Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 272
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 2, 3-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча:
"Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
"Юстиция министрлиги тарабынан" деген сөздөр "жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- III главада:
үчүнчү бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кошто жүрүүгө буйруктары.";
бешинчи бөлүгүндө "өзүмдүк иш кагаздарынын" деген сөздөр "маалымкаттары бар жеке иш кагаздарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он үчүнчү бөлүгүндөгү "коопсуздук бөлүмүнүн кызматчысы" деген сөздөр "оперкызматкер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- VII главанын сегизинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыпталуучуларга жана соттолгондорго аптада бирден кем эмес жолу душта 15 мүнөттөн аз эмес убакытка жуунганга мүмкүндүк берилет. Шейшептер апта сайын душта жуунгандан кийин алмаштырылат.";
- IX главанын алтынчы бөлүгүндөгү "сатып" деген сөз алып салынсын;
- XI главада:
он экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыпталуучу же соттолгон адам жакын туугандарына жана башка адамдарга акча жөнөтүшү үчүн тийиштүү үлгүдөгү бланк толтурат жана анын өздүк эсебиндеги каражаттардан конкреттүү сумманы которуу өтүнүчү менен арыз берет. Арызда акчаны эмне үчүн которгону жатканы жөнүндө себеби көрсөтүлөт. Толтурулган бланктарды жана арыздарды ушуга ыйгарым укуктуу кызмат адамы алат. Тергөө изоляторунун администрациясы андай арызды арыз берилгенден тартып 5 күндөн кечиктирбестен канааттандырат. Башка адамдарга акча которуп жөнөтүүдө тергөө изоляторунун администрациясы оң же терс чечим чыгарат жана ал тууралуу соттолгон адамга билдирет. Айыпталуучунун жакын туугандарына же башка адамдарга акча которуусу кылмыш жөнүндө иш кароосунда турган адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Айыпталып жаткан же соттолгон адамга акча которулганы жөнүндө квитанцияга кол койдуруу менен билдирилип, квитанция анын өздүк ишине тиркелет.";
он үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;
- XVII главанын тогузунчу бөлүгүндөгү "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр "жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- XX главанын эскертүүсүнүн расмий тилдеги текстинин биринчи абзацы "или осужденных" деген сөздөрдөн кийин "из-за" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9 тиркемеде:
бүткүл тексти боюнча "Кайтарып узатып жүрүүчүлөр" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "кароол" деген сөзгө алмаштырылсын;
"Улуусу" деген сөз "Начальник" деген сөзгө алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|