Загрузка документа…
| 11-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекция-асыл тукум борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекция-асыл тукум борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба жаныбарларынын селекция-асыл тукум жана жасалма уруктандыруу иштерин уюштуруучу жана координациялоочу ведомстволук мамлекеттик органы болот.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, нормативдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Министрликтин приказдары менен буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Борбор юридикалык жак болот, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штампы жана башка керектүү реквизиттери болот.
4. Борбор өз ишин өзүнүн компетенциясынын чегинде, Министрликтин башка структуралык бөлүктөрү, ведомстволор жана ведомствого караштуу уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
5. Борбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик асыл тукум инспекциясынын укук улантуучусу болот.
2. Борбордун максаты
6. Борбордун максаты багылчу айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын продукттуулугун көбөйтүүнү, алардын породалык жана тукумдук сапаттарын жакшыртууну (өркүндөтүүнү) көздөйт.
3. Борбордун милдеттери
7. Борбордун милдеттери:
- асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү;
- айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу ыкмаларын өркүндөтүү;
- мал чарбада селекция-асыл тукум ишин уюштуруу.
4. Борбордун функциялары
8. Тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- асыл тукум мал чарба тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- асыл тукум мал чарбачылыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана малдын жана канаттуулардын породалык жана продукттуулук сапаттарын арттыруу боюнча чараларды көрүү;
- тармактык илимий-изилдөөчү институттар жана жогорку окуу жайлар менен мал чарбада, канаттуулар чарбасында, аарычылыкта, балык чарбада асыл тукумдук иштин келечек пландарын иштеп чыгууга катышуу;
- асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү жагында атаандаштыкка жарактуу мал чарба продукциясын өндүрүүнү камсыздоочу нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- асыл тукум мал чарбачылык тармагында тармактык программаларды жана башка инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо;
- асыл тукум иши тармагындагы кабыл алынган нормативдик укуктук актылардын натыйжалуулугун талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Асыл тукумдук иштин системасын уюштуруу боюнча чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө жана аны өндүрүшкө киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- асыл тукум мал чарбачылык тармагында мамлекеттик колдоо көрсөтүү системасын жана илимий изилдөөлөргө мамлекеттик заказдарды иштеп чыгуу.
9. Жөнгө салуу функциялары:
- айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын жаңы породаларына, порода ичиндеги типтерге, тектерге жана кроссторго мамлекеттик апробация жана сыноо жүргүзүү;
- асыл тукум жаныбарлардын мамлекеттик китебин, жаныбарлардын жана канаттуулардын жаңы породаларындагы селекциялык жетишкендиктердин реестрин жүргүзүү жана чыгаруу.
10. Координация, контролдоо жана мониторингдөө функциялары:
- селекциялык-асыл тукумдук ишти жана айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандырууну менчиктин формасына жана ведомстволук караштуулугуна карабастан координациялайт;
- асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын, аарылардын саны канча экенине мониторинг жана болжолдоо жүргүзөт жана аларды өндүрүшкө натыйжалуу жайгаштыруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- мал чарбасы жана асыл тукумдук иш жагындагы нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашууда башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.
11. Кызмат көрсөтүү функциялары:
- мал чарбасындагы чарбакер субъекттерди асыл тукум материал менен камсыздоо;
- илимдин жетишкендиктери, алдыңкы тажрыйба жана технологиялар жөнүндө көрсөтмө куралдарды, консультациялык материалдарды иштеп чыгуу, басуу жана таратуу;
- адистерди жана фермерлерди асыл тукум чарбаны жүргүзүүгө жана айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандырууга окутуу;
- айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандырууну уюштуруу;
- асыл тукум продукцияга эксперттик корутундуларды берүү.
12. Колдоо көрсөтүү функциялары:
- асыл тукум мал чарбага инвестицияларды тартууга өбөлгө түзүү;
- асыл тукум мал чарбаны кадрлык, илимий жана маалыматтык камсыздоо саясатын ишке ашыруу;
- асыл тукум мал чарба жана инвестицияларды тартуу жагында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен асыл тукум мал чарба, канаттуулар чарбасы, аарычылык, балык чарба тармагында тажрыйба алмашуу;
- жеке жана юридикалык жактардын Борбордун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча кайрылууларын кароо;
- асыл тукум жаныбарлардын жана асыл тукумдук материалдын көргөзмөлөрүн уюштуруу;
- асыл тукум мал чарба маселеси боюнча Министрликтин веб-сайтын такай толуктап жана жаңыртып туруу;
- асыл тукум мал чарба тармагында мамлекеттер аралык байланышты өнүктүрүү боюнча ишке катышуу.
5. Борбордун укуктары
13. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Министрликтин структурасындагы бөлүктөрдөн, ведомстволордон жана уюмдардан, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардан өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды, материалдарды жана башка керектүү документтерди суроого жана алууга;
- жөнгө салуучу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Министрликтин жетекчилигине сунуштарды кароого киргизүүгө;
- Министрликтин структуралык бөлүгүнүн жетекчисинин макулдугу менен адистерди ушул Жободо аныкталган функцияларды аткаруу үчүн ишке тартууга;
- колдонуудагы нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- асыл тукумдук иштин жүргүзүшүн мониторингдөө үчүн асыл тукум заводдорго, чарбаларга, дистрибьютердик борборлорго жана фермаларга тоскоолдуксуз барууга;
- асыл тукумдук иш жүргүзүшкөн чарбакер субъекттердин жетекчилеринен өстүрүлүп жаткан асыл тукум жаныбарлар жөнүндө керектүү маалыматтарды, ошондой эле башка керектүү маалыматтарды белгиленген форма боюнча суроого жана алууга;
- мүйүздүү бодо мал, кой жана эчки, жылкы, топоз, чочко, балык жана аары баккан асыл тукум чарбаларга алардын ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан мониторинг жүргүзүүгө.
6. Борбордун ишинин уюштурулушу
14. Борборду Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
15. Борбордо директордун орун басарынын кызмат орду каралат, аны кызматка Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Борбордун директорунун сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
16. Борбордун директору:
- Борбордун ишин жалпы жетектейт жана Борборго тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- Министрликтин тапшырмалары белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарылышын уюштурат жана Борбордун кызматкерлеринин Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча керектүү документтерди жана материалдарды даярдоого катышуусун камсыздайт;
- Борбордун кызматкерлерин мыйзамда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот, ошондой эле аларга сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын белгилейт;
- кызматкерлердин белгиленген санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде Министрликке Борбордун структурасы жана штаттык расписаниеси жөнүндө сунуштарды берет;
- Борбордун кызматкерлерине жазуу жүзүндө жана оозеки көрсөтмөлөрдү берет;
- Борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Борбордун мүлкүн жана каражаттарын мыйзамга ылайык тескейт.
17. Борбордун ишин каржылоо булактары төмөнкүлөр болот:
- республикалык бюджет;
- ыктыярдуу кошумчалар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
7. Борборду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу
18. Борборду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Борбордун иши токтотулган учурда документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат.