Загрузка документа…
| 9-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясы (мындан ары - Инспекция) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) үрөндүн жана айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапатына мамлекеттик контролдоо ишин жүргүзүүгө, айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн сорттук жана себүү сапатын ырастоо документтерин берүүгө ыйгарым укугу бар ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Инспекция үрөн инспекциясы мамлекеттик кызматынын өз алдынча жана бирдиктүү тармагын башкаруучу жана координациялоочу орган болуп эсептелет.
3. Инспекция өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобого, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
4. Инспекция юридикалык жак болуп эсептелет, банк мекемелеринде эсептик жана башка эсептерге, өз алдынча баланска, кыргыз, орус жана англис тилдеринде белгиленген үлгүдөгү өзүнүн аталышы бар гербдүү мөөргө жана расмий бланктарга ээ:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясы;
- расмий тилде: Республиканская государственная семенная инспекция Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики;
- англис тилинде: Republican State Seed Inspection of the Ministry of Agriculture and Melioration of the Kyrgys Republic.
5. Инспекциянын юридикалык дареги: почта индекси 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтоналиев көчөсү, 4а.
2. Инспекциянын максаттары
6. Инспекциянын максаты айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндүк жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапаттарына мамлекеттик контролдоо жүргүзүү болуп эсептелет, анын ичинде:
сорттук - үрөндүк себүүлөргө жана көчөттөргө талаа инспекциясын жүргүзүү, үрөн партияларын кыртыштык контролдоо;
үрөндүк - айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндүк жана көчөт материалдарынын себүү сапатын аныктоо;
- документтик - үрөн жана көчөт материалдарын өндүрүү, сактоо, сатуу процессинин бардык этаптарында технологиялык жана башка талаптарды сактоону каттоочу белгиленген үлгүдөгү документтерди жүргүзүү.
3. Инспекциянын милдеттери
7. Инспекциянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн жана көчөт материалынын сорттук жана себүү сапаттарына мамлекеттик контролдоо жүргүзүү;
- бардык чарбакер субъекттерде сорттуу себүүлөргө, көчөттөргө жана гибриддештирүү участокторуна талаа инспекциясын, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн материалдарын кыртыштык контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк жана көчөт материалдарын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда улуттук жана эл аралык (ИСТА, ОЕСД) стандарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү;
- үрөндүк жана көчөт материалдарын сорттуу жана себүү сапатына стандарттарды жана нормативдерди иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу, пландоо жана методикалык жетектөө.
4. Инспекциянын функциялары
8. Инспекциянын функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик кызматтын кадр саясатын, кадрдык курамды эсепке алууну жана талдоону, адистерди тандоону, аларды окутууну жүргүзөт;
- үрөндүк жана көчөт материалынын сапатын контролдоого карата жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү жана башка ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет жана аларды жарыялайт;
- Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциацияда (ИСТА), Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмдар (ОЕСД) Кыргыз Республикасынын атынан чыгат, илимий-техникалык жана уюштуруу проблемаларын чечүү үчүн башка өлкөлөрдүн үрөн инспекциялары менен кызматташат.
2) Жөнгө салуу функциялары:
- айыл (токой) чарбасын мамлекеттик башкаруу органы (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги) бекиткен, ошондой эле ОЕСД кабыл алган айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндүк (көчөт) материалын өндүрүү жана көбөйтүү схемаларын сактоого мамлекеттик контролдоо;
- үрөндүк себүүлөрдү жана көчөт отургузууну каттоо, ошондой эле аларды жайгаштыруу боюнча талаптарды сактоону контролдоо.
3) Координациялоо, контролдоо жана мониторингдөө функциялары:
- райондор аралык жана райондук мамлекеттик үрөн инспекцияларынын ишин методикалык жактан жетектөө жана оперативдүү контролдоо;
- үрөн жана көчөт материалдарын жыйнагандан кийин иштетүү жана сактоо эрежелерин жана талаптарын сактоону контролдоо;
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн жана көчөт материалынын сорттук жана себүү сапаттарын мамлекеттик контролдоо;
- үрөндүк (көчөт) материалын өндүрүүдө, сактоодо жана сатууда техникалык, эсепке алуучу жана башка документтерди жүргүзүүнүн тууралыгын контролдоо;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн себүү сапаттары жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте түзүү;
- оригиналдуу, супер элита, элита жана сертификацияланган (1, 2-репродукциядагы) үрөндөргө кыртыштык сорттук контролдоо жүргүзүү.
4) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапатын ырастоочу документтерди, ошондой эле ИСТАнын Эл аралык сары-кызыл сертификатын жана ОЕСДнын (Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмдун) сертификатын берүү;
- тест жүргүзүүчү үрөн жана көчөт материалдарынын сынамыгын алуу;
- үрөн жана көчөт материалдарынын себүү сапатын аныктоо боюнча лабораториялык анализ алуу;
- үрөн (көчөт) материалын инспекциялоо маселеси боюнча конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, үрөн сынамыктарын алуу укугуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин расмий сертификатын берүү менен республикалык, райондор аралык жана райондук мамлекеттик үрөн инспекцияларынын адистерин окутуу, талаа инспекциясын жүргүзүү, үрөндөрдүн себүү сапаттарын аныктоо боюнча тесттерди аткаруу;
- талаш учурларда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк жана көчөт материалынын сапатын аныктоону жүргүзүү.
5) Колдоо функциялары:
- Аккредитациялоо борбору менен үрөн инспекцияларын аккредитациялоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор менен макулдашуу боюнча айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөнүнө жана көчөт материалына улуттук стандарттарды иштеп чыгуу боюнча техникалык комитет түзөт;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн (көчөт) материалынын сорттук жана себүү сапатына ченемдер жаатында стандартташтыруу жана сертификатташтыруу, ошондой эле аларды аныктоо методдорун стандартташтыруу боюнча иштерге методикалык жетекчилик жүргүзөт.
4. Инспекциянын укуктары
9. Айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапаттарына мамлекеттик контролдоону камсыз кылуу, айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапаттарын ырастоочу документтерди берүү боюнча жүктөлгөн функцияларына ылайык Инспекция төмөнкү укуктарга ээ:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана көчөт материалдарын бардык өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан үрөн жана көчөт материалдарын даярдоочу жана сатуучу уюмдардын ишине сорттук жана үрөн контролун тоскоолдуксуз ишке ашырууга;
- үрөн себүүлөргө жана көчөт отургузууга контролду ишке ашырууга жана инспекциялоо жүргүзүүгө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарына документтерди текшерүүгө;
- үрөн жана көчөт материалынын сынамыгын алууга жана алардын себүү сапаттарын аныктоо максатында тест жүргүзүүгө;
- үрөн себүүлөр жана отургузулган материалдар жөнүндө, үрөндүк жана көчөт материалдарынын саны жана сапаты жөнүндө зарыл маалыматтарды өндүрүүчүлөрдөн, даярдоочу жана сатуучу уюмдардан суроого, белгиленген форма боюнча үрөндөрдүн жана көчөт материалдарынын кыймылы жөнүндө маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп берүүчү үрөнгө жана көчөт материалына документ берүүгө;
- схема, аларды чыгаруу технологиясы бузулган учурда жана коюлган эрежелерге туура келбегенде үрөн себүүлөрүн жана отургузулган материалдарды бракка чыгарууга;
- "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен корголуучу тизмеге киргизилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн пайдаланууга мамлекеттик контролдоо жүргүзүүгө;
- инспекциялык контролдоо иретинде үрөндөрдүн партиясынан сынамык алууга;
- тамак-аш жана тоют муктаждыктары үчүн үрөн материалын пайдалануу, же болбосо "үрөн материалы уулуу химикаттар менен иштетилгенде аны жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- сорттуу үрөндөрдү чыгаруучуларынын, сатуучуларынын, импорттоочуларынын жана экспорттоочуларынын, ошондой эле үрөндү тазалоо жана таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүчү үрөн ишканаларынын реестрин өз алдынча жүргүзүүгө;
- үрөнчүлүк тартипти бузууга бир нече жолу жол берген же сапаттын улуттук стандартынын жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча талаптардын нормаларынан четтөө менен үрөн жана көчөт материалдарын сатуучу юридикалык же жеке жактарды сорттуу үрөндөрдү чыгаруучулардын (же сатуучулардын) тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- мурун алынган натыйжа боюнча инспекциялык контролдоо иретинде алынган сынамыкты тестирлөө көрсөткүчтөрү шайкеш келбеген учурда үрөнгө жана көчөт материалдарына шайкештик сертификатын жараксыз деп таанууга;
- акы төлөмө кызматтарга, анын ичинде айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана көчөт материалдарын экспорттоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө мыйзамдарга ылайык бекитүүгө киргизүү үчүн бааларды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген баалар боюнча Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) ылайык акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүгө.
9. Инспекция төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө жана көчөт материалдарына документ берүүгө укуксуз:
а) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестрине киргизилбеген же аларга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өзгөчө уруксаты болбогон сортторго жана гибриддерге;
б) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана көчөт материалдарын чыгаруу боюнча белгиленген тартипте үрөнчүлүк чарбасынын статусун же аларды даярдоо жана сатуу укугуна уруксат албаган чарбакер субъекттерге;
в) корголуучу сорттун патент ээси же анын укук улантуучусу менен лицензиялык келишими жок корголуучу сорттордун үрөндөрүнө.
10. Инспекция белгиленген тартипте жана өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана методикалык көрсөтмөлөрдү чыгарат, үрөн жана көчөт материалдарын инспекциялоо маселеси боюнча нускамаларды, жоболорду, эрежелерди, методикаларды, башка ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет.
11. Мамлекеттик үрөн инспекциясы органдарынын компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдери, талаптары, көрсөтмөлөрү жана жазма буйруктары, ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактардын, айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана көчөт материалдарын чыгаруу, даярдоо, тазалоо, таңгактоо, сактоо, сатуу, ташуу боюнча иш жүргүзүүчү жарандардын жана кызмат адамдарынын аткарышы үчүн милдеттүү.
12. Инспекция белгиленген тартипте негизги каражаттарын өзүнүн балансынан жана ведомстволук мамлекеттик үрөн инспекцияларынын балансынан эсептен чыгара алат.
13. Айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапаттарына мамлекеттик контролдоо жүргүзүү төмөнкү кызмат адамдарына жүктөлөт:
- Инспекциянын директоруна;
- Инспекциянын директорунун орун басарына;
- райондор аралык жана райондук инспекциялардын начальниктерине.
Республикалык, райондор аралык жана райондук үрөн инспекцияларынын адистери тиешелүү аймактардын инспекторлору болуп эсептелишет.
14. Айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук жана себүү сапаттарына мамлекеттик контролдоо жүргүзүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- уюмдардын, мекемелердин, чарбакер субъекттердин жана жарандардын укуктарын коргоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнө жана көчөт материалдарына сорттук жана себүү контролун жүргүзүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө толук жоопкерчилик тартууга.
Айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын сорттук, себүү сапаттарына мамлекеттик контролдоо жүргүзүүдө өзүнүн милдеттерин жана укуктарын бузган, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же тийиштүү эмес түрдө аткарган, мамлекеттик же коммерциялык сырды жайылткан мамлекеттик үрөн инспекцияларынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
5. Инспекциянын ишин уюштуруу
15. Инспекцияны Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор жетектейт.
16. Инспекцияда директордун орун басары кызматы каралган, ал "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
17. Райондор аралык жана райондук үрөн инспекцияларынын начальниктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
18. Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын директору:
- Инспекциянын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин жетектейт, мамлекеттик үрөн инспекцияларынын бардык деңгээлдеги кызматкерлеринин компетенцияларын жана кызматтык милдеттерин белгилейт;
- Министрликтин коллегиясынын жыйындарына, министрде, статс-катчыда жана орун басарларында болгон кеңешмелерге Инспекциянын компетенциясына кирген маселелерди кароодо катышат;
- белгиленген тартипте адистерди ишке кабыл алууну жана аларды бошотууну жүргүзөт;
- Инспекциянын башкаруу түзүмүн кайра уюштуруу, өркүндөтүү, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, штаттык расписаниеси жана бюджети боюнча сунуштарды Министрликтин бекитүүсүнө киргизет;
- белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик кызматтын кадрлык саясатын, кадрлык курамды эсепке алууну жана талдоону, адистерди тандоону, аларды окутууну жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чектеринде Инспекция жана ведомстволук бөлүмдөрү боюнча буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат;
- бардык уюмдарда жана мекемелерде Инспекциянын атынан чыгуу менен ишеним катсыз аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мүлкүн каражаттарын тескейт.
19. Инспекциянын директору бекитилген эмгек акы фондунун чегинде, ошондой эле акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматкерлерди сыйлоого, талаа инспекциясынан түшкөн акча каражаттарын ушул максаттарга жумшоого, сыйлыктардын конкреттүү өлчөмдөрү талаа инспекциясынын жалпы натыйжасына жеке салымына ылайык аныкталат;
- жыл сайын атайын эсептин каражатынан техникалык жана тартылган кызматкерлердин эмгегине акы төлөөгө каражаттарды жумшоого, профсоюздук чогулуштун чечими боюнча үрөндүк контролдоо кызматынын адистерине материалдык жардам көрсөтүүгө;
- ак ниет жана сапаттуу иштегендиги, чыгармачыл жана жеке демилге көрсөткөндүгү үчүн атайын каражаттардан кызматкерлерге жеке үстөктөрдү белгилөөгө;
- иште жогорку көрсөткучтөргө жетишкен адистерди сыйлоо үчүн эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражатын пайдаланууга;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызматкерлерге төлөөлөрдү жүргүзүүгө;
- акы төлөмө кызматтардан түшкөн акча каражаттарынын бөлүгүн кызматтан тышкаркы иштерди жана транспорттук чыгымдарды компенсациялоога жумшоого;
- кызматкерлердин ден соолугун сактоону жакшыртуу максатында медициналык кароо жүргүзүүгө, кызматкерлердин маданий-тиричилик шарттарын жакшыртууга жана спорттук-ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүргүзүүгө атайын эсептен каражат бөлүүгө.
6. Каржылоо жана Инспекциянын мүлкү
20. Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын ишинин негизги каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- үрөн жана көчөт материалдарынын сортун жана себүү сапатын аныктагандыгы, экспорттолуучу үрөнгө сорттук жана себүү сапаттарын ырастоочу документтерди, анын ичинде ИСТАнын (Үрөндөрдү тестирлөө боюнча эл аралык ассоциация) эл аралык сары-кызыл сертификатын бергендиги үчүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражаты;
- ыктыярдуу төгүмдөр, эл аралык жана мамлекеттик гранттар, ошондой эле жеке, юридикалык жактардын кайрымдуулуктары жана башка булактар.
21. Инспекциянын мүлкү ага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет жана ушул Жободо белгиленген максаттар үчүн пайдаланылат.
7. Инспекцияны кайра уюштуруу жана жоюу
22. Инспекцияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Инспекциянын иш процессинде келип чыккан документтер Инспекция жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясынын СХЕМАСЫ
┌──────────────────────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация │
│ министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн │
│ инспекциясы │
└─────────────────────────┬────────────────────────┘
│
┌────────────┬────────────┬────────┴───┬────────────┬────────────┐
│┌──────────┐│┌──────────┐│┌──────────┐│┌──────────┐│┌──────────┐│┌──────────┐
││Райондор │││Райондор │││Райондор │││Райондор │││Райондор │││Райондор │
││аралык │││аралык │││аралык │││аралык │││аралык │││аралык │
││Кара-Суу, │││Сузак, │││Ак-Суу, │││Нарын жана│││Манас, │├┤Ак-Кемин │
││Араван, │││Тогуз-Торо│││Жети-Өгүз │├┤Ат-Башы │││Кара- │││жана Чүй │
├┤Чоң-Алай │├┤жана │├┤жана Тоң │││райондору-│└┤Буура, │││райондору-│
││жана Алай │││Токтогул │││райондору-│││нун │ │Талас жана│││нун МҮИ │
││райондору-│││райондору-│││нун │││мамүрөн- │ │Бакай-Ата ││└──────────┘
││нун МҮИ │││нун МҮИ │││мамүрөн- │││инспекция-│ │райондору-││┌──────────┐
│└──────────┘│└──────────┘││инспекция-│││сы │ │нун МҮИ │││Ысык-Ата │
│┌──────────┐│┌──────────┐││сы ││└──────────┘ └──────────┘├┤районунун │
││Райондор │││Райондор ││└──────────┘│┌──────────┐ ││МҮИ │
││аралык │││аралык ││┌──────────┐││Нарын │ │└──────────┘
├┤Өзгөн жана│││Ноокен │││Ысык-Көл │││райондор │ │┌──────────┐
││Кара-Кулжа│├┤жана │││районунун │├┤аралык │ ││Аламүдүн │
││райондору-│││Базар- │├┤МҮИ │││Ак-Талаа │ ├┤районунун │
││нун МҮИ │││Коргон ││└──────────┘││районунун │ ││МҮИ │
│└──────────┘││райондору-││┌──────────┐││МҮИ │ │└──────────┘
│┌──────────┐││нун МҮИ │││Райондор ││└──────────┘ │┌──────────┐
││Райондор ││└──────────┘└┤аралык Түп││┌──────────┐ ││Райондор │
││аралык ││┌──────────┐ │районунун │││Райондор │ ││аралык │
││Кадамжай, │││Райондор │ │МҮИ │││аралык │ ├┤Жайыл жана│
├┤Баткен │││аралык │ └──────────┘││Кочкор │ ││Панфилов │
││жана │││Ала-Бука, │ └┤жана │ ││райондору-│
││Лейлек │└┤Аксы жана │ │Жумгал │ ││нун МҮИ │
││райондору-│ │Чаткал │ │райондору-│ │└──────────┘
││нун МҮИ │ │райондору-│ │нун МҮИ │ │┌──────────┐
│└──────────┘ │нун МҮИ │ └──────────┘ ││Райондор │
│┌──────────┐ └──────────┘ └┤аралык │
││Ноокат │ │Москва │
└┤районунун │ │районунун │
│МҮИ │ │МҮИ │
└──────────┘ └──────────┘