Загрузка документа…
| 10-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбордун (мындан ары - Борбор) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана укуктарын аныктайт. Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) алдындагы илимий-өндүрүштүк өз алдынча уюм болуп эсептелет.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болгон юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы болот.
4. Борбордун аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор";
- расмий тилде: "Государственный центр по испытанию сортов и генетическим ресурсам растений при Министерстве сельского хозяйства и мелорации Кыргызской Республики".
5. Борбордун юридикалык дареги: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ленин району, Таалай көчөсү, 26.
2. Борбордун максаты
6. Борбордун сорт сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча практиканы өркүндөтүү болуп эсептелет.
3. Борбордун милдеттери
7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ата мекендик, чет элдик селекциянын жаңы жетишкендиктери менен фермерлерди, дыйкандарды камсыз кылуу жана селекционерлердин укуктарын коргоо, адамдардын азыркы жана келечектеги муундары үчүн генетикалык ресурстарды сактоо;
- жаңы сортторду сыноону жүргүзүү жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоону уюштуруу максатында тышкы жана ички инвестицияларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- фермердик жана дыйкан чарбаларга консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүү практикасын өркүндөтүү.
4. Борбордун функциялары
8. Борбор төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) Тармактык саясат функциясы:
- сорт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча нормативдик укуктук актыларды ишке ашыруу;
- Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдер боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана даярдоого катышуу;
- сортторду сыноону, коргоону жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоону мамлекеттик колдоо системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышат;
- сортторду жана айыл чарбалык өсүмдүктөрдүн гибриддерин, жибек куртунун породаларын, линияларын жана гибриддерин мамлекеттик сыноо жаатындагы бирдиктүү саясатты ишке ашыруу, пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү, коргоо жөндөмдүүлүгүнүн критерийлерине өсүмдүктөрдүн жаңы сортторунун шайкеш келүүсүнө экспертиза жүргүзүү, өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банкынын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- мамлекеттик сорт сыноо станцияларында жана республиканын мамлекеттик сорт сыноо участокторунда баштапкы үрөн өстүрүү жана келечектүү, дефицит сорттордун үрөнүн жана көчөт материалын ылдам көбөйтүү боюнча ишти уюштуруу;
- селекциялык жетишкендиктерди сыноо, коргоо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү;
- сортторду сыноонун мамлекеттик методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү, маалыматты жыйноонун, талдоонун, сактоонун жана берүүнүн заманбап методдорун киргизүү.
2) Жөнгө салуу функциясы:
- өндүрүш үчүн чарбалык баалуулугун аныктоо максатында сортторду жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддерин, жибек куртунун породаларын, линияларын жана гибриддерин мамлекеттик сыноону уюштуруу жана өткөрүү;
- "Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин" жүргүзүү, аны жыл сайын басып чыгарууну камсыз кылуу;
- жаңы сортторду пайдаланууга киргизүү үчүн мамлекеттик сыноолорду өткөрүүгө арыздарды кабыл алуу, пландоо жана уюштуруу;
- Чарбалык пайдасы мамлекеттик сыноолордун натыйжалары боюнча баалануучу өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн тизмесин даярдоо жана Министрликке бекитүүгө киргизүү;
- Министрликке бекитүүгө төмөнкүдөй тизмелерди киргизет: жакшы буудайдын сортторунун; сапаты боюнча баалуу болгон дан, акшак жана буурчак өсүмдүктөрүнүн сортторунун; арпанын пиво жасалуучу сортторунун; күн караманын май көп алынуучу сортторунун;
- мамлекеттик сорт сыноочу станцияларда жана мамлекеттик сорт сыноочу участокторунда көбөйтүү питомниктерин түзүү жолу менен жаңы сорттордун баштапкы үрөнүн өстүрүүнү, ошондой эле өндүрүүгө андан ары киргизүү үчүн жаңы келечектүү, дефицит сортторунун жогорку репродукциясынын үрөнүн жана көчөт материалын ылдам көбөйтүүнү уюштуруу.
3) Координациялоо, контролдоо жана мониторинг функциясы:
- жогорку азыктуу жаңы сортторду жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддерин өндүрүшкө киргизүүгө мониторинг жүргүзүү жана өбөлгө кылуу;
- өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын абалына мониторинг жүргүзүү жана сактоо;
- жаңы сортторду жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддерин түзүү боюнча тажрыйба-селекциялык ишти координациялоо;
- консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнүн өскөн үлгүлөрүн жыйноо боюнча экспедициялык иштерди жүргүзүү;
- жаңы сортторду сыноо, каттоо жана өсүмдүктөрдүн, алардын жапайы түрлөрүнүн өскөн ресурстарынын улуттук коллекциясын толуктоо жаатындагы кызматташтык үчүн ата мекендик жана чет элдик селекциялык мекемелери, эл аралык илимий-техникалык уюмдар, юридикалык жактар жана алардын өкүлдөрү менен байланышты координациялоо;
- өз ишин селекционерлердин укугун коргоо жаатындагы республиканын патенттик ведомствосу менен координациялоо.
4) Кызмат көрсөтүү функциясы:
- сыналуучу сорттордун сапатын баалоо, анын ичинде нан жасалуучу сапаттарды, жүгөрүнүн жана арпанын данындагы белоктун жана крахмалды баалоо, май берүүсүн, арпанын пиво жасалуучу сапаттарын аныктоо, мөмө жана жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторундагы жана гибриддериндеги негизги азык заттарын аныктоо, кант кызылчасынын сортторунан жана гибриддеринен заводдо болжолдуу кант алуунун өлчөмүн аныктоо;
- фермердик жана дыйкан чарбаларга консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
- мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын талааларында жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунда "Талаа күнүн", жаңы селекциялык жетишкендиктерди жана сорттук агротехниканы көрсөтүү үчүн тейлөөчү зоналарда дыйкандар жана фермердик чарбалар үчүн семинарларды уюштуруу.
5) Колдоо функциясы:
- сортторго жана гибриддерге бир түрдүүлүгү, айырмаланышы, туруктуулугу боюнча сыноо жүргүзүү жолу менен жаңы сорттордун коргоо жөндөмдүүлүгүнө шайкеш келүүсүнө экспертизаны мамлекеттик селекциялык мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча жүргүзүү жана алар боюнча корутунду даярдоо;
- Өсүмдүктөрдүн генетикалык банкындагы бар болгон үлгүлөрдү сактоо жана үзгүлтүксүз жаңылоо, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнүн үрөндөрүнүн үлгүлөрүн жыйноо боюнча экспедицияларды уюштуруу;
- маалымат алмашууну жана бар болгон генетикалык ресурстардын электрондук базасын колдоону камсыз кылуу;
- Борбордун карамагындагы ишканалардын илимий-методикалык жана уюштуруу-чарбалык ишине жетекчилик жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын сактоо боюнча иш-чараларды уюштурат жана жүргүзөт.
5. Борбордун укуктары
9. Борбор өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Борбордун бардык түзүмдүк бөлүмдөрү милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга, көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- патент алуу үчүн мамлекеттик селекциялык мекемелер, жеке жана юридикалык жактар берген арыздарга экспертиза жүргүзүү боюнча расмий корутунду берүүгө;
- сортторду мамлекеттик сыноонун натыйжалары жөнүндө оперативдүү маалыматтарды жана илимий отчетторду алууга;
- илимий документтердин формаларын, методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүүгө жана алар менен аймактык түзүмдөрдү камсыз кылууга;
- сортторду сыноого, үрөндөрдү жана материалдык-техникалык ресурстарды жеткирүүгө ата мекендик, чет элдик юридикалык жана жеке жактар менен контракттарды, келишимдерди түзүүгө;
- экспертиза жана сыноо өткөрүү, ошондой эле келишимдик иштерди аткаргандыгы, консультациялык-маалыматтык кызмат көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик селекциялык мекемелерден, жеке жана юридикалык жактардан мыйзамда белгиленген тартипте акы алууга;
- бюджеттен тышкаркы алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга жана кирешелерди өз алдынча, анын ичинде Борбордун кызматкерлерин сыйлоого, жумшоого;
- сортторду сыноо, коргоо жана генетикалык ресурстарды сактоо жаатындагы функцияларды түзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин, донор-өлкөлөрдүн каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорун, сметаларды, штаттык расписаниелерди, финансылык жана өндүрүштүк пландарды бекитүүгө;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн чарбалык себүүлөрдү сынап көрүүгө катышууга;
- кабыл алынган методика боюнча жаңы сортторду, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддерин мамлекеттик сыноону жеринде жүргүзүү үчүн илимий-изилдөө мекемелери, республиканын үрөн чарбалары жана фермердик чарбалары, ошондой эле жеке, юридикалык жактар менен макулдашып жүргүзүүгө жана жетишкен натыйжалар боюнча аларды каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууга.
6. Борбордун ишин уюштуруу
10. Борборду директор жетектейт, аны министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Борбордо орун директордун орун басары болот, аны директордун сунушу боюнча министр кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун орун басары директорго тикелей баш ийет жана Борбордун ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде уюштурат.
11. Борбордун директору:
- Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Борбордун, анын борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине жетекчилик кылат;
- адистердин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, Министрлик менен макулдашып, Борбордун жыйындарын чакырат;
- Министрликтин коллегиясына, министрдин, статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын кеңешмелерине, ошондой эле Борбордун компетенциясына кирген маселелерди кароодо мамлекеттик башка уюмдардын жана ведомстволордун жыйындарына катышат;
- Борбордун атынан ишеним каты жок иштейт, анын атынан ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды, анын ичинде кайра ишеним кат берүү укугу менен берет, банктык мекемелерде бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды ачат, кредиттик жана башка мекемелерде мыйзамдарда каралган операцияларды жүргүзөт. Өзүнүн компетенциясынын чегинде Борбор жана аймактык бөлүмдөр боюнча буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат;
- Борбордун кызматкерлерин жана башка жумушчуларын, ошондой эле Министрлик менен макулдашуу боюнча мамлекеттик сорт станцияларынын директорлорун жана мамлекеттик сорт участокторунун башчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоо түрлөрүн колдонот, ошондой эле аларга тартип чараларын көрөт;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жумушка алынат;
- өз алдынча баланста турган мамлекеттик сорт станцияларынын жана мамлекеттик сорт участокторунун түзүмүн, санын жана штатын, ошондой эле аларды күтүүгө кеткен чыгымдардын сметасын бекитет.
7. Борбордун мүлкү жана каржылоо
12. Борборго мүлк оперативдик башкаруу укугунда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бекитип берилет.
Борбор жана анын ведомстволук бөлүмдөрү республикалык бюджеттин, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын, мамлекеттик сорт сыноо участокторунун өндүрүштүк ишинен алынган кирешелердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кызмат көрсөтүүлөрүнүн эсебинен күтүлөт.
Борбордун каражаттары белгиленген тартипте сыйлыктарды төлөө, жеке үстөк акыларды белгилөө, материалдык жардамды көрсөтүү, эмгектин зыяндуу шарттары үчүн үстөк акыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка төлөмдөрдү төлөөгө колдонулат.
Борбор финансы каражаттарын башкарат жана өзүнүн милдеттенмелерин аткарат. Борбордун каражаттары жетишсиз болгон учурда анын милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликти анын менчик ээси тартат.
13. Борбордун мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерден жана башка негиздерден алынган кирешелердин.
14. Ишти жүргүзүүдөн алынган кирешелер жана ушул кирешелердин эсебинен алынган мүлктөр өз алдынча тескөөгө алынат жана өзүнчө баланста эсептелет.
8. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
15. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Борбордун иши токтотулган учурда Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борборунун башкаруу СХЕМАСЫ
┌───────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана │
┌──┤мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана │
│ │ өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча │
│ │ мамлекеттик борбору │
│ └──────────┬───────┬───┬───────────┬───────────┬┘
│ │ │ │ │ │
v v │ │ v │
┌─────────────┐┌─────────────┐│ │ ┌-----------------┐ │
│ Сыналуучу ││Өсүмдүктөрдүн││ │ | Мамлекеттик | │
│ сорттордун ││ генетикалык ││ │ | региондук сорт | │
│ сапатын ││ресурстарынын││ │ |сыноо станциялары| │
│баалоо боюнча││ банкы (1) ││ │ | (2) | │
│ лаборатория ││ ││ │ | | │
│ (1) ││ ││ │ └-----------------┘ │
└─────────────┘└─────────────┘v │ v
┌───────────────────┐│ ┌-----------------┐
│Аламүдүн мөмө-жемиш││ | Мамлекеттик |
│ мамлекеттик сорт ││ | региондук сорт |
│сыноочу участок (1)││ |сыноо участоктору|
└───────────────────┘│ | (9) |
│ └-----------------┘
v
┌────────────────┐
│Сокулук энтофито│
│ участогу (1) │
└────────────────┘
┌─────┐
│ │ Бюджеттик түзүмдөр
└─────┘
┌-----┐
| | Чарбалык эсептеги түзүмдөр
└-----┘