Загрузка документа…
| 12-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борбору тууралуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды экспертизалоочу ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, министрликтин приказдарын жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор өз ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана Кыргыз Республикасынын башка уюмдары менен өз ара байланышта жүргүзөт.
4. Борбор юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Казыналык системасында алыш-бериш эсеби, өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штампы жана башка керектүү реквизиттери болот:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борбору;
- расмий тилде: Центр экспертизы зерна Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики.
5. Борбордун юридикалык дареги: Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү, 186.
2. Борбордун максаттары
6. Борбордун максаты мамлекеттик материалдык резервге жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарба субъекттерге сатылып алынчу, берилчү жана жөнөтүлчү дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын сапатын баалоо болот.
3. Борбордун милдеттери
7. Борбордун милдети эгин кабыл алуучу ишканаларга жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарба субъекттерге келген дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын (ун, улпак, калдыктары) сапатын экспертизадан жана мониторингден өткөрүү болуп саналат.
4. Борбордун функциялары
8. Борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Тармактык саясатты ишке ашыруучу функциялар:
- мамлекеттик материалдык резервге коюлган данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды толуктоо, жаңылоо, алмаштыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- республикада колдонулган стандарттардын жана техникалык регламенттердин деңгээлине баалоо жүргүзүү, аларды эл аралык стандарттарга жана нормаларга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды, данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды кайра иштетүү, башка нормативдик-техникалык документтердин долбоорлорун, ошондой эле аларды кабыл алуу, жайгаштыруу, сактоо, тазалоо жана эсепке алуу нускамаларын иштеп чыгуу;
- данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды сактоо, кайра иштетүү, кабыл алуу, берүү, сандык жана сапаттык сактоо, сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, нускамалардын жана методикалардын, ошондой эле массасынын азаюусу боюнча эсептен чыгаруу нормаларынын, эсепке алуу формаларынын жана отчеттуулуктун долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- дандын жаңы түшүмүнүн сапатына жыл сайын изилдөө жүргүзүү жана анын жыйынтыгы боюнча пайдаланууга рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын сапатын аныктоонун жаңы ыкмаларын киргизүү жана ишканалардын адистерин ал ыкмаларга үйрөтүү.
2) Координациялоо, контроль жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынчу дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын сандык жана сапаттык сакталышына экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
- унду өндүрүүдө, иштетүүдө, кургатууда данды зыянсыздандырууда технологиялык процесстин сакталышына, колдонулган мамлекеттик стандарттарга, техникалык регламенттерге, эрежелерге жана нускамаларга ылайык мониторинг жүргүзүү;
- дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктын (ундун) табигый азаюусун эсептен чыгаруунун нормалары туура колдонулушуна белгиленген тартипте экспертиза жана мониторинг жүргүзүү;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынчу дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын кыймылынын эсеби жана документтеринин таризделишинин тууралыгын экспертизалоо;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынчу данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды кабыл алууга, сактоого, тазалоого жана жүктөөгө менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын материалдык-техникалык базасынын абалын жана даярдыгын изилдөөгө;
3) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- ишканалардын данды сактоо боюнча технологиялык нускамаларды сактоосун экспертизалоо;
- бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды кабыл алуу, сактоо, тазалоо нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын экспертизалоо.
4) Колдоо көрсөтүү функциялары:
- дан кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканалар келген жана сакталып турган дандын жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын сапатын туура аныктоосун экспертизалоо, ошондой эле данды кабыл алып жана берип жаткан чарба субъекттеринин ортосунда сапат маселеси боюнча талаш чыкканда экспертиза жүргүзүү;
- Борбордун лабораториясынын базасында эгиндин сапатына органолептикалык, технологиялык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча талдоо жүргүзүү менен тийиштүү корутундуларды берүү;
- Борбордун лабораторияларында өндүрүштүк-технологиялык иштерди уюштурууга көмөк көрсөтүү.
5. Борбордун укуктары
9. Борбор милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Борбордун ишиндеги милдеттерге ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан чарба субъекттеринин дандын аны иштетүүдөн алынган азыктарды (ун, акшак ж.б.) камдоочу, сактоочу, жүктөөчү жана сатуучу жерлерин кароо үчүн өз адистерин жиберүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана чарба субъекттеринен экспертиза жана мониторинг үчүн керектүү материалдарды жана отчеттук маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктардын сапатына талдоо жүргүзүү үчүн ишканалардын аккредитацияланган лабораторияларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
- ишканалардын жетекчилерине бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алына турган данды жана аны иштетүүдөн алынган азыктарды кабыл алуудагы, тазалоодогу, сактоодогу жана сатуудагы эреже бузууларды жоюу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды берүүгө, аныкталган эреже бузуулар жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө;
- Борбордун кызматкерлерине консультация берүү үчүн келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
- Борбордун кызматкерлерин командировкаларга, анын ичинен чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- бул тармактагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштердин түрлөрүн аткарууга.
6. Борбордун ишин уюштуруу
10. Борборду Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
11. Борбордун директору:
- Борбордун түзүмү, штаттык түзүмү жана сарптоолорунун сметасы боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине бекитүүгө киргизет;
- ыйгарым укуктарынын чегинде Борбордун атынан аракеттенет жана мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Борбордун кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди жана макулдашууларды, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугуна ээ, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү буйруктарды белгиленген тартипте чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун кадрдык камсыздоо маселелерин чечет;
- Борбордун кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын, тартибин жана шарттарын, эмгекти уюштуруунун жана акы төлөөнүн формаларын жана ыкмаларын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын аныктайт жана колдонот;
- №30 (дан боюнча) форма боюнча бекитилген, №117 (тегирменди тазалоо акты) жана мамлекеттик материалдык резервге данды жана унду сактоо боюнча милдеттенмелик актыларды бекитет;
- Борборго тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
7. Борбордун ишин каржылоо жана пландаштыруу
12. Борбор ишин өз алдынча иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бекиткен иш-пландардын негизинде жүргүзөт.
13. Борбордун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
14. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жана статистикалык отчетун жүргүзөт.
8. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу
15. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
16. Борбордун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.