- балык запастарын пайдалануу, сактоо жана өндүрүү чөйрөсүндө балык өстүрүүчүлүк-биологиялык нормативдерди иштеп чыгууга;
- балык чарбалык субъекттерден балык кармоо, товардык балыкты жана балыктын урук материалдарын өстүрүү жана сатуу боюнча маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- балык кармоо эрежелери жана балык запастарды коруу жөнүндө жоболор сакталышын ведомстволук контролдоо максатында балык чарба фондунун курамына кирген, балык запастардын абалына жана көбөйүшүнө, суулардагы корук участоктордун абалына таасир этүүчү гидротехникалык курулуштарды текшерүүгө аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары менен бирдикте катышууга;
- сот органдарында доочу жана жоопкер катары чыгууга;
- адистерди окууга, кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жиберүүгө.
10. Департаменттин кызматкерлери балык запастарды коруу боюнча кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелишет, мамлекеттин коргоосунда болушат жана айырмалоо белгилери бар форма кийим кийүүгө, кызматтык курал, сигналдык тапанча жана атайын каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып жүрүүгө укуктуу.
11. Департаменттин кызматкерлеринин балык запастарды коруу ишине эч кандай формада кийлигишүүгө болбойт жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор жетектейт.
13. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралат, кызматка Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директор жок учурда директордун милдеттерин орун басары аткарат.
14. Директор Департаментке жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык:
- Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин жалпы жетектейт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана ал өз функцияларын ишке ашырышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот, орун басар менен түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, иштин тийиштүү багытын жетектөө үчүн алардын жоопкерчилик даражаларын белгилейт;
- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну, Департаменттин кызматкерлеринин квалификациялык деңгээлин жогорулатууну мыйзамга ылайык жалпы жетектейт.
15. Департаменттин директору төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Департаменттин ишинин операциялык, кадрлык жана башка күндөлүк маселелери боюнча өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин, ведомстволук бөлүктөрдүн жана ишканалардын жетекчилерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга;
- ведомстволук бөлүктөрдү, мекемелерди жана ишканаларды уюштуруу, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдарда балык чарбасынын маселелери боюнча Департаменттин кызыкчылыгын белгиленген тартипте коргоого, сотто доочу жана жооп берүүчү катары чыгууга, ишеним каттарды берүүгө;
- Департаменттин компетенциясына берилген маселелер боюнча эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана өз ара байланышта иштешүү жөнүндө келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коюуга;
- Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерин ардак наамдар жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүүгө, сыйлык берүүгө, материалдык жардам көрсөтүүгө же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
- келишимдерди түзүүгө, макулдашууларга, ишеним каттарга, Кыргыз Республикасынын банктарында жүргүзүлчү операциялар боюнча эсептик жана финансылык документтерге кол коюуга;
- Департаменттин карамагындагы түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарууга.
16. Департаментте 5 адамдан турган техникалык кеңеш (мындан ары техникалык кеңеш) түзүлөт. Техникалык кеңештин курамына Департаменттин директору (техникалык кеңештин төрагасы), директордун орун басары жана Департаменттин башка кызматкерлери, зарыл болсо - башка мамлекеттик органдардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Техникалык кеңештин персоналдык курамын Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри бекитет. Техникалык кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок бир жылда экиден кем эмес өткөрүлөт.
17. Техникалык кеңештин жыйынында балык тармагын өнүктүрүүнүн маселелери каралат, балык чарбасы боюнча илимий-өнөр жайлык кеңештин чечимдери бекитилет, Департаменттин бөлүктөрүнүн жана кызматтарынын жетекчилеринин иштин жүрүшү жана аларга жүктөлгөн милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчеттору угулат. Техникалык кеңештин чечимдери Департаменттин директорунун буйругу менен ишке ашырылат.
7. Департаменттин ишин токтотуу
18. Департаментти өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
19. Департаменттин ишинин процессинде пайда болуучу документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌─────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба │
│жана мелиорация министрлигинин Балык │
│ чарба департаменти │
└──────────────────┬──────────────────┘
│
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Тоң балык заводу(*) ├───┼───┤ Өзгөн балык чарбасы(**) │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Токтогул балык чарбасы(**) ├───┼───┤ Талас балык чарбасы(**) │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Соң-Көл балык чарбасы(**) ├───┴───┤Базар-Коргон балык чарбасы(**)│
└──────────────────────────────┘ └──────────────────────────────┘
Эскертүү: (*) - бюджеттик мекеме;
(**) - чарбалык эсептеги уюмдар (ишкана).