Загрузка документа…
| 8-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүгү болуп саналат, ал айыл чарба өндүрүшүн техника менен техникалык жабдуу, айыл чарба өндүрүшүн энергия менен жабдуу жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон тракторлорду, трактордук прицептерди, өзү жүрүүчү жана чиркелүүчү технологиялык машиналарды жана комбайндарды, ошондой эле башка атайын технологиялык машиналарды (мындан ары - техника) пайдалануу боюнча, ошондой эле лизингдик кызмат көрсөтүү боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин приказдарын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент жана анын жер-жерлердеги органдары ишти мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак жүргүзөт.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, штампы, гербдүү жана жөнөкөй мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдеги фирмалык бланктары, Казыналыктын системасында алыш-бериш жана атайын эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүүчү каражаттары болот.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия кубаты менен камсыздоо департаменти";
- расмий тилде - "Департамент механизации и энергообеспечения сельского хозяйства Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".
6. Юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96А.
2. Департаменттин максаты
7. Департаменттин максаты болуп механизациялаштыруу, энергия менен камсыздоо жана айыл чарба өндүрүшүнө жаңы технологияларды, инновацияларды жана лизингди киргизүү саналат.
3. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- республиканын айыл чарбасын жана кайра иштетүүчү тармагын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу;
- айылдык субъекттерди айыл чарба техникасы жагынан жаңы иштеп чыгуулар, заманбап технологиялар жана айыл чарбасын энергия менен камсыздоо каражаттары жөнүндө маалымат жана консультациялар менен камсыз кылуу;
- техниканы пайдалануу жана башкаруу боюнча инженердик-техникалык жана механизатордук адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу;
- региондордо машина-технологиялык станцияларды (МТС) түзүү боюнча иштерди уюштуруу.
4. Департаменттин функциялары
9. Департаменттин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- лизингди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик лизингдик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мыйзамдык базаны, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө катышат, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн техникалык сервистерди жана машина-трактордук станцияларды түзөт;
- машина-трактордук парктын ишин, ошондой эле айыл чарбасын энергия менен камсыз кылууну иликтейт, механизациялаштырууну камсыз кылуу жана деңгээлин жогорулатуу жагынан тармакты стратегиялык өнүктүрүүнүн зарыл сунуштарын жана мамлекеттик программаларын талдайт жана даярдайт;
- айыл чарба субъекттеринин айыл чарба техникасына жана запастык бөлүктөргө муктаждыктарын аныктайт, аларды өндүрүүгө көмөктөшөт;
- стандарттардын жана эрежелердин жыйындысынын экспертизасын, ошондой эле жаңы сериялык же өзүнчө кайрадан жабдылган жана жаңыдан куралган айыл чарба машиналарын, прицептерди жана жабдууларды жасоого жана чыгарууга даярдоо учурунда сыноолорду жүргүзөт;
- машиналардын конструкцияларын, коргоочу түзүлүштөрүн, механизмдерин жана агрегаттарын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет.
2) Координациялоо жана мониторинг функциялары:
- айыл чарбасынын машина-трактордук паркынын ишине мониторинг жүргүзөт жана айыл чарба процесстерин механизациялаштырууну жакшыртуу жана деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- тракторлорду, атайын өзү жүрүүчү жана чиркелүүчү машиналарды жана трактордук прицептерди пайдалануунун жана алардын техникалык абалынын мониторингин жүргүзөт.
3) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн бирдиктүү технологиялык системасы боюнча заманбап тракторлорду, комбайндарды, кыртышты иштетүүчү жана себүүчү машиналарды берүүнү уюштуруунун негизинде республиканын машина-трактордук паркын жаңылайт;
- тракторлорду жана атайын технологиялык машиналарды башкарууга жана пайдаланууга тиешелүү окутуудан өткөн адамдардан квалификациялык экзамен алат жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берет, ошондой эле кесиптик квалификациясынын деңгээлин аныктоо максатында механизатор кадрларды аттестациялоону жана кайра аттестациялоону жүргүзөт;
- айыл чарбасын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча лизингдик кызмат көрсөтөт жана жүктөлгөн милдеттерди турмушка ашырат, жаңы технологияларды жана агрардык тармакты энергия кубаты менен камсыз кылуунун альтернативдүү, автономдуу түрлөрүн киргизет.
4) Колдоо функциялары:
- механизатордук жана инженер-техникалык кадрларды даярдоону камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу боюнча ишти уюштурат;
- механизациялаштыруунун көйгөйлүү маселелерин чечүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык түзүмдөрдүн жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн зарыл уюштуруу иш-чараларын жана каражаттарын мобилизациялайт жана баш коштурат;
- машиналар менен жабдууларды техникалык пайдаланууну уюштурууда, оңдоодо, сактоодо жана техникалык жактан тейлөөдө, запастык бөлүктөрдү жана алдыңкы технологияларды даярдоодо инновацияларды жайылтууга көмөктөшөт.
5. Департаменттин укуктары
10. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- лизингдик шарттарда техниканы, машиналарды жана жабдууларды республикага берүү жөнүндө КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн юридикалык жактары, техниканы өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана келишимдерди түзүүгө;
- эксперттик комиссиялардын курамында окутуу мекемелеринин нормалдуу билим берүү процесси менен камсыз кылуучу технологиялык жабдуу, адабият, усулдук окуу куралдары, техника менен жабдылышы боюнча аларды текшерүүгө катышууга;
- комиссиялардын курамында машиналарды жана жабдууларды пайдаланууга жана алардын техникалык абалына талаптарды камтыган техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууга;
- жаңы, кайра жабдылган же өз алдынча жасалган машиналарды жана жабдууларды кабыл алуу жана сыноо боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууга;
- айыл чарба техникасын туура пайдалануу, жөнгө салуу жана оңдоо, аны иштин оптималдуу режимдерине ылайыкташтыруу боюнча маалыматтарды, илимий-усулдук сунуштарды жана башка материалдарды чыгарууга;
- жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аркылуу илимдин жана техниканын, техникалык процесстин жетишкендиктерин, пайдалануу эрежелерин бузгандык, жол-транспорттук кырсыктар жөнүндө материалдарды жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башка маселелерди чагылдырууга;
- Департаменттин ишине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте Министрликтин кароосуна киргизүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментке директор башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат.
12. Департаментте директордун орун басарынын кызмат орду каралат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри тарабынан кызматка дайындалат.
13. Департаменттин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Департаменттин директору тарабынан кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат.
14. Департаменттин директору жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- жалгыз башкаруу принциптеринде Департаментке, анын ичинде түзүмдүк бөлүктөрүнө жетекчилик кылат;
- борбордук аппараттын ишин координациялайт жана түзүмдүк органдардын ишин контролдойт;
- орун басардын, түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлеринин жана Департаменттин башка кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин белгилейт, бөлүштүрөт жана бекитет;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жооп берет.
15. Департаменттин директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген компетенциянын алкагында приказдарды, буйруктарды чыгарууга, көрсөтмөлөрдү берүүгө жана алардын аткарылышын текшерүүгө;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүктөрүнүн чечимдерин контролдоого жана аларда ченемдик укуктук актыларды, нускамаларды жана иштин эрежелери бузулганы аныкталса аларды жокко чыгарууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык уюмдарда жана мекемелерде Департаменттин атынан иш жүргүзүүгө;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын, ошондой эле аппаратын күтүүгө чыгымдардын сметасын иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин бекитүүсүнө киргизүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте Департаменттин финансылык, жүгүртүүдөгү жана негизги каражаттарын тескөөгө;
- ага бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде ведомстволук уюмдарды белгиленген тартипте түзүүгө, өзгөртүп түзүүгө жана жоюуга жана алар жөнүндө жоболорду бекитүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Министрликтин Жобосуна жана ушул Жобого ылайык Департаменттин ишине жетекчилик кылуу боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
7. Департаментти каржылоо
16. Департаментти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилчү каражаттар жана атайын каражаттар;
- кредиттер, гранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар.
17. Департамент инвестицияларды, гранттарды жана башка каражаттарды тартуу үчүн Лизингдик ресурстар фондун түзүүгө укуктуу.
18. Түшкөн атайын каражаттар Департаменттин бекитилген сметаларынын негизинде тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн, автомототранспортту жана негизги каражаттарды, оргтехниканы, контролдук-өлчөө приборлорун жана жабдууларды, ченемдик-техникалык документтерди сатып алууга эсептик карточкаларды борбордоштуруп даярдоого, салыктарды төлөөгө жана Департаменттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишинин чыгымдарын каржылоого жумшалат.
8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
19. Департаментти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Департаменттин иши жөнүндө документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаментинин башкаруу СХЕМАСЫ
┌──────────────────────────────────┐
│ КР АЧММ Айыл чарбасын │
│ механизациялаштыруу жана энергия │
│ менен камсыздоо департаментинин │
│ борбордук аппараты │
└────────────────┬─────────────────┘
│
v
┌──────────────────────────────────┐
│ Региондук түзүмдүк бөлүктөр │
└──────────────────────────────────┘