Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
13-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №140 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргызагробиоборбор Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү жана жайылтуу боюнча ведомстволук уюму болуп эсептелет.
2. Кыргызагробиоборбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, министрликтин приказдарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, илимий-изилдөө институттарынын рекомендацияларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргызагробиоборбор өзүнүн ишин министрликтин башка түзүмдүк бөлүктөрү, ошондой эле республиканын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору, коомдук уюмдар жана башка уюмдар менен өз ара байланышта жүргүзөт.
4. Кыргызагробиоборбордун өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот жана юридикалык жак болуп эсептелет. Кыргызагробиоборбордо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган, мөөрү, штампы, бланктары, эмблемасы болот.
5. Кыргызагробиоборбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборбору";
- расмий тилде: "Кыргызагробиоцентр Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".
6. Борбордун юридикалык дареги: Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылы, Депо көчөсү, №80.
2. Кыргызагробиоборбордун максаттары
7. Кыргызагробиоборбордун максаты өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоочу биологиялык каражаттарды чоң масштабда өндүрүү жолу менен өлкөдөгү экологиялык жана фитосанитариялык абалды жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Кыргызагробиоборбордун милдеттери
8. Кыргызагробиоборбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, жаныбарлардын жана калктын керектөөсүн камсыз кылуучу көлөмдө өндүрүүнү уюштуруу;
- региондордогу жана жалпы республикадагы биологиялык каражаттарды колдонуунун зарылчылыктарына системалуу мониторинг жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды колдонууга жана бул тармакта дүйнөлүк жетишкендиктерге анализдин негизинде өндүрүштү андан ары өркүндөтүү боюнча оптималдуу стратегиялык багыттарды иштеп чыгууну уюштуруу.
4. Кыргызагробиоборбордун функциялары
9. Кыргызагробиоборбор төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Саясатты ишке ашыруучу функциялар:
- айыл чарбадагы биотехнология жана биокоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, республикада экологиялык таза зоналарды коргоо, экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү, айыл чарба өндүрүшүнө өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоонун жаңы биологиялык каражаттарын жана технологияларын ири масштабда таратуу, ошондой эле пестициддерди колдонуудагы салыштырмалуу салмакты системалуу азайтууга мүмкүндүк берген интеграцияланган методдорду колдонуу боюнча чараларды көрөт;
- өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү жана колдонуудагы келечектүү, күндөлүк пландарды жана отчетторду түзөт;
- биокаражаттардын техникалык жана экономикалык натыйжалуулугун аныктайт, аларды колдонуунун механикалык жана башка ыкмаларын иштеп чыгат, ошондой эле аларга өндүрүштүк сыноо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын чарба субъекттерине жана чет мамлекеттерге Кыргызагробиоборбор өндүргөн өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды келишим бааларда сатат жана түшкөн атайын каражатты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгымдардын бекитилген сметасы боюнча пайдаланат;
- республиканын өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоочу биологиялык каражаттарга болгон керектөөсүн аныктайт;
- өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоочу биологиялык каражаттар боюнча илимий иштерди өткөрөт, аларды айыл чарба өндүрүшүнө киргизет.
2) Координациялоо, контроль жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан чарба субъекттериндеги энтомофагдарды жана биопрепараттарды натыйжалуу пайдаланууну контролдоо;
3) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрөт, ошондой эле аларды сактайт жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктө натыйжалуу пайдаланууну ишке ашырат;
- айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө биометод боюнча консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтөт;
- айыл чарба өсүмдүктөрүндө зыянкечтердин жана оорулардын пайда болуусуна жана таралышына мониторинг жүргүзөт;
- пайдалуу энтомофаунанын түрлөрүнүн курамын аныктайт, курт-кумурскалардын пайдалуу түрлөрүнүн санын аныктайт, талааларды жана бактарды пестицид менен негизсиз иштетүүнү болтурбоого жардам көрсөтүү максатында аларды колдонуу боюнча иштерди жүргүзөт.
4) Колдоо көрсөтүү функциялары:
- ведомстволук түзүмдөрдү биологиялык каражаттардын энелик материалдары менен камсыздоо;
- колдонулчу жана жайылтылчу биологиялык каражаттарды рекламалык-маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;
- өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү жана колдонуу боюнча методикалык колдонмолорду басып чыгаруу, ошондой эле аларды колдонууда чарба субъекттерине зарыл практикалык жардамды көрсөтүү;
- өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү жана колдонуу боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды изилдөө жана жайылтуу;
- окшош чет өлкөлүк биоборборлор, биофабрикалар жана биолабораториялар менен тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуу жана Кыргыз Республикасындагы жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча байланыштарды жөнгө салуу;
- Кыргызагробиоборбор тарабынан сунуш кылынган колдонуу технологиясы, белгиленген мөөнөттөр жана башка рекомендациялар чарба субъекттери тарабынан сакталган учурда өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды колдонуунун натыйжасына кепилдик берүү;
- жаңы технологиялык жабдууларды жана энелик биоматериалдарды алып келүү үчүн республиканын чегинде жана чет өлкөлөрдө келишимдерди түзүү;
- өсүмдүктөрдү коргоочу заманбап биологиялык каражаттарды, биокаражаттарды өндүрүүгө зарыл болгон материалдар жана компоненттерди, ошондой эле керектүү жабдууларды белгиленген тартипте келишимдик баа боюнча республиканын чегинен тышкарыда сатып алуу;
- жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды сатуу боюнча чарбалык эсептеги маркетинг кызматын түзүү жана соода түйүндөрүн ачуу;
- республикада экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү максатында биологиялык каражаттарды кеңири колдонуу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу.
5. Кыргызагробиоборбордун укуктары
10. Кыргызагробиоборбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргызагробиоборбордун филиалдарын жана өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү түзүү жөнүндө сунуштарды Министрликке белгиленген тартипте киргизүүгө;
- биокаражаттарды колдонуудагы натыйжалуулукту жогорулатуу, ошондой эле жаңы технологияларды жайылтуу үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн субъекттери менен биргелешкен ишканаларды түзүү жөнүндө сунуштарын Министрликке белгиленген тартипте киргизүүгө.
6. Кыргызагробиоборбордун мүлкү жана каражаты
11. Кыргызагробиоборбордун мүлкү имараттар, курулмалар, өткөрүүчү түзүлүштөр, машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттар, өлчөөчү жана жөнгө салуучу приборлор жана түзүлүштөр, аспаптар, өндүрүштүк жана чарбалык инвентарь жана башка негизги каражаттар болот.
12. Кыргызагробиоборбор системасынын кызматкерлерин кармоого, өндүрүш иши үчүн зарыл болгон жабдууларды, приборлорду, инвентарларды, материалдарды жана автотранспортту сатып алууга кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Кыргызагробиоборбордун ишин уюштуруу
14. Кыргызагробиоборборду директор башкарат. Кыргызагробиоборбордун директору бир эле учурда Кыргызагробиоборбордун эксперименттик биофабрикасынын да директору болуп эсептелет.
15. Кыргызагробиоборбордун директорун Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана бошотот.
16. Кыргызагробиоборбордун жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
17. Кыргызагробиоборбордо директордун орун басарынын кызмат орду болот.
18. Кыргызагробиоборбордун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
Кыргызагробиоборбордун директорунун орун басары Кыргызагробиоборбордун директоруна тикелей баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Кыргызагробиоборбордун ишин уюштурат.
19. Кыргызагробиоборбордун башкаруу аппараты бир эле убакта Кыргызагробиоборбордун Эксперименттик биофабрикасынын башкаруу аппаратынын функцияларын аткарат.
20. Кыргызагробиоборбордун директору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызагробиоборбордун мүлкүн жана каражаттарын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башкарат.
21. Ушул Жобого ылайык Кыргызагробиоборбордун директору:
- Кыргызагробиоборборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана белгиленген иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргызагробиоборбордун ведомствого караштуу региондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- Кыргызагробиоборбордун жана Кыргызагробиоборбордун Эксперименттик биофабрикасынын ишин бир башчылыктын негизинде жалпы башкарат, ошондой эле Кыргызагробиоборбордун ведомствого караштуу региондук филиалдардын ишин контролдойт, бул ишканалардын өндүрүштүк милдеттерди аткарышы жана эмгек мыйзамдарын сакташы үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- Кыргызагробиоборбордун, анын ведомстволук ишканаларынын жана региондук филиалдарынын өндүрүштүк, финансылык жана чарбалык ишин пландаштырат жана уюштурат;
- келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргызагробиоборбор боюнча буйруктарды чыгарат, Кыргызагробиоборбордун кызматкерлерин жана ведомстволук ишканалардын жана региондордогу филиалдардын жетекчилерин эмгек мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алат, бошотот, сыйлыктарды берет жана жазалайт;
- Кыргызагробиоборбордун компетенциясына берилген маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- Кыргызагробиоборбор системасындагы Кыргызагробиоборбордун компетенциясына байланыштуу оперативдүү, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча жооптуу адамдардын ыйгарым укугун белгилейт;
- Кыргызагробиоборбордун ведомстволук ишканалары жана региондордогу филиалдары жөнүндө жобону бекитет;
- Кыргызагробиоборбордун жана ведомстволук ишканалардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат.
8. Кыргызагробиоборбордун ишине контроль жана аудит
22. Кыргызагробиоборбордун ишине контроль жана аудит Кыргызагробиоборбордун жетекчилиги жана тиешелүү жогорку органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Кыргызагробиоборборду өзгөртүп түзүү жана жоюу
23. Кыргызагробиоборборду өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кыргызагробиоборбордун иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык сакталат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун башкаруу СХЕМАСЫ
┌─────────────────────┐
│ Кыргызагробиоборбор │
└──────────┬──────────┘
│
┌─────────────────┬──────┴──────────┬────────────────┐
│ │ │ │
┌────────┴─────┐┌──────────┴───────┐┌────────┴────────┐┌──────┴─────┐
│Эксперименттик││Ысык-Көл региондук││ Жалал-Абад ││Ош региондук│
│ биофабрика ││ филиалы ││региондук филиалы││ филиалы │
└──────────────┘└──────────────────┘└─────────────────┘└────────────┘