Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 277
Кыргыз Республикасынын ички автомобилдик жолдору боюнча чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө
Автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды сактоону, алардын бузулушун алдын алууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунда каралган максималдуу жалпы салмактан, октук салмак басымдан жана башка линиялык параметрлерден ашкан чоң жүктүү автотранспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жолдору жана эл аралык маанидеги автомобиль жолдору боюнча жүрүүсүнө ушул токтомдун тиркемесине ылайык тыюу салынсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максималдуу жалпы салмагы, октук салмак басымы жана башка линиялык параметрлери ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын муниципалдык жолдор боюнча жүрүүсүнө тыюу салууну белгилөө сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте:
- ушул токтомдун 1-пунктундагы талаптардын сакталышын тиешелүү түрдө контролдоону камсыз кылуу үчүн мобилдүү топторду уюштурсун;
- жолдордун аталган участокторунда тиешелүү маалыматтык көрсөтмө стенддерди жана жол белгилерин орнотууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
Самосвалдар:
Карьердик самосвал HOWA 6*4 336 л.с.
Карьердик самосвал XCMG DE 170
Карьердик самосвал XCMG DE170
HOWO ZZ3327
HOWO ZZ3407
FAW CA3312
FAW CA3252
HOVA
Самосвал FAW 6x4 CA3252Р2К2Т1А,
HOWO ZZ3327
HOWO ZZ3407
FAW CA3312
FAW CA3252
HOVA
HOWA 6*4 336 л.с.
HOWA 6*6 336 л.с.
HOWA 8*4 380 л.с.
DONG FENG
FAW 6*4 350 л.с.
FAW 6*4 350 л.с. (J6)
FAW 8*4 355/375 л.с.
FOTON 6*4 336 л.с.
HOWA ZZ3257M3847W
HOWA ZZ3317N3267W
HOWA ZZ3315C
HOWA ZZ3255C
Sinotruk (Howo) ZZ3164
FAW CA3071PK2B
Howo ZZ3317N4667C1
Shaanxi SHACMAN
Beifang Benchi ND3250
FOTON 8x4 336 л.с.
FOTON 6x4 336 л.с.
North-Benz 6x4 336 л.с.
North-Benz 8х4 380 л.с.
ShaanXi 6x4 336 л.с.
ShaanXi 6x4 340 л.с.
ShaanXi 6x4 380 л.с.
ShaanXi 6x6 336 л.с.
ShaanXi 8x4 380 л.с.
Эшилме жүктөр үчүн жарым прицептер (цемент ташуучу):
Өндүрүшү XUDA
Жарым прицептин модели ST9400GFL.
Бензин ташуучу:
Жарым прицеп өндүргөн компмания "QINGTE" QDT9404GRY өлчөмө 45 куб.м (Кытай)
Цистерна-жарым прицеп QINGTE QDT9460GYY
Модель Howo ZZ1257M4347C
Нефти ташуучу Huaxin 6x4 ZZ1251M5041C
Нефти ташуучу Huaxin 6x4 ZZ1251M5041C.
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 10-майы № 277
Кыргыз Республикасынын ички автомобилдик жолдору боюнча чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын жүрүүсүн жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
Автомобиль жолдорун жана алардагы жасалма курулмаларды сактоону, алардын бузулушун алдын алууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунда каралган максималдуу жалпы салмактан, октук салмак басымдан жана башка линиялык параметрлерден ашкан чоң жүктүү автотранспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жолдору жана эл аралык маанидеги автомобиль жолдору боюнча жүрүүсүнө тыюу салынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максималдуу жалпы салмагы, октук салмак басымы жана башка линиялык параметрлери ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан чоң жүктүү автотранспорт каражаттарынын муниципалдык жолдор боюнча жүрүүсүнө тыюу салууну белгилөө сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте:
- ушул токтомдун 1-пунктундагы талаптардын сакталышын тиешелүү түрдө контролдоону камсыз кылуу үчүн мобилдүү топторду уюштурсун;
- жолдордун аталган участокторунда тиешелүү маалыматтык көрсөтмө стенддерди жана жол белгилерин орнотууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
|