Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 268
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешти түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 570 , 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жобосу 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 600, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 459, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ө.Бабанов |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр борборунун жетекчиси;
Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
БУУнун Кыргыз Республикасындагы тиешелүү агенттиктеринин өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
коомдук бирикмелерден өкүлдөр (макулдашуу боюнча).