Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 269
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 7-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
| "2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭстин туруктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы санитардык врач;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин колбашчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
- Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын Катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстан базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
- "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).".