Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели № 260
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту бирдей атаандаштык мүмкүнчүлүктү түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыгарылган өлкөсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү, 1101 00 110 0 - 1101 00 150 0 ТЭИ ТН коду боюнча классификацияланган буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасы 1 кг үчүн 2,5 сом өлчөмүндө 6 айлык мөөнөткө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамда белгиленген тартипте ушул токтомдун 1 жапа 2-пункттарынын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитетинин Катчылыгына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу билдирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды контрабандалык ташып келүүгө (импорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтомдун колдонулушу ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан жарандык укук мамилелерге, башкача айтканда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн төмөнкү товарларды импорттоого карата жайылтылбасы белгиленсин:
- ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлгөн;
- ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин жүктөлгөн жана жолдо болгон;
- төлөнгөн жана/же жеткирүү ушул токтом күчүнө кирген күнгө чейин төлөнгөн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жарактуу болот.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 30-июлундагы № 520 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|